islamd...@gmail.com |
Баары жаш болот
Суроо: Бала кезде кайтыш болгондор да, карылар да Бейиште 33 жашта болот экен. 33 жаш өтө жаш курак болуп саналбайт. Эмнеге 20 жашында эмес да, 33 жашында болот? ЖООП: Биздин Пайгамбарыбыздын үммөтүнөн өтө аз адам жүз жаштан өтө алат. Илгерки үммөттөр миң жаштан көп жашашчу. 33 жаш аларга салыштырмалуу өтө жаш саналчу. 33 жаш кичүүлөргө чоң жаштай сезилсе да, биз сыяктуу карыяларга жаштардын курагы. Дагы бир жагдай, ал жерде баары эң сулуу, эң көрктүү болушат. Жаш жагынан болобу, башка жагынан болобу, Бейиште эч кандай кайгы жана кыйынчылык болбойт.
Бейиште өкүнүч
Суроо: "Бейишке кирген да өкүнөт”, - деп айтылат. Бейиште кайгы, кыйынчылык болбой тургандыктан, эмне үчүн өкүнүч болот? ЖООП: Ооба, Бейиште эч кандай кайгы жана кыйынчылык болбойт. Бейиште пайгамбарлар менен олуялардын, аалымдар менен жахилдердин даражасы бирдей болбойт. Шейит менен шейит эместин даражасы да бирдей болбойт. Бейишке киргендер каап, дагы көбүрөөк ибадат кылсам болмок экен, илимдүү же шейит болуп, тигил досторума Аллаху таала ихсан кылган нематтарга, ак сарайларга мен да жетсем болмок экен дешет. Бул өкүнүч болгону гана суктануу. Суктануу кайгыга себеп боло турган жагдай эмес. Бир хадиси шарифтин мааниси төмөнкүдөй: Кыямат күнү коркунуч чоң. Ал ушундай бир күн болгондуктан, адамдар башкалардан акы алуу, күнөөлөрүн башкалардын моюнуна жүктөгүсү келет. Акыретте бир мусулмандан акын талап кылган пендеге Аллаху таала: "Башыңды көтөрүп Бейишти кара”, дейт. Акы ээси карап мындай дейт: - Йа, Рабби! Мен күмүштөн жасалган шаарларды, бермет менен кооздолгон, алтындан жасалган бийик имараттарды жана ак сарайларды көрүп жатам. Кызык, алар кайсы пайгамбардыкы же кайсы сыддыктыкы же кайсы шейиттики? - Ким анын беделин берсе, ошого берем. - Анын бедели эмне? - Мусулман боордошун кечирүү. - Йа, Рабби! Мен бул боордошумду кечирдим, акыларыман баш тарттым. Ошондо Аллаху таала айтат: - Кана, андай болсо боордошуңду колунан карма, аны да Бейишке алып кет! (Хаким) |
www.islamdini.kg |