Аллахты сүйүү жана Аллахтан коркуу

3 views
Skip to first unread message

islamdini kg

unread,
Aug 18, 2025, 4:02:23 AMAug 18
to islamd...@googlegroups.com

 Диний суроолор үчүн
islamd...@gmail.com

Аллахты сүйүү жана Аллахтан коркуу

 

Аллахтан коркуу жана Аллахты сүйүү адамды бакыт менен жан рахатына жеткизе турган кош канат сыяктуу. Пайгамбарыбыз Мухаммед алейхиссалам: "Кимде-ким Аллахтан корксо, бардык нерсе ал адамдан коркот. Кимде-ким Аллахтан коркпосо, ал адам баарынан корко турган болот", - деп билдирген. Дагы бир хадиси шарифте: "Акылдын толук экендиги  Аллахтан канчалык корко тургандыгынан белгилүү болот", - деп айтылган. Аллахтан корккон адам Анын буйруктарын орундоого, тыюуларынан сактанууга аракет кылат. Эч кимге жамандык кылбайт. Башкалардан келген жамандыктарга сабыр кылат. Кылган күнөөлөрүнө өкүнүп, тообо кылат. Сөзүнө турат. Бардык жакшылыкты Аллах үчүн кылат. Эч кимдин мал-мүлкүнө, ар-намысына, өмүрүнө кол салбайт. Жумушта, соода-сатыкта эч кимдин акысын жебейт. Күмөндүү нерселерден оолак турат. Жогору мартабалуу кишилердин жанында артыкча карапайымдыкка берилип, жагынууга аракет кылбайт. Билимдүү, адеп-ахлактуу адамдарды жана досторун сыйлап урматтайт. Начар кулк-мүнөздүү адамдарга насаат айтат, аларды ээрчип кетпейт. Кичүүлөргө ызаат кылат. Коногун сыйлайт. Зыяндуу жана пайдасыз сөздөрдү сүйлөбөйт. Эч ким менен корс мамиледе болбойт, жоомарт болот. Мал-мүлк жана мартабаны элге пайдалуу болуу үчүн талап кылат. Эки жүздүүлүк кылбайт. Аллаху тааланын ар дайым көрүп турганын билип, эч кандай жаман иштерге барбайт.

Аллахка деген сүйүү Исламдын эң жогорку даражасы болуп саналат. Бирок, дүнүйөдө тартипти, иреттүүлүктү камсыз кылуу үчүн ошонун өзү жеткиликтүү деп эсептеп, Аллахтан коркуу маселесин назардын сыртында калтырып койбош керек. Мухаммед алейхиссалам: "Араңарда Аллаху тааладан эң көп корко турган киши – менмин", - деген. Аллахтан коркуу бир заалымдан коркуу сыяктуу эмес. Бул коркуу – урмат жана сүйүүгө толгон коркуу. Ашык адамдардын өз сүйүктүүсүнө арнап жазган ырларында ушундай коркуу сезимин кездештирүүгө болот. Бул коркуу – сүйүктүүсүн таарынтып албайын деген коркуу.

Курани каримдин "Фатыр” сүрөсүнүн 28-аятында: "Илими көптүн Аллахтан коркуусу да көп”, "Рахман” сүрөсүнүн 46-аятында: "Раббисинин улуулугунан корккон адамга эки Бейиш берилет", - деп кабар берилген. "Анфал” сүрөсүнүн 2 жана "Хаж” сүрөсүнүн 35-аяттарында: "Момундар – Аллахтын ысымы айтылган кезде жүрөктөрүндө коркуу сезими пайда болгон адамдар", - деп айтылган. "Нур” сүрөсүнүн 52-аятында: "Аллаху таала жана Анын Расулуна моюн сунгандар жана Аллахтан корккондор кыяматта азаптан кутулушат", - деп айтылган. Бул аяттар адамдарды Аллахтан коркууга чакырат. "Хужурат” сүрөсүнүн 13-аятында: "Аллахтын алдында эң кадырлуу адамдар – Андан корккондор деп айтылган", - деп билдирилген. Бул дүнүйөдө да Ислам аалымдарын жана Аллаху тааланын олуяларын урматоо өтө баалуу мүнөз болуп саналат. Ошондой эле, улууларга урматсыздык кылуу, аларды таарынтуу көптөгөн балээлерге дуушар кылат. Ислам жолунда жогору даражага ээ болгон аалымдар Аллаху тааланын алдында өзүн төмөн көрсөтүүнү өтө чоң аброй деп билишкен. Аллахтын кудуретинен коркуу – Аны сүйүү сыяктуу маанилүү жана маңыздуу амал. Аллаху тааланы бир гана сүйүп, Андан коркпоо, Аны бир гана жакшылык ээси деп эсептөө, Ал күнөөкөрлөрдү жазалабайт деп билүү жаңылыш. Аллаху тааланын көркөм сыпаттары менен бирге каххардык (каардуу, жазалоочу) сыпаты да бар.




www.islamdini.kg

Reply all
Reply to author
Forward
0 new messages