islamd...@gmail.com |
Кимде ушул үч нерсе бар болсо
Шакик-и Балхи хазреттери: "Кыйынчылыкка сабыр кылууга бериле турчу сыйлыкты билген адам кыйынчылыктан кутулууну каалабайт", - деп буюрган. Кыйынчылыктарга жооп катары бериле турчу нематтарды эстеп кыйынчылыкты жеңилдетүүгө болот. Чындыгында, Аллаху тааланы сүйгөндөр көптөгөн азаптарга чыдашкан, атүгүл ал азаптарды сезишкен да эмес, Сыррыйи Секати хазретлери айтат: "Аллаху тааланы сүйгөн адамдар Андан келген кыйынчылыктардын азабын сезишпейт. Бир эмес жетимиш кылыч урулса да анын азабын сезишпейт." Анысы кандай, Мысырдын эли Хазрети Юсуфтун сулуу жүзүн көрүп өздөрүн унутуп коюшкан. Өзгөчө Мысырдын алдыңкы аялдары сулуулугун көрүшкөндө колдорун кантип кесип алышкандыгын да сезишкен эмес. [Юсуф сүрөсү, 31] Балээ жана кыйынчылыктар күнөөлөргө каффарат болот. Курани каримде буюрулду: "Силерге келген кыйынчылык өз колуңар менен жасап тапкан күнөөлөрүңөрдүн айынан келет. Муну менен бирге Аллах көбүн кечирет, кыйынчылыкка учуратпайт." [Шура, 30] Демек, кылган күнөөлөрүбүздүн бир бөлүгүнө жаза катары кыйынчылык келүүдө. Ушундайча акыретке калбастан, күнөөлөрүбүздүн жазасын дүнүйөдө өтө жеңил тартуудабыз. Имам Раббани хазретлери мындай деп буюрган: "Адамдын алдына чыккан ар бир нерсе Аллаху тааланын тилеги менен болот. Ошондуктан, өз эркибизди Анын эркине ылайыкташыбыз керек. Биз кездештирген ар нерсени биз издеген нерсе ушул эле деп кабылдообуз керек жана буга кубануубуз керек. Кулчулук деген ушундай болот." Келген балээлерге, кыйынчылыктарга сабыр кылуу өтө чоң немат. Сабыр кылбаган адам азапка дуушар болот. Бир оору, бир жамандык келгенде ызы-чуу салуу пайда алып келбейт. Тескерисинче, зыяндуу болот. Мунун бир гана чарасы Аллаху таала берген тагдырга ыраазы болуу. Сабырсыз адам ийгиликке жете албайт. Кимде ким башына түшкөн кыйынчылыктарга сабыр кылбай турган болсо, дайыма тынчсызданып, ырастап ибадат кыла албайт. Ким Аллахтан коркуп, сабыр кыла турган болсо, кыйынчылыктардан кутулат. Сабыр кылган адам муратына жетет. Ар бир жакшылыкка сабыр менен жетүүгө болот. Хадиси шарифте айтылды: "Кимде ушул үч нерсе болгон болсо, дүнүйө жана акыреттин жакшылыгына жеткен болот: казага ыраазылык, балээге сабыр, рахаттыкта дуба." [Дайлами] Демек, балээлердин жакшылыкка айлануусу ал балээге сабыр кылууга байланыштуу. Башка балээ келгенде ызы-чуу салып, алдына чыккан адамга Раббисин даттанган адам жакшылыктан куру калат, азапка ылайык болот. Балээге сабыр кылуу пайгамбарлардын өзгөчөлүктөрүнөн болуп саналат. Хадиси шарифте айтылды: "Аллахтын сүйгөндөрү балээге дуушар болушат. Сабыр кылган сыйлыкка ээ болот, сыздаган болсо жазага." [И.Ахмед] "Дартын ашкерелеген адам сабыр кылган болбойт." [И.Маверди] "Башына келген балээни жашырган адамдын күнөөлөрү кечирилет." [Таберани] "Кыйын жагдайда турганда "Хасбийаллаху ла илаха иллаху, алейхи тевеккелту ва хува Раббул-аршил-азим" деп айткан адамдын кыйынчылыктарын Аллаху таала кетирет." [Шира]
Достуктун белгиси достун [Аллахтын] балээсине сабыр кылууда. Сабыр кылынып, балээнин жакшылык экендиги билингенден кийин балээлер дагы да жакшы болот экен деген ойдо болбоо керек. Эч качан балээни тилөөгө болбойт. |
www.islamdini.kg |
islamd...@gmail.com |
Күфүргө кас болбогон ыйманга дос болбойт
Аллаху тааланын душмандарын жакшы көрүү, адамды Аллаху тааладан алыстатат. Эки карама-каршы нерсенин биринен алыстамайынча экинчисине жакындоо мүмкүн эмес. Кимде-ким Аллаху тааланы жакшы көрөмүн десе, бирок, Анын душмандарынан алыс жүрбөсө бул айткан сөзүнө ишенүүгө болбойт. Анткени, Ал-и Имран сүрөсүнүн жыйырма сегизинчи аятында: «Капырларды жакшы көргөн адамдарды Аллаху таала азабы менен коркутууда» , - деп айтылган. Адамдын жүрөгүндө ыйманынын бар экендигинин белгиси – анын күфүрдөн качуусу жана Аллаху тааланы тааныбоодон, Жаратканды тааныбагандарга таандык аракеттерди жасоодон тыйылуу болуп саналат. Күфүрдөн качуу дегенибиз Аллаху тааланын душмандарын жакшы көрбөө деген сөз. Ибрахим алейхиссаламдын ушунчалык даражада жогору болуусу жана бүткүл адамзаттын ичинен "экинчи” болуусу жана пайгамбарлардын атасы деген ат менен даңкталуусу Аллаху тааланын душмандарын жакшы көрбөгөнүнүн аркасында болду. Аллаху таала Мумтахина сүрөсүндө: «Эй момундар! Ибрахим алейхиссаламдын көрсөткөн көркөм жолу менен жүргүлө! Тагыраагы, силер да ал сыяктуу жана аны менен болгон мусулмандар сыяктуу болгула! Алар капырларга айтышты: Бизден мээримдүүлүк күтпөгүлө! Анткени, силер Аллаху тааланы тандабай башка нерселерге сыйынып жүрөсүңөр. Сыйынган нерселериңерди да жакшы көрбөйбүз. Силердин ойдон чыгарылган диниңерге ишенбейбиз. Бул айырмачылык арабызда душмандык туулуусуна себеп болот. Силер Аллаху тааланын бир экенине ишенмейинче жана буйруктарын кабыл кылмайынча бул айырмачылык жүрөгүбүздөн өчпөйт, ар жерде өзүн көрсөтөт,» - делген. Хазрети Абдуллах бин Омар мындай дейт: "Өмүр бою орозо кармасам, уктабай түндөрүмдү ибадат менен өткөрсөм, дүнүйө-мүлкүмдүн бардыгын жалгыз Аллах жолунда таратсам жана ушул абалым менен өлсөм, бирок, көңүлүмдө Аллахка моюн сунгандарга болгон махабат жана Аллахка каршы чыккандарга болгон жек көрүүчүлүк болбосо, бул кылгандарымдын эч кандай пайдасын көрбөймүн.” Хазрети Фудайл бин Ияд: "Эй, адам! Фирдаус Бейишинде Пайгамбарыбыз жана Сыддыктар менен бирге болууну каалайсың, бирок, сен мындай каалоо үчүн кандай жакшы амал кылдың? Напсиңдин кайсы каалоосун артка кайтардың, кайсы ачууңду жеңдиң, сага келбеген кайсы тууганыңа бардың, дин бир тууганыңдын кайсы кемчилигин кечирдиң, Аллахты тааныбаган кайсы жакыныңдан жүзүңдү бурдуң жана Аллахка дос болгон кайсы таанышың менен дос болдуң?” - деген. Хазрети Абу Идрис Хавлани Хазрети Муаз бин Жабалга: «Сени Аллах үчүн жакшы көрөмүн», – деди. Хазрети Муаз бин Жабал ага: «Сага сүйүнчү болсун! Бир күнү Пайгамбарыбыздын "алейхиссалам” «Кыямат күнү Аршы а-ланын айланасында бир топ адамдарга күрси курулат. Бул адамдардын жүздөрү айдын он төртү сыяктуу жаркырайт. Башкалар убайымга түшүп жатышканда алар убайым тартышпайт. Башкалар коркуп жатышканда алар коркушрайт. Алар – коркуу менен кайгысыз, муңсуз болгон Аллахтын чыныгы достору» дегенин уктум», - деди. Муну уккан Хазрети Абу Идрис Хавлани: «Ал адамдар кимдер?» – деп сурады. Хазрети Муаз бин Жабал: «Алар – бири-бирин жалгыз Аллах үчүн жакшы көргөндөр», – деп жооп берди. Махабат сүйүктүүнүн досторун сүйдүрүп, душмандарына душмандык кылдырат. Мындай махабат менен душмандык садык жана адал мусулмандын колунда эмес. Эмгектенип, тер төкпөй эле өзүнөн өзү пайда болот. Достун достору жакшы көрүнүп, душмандары болсо жийиркеничтүү, жаман болуп көрүнөт. Сүйгөн адам сүйгөнүнүн душмандары менен арасын үзмөйүнчө "жакшы көрөм” деген сөзүнө турган болуп эсептелбейт. Булар мунафык же эки жүздүү деп аталат. Аллаху тааланын душмандарын жакшы көрүү адамды Аллаху тааладан алыстатат. Эки карама-каршы нерсенин биринен алыстамайынча экинчисине жакындоо мүмкүн эмес. Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам): «Ибадаттардын баалуусу – мусулмандарды мусулман болгондугу үчүн жакшы көрүү, ал эми капырларды капыр болгондугу үчүн жакшы көрбөө», - деген. Хазрети Абдулкадир Гейлани шакирттеринин бирине мындай насаат айтат:
