islamd...@gmail.com |
Адамдын тагдыры өзгөрүшү мүмкүнбү? Суроо: Бир адамдын кылган амалдарына жана тандоолоруна жараша тагдыры өзгөрүшү мүмкүнбү, жакшы болуп турганда жаман, жаман болуп турганда жакшы боло алабы? Жооп: Маселеге байланыштуу Ахмед ибни Кемал паша хазреттери "Лавх-ил-махфуз ва Умм-ул-китаб” аттуу китепчечинде мындай дейт:
"Раад сүрөсүндөгү "Аллах каалаганын өчүрөт. Каалаганын өзгөртпөйт. Умм-ул китаб Анда” маанисиндеги аяти каримада лавх-и махфуз билдирилүүдө. Умм-и китаб – эзелий болгон илахий сөздүн аты. Периштелер муну түшүнө алышпайт. Убактылуу эмес. Башкача айтканда, бул жерде убакыт жазылган эмес. Аллаху тааладан башка эч ким билбейт. Ал эч качан жок болбойт. Эгер лавх-и махфузда болсо, анда өзгөрүү болот. Муну периштелер көрүшөт. Адамдын амалына жараша өмүрү жана ырыскысы өзгөрөт. Жакшылар жаман, жамандар жакшы катары өзгөртүлүшү мүмкүн. Ошентип, бирөөгө өлүмүнө жакын жакшы иштерди жасатып, акыркы деминде ыйман менен жиберет. Башка бирөөгө болсо жаман амалды жасатып, ыймансыз жиберет. Ошондуктан, Расулуллах алейхиссалам дайыма "Аллахумма йа мукаллибал кулуб, саббит калби, ала диник” дубасын окучу. Дубанын мааниси: "Эй, улуу Аллахым! Жүрөктөрдү жакшыдан жаманга, жамандан жакшыга өзгөртүүчү зат бир гана Сенсиң. Жүрөгүмдү динимде туруктуу кыла көр, башкача айтканда, динимден кайтарба, ажыратпа!” Асхабы кирам мунун укканда: "Йа, Расулаллах! Сиз дагы кайтуудан коркосузбу?” – деп сурашканда, "Мекр-и илахийден мени ким камсыз кыла алат?” – деди. Анткени, хадиси кудсиде: "Адамдардын жүрөгү Рахман болгон Аллахтын кудуретинде. Жүрөктөрдү өзү каалагандай өзгөртөт”, - деп айтылган. Башкача айтканда, Жалал жана Жамал сыпаттары менен жаманга жана жакшыга өзгөртөт.” |
www.islamdini.kg |