Аллаху таала бар жана Ал жалгыз (2)

1 view
Skip to first unread message

islamdini kg

unread,
Jul 28, 2025, 5:09:24 AMJul 28
to islamd...@googlegroups.com

 Диний суроолор үчүн
islamd...@gmail.com

Аллаху таала бар жана Ал жалгыз (2)

 

"Вужуд"– бар болуу деген сөз. Анын үч түрү бар:

1. Важиб-ул вужуд: Бар болуусу зарыл болгон "вужуд” дегенди билдирет. Жалгыз Аллаху таала гана – важиб-ул вужуд болуп саналат.

2. Мунтани-ул-вужуд: Бар болбойт. Ар дайым жок болууга тийиш. Мисалы, Аллаху тааланын шериги, Ал сыяктуу башка кудай бар болбойт.

3. Мумкин-ул-вужуд: Бар болуусу да мүмкүн, жок болуусу да мүмкүн. Бүткүл аалам, жаратылыш ушул сыяктуу. "Вужуд" сөзүнүн антоними – "адем" (жок болуу). Аалам бардык нерсе бар болуудан мурда адемде болчу. Башкача айтканда, жок болчу.

4. Аллаху тааладан башка нерселердин баары "масива" же болбосо аалам деп аталат. Азыр болсо "табият" деп аталат. Аалам мурда жок болчу, аны Аллаху таала кийин жараткан. Аалам жоктон бар болгон. Кайра жок болуусу да мүмкүн. Хадиси шарифте: "Аллаху таала бар эле. Башка эч нерсе жок эле", - деп айтылган.

Аллаху таала – важиб-ул вужуд, чыныгы жаратуучу. "Ушул дүнүйөнү жана акыреттеги бардык нерсени денесиз, убакытсыз, жана теңдешсиз түрдө жоктон бар кылган бир гана Аллаху таала деп толук ишенүү зарыл. Бардык материяны, атомдорду, молекулаларды, элементтерди, органикалык заттарды, клеткаларды, өмүрдү, өлүмдү, бардык кубулуштарды, ар бир реацияларды, ар түрдүү күчтөрдү, энергия түрлөрүн, аракет козгогучтарды, закондорду, рухтарды, периштелерди, жансыз-жандуу бардык нерсени жоктон бар кылган бир гана Аллаху таала. Ааламдагы бардык нерселерди бир заматта жоктон бар кылганы сыяктуу, ар дайым бири-биринен да бар кылууда. Кыямат убактысы келгенде бардык нерсени бир заматта жок кылат. Бардык нерсенин жаратуучусу, ээси, кожоюну Аллаху таала деп ишенүү керек. Бардык жогорку сыпаттар Ага таандык. Анда эч кандай кемчилик болбойт. Ал каалаган нерсесин жасайт. Жасаган нерселери өзүнө же бирөөлөргө пайдалуу болушу үчүн эмес. Ал нерселерден жооп да күтпөйт. Ушуну менен бирге, Анын ар бир ишинде даанышмандык менен жакшылык, мээрим орун алган.

Кулдарына жакшы, пайдалуу нерселерди берүүгө, бирөөгө сооп жазып, бирөөнө азап берүүгө Ал мажбур эмес. Күнөөкөрлөрдүн баарын Бейишке киргизсе мээримдүүлүгүнө жарашат. Өзүнө кулчулук, ибадат кылгандарды Тозокко жибере турган болсо, адилеттүүлүгүнө кайчы келгет болбойт. Бирок, Ал мусулмандарды жана ибадат кылгандарды Бейишке киргизип, аларга чексиз нематтарды бере турганын, ал эми капырларды Тозокто түбөлүк азапка калтыра турганын билдирген, каалаган жана убада берген. Ал убадасында турат. Бардык жандуулар Ага ыйман келтирип, кулчулук кылса да, Ага эч кандай пайдасы болбойт. Бүткүл аалам капыр болуп, кутуруп, Ага каршы келсе да, Ага эч кандай зыяны тийбейт. Пендесинин кылгысы келген нерсесин Ал дагы каалабай турган болсо эч нерсе жүзөгө ашпайт. Ал каалабаса эч ким капыр боло албайт. Аны сынга алууга, себеп суроого да эч кимдин акысы жок. Аллахка шерик кошуудан, ыймансыздыктан башка күнөө кылып, тообо кылбай кайтыш болгон адамды кечирүүсү мүмкүн. Капырлар менен муртаддарды эч качан кечирбей турганын, аларга чексиз азап кыла тургандыгын билдирген. Мусулман (ахли кыбла) болуп, кулчулук кылган, бирок, ишеними ахли сүннөт ишенимине шай келбей турган жана тообо кылбай кайтыш болгон адамды Тозок азабында калтырса да, андай (бидат ишенимдүү) мусулмандарды Тозокто түбөлүк калтырбайт.




www.islamdini.kg

Reply all
Reply to author
Forward
0 new messages