"Акыретти негизги байлыгың деп бил, бул дүнүйөнү ошол байлыгыңа жумшап, табыш булагыңа айландыр. Убактыңды алгач акыретти табуу үчүн жумша. Калган убактыңды күн көрүү үчүн жумша. Эч качан дүнүйөңдү негизги байлык, ал эми акыретиңди анын табышына айландыра көрбө. Эгер ушундай кыла турган болсоң, акыретиңе дүнүйөлүктөн ашкан убактыңды жумшай турган болосуң. Намаздарыңды ушул убакытта окуй турган болосуң. Бирок, тезирээк окуп бүтүрөйүн деп рукундарга маани бербей каласың. Андан кийин дүнүйө иштеринен чарчап жыгыласың. Чарчаганыңдан өлүк сыяктуу жатып алып, күндүздү пайдасыз өткөрөсүң. Напсинин каалоолоруна, атүгүл, шайтанга да багынасың. Дүнүйөлүк үчүн акыретти сатасың. Напсиңдин кулундай болосуң. А негизи, сага напсиңди тарбиялоо, ага каршы чыгып аны менен күрөшүп жеңип, аны оң жолго салуу буйрук кылынды. Сен напсиңдин айткандарын аткарамын деп жүрүп өзүңө зулумдук кылдың. Өз мойнуңа жип салып, аны напсиңдин колуна тапшырып койдуң. Дүнүйө менен акыретиңди коркунучка таштадың. Андай болгон болсо, кыямат күнү дин менен дүнүйө айынан эң көп зыян тарткан сен болосуң. Эгер напсиңди акырет жолуна тартып, акыретиңди өмүрүңдүн негизги максатына айландырганыңда, дүнүйө менен акырет бакытын табаар элең. Напсинин жамандыктарынан сактанып, жакшы адамдардын катарында болоор элең.» |
www.islamdini.kg |
islamd...@gmail.com |
Напсини алсыратуу үчүн ибадат кылуу керек
Даанышман заттар мындай дешкен:
Эң баалуу ибадат – намаз. Анткени, намаз Аллаху тааланы эске түшүрө турган зикир. Зикир – эске алуу, ойлоо деген сөз. Беш убакыт намаз болгону беш жолу гана эске түшүрбөйт. «Намазга канча убакыт калды, бир саат калды, жарым саат калды, он мүнөт калды, даарат алайын» деген сыяктуу ойлор аркылуу Аллаху таала күнүнө беш жолу, бирок, ар биринде бир нече жолу эске алынган, зикир кылынган болот. Ушундайча намаз Аны зикир кылууга себеп болууда. Жүрөктүн (көнүлдүн) эми – зикир. Аллахка болгон сүйүү Аллахты зикир кылгандардын жүрөктөрүнө орношот. Буга себеп боло турчу нерсе – намаз. Намаздын ибадаттар арасында эң баалуу болуусу ушул себептен. Аллахты зикир кылган жүрөктөрдөн дүнүйөгө болгон сүйүү чыгат. Дүнүйөгө болгон сүйүү жүрөктөн чыккан кезде Аллахка болгон сүйүү өзү эле келет. Дүнүйөгө болгон сүйүүнүн жүрөктөн чыгуусу үчүн Аллаху тааланын ысымын көп айтуу, Аны эске алуу керек, же болбосо бир муршиди камилди жакшы көрүү керек. Муршиди камил башка мамлекетте болсо да, кайтыш болуп кетсе да пейз берет. Ошондой бир муршиди камилди, мисалы, Имам Раббани хазреттери, Сеййид Абдулхаким Арваси хазреттери сыяктуу Силсила-и алийа аалымдарынын бирин өтө жакшы көрүү керек. Ал эми аларды жакшы көрүү үчүн алардын китептерин күнүгө аз болсо да окуу керек. Окуган кезде аларга деген сүйүү жүрөккө орнойт. Напси – Аллахтын душманы. Ар адамдын эң чоң душманы – өз напси. Нафси аммара (тарбияланбаган напси) өлбөөсү керек. Анткени, анын да пайдасы тиет. Написке каршы жасалган жихадда жеңген адам периштелерден жогору болот. Ошондуктан, напси өлбөө керек, тарбиялануу керек, алсыроосу керек. Алсыраган кезде ал адамды алдай албайт. Напсини алсыратуу ибадат кылуу менен ишке ашат. Напсинин эң чон душманы – ибадат. Аллаху таала мусулмандарды өтө жакшы көргөндүктөн намаз окууну буйрук кылды. Намаз окуу – Аллаху тааланын ушундай мээрими болгондуктан, ар намазда напси кор болот, алсырайт, адамдын жүрөгүн алдай албай тургандай болот. Ушундайча адам напсинин зыянынан кутулат. Ибадаттардын кабыл болуусу үчүн Аллах үчүн кылуу, ал эми сахих болуусу үчүн шарттарына ылайык кылуу керек. Мисалы, намаздын сахих болуусу үчүн алгач гусул менен даараттын сахих болуусу керек. Даарат туура эмес алынган болсо намаз да туура эмес болот. Ошол себептен алгач ибадаттардын шарттарын үйрөнүп, ошого ылайык кылуу керек. Кабыл болуусу үчүн, же убада кылынган чоң соопко жете алуу үчүн ихлас менен, башкача айтканда, жалгыз гана Аллах үчүн кылуу керек.
|
www.islamdini.kg |
islamd...@gmail.com |
Намаз окуу
Динибизде ыймандан кийинки эң баалуу ибадат – намаз. Намаз – диндин тиреги. Намаз ибадаттардын эң жогоркусу. Исламдын экинчи шарты. Арапчада намаз «салат» деп аталат. Салат негизинде дуба, рахмат жана истигфар дегенди билдирет. Намазда бул үч маани тең камтылгандыктан салат деп аталган. Аллаху таала эң көп жактырган жана кайра-кайра буйрук кылган нерсе – беш убакыт намаз. Аллаху тааланын мусулмандарга ыймандан кийинки эң негизги буйругу – намаз окуу. Динибизде эң алгач буйрук кылынган парз да – намаз. Кыяматта дагы ыймандан соң эң алгачкы сурак намаз тууралуу болот. Беш убакыт намазынын эсебин берген адам бардык кыйынчылык жана сынактардан кутулуп, түбөлүк бакытка жетет. Жаханнам (Тозок) отунан кутулуп, Жаннатка (Бейишке) жетүү туура намаз окууга байланыштуу болот. Намазды туура окуу үчүн алгач кемчиликсиз даарат алып, жалкоолонбостон намаз окуй башташ керек. Намаздагы ар бир кыймылды эң мыкты түрдө аткарууга аракет кылуу керек. Ибадаттардын баарын өзүндө топтогон жана адам баласын Аллаху таалага эң көп жакындаткан кайырлуу амал – намаз. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) мындай деп айтат: «Намаз - диндин тиреги. Намаз окуган адам динин күчтөндүрөт. Намаз окубаган адам, албетте, динин кулатат». Намазды туура окуу сыймыгына жеткен адам ыпылас, жаман нерселерди кылуудан алыс болот. Анкабут сүрөсүнүн кырк бешинчи аятында мындай деп айтылат: «Туура окулган намаз адам баласын ыпылас, начар жана тыюу салынган иштерди кылуудан коргойт». Адамды жаман иштерден алыстатпаган намаз туура болуп эсептелбейт. Көрүнүштө гана намаз. Бирок, ушуга карабастан намазын туура окуй баштаганга чейин көрүнүштөгү намазды да колдон чыгарбай, улантуу зарыл. Ислам аалымдары: «Бир нерсенин баарын тең аткарууга мүмкүнчүлүк жок болсо, баарын тең колдон чыгарып жибербөө керек», - дешет. Чексиз ихсан ээси болгон Аллаху таала көрүнүштү чындык катары кабыл алышы да мүмкүн. Мындай туура эмес, бузук намаз окуганча такыр окубай койгонуң оң деп айтпоо керек. Анын ордуна туурасын үйрөн деп, катасын оңдоо зарыл. Бул маанилүү эместей көрүнгөн жагдайды жакшы түшүнүп коюу керек. Намазды жамаат менен окуу керек. Жамаат менен окуунун жалгыз окуудан сообу көп. Намазда ар бир мүчөнүн тартынып, жүрөктүн Аллаху тааладан коркуп турушу керек. Адам баласын дүнүйөдө жана акыретте кыйынчылыктардан, азаптардан куткара турган бир гана нерсе – бул намаз. Аллаху таала Муминун сүрөсүнүн башында: «Момундар акыры кутулат. Алар намаздарын хушу (такыбаа, берилүү) менен окугандар», - деп билдирди. Кандайдыр бир коркунуч бар жерде кылынган ибадаттын баркы бир нече эсе артат. Душман кол салып жатканда жоокердин кичине болсо да эрдик көрсөтүүсү аябай баалуу. Жаштардын ибадат кылуулары да ушул себептен баалуу. Себеби, напсилериндеги жаман каалоолорун жеңүүдө жана ибадат кылууларына кедерги болгон каалоолоруна каршы турушууда.
