Элдин рухий турмушундагы өзгөчө ордуна ылайык «Манас» мурдатадан эле оозго кирип, сөзгө алынып, көп көңүл бурулган. Натыйжада бүгүн бизге белгилүү болгон колдо бар маалыматтарга караганда бул чыгарманын окуялары жазма түрдөгү эстеликтерде 15-кылымдын аягы, 16-кылымдын башталыштарынан тартып эле эскерилет. С. Мусаев. ЧОҢ МАНАСЧЫ САЯКБАЙ ЖАНА АЛ АЙТКАН ВАРИАНТ. (даярдаган Тил жана адабият институтунун «Манас» сектору)
Экинчи кыйынчылык — Кыргызстандын тарыхы илимде жазма булактардагы анчалык толук эмес маалыматтар жана археологиянын алда канча жетишсиз археологиялык материалдар боюнча гана белгилүү экендигинде болду. (А. Н. Бернштам. Кыргыздардын жана Кыргызстандын тарыхы жана археологиясы боюнча тандалма эмгектер /Түзгөн, алгы сөзүн жазган жана которгон Мамбеталиев Сатыбалды. Б.: 2004, 576 б.)
БАНК СЫРЫ – жарандык укуктун өзгөчө институту. Банкка аны тейлөөдөн улам маалым болгон кардардын (корреспонденттин) эсептери (аманаттары) тууралуу маалыматтар, кардардын тапшыруусу же анын пайдасы үчүн ишке ашырылган аткарымдар (бүтүмдөр) жөнүндө маалыматтар, ошондой эле кардардын өзү тууралуу маалыматтар, банктар ортосунда маалыматтарды алмашуунун натыйжасында белгилүү болгон башка банктардын кардарлары тууралуу маалыматтар жана банк менен кардардын ортосундагы мамилелердин жүрүшүндө банкка ишенип билдирилген же ага белгилүү болгон башка аргандай маалыматтар Б. с. болуп эсептелет. Толковый словарь юридических терминов и понятий
--
Жооп берүү үчүн кайра эле ушул term...@googlegroups.com дарегине кат жазыңыз.
Терминком тобуна сайт аркылуу кирип, эски талкууларды да көрсөңөр болот: http://groups.google.com/group/terminkom?hl=en&hl=ru
---
Вы получили это сообщение, поскольку подписаны на группу terminkom.
Чтобы отказаться от подписки на эту группу и перестать получать из нее сообщения, отправьте электронное письмо на адрес terminkom+...@googlegroups.com.
Чтобы добавлять сообщения в эту группу, отправьте письмо по адресу term...@googlegroups.com.
Перейдите в группу по ссылке http://groups.google.com/group/terminkom.
Настройки подписки и доставки писем: https://groups.google.com/groups/opt_out.