Мечиттерге болгон урмат (3)

1 view
Skip to first unread message

islamdini kg

unread,
Nov 13, 2023, 2:00:30 AM11/13/23
to islamd...@googlegroups.com

Встроенное изображение 1

Мечиттерге болгон урмат (3)

 

15- Үйдө, мечитте же мунарада азан кыбылага карап окулат. «Хаййаалассалах» деп жатканда бир гана жүзүн оңго, «Хаййаалалфалах» деп жатканда жүзүн солго буруу сүннөт. Дене бурулбайт. Мунарада болсо бурулуп окулуп жатканда болсо көкүрөк кыбыладан башка тарапка бурулбайт.

Азан окулуп жактанда Расулуллах алейхиссаламдын ысымын уккан адам эки колдун баш бармактарын көздөрүнүн үстүнө коюп «Эки көзүмдүн нурусуң сен йа Расулаллах» дейт. Хазрети Абу Бакр Сыддык азан окулуп жатканда Расулуллахтын ысымын укканда эки баш бармагынын тырмактарын өөп көздөрүнө сүрттү. Пайгамбарыбыз себебин сураганда: «Йа Расулаллах, сенин мубарек ысымың менен берекеттенүү үчүн», - деди. Пайгамбарыбыз: «Жакшы кылдың. Мындай кылган адам көз оорусун тартпайт», - деди.

16- Ата-бабаларыбыз мечиттерди өтө жарык кылышкан эмес. Себеби, өтө ашыкча жарык кылуу хушууга кедерги болот. Бул жагынан алып караганда мечиттерде артыкча жарык колдонуу хушууга кедерги болуу менен бирге ысырап жагынан дагы зыяны бар. Мубарек түндөрү мечитте көп жарык колдонуу болсо бидат. Китеп окуп жатканда, Курани карим үйрөнүп жатканда же башка бир зарылдык болгондо өлчөмү менен жарык колдонуунун зыяны жок.

17- Эч зыян бербесе дагы мечитке кичине бала алып келүү макрух. Зыян берип, мечитти кирдете турган болсо харам болот. Хадиси шарифте: «Мечитке бала жана жиндини койбогула», - деп буюрулууда. (Ибни Мажа)

Намазга көндүрүү үчүн жети жаштан чоң балдарды зыян тийгизбей турган болсо алып келүү жакшы болот.

18- Жамаатка жетише албай турган болсо дагы баары бир мечитке баратканда жүгүрбөш керек. Пайгамбарыбыз: «Намазга баратканда жүгүрбөгүлө!» - деп буюрду. Жамаатка үлгүрүү үчүн жүгүрүү макрух.

19- Жолдо сүйлөбөй турган болсо таң намазынын сүннөтүн үйдө окуу керек. Хадиси шарифте айтылган:

«Таң намазынын сүннөтүн үйдө окуу ырыскынын берекетине, үй калкы менен ынтымакка жана ыйман менен өлүүгө себеп болот.» [Имад-ул-ислам]

20- Имамдын соңку сүннөттү парзды окуган жерде окуусу макрух. Жамаат болсо бир эле жерде окуса күнөө болбойт. Жер которуу үчүн бирөөнү тартып ага машакат бербөө керек.

21- Мечитте хикмат, көркөм мүнөз, насыйкат билдирген ыр жана илахилерди кээде окуу күнөө эмес. Дайыма ушинтип убакыт өткөрүү макрух.

22- Мечиттерде биринчи жамааттын имамы михрапта окутпаса макрух болот. Имамы жана жамааты белгилүү болгон ар мечитте убакыт намаздары имам михрапта туруп жамаат менен окугандан кийин кайрадан жамааттар кылынса болот. Бирок, кийинки жамааттар михраптан башка жерде окуусу керек! «Эгер кийинки жамааттын имамы михрапта болуп, азан жана икамат окулбаса макрух болбойт», - деген аалымдар дагы бар. Этияттык менен кийинки жамааттар михрапта окубоолору керек! Жол жээктериндеги белгилүү бир имамы болбогон мечиттерде азан жана камат окулуп, михрапта же мечиттин башка жеринде жамаат кылынса болот. (Халеби)

23- Имам намазды узартып жамаатты кыйнабоосу керек. Хадиси шарифтерде буюрулган:

«Имам болгондо намазды жеңил окуткула! Жамааттын ичинде кичине, карыган, оорулуу жана зарыл жагдайлуу адамдар болуусу мүмкүн. Жалгыз окуп жатканда созсоңор болот.» [Бухари]

«Имам болгон адам Аллахтан корксун, имамдык кылган адамдарга карата жоопкерчилик жүктөнгөндүгүн билсин! Эгер имам намазды кемчиликсиз окутса жамааттын сообунчалык имамга да сооп берилет. Эгер кемчиликтүү окутса күнөөсү имамга гана болот.» [Таберани]

24- Жалгыз намаз окуган адам салам берип жатканда коргоочу периштелерине ниет кылат. Жамаат менен окуган адам периштелер менен бирге оңундагы, солундагы жамаатка да ниет кылат.

25- Мечитке кирген адам камат окулуп парз башталганын көргөндө дароо имамга уйуусу керек. Себеби, жамаат менен намаз окулуп жатканда сүннөт окуу макрух.

Багымдат намазынын парзы окулуп жатканда мечитке келген адам жамааттан өзүнчө бир жерде сүннөттү окуп, кийин имамга уят. Эгер сүннөттү окуй турган болсо жамаатка үлгүрбөй кала тургандыгын билсе дароо имамга уят. Парзды окуп болгондон кийин бул сүннөттү окуй албайт. Себеби, багымдат намазынын парзы окулгандан кийин сүннөт окулбайт.

Бешимде мечитке келген адам камат окулган же парзга турушкан болсо ал дагы дароо имамга уят. Парзды окугандан кийин окуй албай калган алгачкы сүннөтүн окуйт. Кийин соңку сүннөтүн окуйт. Куптан намазынын парзы окулуп жатканда мечитке келген адам болсо бешим намазында айтылгандай кыймылдайт. (Халеби)

Асыр намазынын парзы окулуп жатканда мечитке келген адам дароо имамга уят. Парздан кийин сүннөттү окубайт. Себеби, асырдын парзынан кийин нафил окуу макрух. Бирок, каза намаз окуса жаиз. Шамга кырк мүнөт калганга чейин каза намазы окуса болот.

Мечитке кирип жамаат баштала электе асырдын сүннөтүн эки рекет болсо дагы окуп алуу мүмкүндүгү бар болсо эки кылып окуусу керек. Пайгамбарыбыз алейхиссалам асырдын сүннөтүн эки рекет окугандыгы да болгон. Асхабы кирамдан «Расулуллах асырдын парзынан мурда эки рекет намаз окучу» деген риваяттар дагы бар. 

www.islamdini.kg

Диний сурооңуздар үчүн:  

islamd...@gmail.com


Reply all
Reply to author
Forward
0 new messages