Жаш кезде адам баласына жармашкан үч душман анын ибадат кылуусун каалабайт, тоскоол болот. Алар: шайтан, напси жана жаман достор. Бардык балээлердин башаты - жаман достор. Жаштар алардан келген жаман нерселерге баш ийбей, алаксыбай, намаздарын окуп, ибадаттарын таштабаса абдан баалуу болот. Карып калган бир адамдын кылган ибадаттарынан да көп эсе жогору сооп табышат. Аз ибадаттарына көп сыйлык берилет. |
www.islamdini.kg |
islamd...@gmail.com |
Кайгы менен жаңжалдардын себеби
Адамдар канчалык динден алыстаган сайын бири-бири менен ошончолук мамилеси сууп, жокчулукка учурап, жабыр тартып, ар түрдүү жамандыктардан кутула албай жатышат. Дүнүйөлүк илим-техникада таң каларлык өнүгүүлөр ишке ашып жатса да, жер бетиндеги бактысыздыктын, кайгы-муңдун азайбаганы, ал тургай көбөйүп жатканы да ачык көрүнүүдө. Аллаху таала адамдардын бакытына себеп болуучу нерселерди буйрук кылган. Балээге себеп болуучу нерселерге тыюу салган. Ыймандуубу, ыймансызбы кимиси болсо да билип же билбей ушул буйруктар менен тыюуларга ылайык жашаган сайын дүнүйөдө тынчтык жана бакытка толгон өмүр сүрөт. Бул – өзүнө пайдалуу дарыны билип же билбей ичкен адамдын оорудан айыгып кетүүсүнө окшойт. Динсиз адамдардын ошондой эле динсиз элдердин көп иштерде ийгиликке жетип жатышканын көрүүдөбүз. Алар өздөрү билбесе да, Курани каримдин талаптарына ылайык эмгек кылып жаткандыктары үчүн ийгиликке жетишүүдө. Бирок, акыретте да бакытка жете алуу үчүн Курани каримге ыйман келтирип, ниет кылып ошого ылайык өмүр сүрүү керек. Бакытка, жетиштүү жашоого жетип, бардык адамдар менен жакшы карым-катнашта болгусу келген адам көздөрүн акыретке каратуусу керек. Көзү дүнүйөдө болгон адамдын бактылуу болуусу, адамдар менен жакшы мамиледе болуусу өтө кыйын. Анткени, жүзүн дүнүйөгө бурган адам өз напсин жакшы көргөндүктөн өзүнөн башканы жакшы көрө албайт, башкалар менен жакшы мамиледе боло албайт. Себеби, өз напсине ашык, напсинин ар айтканын дароо аткарган, напси менен шайтандын артынан түшкөн адам өзүнөн башка эч кимди ойлобойт. Мындай адамдар диний китептерден жана дин аалымдарынан пайдалана албайт. Ал эми пайдаланган адам эч кимге жүк болбойт, тескерисинче, башкалардын келтирген оорчулугуна сабыр кылат жана бардык адамдар менен жакшы мамиледе болот. Өз напсин жек көргөн адамдын көңүл көзү ачылат. Мындай адам харамдардан, көкүрөк көтөргөн текебердиктен жана бардык жаман сапаттардан тыйылат. Жамандыктан тыйылган адамдын көңүлүнө (жүрөгүнө) рахмат нуру тамчылай баштайт. Жүрөгүнө рахмат нуру кирген адам диний китептер менен дин аалымдарынан азыгын ала баштайт. Пайда көрүп жаткандыгынын белгиси ал адамдын эч кимге жүк болбой, башкалардын жүгүн көтөрө баштоосу жана ар бир адам менен жакшы мамиледе болуусунан билинет. Мындай адамды достору жана айланасындагылардын жакшы көрүүсү ушунчалык, суусап турган адам суу ичкенде кандай суусуну кана турган болсо, бул адамды да дал ушундай даражада жакшы көрүшөт. Бардык адамдардын оюнда башчы болуу, башкаруу, буйрук берүү деген каалоолор болот. Анткени, бул жагдай адамдын жаратылышында бар. Бул абал жүзүн акыретке бургандарда гана болбойт. Исламдагы кулк-мүнөздүн көптөгөн аныктамалары бар, бирок, дин аалымдарыбыздын эң көп берген аныктамасы мындай: "Эч кимге жүк болбоо, тескерисинче, башкалардын жүгүн көтөрүү”. Ырахаттык менен бакыт Ислам дининде. Ислам дининин сыртынан бакыт издөө чөлдөн суу издөө сыяктуу. Бир күнү бардык адамдар мунун акыйкатын түшүнүшөт, бирок өтө кеч болот. Адам Аллаху таалага ибадат кылса, Аллаху таала ал адамдын бул дүнүйөдөгү иштерин жеңилдетет, кабырда мээрим көрсөтөт, акыретте, махшар аянтында кечирет. Ошондуктан, дүнүйөдө жана акыретте Аллаху тааланын биз менен кандай мамиледе болуусун кааласак, биз да анын кулдары менен, башкача айтканда, адамдар менен ошондой мамиледе болуубуз керек. Адамдын жүрөгүндө дүнүйөгө болгон махабат көбөйсө аны жакшы көргөн адамдардын ага болгон жакшы көрүүсү ошончолук алсырайт. Жүрөгүндө дүнүйөгө, акчага, башчы болууга болгон кумары бар адамдын жаны өрттөнөт. Кимде бул кумар аз болсо, азыраак күйөт, көп болсо көп күйөт. Уруш-талаштар ар дайым эки тирүү адамдын арасында болуп келген. Тирүү менен өлүү арасында мындай уруш-талаш эч качан болгон эмес, болуусу да мүмкүн эмес. Эки өлүктүн арасында да уруш-талаштын болуусу мүмкүн эмес. Хазрети Раби бин Хайсам эч ким менен урушчу эмес, эч кимге катуу сөз айтчу эмес эле. Бир күнү өзүнө катуу сөз айткан адамга: "Айткандарыңды Аллаху таала угуп жатат. Эгер мен ортодогу өткөөлдөрдү өтүп Бейишке кирсем сенин айткан сөздөрүңдүн мага зыяны жок. Сырат көпүрөсүнөн өтө албасам сенин айткандарыңдан да жаман адам экенимди түшүнөм”, - дейт. Хазрети Абдуллах Дехлеви мындай дейт: "Дин жолунда чындап илгерилегиси, жогорулагысы келген чыныгы садык адам мурда кылган күнөөлөрүнөн уялып башын көтөрө албайт, ар ишинде Аллахтан коркуп титирейт. Аллаху тааланын сүйүүсүнө жеткирүүчү амалдарды аткарууга тырышат. Ар бир ишинде сабыр кылат. Адамдар менен келише албай калганда, кыйналганда кемчиликти өзүнөн издейт. Ар деминде Аллахты ойлойт. Гафлет менен өмүр сүрбөйт. Эч ким менен талашып-тартышпайт.” Шайтан адамдын жанында гана эмес ичинде да болот. Адамдын ичиндеги шайтаны – анын күч-кубатынын ашып-ташуусу. Кубаты көбөйгөндө адамда текебердик жана менменсинүү пайда болот. Жаман касиеттердин эң төмөнкүсү – текеберлик. Текеберлик бардык жакшылыктарга кедерги болуу менен бирге бардык кыйынчылыктардын да башы болуп саналат. Хазрети Имам Газали: "Жүрөк периштелерге таандык мекен. Ал эми ачуулануу, шахват, хасад (көрө албоочулук), текебердик сыяктуу жаман мүнөздөр улуган итке окшойт. Ит болгон жерге периштелер кирбейт. Хадиси шарифте: «Ит менен сүрөт болгон үйгө периштелер кирбейт», - деп айтылат. Бул хадиси шарифтеги үйдүн жүрөк, иттин жаман мүнөз экенин айтып жатканым жок. Ачык маанилерине ишенүү менен катар жогорудагы маанилерин да кошуп жатам”, - деген. |
www.islamdini.kg |
islamd...@gmail.com |
Ахли сүннөт аалымдары жол көрсөтүүчү жарык сыяктуу
Даанышман заттар мындай дешкен: Дүнүйө миналар жашырылган талаа сыяктуу, бул миналарды басып албай аркы тарабына өтүү өтө кыйын иш. Акырет жолчулугунда бул миналардын кайсы жерде экенин билген, бизге жол көрсөтө турчу мубарек зат колубуздан кармабаса бул машакаттуу, коркунучтарга толгон жолду басып өтүүбүз мүмкүн эмес. Жарык болбосо көз көрбөйт. Адам сокур киши сыяктуу жолун таба албайт, эч бир жерге бара албайт. Ошондуктан, эгер Пайгамбарыбыз келбегенде эч ким Аллаху тааланы тааный алмак эмес. Жолдон мурда жолго бирге чыга турчу дос керек. Аллаху таала кимге жарыкты насип кылса көп шүгүр кылуусу керек. Бахауддин Бухари, Имам Раббани, Мевлана Халид-и Багдади, Сеййид Фехим Арваси хазреттери сыяктуу мубарек заттардын ар бири жарык болуп саналат. Бул дүнүйөдө Аллаху тааланын бир кулуна берген эң чоң жакшылыгы – мына ушундай бир жол көрсөтүүчү улуу затты, сүйүктүү досун ал кулуна таанытуусу. Ыйманыбызда, ихласыбызда, бардык нерседе ошолорго карызбыз. Мындай устаздын акысы төлөнбөйт, себеби, Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам): «Үммөтүнүн арасында пайгамбар кандай болсо, шакирттеринин арасында устаз да ошондой», - деп айткан. Бутубузду миналарга бастырбай аман-эсен каршы тарапка өткөрө турчу мындай улуу заттар өтө маанилүү. Ар биринен Аллаху таала ыраазы болсун. Колубуздан келишинче дуба, тасбих окуп, соопторун алардын рухтарына багыштоо менен аларга ыраазычылыгыбызды билдиришибиз керек. Себеби, хадиси шарифте: «Эгер бир адам силерге бир жакшылык кылса, силер болсо рахмат айтпасаңар, Аллаху таалага шүгүр кылган болбойсуңар», - деп айтылган. Башкача айтканда, бизге келген жакшылыктарга себепчи болгон адамга ыраазычылык билдирилмейинче ал жакшылык үчүн кыла турчу шүгүрүбүздү Аллаху таала кабыл кылбайт.
