islamd...@gmail.com |
Кыяматтын кичи белгилери (1)
Кыямат болууга жакын калганда алгач кичи белгилери чыгат. Кийин чоң белгилери чыгат. Кыяматтын качан боло тургандыгы билдирилген эмес. «Аны бир гана Аллах билет», - деп буюрулган. (Араф, 187) Кыяматтын кичи белгилерине байланыштуу Сүйүктүү Пайгамбарыбыздын (саллаллаху алейхи васаллам) хадиси шарифтери мына булар: «Адамдар мечиттер менен жана мечиттердин кооздугу менен мактанмайынча кыямат болбойт». (Ибни Маже) «Фитна көбөймөйүнчө кыямат болбойт». (Бухари) «Уятсыздык менен зинакорлук ачык түрдө болбой, кошуналар бири-бирин жамандабай, саткынчылар инешимдүү деп, ишенимдүүлөр саткынчы деп саналбай, туугандар арасында муздак мамиле болбой туруп кыямат болбойт». (И. Ахмед) «Адамдарда сараңдык көбөйөт жана кыямат жамандардан башка адамдын үстүнө болбойт». (И. Нажжар) «Ант берем, сараңдык, зинакорлук ортого чыкмайынча, ишенимдүү адамга кыянаттык кылынып, саткын адамга ишенилбегенче, жакшылар куруп, жамандар калбаганча кыямат болбойт». (Хаким) «Жамгырдын берекеси кетмейинче кыямат болбойт». (Абу Яъла) «Жер бетинде Аллах деген мусулман бар кезде кыямат болбойт». (Муслим) «Убакыт жакындамайынча, бир жыл бир ай, бир ай бир апта сыяктуу, бир апта бир күн, бир күн бир саат сыяктуу кыскармайынча кыямат болбойт». (Тирмизи) «Илим жоюлмайынча, зилзала, согуш көбөймөйүнчө кыямат болбойт». (Бухари) «Мал көбөйүп, артмайынча кыямат болбойт. Зекетти ала турган адам калбайт. Бирине зекет берилген кезде «мага керек эмес» дейт». (Бухари) «Доолору бир болгон эки чоң тайпа согушмайынча, «пайгамбармын» дей турган жалганчылар чыкмайынча кыямат болбойт». (Бухари) «Мусулмандар яхудилер менен согушмайынча, таштар дагы «эй, мусулман, мынабу артымда жашырынган яхудини өлтүр», деп кабар бермейинче кыямат болбойт». (Бухари) «Эркектер азаят, аялдар көбөйөт». (Бухари) «Бир эркек бала бир аял сыяктуу кызганылмайынча кыямат болбойт». (Дайлами) «Өзүн пайгамбар кылып жарыялаган жетимиш жалганчы чыкмайынча кыямат болбойт». (Табарани) «Балдар ачуулуу болмоюнча, улууларга урматсыздык кылынмайынча кыямат болбойт». (Хараити) «Ливата (эркек менен эркектин катнашы) мубах-табигый нерсе деп саналмайынча кыямат болбойт». (Дайлами) «Зилзала, фитна, адам өлтүрүү көбөймөйүнчө кыямат болбойт». (Дайлами) «Кыяматтан жүз жыл мурда жер бетинде Аллахка ибадат кыла турган эч ким калбайт». (Хаким) «Мына бул кабырдагы адам мен болуп калсам эмне» делмейинче кыямат болбойт». (Муслим) «Бир атадан болгон туугандар ар кайсы динде болмоюнча кыямат болбойт». (Дайлами) «Жамандар дүнүйөдө үстөм болмоюнча кыямат болбойт». (Тирмизи) «Жапайы айбандар адам сыяктуу сүйлөшмөйүнчө кыямат болбойт». (Тирмизи)
(Уландысы бар...) |
www.islamdini.kg |