Салам, достор! Биз онлайн сурамжылоону баштайбыз! Бул сурамжылоодон өтүү менен сиз бизге төмөнкүлөрдү түшүнүүгө жардам бересиз: Азыр контентти кантип түзүп жатканыңызды; Интернеттеги негизги медиа жана маалыматтык сабаттуулук боюнча көндүмдөрүңүз бар-жогун; Контент түзүүгө байланышкан кандай кыйынчылыктарыңыз бар экенин; Сизди кантип колдой алаарыбызды жана эмнелерге үйрөтө алаарыбызды.
Кимдер катыша алат? Бул сурамжылоо төмөнкү контент-креаторлор үчүн: • 18 жаштан жогору; • Социалдык тармактарда 1000+ жазылуучусу барлар.
Онлайн сурамжылоо болжол менен 15 мүнөт убакытты алат, кыргыз жана орус тилдеринде жеткиликтүү. Сурамжылоо толугу менен анонимдүү. Маалыматтар изилдөө максатында гана колдонулат. |