Мындай мубарек заттардын китептеринен Ахли сүннөт акидасын (ишенимин) үйрөнүү колго тийбес казына болуп саналат. Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам): «Менин үммөтүм жетимиш үч фыркага (топко) бөлүнөт. Булардан жетимиш эки фыркасы адашкан жолдо болот, Жаннатка кире турчу бир фырка «Менин жана менин асхабымдын жолунда жүргөндөр» кутулушат», - деп билдирген. Бир гана «Менин жолумда» дебестен «Асхабымдын жолунда» деп айтты. Аллаху таала: «Сага баш ийген адам мага баш ийген болот», - деп билдирүүдө. Расулу дагы: «Менин Асхабыма баш ийген адам мага баш ийген болот», - деп айткан. Ошондуктан, Пайгамбарыбыз менен Асхабын ажыратып кароо динди бөлүү, динден чыгуу болуп саналат. Аллаху таала 73 фырканын ичинен бири болгон Ахли сүннөт вал жамаат фыркасын бизге насип кылды. Бул – түптүз Жаннатка кире турган фырка. Бул фыркада болуу кандай чоң бакыт! |
www.islamdini.kg |
islamd...@gmail.com |
Өзүн жакшы көргөн адам башканы жакшы көрө албайт
Дарыгерлер мындай дешет: «Оорулуу адам диета кармоого тийиш. Сакайгыча ага майлуу, таттуу тамактар пайда бербейт. Мындай тамактар анын оорусун андан да күчөтүүсү мүмкүн. Ошондуктан, тамактан мурда адамды оорудан айыктырууну ойлоо керек. Андан кийин гана жеңил тамак берип мурдагы күчүн калыбына келтирүүгө болот.» Ушул сыяктуу «Көңүлдөрдө (жүрөктөрдө) оору бар» деген аяти каримада билдирилген көңүл оорусуна чалдыккан адамдардын да эч бир ибадатынан пайда келбейт, тескерисинче зыяны тийет. «Көп Курани карим окугандар бар, Курани карим буларга каргыш айтат» деген хадиси шариф белгилүү. «Көп орозо кармагандар бар, алардын орозодон алчу пайдасы – жалгыз гана ачкалык жана суусуздук» деген хадиси шариф да сахих. Көңүл ооруларынын адиси болгон тасаввуф аалымдары алгач оорудан айыгуу үчүн кылынуучу нерселерди буйрук кылышкан. Көңүл оорусу дегенибиз – көңүлдүн Аллахтан башкага байлануусу, берилүүсү, же өзүнө ашык болуусу. Анткени, адамдар бардык нерсени жеке башынын камын ойлоп кылышат. Эне-атанын баласын жакшы көрүүсүнүн негизи да өздөрүн жакшы көрүүсү болуп саналат. Бардык адамдар мал-мүлккө, атак-даңкка өз напсинин кыялдарына жетүү үчүн умтулат. Андайлардын сыйынган кудайлары – өздөрүнүн напсилери. Алар напсинин каалоолорунун артынан жүгүрүп өмүрүн өткөрүшүүдө. Көңүл ушул байлануулардан арылмайынча адамдын кутулуусу өтө кыйын. Демек, өзүн акылдуу, маданияттуу, билимдүү деп эсептеген адамдар баарынан мурда дал ушул оорудан кутулууну ойлонуулары керек. Кулдун тилектери жана каалоолору жалгыз гана Ээси жана Ээсинин каалоолору болуусу керек. Кулдун башка эч кандай каалоолору болбоого тийиш. Антпесе ал Аллахка болгон кулчулук боосун үзүп, кулчулуктан качкан болот. Назиат сүрөсүнүн 40-аятында: «Кимде-ким Раббисинин улуулугунан коркуп, өзүн напсинин каалоолорунан кайтара турган болсо, барар жери шексиз – Бейиш», - деп айтылган. Дайыма жеке башынын лаззаттарына, талаптарына, кыялдарына жетүүнү көздөгөн кул өзүнүн, рахаттарынын жана напсинин кулуна айланат. Эми ал каргышталган шайтандын буйруктарын аткарат. Напсинин харам ойлоруна, каалоолоруна жетүү үчүн иш кылып акча табуу жолунда халал-харамга маани бербеши, элдин акысын жеши, алган карыздарын кайтарбашы дүнүйөгө көңүл бергендигинин белгиси. Дүнүйөгө көңүлүн берүү бардык диндерде чоң күнөө болуп саналат. Аллаху тааланы таанууда Ага жетүүчү жолго бөгөт болгон адамдын эң чоң душманы – өз напсинин каалоолору. Напсинин мындай жийиркеничтүү каалоолору эч качан бүтпөйт. Тарбия көрбөгөн напсинин каалаган нерселери адамга жамандык гана алып келет. «Кумарың – кудайың» деген накыл сөз бар. Жасия сүрөсүнүн 23-аятында: «Напсинин каалоолорун кудай кылып алган адамды көрдүңбү?» - деп ушул абал тууралуу кабарлаган. Эгер адамдын максаты ага жетүү үчүн кандай да болсо кордукка, төмөкдүккө да барууга себеп болсо, анда бул максат адамдын кудайына айланды деп билсе болот. Ошол жолдо ар түрдүү корлуктарга ыраазы болуусу анын ибадаты деген сөз. Анткени, ибадат кордук менен төмөндүктүн эң акыркы даражасы болуп саналат. Аллаху тааладан башка кудайды тааныбоо үчүн адамдын Андан башка максаты, Андан башка мураты болбоосу керек. Ал үчүн «Ла илаха иллаллах» дегенде Андан башка максатынын жок экенин билүүсү керек. Бир адам максатына жетүү үчүн (Аллах сактасын) диндин чегинен чыкса, парздардын бирин таштаса, харам иш кылса, мисалы: намазын, орозосун таштаса же спирт ичимдигин ичсе бул максаты анын кудайына, теңирине, сыйынуучу бутуна айланган болот. А эгер максаты үчүн диндин чегинен чыкпаса, ага жетүү үчүн харам иштерге кылбаса динибиз ал максатына тыюу салбайт жана аны максат деп да көрбөйт. Анын максаты жалгыз гана Аллаху таала жана Анын динине баш ийүү дейт. Ал адамда ушул максатка болгон бир каалоо пайда болгон болсо да, бул каалоосу динибизге болгон каалоонун өлчөмүнө жетпейт. Максаты дүнүйөлүк болгон адамдын кесири, зыяны бүткүл ааламга тийет. Өзү да бардык нерсени арыздана берет. Элге зыян келтирген адам текебер жана мактанчаак болот. Эч нерсеге көңүлү толбойт, арыздана берүүсү да ошол текеберлигин билдирет. Адамдын өзүнө болгон махабаты, куштарлыгы, өзүн жактырып менменсинүүсү да ошол текеберлигинин айынан. Өзүн жактырып жерге-сууга батыра албай мактануусу адамдын өзүнө көңүлүнүн байланганын көрсөтөт. Андай өзүн жакшы көргөн адамдар башкаларды жакшы көрө албайт, урматтай албайт, көңүлүн бере албайт. Адамдарды жакшы көрө алуу үчүн өзүн жакшы көрбөө керек. Ал дагы жалгыз гана карапайым адамдарда болот. Карапайым адамдагы бул касиет өзүн жактырбагандыктан, мактанчаак, текебер болбогондуктан, элди жогорудан карабагандыктан пайда болот. Ошол себептен мындай карапайым, сыпайы адамдар башкаларды жакшы көрүшөт, адамдар да аларды жакшы көрүшөт. Карапайым дегенибиз өлгөн дегенди билдирет. Өлгөн адам эч кимдин үстүнөн арызданбайт, өлгөн адамды дагы эч ким арызданбайт. Демек, топурактай карапайым болгондор көп нематка жетет. Деңгээли көтөрүлгөн топуракка суу турбагандай эле, адам баласы да көкүрөгүн көтөрсө ал жерде адамдык сапат турбайт. Дин аалымдарынын, олуялардын пейз жана берекелерине жетүү үчүн топурактай карапайым болуу керек. Ырайымга, жакшылыкка жетүү үчүн топурак сыяктуу болуу керек. Пайгамбарыбыз (алейхиссалам) бир хадиси шарифте мындай деген: «Акылдуу адам напсин тебелеп, акыретте керек болуучу нерселер үчүн эмгектенет. Ал эми акмак болсо напсинин буйруктарын аткаруу менен алектенип, Бейишке киргизүүсү үчүн Аллахка дуба кылат.» |
www.islamdini.kg |
islamd...@gmail.com |
Тагдырга ишенген кайгыдан кутулат
