islamd...@gmail.com |
Бейиш жана Тозок (1)
Бейиш жана Тозок азыр да бар. Бейиш жети кабат асмандын үстүндө. Тозок болсо бардык болмуштун астында. Сегиз Бейиш, жети Тозок бар. Бейиш жерден, күн жана асмандан да чоң. Ал эми Тозок күндөн да чөң. Арасат аянты"мавкиф” жана "махшар” деп дагы аталат. Бул жерде кабыр жашоосунан кийин адамдардын бардыгы жыйналып, суракка тартылат. Бул жердегилердин кандайча чакырыла тургандыгын Ислам аалымдары ар түрдүү сүрөттөгөн. Аллаху таала эң алгач адам өлтүргөндөрдү суракка тартат. Эң алгач эсептери кылына тургандар, сооптору бериле турган кулдар – дүнүйөдө ыйманы туура болгон көзү азиздер болот. Алардын сурагы жүрүп жатканда бир периште көзү азиздердин атынан: "Дүнүйөдө көрүүдөн чектелгендер кайда?” – деп сурайт. Ага: "Алар Аллаху тааланын жамалын көрүүгө баарынан да көбүрөөк татыктуу”, - деген жооп айтылат. Анан Аллаху таала аларга: "Оң жакка баргыла!” – дейт. Алар үчүн бир туу байланып, Шуайб алейхиссаламдын колуна берилет. Шуайб (алейхиссалам) аларга имам болот. Алардын алдына санын Аллаху тааладан башка эч ким билбеген өтө көп нурдуу периштелер келишет. Булар Сыраттан тез эле өтүп кетишет. Сабырда жана жумшак мүнөздүүлүктө алар сахаба Абдуллах ибни Аббас (радыяллаху анх) сыяктуу болушат. Андан соң: "Кыйынчылыктарга сабыр кылгандар кайда?” – деп суралат. Өтө катуу жана жугуштуу оорулар менен сыналган пенделер майданга алып келинет. Аллаху таала аларга салам берет. Аларга да: "Оң жакка баргыла!” – деп айтат. Алар үчүн болсо жашыл туу байланат. Аларга имам болгон Аййуб (алейхиссалам) пайгамбарга берилет. Сахабалардан Укайл бин Аби Талиб (радыяллаху анх) жана ага окшогондор ошол топто болушат. Андан соң: "Ислам душмандарынын жалгандарына, жалааларына алданбай, ахли сүннөт ишенимин бекем карманган жана ошол туура ыйманын кемел даражасында сактап калган ыймандуу, ар-намыстуу жаштар кайда?” – деп суралат. Бир топ киши алып келинет. Аларга да Аллаху таала салам берип, илтифат (илтифат - жакшылык кылып көңүлүн көтөрүү) кылат жана: "Оң жакка баргыла!” – дейт. Алар үчүн даярдалган туу Юсуф алейхиссаламга берилип, аларга имам болот. Ал жаштардын өзгөчөлүктөрү – харамдардан сактанып, чоочун аялдарды карабагандыктары. Рашид бин Сулейман (рахимахуллах) жана үммөт ичиндеги ал сыяктуу адамдар ошол топто болушат. Андан соң: "Аллаху таала үчүн бири-бирин сүйгөндөр, мусулмандарды сүйгөндөр жана ыймансыздар менен муртаддарды сүйбөгөндөр кайда?” – деп суралат. Алар да Аллаху тааланын алдына алып келинет. Алар да оң жакка жиберилет. Аллаху тааланын душмандарын сүйбөй тургандардын сыпаты сабырдуулук жана мээримдүүлүк. Алар дүнүйөлүк себептерге байланыштуу мусулмандарга эч кандай жамандык кылышпайт. Хазрети Али (радыяллаху анх) жана бул үммөттөн ага окшогондор ушул топко кирет. "Аллаху тааладан коркуп, харам иш кылбагандар жана ыйлагандар кайда?” – деп суралат. Алардын көз жашы шейиттердин каны жана аалымдардын сыясы менен бирге таразага тартылат. Көз жашы оор келет. Алардын да оң жакка баруулары буйрук кылынат. Алар үчүн түрдүү түстө туу байланат. Анткени, алар ар түрдүү харам иш кылгандардын арасында жүргөндө да: "Аллах ырайымдуу, ал кечирет”, - деген алдоолорго берилбей, харамдарга колун тийгизбеген адамдар эле. Алар түрдүү күнөөлөрдөн сактанып, Аллаху тааладан коркуп, көз жаштарын төгүшчү. Алардын туусу Нух алейхиссаламга берилет. Аалымдар алардын алдынан өтүүнү каалашат. "Аларга Аллах үчүн ыйлоо керектигин биз айттык”, - дешет. Бир үн: "Эй, Нух, ошол жерде токто!” - дейт. Нух алейхиссалам токтойт. Жамаат да аны менен бирге токтойт. Ахли сүннөт алымдарынын сыясы менен шейиттердин каны таразага тартылат. Аалымдардын сыясы оор келип, алар оң жакка өтүшөт. Шейиттер үчүн болсо сары туу берилет. Ал Яхйа алейхиссаламдын колуна берилет. Алардын алдында Яхйа алейхиссалам жүрөт. Аалымдар алдына өтүүнү каалашат. Алар мындай дейт: "Шейиттер биздин илимибизди үйрөнүп согушка катышкан. Биз алардан алга жүрүүгө татыктуубуз”, - деп айтышат. Аллаху таала: "Аалымдар менин алдымда Пайгамбарым сыяктуу”, - деп айтат. Аалымдарга: "Каалаган адамдарга шапаат кылгыла”, - дейт. Аалымдар балдарына, кошуналарына, мусулман досторуна, жолундагы шакирттерине шапаат кылышат. Аалымдардын ар бири үчүн бир периште чакырылат. Периште адамдарга айтат: "Баланча аалымга Аллаху таала шапаат кылууну буюрду. Ким анын бир кажетин орундаган болсо, же бир жутум суу берген, китептерин тараткан болсо, аларга шапаат кылат”. Ошол аалымга дүнүйөдө жакшылык кылган, китептерин тараткан адамдар орундарынан турушат. Аалым ошол кишилерге шапаат кылат. Хадиси шарифте эң алгач шапаат кыла тургандар – расулдар, андан кийин набилер, андан кийин аалымдар экендиги билдирилет. Аалымдар үчүн ак туу байланат. Ибрахим алейхиссаламга берилет. Ибрахим алейхиссалам жашыруун илимдерди жарыкка чыгаруу жагынан Расулдардын ичиндеги эң улуусу. Ошондуктан, туу ага берилет...
(Уландысы бар...) |
www.islamdini.kg |