islamd...@gmail.com |
Кабыр суроолору
Суроо: Кабырда эмнелер суралат, жооптору кандай? ЖООП: Кабыр суроолоруна жооп катары мына буларды үйрөнүү керек: Раббиң ким? ЖООП: Аллаху таала. Диниң эмне? ЖООП: Ислам дини. Кайсы Пайгамбардын үммөтүнөнсүң? ЖООП: Мухаммед алейхиссаламдын. Китебиң эмне? ЖООП: Курани карим. Кыбылаң кайсы? ЖООП: Кааба-и муаззама. Итикадда махзхабың эмне? ЖООП: Ахли сүннөт вал жамаат. Амалда мазхабың эмне? ЖООП: 4 мазхабдан кайсынысы болсо, мисалы, Ханафи, Малики, Шафии жана Ханбалиден бири айтылат. Ошойдой эле, төмөндөгү негиздерди дагы билүү керек: Кимдин урпагынансың? ЖООП: Адам алейхиссаламдын. Кимдин миллетиненсиң? ЖООП: Ибрахим алейхиссаламдын.
Ыйман деген эмне? Амантунун негиздери эмнелер?
ЖООП: Ыйман – Мухаммед алейхиссаламдын Аллаху таала тарабынан алып келген буйрук жана тыйууларга ишенүү жана ишенгендигин тил менен айтуу болуп саналат. Ыйман – Амантуда билдирилген алты негизге ишенүү жана Аллаху таала тарабынан билдирилген буйрук жана тыйуулардын бардыгын кабыл кылуу жана жактыруу. Аманту мындай: Аманту биллахи ва малаикатихи ва кутубихи ва русулихи вал йавмил ахири ва билкадери хайрихи ва шеррихи миналлахи таала вал баъсу баъдел мавти хаккун. Ашхаду ан лаа илаха иллаллах ва ашхаду анна Мухаммадан абдуху ва расулуху. [Аллахка, периштелерине, жиберген китептерине, пайгамбарларына, акырет күнүнө, тагдырга, жакшылык менен жамандыктын Аллахтан экендигине, өлгөндөн кийин тирилүүгө ишенем. Аллахтан башка илах жок экендигине жана Мухаммед алейхиссалам Аллахтын кулу жана соңку Пайгамбары экендигине күбөлүк кыламын.] |
www.islamdini.kg |