Кайгылардын азайышы үчүн эң пайдалуу дары – тагдырга ыйман келтирүү. Биз Раббибизден ыраазы болсок Ал дагы бизден ыраазы болот. «Тагдырга ишенген кайгыдан кутулат», - деп айтылган. Дүнүйөдө ырахаттык болбогондугун эстеген киши кайгырбайт... Эгер дүнүйөдө ырахаттык болгондо Пайгамбарларга насип болмок. Чындыгында, алар тарткан кыйынчылыктар башкалардыкынан алда канча көп. Адам баласы ар каалаган нерсесине жете албайт. Үйдө кылынган эсеп базарга туура келбейт. Кайыктагылардын каалабаган тарабынан шамал жүрүшү мүмкүн. Бай адам байлыгын өлгөнгө чейин сактай албашы мүмкүн. Булар дагы кайгырууга себеп болууда... Кайгыларыбыздын азайышы үчүн эң пайдалуу дары – тагдырга ыйман келтирүү жана Раббибиздин тагдырына ыраазы болуу. Биз Андан ыраазы болсок Ал дагы бизден ыраазы болот. «Тагдырга ишенген кайгыдан кутулат», - деп айтылган. Ибрахим бин Эдхем хазреттери бир кишинин өтө кайгырып турганын көрүп, ага үч суроо берет: - Дүнүйөдө болуп өткөн бардык окуялар илахий тагдыр болбостон чыгышы мүмкүнбү? - Жок. - Экинчиси: Сага бөлүнгөн ырыскыны башка бирөө жей алабы? - Жок. - Үчүнчүсү: Сага берилген өмүр кыскарышы мүмкүнбү? Тиги кайгылуу киши бул суроого да «Жок» деп жооп берет. Ошондо Ибрахим бин Эдхем хазреттери ал адамга: «Андай болсо эмне үчүн кайгырып жатасың?» - деди. Хазрети Омар (радыяллаху анх) мындай деди: «Башыма бир кайгы келгенде үч нерседен улам хамд кыламын. 1-Диниме келбегендиги үчүн. Эң чоң кайгы - динге келген кайгы, кийин денеге, кийин мал-мүлккө келген кайгы. Динге келген кайгы акыретке байланыштуу. Мисалы, бир убак намазды билип туруп казага таштоо эң катуу ооруга чалдыгуудан дагы жаман. 2-Келген кайгынын андан да чоң болбогондугу үчүн хамд кыламын. Кыйынчылык кандай болгон күндө да андан бетери болушу мүмкүн эле. Же аны менен бирге дагы башка кыйынчылык болушу мүмкүн эле. Бир баласын жол кырсыгында жоготкон киши эки баласын тең жоготуп алуусу мүмкүн эле. 3-Башыбызга түшкөн кайгыларга сабыр кылсак күнөөлөрүбүзгө кечирим болот...» Кылган күнөөлөрүбүздүн жазасын тартабыз. Раббибиз сүйгөн кулдарынын жазасын бул дүнүйөдө берүүдө, сүйбөгөн кулдарынын жазаларын болсо акыретке калтырууда. Жазаны дүнүйөдө тартуу акыретте тартуудан өтө жеңил. Пайгамбарыбыз алейхиссалам бир затты зыярат кылууга барат. Барып караса ал заттын териси менен сөөгү эле калган болот. Сурайт: «Сен дуба кылып жатканда эмне деп дуба кылуудасың?» «Йа, Рабби, менин жазамды дүнүйөдө бер, акыретке калбасын деп дуба кылуудамын», - дейт. Ошондо Расулуллах алейхиссалам мындай деди: «Сен анын дүнүйөдөгү жазасына дагы чыдай албайсың. Сен «Раббена атина...» дубасын оку! Дүнүйөдө дагы, акыретте дагы жакшылыктардын ихсан кылынуусун тиле». Ал адам бир нече күн бул дубаны окуду, оорусунан сакайды, намаздарын мечитте жамаат менен окуй баштады... Биз алсыз жаратылдык, ал дубаны көп окуйлу...
|
www.islamdini.kg |
islamd...@gmail.com |
Улуу заттардын акыркы сөздөрү
* Ибни Мункадир хазреттери өлүм төшөгүндө ыйлап жаткан эле. Себебин сурашат. "Атайылап чоң күнөө кылган жокмун. Маани бербеген кичине бир күнөөм Аллаху тааланын ачуусуна себеп болгон болсо деп корккондугуман ыйлап жатам”, - дейт. * Амир бин Абдулкайс да көз жумарда ыйлап жаткан эле. Сурагандарга: "Бош өткөргөн күндөрүм үчүн ыйлоодомун”, - деп жооп берген. * Ибни Мубарек хазреттери көз жумарда жокчулукта калган абалын көргөн азаттык алган кулу Ибни Абдуллах ыйлап баштайт. "Сен кандай гана бай элең, үйүңдө эч нерсе калбаптыр. Ушундай абалга түшөт белең”, - деп сыздайт. Ибни Мубарек хазреттери: "Ыйлооңдун кереги жок. Мен бай болуп жашоо, кедей болуп өлүү үчүн дуба кылчумун. Аллаху таала да дубамды кабыл кылды”, - деди. * Салих бин Мисмарга: "Өлүп жатасың, бала-бакыраны бирөөлөргө аманат кылбайсыңбы?” – дешет. Ал болсо: "Аларды алсыздарга аманат кыла албайм, Аллахтан уяламын”, - деген. * Абу Сулейман Дарани көз жумарда: "Кандай гана бактылуусуң, кечирими жана рахматы мол болгон Аллахка баруудасың”, - дешет. Ал болсо: "Ооба, ийне-жибинен бери бардык нерсенин эсебин берүү үчүн баруудамын”, - деди. * Сырри Секати өлүм төшөгүндө кан тер ичинде жатканда желпингич менен сериндетүүгө аракет кылган Жунейд-и Багдадиге: "Боору өрттөнгөн адамга желпингичтин эмне пайдасы бар?” – деп буюрду. * Хикем бин Абдулмалик эстен танып жатканда ал жерде турган бир адам: "Йа, Рабби, бул адам андай деле жакшы жашаган жок, бирок, жоомарт болчу, өлүмдү ага жеңилдет”, - деп дуба кылып жатканда Хикем бин Абдулмалик көздөрүн ачып, Азраил алейхиссалам келди, "жоомарттардын жанын жумшактык менен алам”, - деди, деп айтат. * Салих бир заттын аялы кожоюнунун өлүм алдында турганын көрүп ыйлап баштайт. Аялына: "Эмнеге ыйлап жатасың?” – деп сурайт. Ал болсо: "Сен үчүн”, - дегенде: "Сен өзүң үчүн ыйла, мен 40 жылдан бери ушул күн үчүн ыйлоодомун”, - дейт. Ибрахим Зияд: "Өлүк үчүн үн чыгарбай ыйлоого болот. Бирок, эң жакшысы – өз акыбетин ойлоп ыйлоо”, - деп айткан. * Улуу заттардан бири: "Мурда биз барган жаназаларда ар кимдин күңгүрөп ыйлагандыгы үчүн жаназа ээсинин ким экендигин тааный албай, тазия кылууда кыйынчылык чекчү элек”, - дейт. Бирок, азыр көрүстөндө да күлгөндөр болууда. Бир күнү өзүнүн дагы өлө тургандыгын ойлонбойт. Бул гафилдиктин (Аллаху тааланы унутуунун) себеби - кылынган күнөөлөрдөн улам көңүлдүн карайып калгандыгы. * Бир мас адам өлөт. Аялы жаназаны жууп жерге койо турчу адам таба албагандыктан эки жүкчүнү жалдап жаназаны көрүстөнгө алып келет. Ошол жерде бир захид (мубарек) адам бир жаназанын намазын окууга даярданып жатканда аны көргөндөр да келип жаназа намазын окушат. Бирок, мындай захид адамдын бир мас адамдын жаназа намазын окуганына таң калышат. Захид адам айтат: "Бул түнү түшүмдө көрүстөнгө баруум, ал жерде ээси жок жаназанын намазын окуумду айтышты. Ал жаназа кечиримге ээ болгондордун бири дешти.” Мас адамдын аялынан анын жакшы жактары тууралуу сурашат. Ал мындай дейт: "Күйөөм фасык болчу, ичкилик иччү. Бирок, намазын эч калтырган жок. Багымдатты дайыма жамаат менен окуур эле. Өксүздөргө дайым мээримдүүлүк кылып, алардын нафакаларын камдап берчү. Ичкилик ичип, кайра соолуккан кезде: "Йа, Рабби, мендей фасыкты Жаханнамдын каерине ыргытасың?” - деп ыйлап, ичкиликти таштай албагандыгына кайгырчу эле.” Захид адам муну угуп: "Демек, кечирилүүсүнө бул жакшы мүнөздөрү себеп болду”, - деп буюрат. * Пайгамбарыбыздын акыркы сөздөрүнүн бири "Намазга көңүл бөлгүлө” эле. (Ибни Маже) * Хадиси шарифте буюрулду:
"Ар Пайгамбардын үммөтүнө акыркы демде айткан осуяты - намаз” [Гунйа] |
www.islamdini.kg |
islamd...@gmail.com |
Динде өзүңдөн жогоруну кара
