Намаздан кийин дуба жана таспих (1)

124 views
Skip to first unread message

islamdini kg

unread,
Sep 11, 2023, 3:57:06 AM9/11/23
to islamd...@googlegroups.com

Встроенное изображение 1

Намаздан кийин дуба жана таспих (1)

 

Суроо: Намаз бүткөндөн кийин эмнелер аткарылат?


ЖООП: Жалгыз окуган же имам менен окуган адам эки жакка салам бергенден кийин (Аллахумма антассаламу ва минкас-саламу табаракта йа зал-жалали вал-икрам) дейт.

Мындан кийин 3 жолу (Астагфируллахелазим аллази ла илахе илла хув алхаййелкаййума ва атубу илайх) дейт. Бул истигфар дубасы деп аталат.

Кийин Аят-ал-курси окулат, 33 жолу (Субханаллах),33 жолу (Алхамдулиллах) жана 33 жолу (Аллаху акбар) делет. Бир жолу (Ла илахе иллаллаху вахдаху ла шарика лах лахул-мулку ва лахул-хамду ва хува ала кулли шайин кадир) делет. Булардын арасына башка дубаларды аралаштыруу бидат болот.

Кийин колдор көтөрүлүп дуба кылынат. Дубадан кийин омин делет жана колдор жүзгө сүртүлөт. Хадис-и шарифте: "Беш маал намаздан кийин кылынган дубалар кабыл болот”, - деп буюрулду. Бирок, дуба ойгоо көңүл менен добушсуз кылынуусу керек. Дубаны бир гана намаздардан кийин же белгилүү бир убактарда кылуу жана белгилүү нерселерди жаттап ыр окуп жаткансып эмне айтып жатканынан кабарсыз дуба кылуу макрух болот.

(Уландысы бар...)


www.islamdini.kg

Диний сурооңуздар үчүн:  

islamd...@gmail.com


Reply all
Reply to author
Forward
0 new messages