Адам напсине багынган сайын эч нерсеге канааттанбайт, эч нерсеге ыраазы да болбойт. Анткени, адамдын напси кудай болууга умтулат. Өзү менен тең даражалуу адамдын болуусун да көтөрө албайт. Ошол үчүн колдогу бар нерсеге канаат кыла албайт. Көзү ар качан өзгөнүн мал-мүлкү менен мансабында болот. Дүнүйө-мүлк, мансап, даражасы боюнча өзүнөн жогоруларды көрүп, көрө албоочулуктун айынан кыжыры кайнайт. Аларды кызганып, жамандап, ушак кылат. Каталык артынан каталык кетирет. Өзүнүн да, өзгөнүн да жанына тынчтык бербейт. Бул туурасында Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) мындай деп айткан: «Динде (дин иштеринде) өзүңдөн төмөн болгон адамга караба, анткени, менменсинип өзүңдү курутасың. Дин жагынан өзүңдөн жогору болгон адамга кара, анткени, ал сенден да жакшыраак. Дүнүйө-мүлкү көп болгон адамга караба, Аллаху тааланын берген насибине нааразылык кылган болосуң. Азыгын кыйналып, маңдай тери менен таап жүргөн адамга кара, ошондо Аллаху тааланын сага берген нематына шүгүр кыласың.» Динибиздин аалымдары шакирттерине ар дайым мындай деп насаат айтышкан: «Дүнүйө-мүлкү силердикинен аз, абалы төмөн болгондорго карагыла. Ошондо колуңардагыга жана ушул абалыңарга шүгүр кыласыңар. Ал эми акырет үчүн мунун тескерисин кылгыла. Акырет үчүн мээнет кылып бергенине шүгүр кылуу менен бирге андан да көбүн тилегиле. Акырети бизден жогору, үстөм болгондорго карап ошолор сыяктуу болууга аракет кылгыла. Алар (акырети жогору болгондор) – Ахли сүннөт аалымдары. Ушундай кылганда өзүнөрдү менменсинүүдөн куткарып текеберликке түшпөйсүнөр жана да туура жолдогулардын изи менен жүргөн болосунар.» Мал-мүлктүн, акчанын көп болуусу, даражанын, мансаптын жогору болуусу адамды бакытка алып барбайт. Түбөлүк азаптан куткарбайт. Булар Аллаху тааланын ыраазылыгына жараша колдонулса эсеби болот, болбосо азабы болот. Анткени, Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам): «Дүнүйөсү тынч болгон адамдын дининде кемтиги болот», - деген. Ислам аалымдары бул хадиси шарифти: «Дүнүйө лаззаттарына жетишүү үчүн Исламдын чегинен сыртка чыккан адам акырет лаззатына жете албайт», - деп түшүндүрүшкөн. Хазрети Абдуррахман бин Махди: «Кимде ким илим жагынан өзүнөн жогору адам менен кезиксе муну бир олжо деп билүүсү керек. Анткени, анын илиминен пайдаланат. Өзү менен илими тең адам менен кезиксе, билгендерин бири-бирине үйрөтүп, бири-биринен пайдаланышат. Өзүнөн илими төмөн болгон адам менен кезиксе карапайымдыгын көрсөтүп, билгендерин ага үйрөтөт», - деп, адамдын ар-кандай абалдан пайдалана ала тургандыгын жана ушундайча бакытка жетише ала турганын билдирген. Хазрети Вахб бин Мунаббих: «Бул үч нерсе зулумдук болуп саналат: Өзүнөн жогору адамдарга каршы чыгып, буйруктарын орундабоосу. Өзүнөн төмөндөргө күчүн колдонуп акыларын тебелөө. Заалымдарга жардам берүү», - деген. Хазрети Абу Бакр Варрак мындай дейт: «Кул жашыруун болобу, ачык болобу бардык убакта Аллаху тааланын буйруктарына багынат. Анын буйругунан чыкпайт. Жамандык кылганга жакшылык менен жооп берет, напсинин каалоолорун ээрчибейт, немат берилген убакта шүгүр кылат, кыйналганында сабыр кылат. Өзүнөн төмөндөргө ызаат көрсөтөт. Акыл сурап келгендердин сөзүнө кулак салат.» Хазрети Абу Сулейман Дарани: «Дүнүйөнү кууган адамдан дүнүйө качат, андан качкан адамды кууйт. Качкан адамды кармап алса жаралайт. Дүнүйөнү каалап ага байланган адамды өлтүрөт. Анткени, дүнүйө менен күрөшүүгө болбойт. Күрөшкөн адамды жеңет, далысын жерге тийгизет. Дүнүйөгө байлануу – Аллаху тааланын ыраазылыгына жетүүгө кедерги боло турган парда. Ал эми акыретти ойлоо көңүлдүн жандануусуна себеп болот. Дүнүйө махабаты орун алган көңүлдөн акырет ою көчүп кетет», - деген. Дүнүйөгө кол жеткизүү үчүн динин берүү акылдуу адамдын жасай турган иши эмес. Дин аалымдарыбыз: «Сухбати агниядан, тактап айтканда, дүнүйөгө берилген адамдын кеп-сөзүнөн качуу керек», - дешкен. Андай болгон соң аларга окшошуп өзүн бактысыз кылуу акылдуу адамдын иши эмес. Хазрети Абу Сулейман Дарани: «Акыретти ойлоо акылдуулуктун жана көңүлдүн тирүү экендигинин белгиси. Аял, бала-чака, мал-мүлк сыяктуу айланадагылардын кайсы бири сени Аллаху таааланы эске алуудан алаксыта турган болсо ал хайырсыз (жакшы эмес). Аллаху тааланы таанып билгенден кийин башкага моюн сунбагыла!» - деп буюрган. Хазрети Жалаледдин Давани жүрүм-турум адептерин жана адамдардын арасында орундалуусу керек болгон адептерди түшүндүрүп жатып: «Бир жыйынга барганда өзүнөн төмөн же жогору болгондордун ордуна отурбоо керек. Бирок, ал жыйналыштагылардын эң улуусу болсо каалаган жерине отурса болот. Бул орундарга байкабай отуруп алган болсо эсине түшкөн кезде ыңгайлуу бир орунга алмашып алуусу керек. Ал жерде бош орун болбосо, эч кимди ынгайсыз абалга калтырбай артка кайтуусу керек», - дейт. Хазрети Мухуммед бин Алийан: "Жоомарт адам өзүнүн жоомарттыгын төмөн деп санамайынча жана өзүн кабылдап жаткан адамды жогору деп санамайынча сопу боло албайт", - деп жасагандарыбызды көп деп билүүнүн жана өзгөлөрдүн мал-мүлкүнө, мансабына көзү тигүүнүн жаман нерсе экендигин түшүндүрүүдө жана жан рахатынын, чыныгы бакыттын кайда экендигин бизге көрсөтүүдө.
Хазрети Имам Шафии мындай деген: "Илим үйрөнүүнү өзүн жогору саноо үчүн каалагандардын эч кимиси кутулган эмес. Бирок, илим үйрөнүүнү карапайымдык үчүн жана адамдарга кызмат кылуу үчүн каалагандар албетте кутулат." |
www.islamdini.kg |
islamd...@gmail.com |
Колубуздагы нерсенин баары аманат
Жашоо түш, кино сыяктуудай. Жазылган даяр сценарийдин оюнчуларындайбыз. Бизден мурдагылар оюндарын ойноп өтүп кетишти. Маркум Юнус Эмре кандай жакшы айткан: «Мал ээси, мүлк ээси, Кана мунун биринчи ээси? Мал да жалган, мүлк да жалган, Бар сен дагы бираз айлан.» Ата-бабалар мындай дешкен: «Ат өлөт, майдан калат. Жигит өлөт атак калат..» Көк асмандын астында каерде болбосун бардык адамдар өздөрүнөн кийинкилере бир нерсе калтыра алышкан болсо бактылуу абалда күлүмсүрөп өлүшөт. Хадиси шарифте мындай делген: «Адамдардын хайырлуусу – адамдарга пайдалуу болгону.» *** Биздин тилибизде «карып жолчу» жөнөкөй бир сөз эмес. Бул материалдык жана руханий бүткүл айрылуулардын, бүткүл жалгыздыктардын аты. Карып жолчу деген сөздү чабан да колдонот, олуя болгон ариф заттар да колдонушат. Чабан түшүнгөн карыптык – бул өз айылынан алыс калуу. Ал эми арифтердин карыптыгы Раббинен өзүнчө калуулары. Раббисин тапкан адам бүткүл нематтарга, жакшылыктарга жеткен болот. Аны жоготкон адам бардыгын жоготкон болот. Хазрети Али (радыяллаху анх) уулу Хазрети Хасанга мындай деген: «Карып киши – Аллах үчүн достошкон досу жок адам.» Фудайл бин Ийад хазирети дагы жолоочулукту башка бир түрдө ачыктаган: «Пазилеттүү, көркөм мүнөздүү кишилерде карыптык болбойт. Алар чоочун жерлерде да болушса чөйрө табышат, дос табышат. Жаман адамдар өз журтунда жашап турса дагы карып болушат. Эч ким аларды жакшы көрбөйт, бирге болууну каалашпайт..» Чет өлкөдө жашаган мекендештерибизге «эмигрант» деп жатышат. Негизи карап көрсөк бардыгыбыз эмигрантпыз. Дүнүйөдө калуучу эмеспиз, келдик, кетип баратабыз. Бир күнү сүйүктүү Пайгамбарыбыз алейхиссалам мубарек колун Абдуллах бин Омардын далысына коюп мындай деди: «Сен өзүңдү дүнүйөдө же карып деп бил, же жолоочу деп бил. Же өзүңдү кабырдагылардан деп эсепте.» ***
Бул дүнүйөдө карып адамдарбыз, жолоочубуз дагы. Карыппыз, себеби, мурда бул жерде эмес элек. Жолоочубуз, кааласак дагы бизди бул жерде алып кала алышпайт. Баарыбыз бул жерде конокпуз. Конок бир күнү өз мекенине кайтат. Колубузда эмне бар болсо анын баары бизге аманат. Аманаттар болсо бир күнү өз ээсине тапшырылып берилет. Ден соолугубузга жана жаштыгыбызга алданбайлы, өлүм жаныбызда турат. Адам баласы күн сайын бир кадам өлүмгө жакындоодо. Тапкан байлыгына жаш баладай кубанат, бирок, жоготкон убактысын аяп жаткан жок. Акыры келип башка бирөөнө насип боло турчу ал байлык эмнеге жарамак эле. Балким эң жактырбаган адамдарыбызга!.. |
www.islamdini.kg |
islamd...@gmail.com |
Билинүүсү керек болгон төрт нерсе
Эгер адам баласынын узак бир өмүрү болсо жана мунун баарын Аллаху таалага ибадат менен өткөрсө, төрт нерсени билмейинче анын эч кандай баасы болбойт. Бул төрт нерсе сөзсүз билинүүгө тийиш. Булардын биринчиси жана эң башкысы – марифатуллах, Раббин таанууга тийиш, Анын барлыгына жана бирдигине ишенүүгө тийиш. Эгер жаратуучу болбосо жаратылган да боло албайт. Бул ойду көңүлүнө туюп алууга тийиш. Бүткүл ааламды эң мыкты көрүнүштө жараткан болуп, мындан да мыктыраагы болушу мүмкүн эмес. Алгач өзүбүздү карап көрөлү! Эч кандай кемчилигибиз жок, эч кандай ашыкчалыгыбыз да жок. Эгер кандайдыр бир дене мүчөбүздө ашыкча болгондо же кем болгондо жакшыраак болмок деп айта албайбыз. Мисалы, эки кол ашыкча, бир эле кол жетмек эле же эки кол аз, үчөө болгондо ыңгайлуу болмок деп айтуу мүмкүн эмес. Манжаларыбыз да ушундай. Он манжабыз бар. Эгер он бир, он эки же андан да көп болгондо жакшыраак болмок же булар ашыкча, азыраак болгондо жакшыраак болмок деп айта албайбыз. Бул манжалардын тизилиши, жайгашкан орду да өтө мыкты. Эң мыкты түрдө тизилген. Эгер булардын орду алмаша турган болсо, мынчалык рахат жашай албайбыз. Раббибиз бизге ушунча нематтарды ихсан кылды. Бул нематтарды жей алуу үчүн бизге табит да берген жана чайнай алуубуз үчүн да тиштерди берген. Бул тиштерди бөбөктөргө берген эмес. Анткени, бөбөк эне сүтүнөн башка нерсени иче албайт, жей албайт. Эне сүтүн иче алуу үчүн болсо тиштердин кереги жок. Эгер бөбөктөрдө тиш болгондо энесинин көкүрөгүн оорутмак жана аны кыйнамак. Ошондуктан, бөбөктөрдө тиш жок, бирок, бизде тиш бар. Себеби, биз жеп-ичүүгө муктажбыз. Бул тиштерди отуз эки кылып жараткан. Эгер муну бир бүтүн сөөк көрүнүшүндө жаратканда абдан кыйналмакпыз. Эгер бир жери ооруганда, тишибизди толук жулдуртуу керек болмок. Бир жагынан жулуу кыйын болмок, экинчи жагынан курт жеген бир эле жеринен улам толук тишсиз калмакпыз. Бул отуз эки тиштин бирөө же экөөсү бузулса же жулунса да калгандары менен эптештирмекпиз. Булардын тизилиши да өтө мыкты. Эгер булардын орду алмашса, арттагылар алдыга жылса, анда да кыйналмакпыз жана пайдалана алмак эмеспиз. Булардын бардыгы кантип кокусунан пайда болуп калышы мүмкүн? Эгер бир маймыл клавиатуранын башында отурса, клавиатураны туш келди басса, түшүнүктүү бир текстти жазуусу мүмкүн эмес. Мисалы, "жүрү” деген сөздү жаза алуусу өтө кыйын. Миңдеген түшүнүксүз сөздөрдүн арасында балким бир "жүрү” деген сөз да жазылып калышы ыктымал. Бирок, "жүрү кетели” деген сөздү болсо бир маймылдын кокусунан жазуусу мүмкүн эмес. Өзгөчө "жүрү кетели, базарга соода кылууга” сыяктуу түшүнүктүү узун сүйлөмдүн жазылып калуусуна бир да акыл ыктымал бере албайт. Мындай нерсе болуусу мүмкүн эмес. Кокусунан болуп калуусу мүмкүн эмес. Раббибиздин нематтары эсепсиз көп. Эгер Анын нематтарын саноого аракет кылсак бүтүрө албайбыз. Биз бул нематтар тууралуу ойлойбуз, Раббибизге хамд айтабыз жана Аны катуу жакшы көрөбүз. Ал бизди жаратпоосу да мүмкүн эле, бирок, жаратты. Эгер бизди жаратпаганда эч ким Аны суракка алмак эмес. Ал бизди адам кылып жаратты. Кандайдыр бир коңуз же айбан кылып да жарата алмак. Бизди жашатууда, биздин жашоо үчүн эмне керек болсо баарын жараткан болуп, бизге ихсан кылган. Абабызды, суубузду, азыгыбызды Ал ихсан кылууда. Аба менен ар бир көз ирмемде биздин жашообузду сактоодо. Жол кырсыгына учураган бир адамды ойлоп көргүлө. Кан жоготууда. Жанынан бир адам өтүп баратканда аны унаасына алып, бир ооруканага жеткирип, кан жоготуудан аман калууда. Ал адам аны куткарган адамды качан көрсө чоң ыраазычылык сезими менен ага сый-урмат көрсөтөт жана: "Сен менин өмүрүмдү сактап калдың. Эгер сен келбегенде, мени ооруканага жеткирбегенде, балким мен кан жоготуудан кайтыш болмокмун”, - деп айтат. Раббибиз бизди ар бир көз ирмемде өмүрүбүздү сактоодо. Эгер аба болбогондо биз кантип жашай алмак элек? Бүткүл ааламды да бизге кызмат кылдыртууда. Күндү, Айды, жылдыздарды, булуттарды, айбандарды, бак-дарактарды ж.б,. Эми оюбузга бир суроо келет. Макул, буларды эмне үчүн кылууда? Буга эч ким, эч кандай философия жана илим жооп бере албайт. Бир гана дин жооп бере алат. Мунун бир гана жообу бар. Ал болсо - Раббибизди таануубуз, Ага баш ийүүбүз үчүн. Биз Раббибизди тааныйбызбы? Ушунча көп нематтарга ээбиз, жашообуз уланууда. Аны тааныйбызбы? Бул суроого да тилекке каршы көбүнчө "жок” деген жоопту бергенге аргасызбыз. Тааныгандар бар, бирок, аз. Мунун ичинде акырет бар, эсеп бар. Билүүбүз керек болгон экинчи нерсе – шайтан. Шайтандын бизге азуулуу душман экенин эч качан унутпашыбыз керек. Раббибиз да бизге аны душман деп билүүбүздү буйрууда. Анткени, атабыз Адам алейхиссаламдан тарта ага жана анын урпактарына, бизге душман. Анткени, анын себеби менен Бейиштен кууп чыгарылды, каргышка учурады, жазаланды. Ага сажда кылбагандыктан Аллаху таала аны Бейишинен кууп чыгарды жана түбөлүк тозоктук кылды. Эми анын Адам алейхиссаламды жана урпактарын жакшы көрүүсү мүмкүнбү? Ал кантип бизге дос боло алат? Ал ушундай чоң душман болгондуктан эч уктабайт. Биз уктаган кезде да ал уктабайт. Биз аны көрө албайбыз. Бирок, ал бизди көрөт. Жүрөгүбүзгө да таасир бере алат. Сехли Тустери хазреттерине бир адам келип: "Кечээ түнү биздин үйгө ууру кириптир. Эч нерсебизди калтырбаптыр. Баалуу болгон бардык нерсебизди уурдап кетиптир”, - дейт. Ал мындай дейт: "Сен шүгүр кыл, ууру үйүңө кирди, оокаттарыңды уурдап кетти. Эгер шайтан жүрөгүңө киргенде, жүрөгүңдү бузганда, жагдайың эмне болмок?” Шайтандан Аллахыбызга, Раббибизге сыйынабыз. Себеби, ага биздин күчүбүз жетпейт. Эгер Раббибиздин жардамы болбосо, биз аны жеңе албайбыз. Шайтан итке окшош. Бир үйүрдүн жанынан өтүп баратканда үйүрдүн иттери бизге кол салса, аларга каршы канчалык күрөшпөйлү, ал иттерди канчалык алыстатканга аракет кылбайлы, баары бир бизге кол сала беришет. Ал эми үйүрдүн ээсине кабар берсек, ал иттерин чакырса, иттерине бизден баш тартууну айтса, иттер бизден баш тартат. Болбосо иттерди жеңүүбүз өтө кыйын. Билүүбүз керек болгон үчүнчү нерсе – напсибизди таанышыбыз керек. Ал да шайтандын досу. Ал тургай эки себептен улам шайтандан да коркунучтуу. Биринчиси, ал сүйкүмдүү душман. Ар бир адам өз напсин жакшы көрөт. Экинчиси, ал дайыма адамдын ичинде. Шайтан сыяктуу кээде кирип, кээде чыкпайт. Көптөгөн адамдарды балээ-кырсыктарга түрткөн, маскара жана шерменде кылган. Кыяматта адамдардын тозокко ташталуусуна себеп болгондордун жакасына жабышылат. "Сен эмне үчүн жамандыктарды, күнөө иштерди кылдырып, бүгүн бул азаптарды тартуума себепкер болдуң?” – деп адамдар бири-биринин жакасына жабышышат. Ошондуктан, эң чоң душманыбыз шайтандын жакасына жабышабыз. "Сен мени ушул жаман акыбетке дуушар кылдың”, - дейбиз. Шайтан болсо: "Мени жамандабагыла, мени урушпагыла. Силер өзүңөрдүн напсиңерди урушкула. Себеби, мен силерге болгону сунуштадым, напсиңер болсо буга макул болду. Бул жамандыктарды өзүңөр кылдыңар. Ошондуктан, жамандала турган, урушула турган бирөө жарым бар болсо анда ал - силердин напсиңер”, - деп эң чоң душманыбыз өз напсибиз экендигин бизге билдирет.
Билишибиз керек болгон төртүнчү нерсе – кыла турган иштерибизди билишибиз керек. Эмне кылганыбызды, кантип амал кылганыбызды билишибиз керек. Билбей туруп кандайдыр бир ишти кылсак, каш алам деп көз чыгарган болобуз. Аллаху тааланын бизге көптөгөн буйруктары бар, кээ бир тыюулары да бар. Буйруктары "таат” деп аталат, тыюулары болсо "масиет, күнөө” деп аталат. Буйруктарын аткарабыз, тыюуларынан болсо сактанабыз. Буларды кылып жатканда бул амалыбыз төрт мазхабдын бирине шайкеш болуусу керек. Эгер бул төрт мазхабдын сыртында амал кылып жаткан болсок биздин амалыбыз эч нерсеге жарабайт. Бул төрт мазхаб миң жылдан ашуун бүткүл ислам ааламы тарабынан тастыкталган жана төртөөнүн тең туура экендиги такталган. Ар мазхабда миллиондогон улуу аалымдар чыккан жана ар биринде, мисалы, ханафи мазхабында бир миллиондон ашуун мужтахид аалым келген. Алар: "Биздин мазхабыбыз хак, калган үч мазхаб да хак”, - дешкен. Малики мазхабында дагы миллиондогон аалым келген. Алар да дал ошондой өз мазхабын жана калган үч мазхабды тастыкташкан. Шафии мазхабында да ушундай, Ханбали мазхабында да ушундай. Башкача айтканда, бул төрт мазхабдын хак экендигине жалпылай алганда төрт миллиондон ашуун аалымдардын тастыгы бар. Ошондуктан, амалдарыбыз сөзсүз ушул төрт мазхабдын бирине шайкеш болушу керек. Эгер бул төрт мазхабдын сыртында амал кылып жаткан болсок, миң жыл өмүрүбүз болсо жана ушул миң жылды тең ибадат, таат менен өткөрсөк, бир да күнөө кылбасак, бардык буйруктарды аткарсак ката кылган болобуз жана эч нерсеге жарабайт. Акыркы убактарда мазхабдарды четке каккан кээ бир жамааттар бар. "Мазхабдар эмне болуп калыптыр? Биз мазхабдарга баш ийбейбиз. Биз түздөн түз Курани каримден жана хадиси шарифтерден өкүм чыгарабыз, ушуларга ылайык амал кылабыз”, - деп айткандар бар. Бирок, булар абдан жаңылыш. Мындай нерсе болуусу мүмкүн эмес. Амалдар сөзсүз туура кылынууга тийиш. Туураны кантип аныктоого болот? Ушунча жылдар, ушунча кылымдар өтүп, туура экендигине ушунча тастык бар болгон бир сөз – бул төрт хак мазхаб. Алардын бирин карманып, амалдарыбызды ага ылайык кылууга тийишпиз. Антпесе, эч нерсеге жарабай калат. |
www.islamdini.kg |
islamd...@gmail.com |
Калкты сүйүп, Халыкты унутушат
Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) кыяматка чейин үммөтүнүн башына келчү нерселерди көргөн жана аларды бизге билдирген. Бул тууралуу хадиси шарифтер абдан көп. Бир күнү Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) мындай деди: «Үммөтүмдүн үстүнө ушундай бир заман келет, беш нерсени сүйүп, беш нерсени унутушат.» «Дүнүйөнү сүйүп, акыретти унутушат.» Дүнүйөгө болгон сүйүү коркунучтуу. Раббибиз дүнүйөнү сүйбөйт, аны сүйгөндөрдү да сүйбөйт... Ааламда бир гана жер бетинде Аллаху таалага каршы чыгылат. Асмандагы жаратылган барлыктар, мисалы, Күн, Ай, жылдыздар жана башкалары Жаратканын таанышат жана аны таспих кылышат. Аларга кандай буйрук берилген болсо ага толук моюн сунушкан. Күн жаратылган күндөн бери ошол эле саат жана мүнөттө чыгып, кайра батат, кеч калбайт, маалынан эрте дагы чыкпайт. Жерге канчалык жакын болсо дайым ошол жакындыкта турат. Эгер аз гана жакындай турган болсо күйгүзүп жиберет, алыстай турган болсо тоңдуруп жиберет. Күн менен арабыздагы аралыкта өзгөрүү боло турган болсо, биздин муну болтурбай тоскоол боло ала турчу күчүбүз жетпейт. «Өмүрдү сүйүшөт, өлүмдү унутушат.» Жашоо эгер түбөлүк бакытка себеп боло турган болсо жакшы. Адамдардын эң жакшысы - өмүрү узун жана амалы жакшы болгону. Адамдардын эң жаманы болсо – өмүрү узун, амалы жаман болгону. Салих киши канча өмүр сүргөн сайын соопторун көбөйтөт, дагы да жогору даражаларга көтөрүлө алат. Жаман өмүр сүргөн киши барган сайын күнөөлөрүн көбөйтүп, дагы да көп азап жана кыйынчылык тартуусуна себепчи болот. «Кооз сарайларды сүйүшөт, кабырды унутушат.» Адамдардын кабырда жашай турчу убактысы бул өмүрдө жашай турчу убакыттан да узак. Дүнүйөдө болсо бир күн жашай тургандыгыбыз да белгисиз. Көңүлүбүз тынч жашай алуу үчүн дүнүйөдөгү үйүбүзгө көп эмгек жумшайбыз, көп акча жумшайбыз, андан да көбүрөөк кабырыбызга маани беришибиз керек. Дүнүйөдөгү үйдү алмаштыруу мүмкүнчүлүгүбүз бар, бирок, кабырыбызды жактырбай турган болсок, аны алмаштырууга мүмкүнчүлүгүбүз жок. «Мал-мүлктү сүйүшөт, эсепти унутушат.» Халал жол менен табылган акча кайырлуу жерлерге жумшалса эки дүнүйө бакытына себеп болот. Исламдын беш шартынан экөөсү акча менен кылына турчу парздар. Бай болбогондорго парз эмес. Хадиси шарифте бизге акчаны таап жатканда да, аны сарптап жатканда да эсепке тартыла тургандыгыбыз эскертилүүдө. Дүнүйөгө болгон сүйүү бир көңүлдө көбөйүп жаткан болсо, келе турчу коркунуч коңгуроону кагууда деген сөз. Ал киши эми халалды да, харамды да ойлобойт. «Калкты сүйүшөт, Халыкты унутушат.» (Башкача айтканда, жаратылгандарды сүйүп, аларды жараткан Аллаху тааланы унутушат.) Жерде жана асманда эмне бар болсо, бардыгын тең Раббибиз жоктон жараткан, каалаган кезинде жок кылууга дагы күчү жетет. Биз ээ болгон жана мындан кийин дагы ээ боло турчу бардык нематтар Андан келүүдө, аларды Аллаху тааладан деп билебиз жана Ага шүгүр кылабыз. Себептерге да шүгүр кылышыбыз керек. |
www.islamdini.kg |
islamd...@gmail.com |
Тообо кылган кечирилет
Даанышман заттар айтышат: Аллаху таала тообо-истигфар кылган адамды сөзсүз кечирет. Ким истигфар кыла турган болсо, сөзсүз кабыл болот. Наср сүрөсүнүн маанисинде: "Раббиңе истигфар кыл, Ал сөзсүз тооболорду кабыл кылуучу!” – деп билдирилди. Худ сүрөсүнүн маанисинде да: "Истигфар окугула, жардам беремин”, - деп айтылды. Тообо кылалы. Аллаху таала тообо кылгандардын тообосун кабыл кылат. Пайгамбарыбыз алейхиссаламга бир киши келип: "Мен бир күнөө кылып, тообо кылдым. Аллаху таала тообомду кабыл кылды бекен?”- деп сурады. Пайгамбарыбыз: "Кылды”, - деп жооп берди. Ал киши: "Бирок, мен кайра күнөө кылдым, кайра тообо кылдым. Тобомду дагы кабыл кылдыбы?” – деди. Пайгамбарыбыз алейхиссалам кайра: "Кылды”, - деп жооп берди. Ал киши кайра сураганда: "Сен кайра–кайра сурап убара болбо. Эгер бул Кыяматка чейин улана турган болсо, сен тообо кылган сайын Аллаху таала сени кечирет”, - деп айтты. *Ар бир намаздан кийин он бир Ихлас сүрөсүн окууга аракет кылуу керек. Пайгамбарыбыз алейхиссалам айтат: "Кимде ушул үч нерсе болсо Бейишке каалаган эшигинен кирет: Кул акысын төлөгөн, ар намаздан кийин он бир жолу Ихлас сүрөсүн окуган, өзүн өлтүргөн адамды кечирип өлгөн адам.” *Ыйман бар болсо, демек бардык нерсе бар. Ыйман жок болсо, демек эч нерсе жок. Ыйман бул – жашоо жана жандуулук. Дене топурактан бар болду, кайра топурак болот. Денеге жандуулук берип турган нерсе – ыйман. Улуу заттар ыймансыз денени кабырга окшотушкан. *Адептүү адамдын өмүрү артат. *Мусулмандын максаты чексиз болууга тийиш. *Момундун шаттуулугу жүзүндө. Кабагы бүркөк болуу момунга жарашпайт. *Мусулман алууга эмес, берүүгө аракет кылат. Анткени, мусулман үчүн дүнүйө ала турчу жер эмес, бере турчу жер. Алуу акыретте. *Садака берип, көп жакшылык кылуу керек. Садака өмүрдү арттырат, кыйынчылыктарды, балээлерди, ооруларды кетирет. |
www.islamdini.kg |