Жума мубарек болсун!

4 views
Skip to first unread message

islamdini kg

unread,
Jun 13, 2025, 3:00:51 AMJun 13
to islamd...@googlegroups.com

 Диний суроолор үчүн
islamd...@gmail.com

Бардык дарттын дабасы бар

 

Ар бир дарттын дабасы бар. Аллаху таала чарасыз дарт жараткан эмес. Жашоо, мал-мүлк ээси болуу сыяктуу дүнүйөлүк нематтардын бардыгы үчүн себептерди жараткан. Себептерине жармашкан адам ушул нематтардан албетте куру калбайт. Акырет нематтарына жетүү да ушундай. Мисалы, жалкоолуктун дарысы намаз окуу. Адам башына түшкөн жагымсыз жагдайларда гафил болбостон чарасына кароо керек.

1 – Юнус алейхиссалам окуган дубаны окуу керек. Эки хадиси шарифте айтылат:

"Дарт жана балээ келгенде Юнус пайгамбар окуган "Ла илаха илла анта субханака инни күнтү миназзалимин” зикирин айткан адам дарт жана балээден кутулат.” (Тирмизи, И. Сүнни)

"Ооруп калган адам 40 жолу "Ла илаха илла анта субханака инни күнтү миназзалимин” деп окуса, шейит болуп кайтыш болот. Сакайып кетсе күнөөлөрү кечирилет.” (Нажатул-мусалли)

2 – Бир нерседен коркуп кыйналган адам "Хасбияллаху ва нимал вакил” деп айтууга тийиш.

Хадиси шарифтерде айтылат:

"Хасбияллаху ва нимал вакил” сөзү бардык коркунучтар үчүн амандык болот.” (Дайлами)

"Кыйынчылыктардан кутулуу үчүн "Хасбияллаху ва нимал вакил” дубасын окугула!” (И. Мардавайни)

"Эртең менен жана кечинде 7 жолу "Хасбияллаху ла илаха иллаху, алейхи таваккалту ва хува Раббул аршилазыйм” деп окуган адам дүнүйө жана акырет кыйынчылыктарынан кутулат.” (И. Сүнни)

"Корккон кезде "Ла хавла ва ла куввата илла биллахил алиилазыйм” тасбихин окуу керек.” (М. Раббани)

3 – Карызы бар адам көп көп истигфар айтууга тийиш. Хадиси шарифтерде мындай деп айтылган:

"Истигфар (астагфируллах) айтып жүргөн адам тартыштыктан кутулат жана күтпөгөн жеринен ырыскыга жетет.” (Ибн Мажа)

"Үйгө кирерде Ихлас сүрөсүн окуган адам кедейлик көрбөйт.” (Т. Куртуби)

"Ар түнү Вакия сүрөсүн окуган адам кедейлик көрбөйт.” (Ибни Асакир)

"Кыйынчылыкка туш болгон же карыз болуп калган адам миң жолу "Ла хавла ва ла куввата илла биллахил алиййилазыйм” десе Аллаху таала ишин жеңилдетет.” (Ширъа)

Карыздан кутулуу үчүн "Аллахумма акфини бихалалика ан харамика би фадлика амман сивака” дубасын окуу керек. (Йа, Раббим! Мени халалдар менен канааттанып, харамдардан сактануучу кыла көр жана улуктугуң менен сенден башкага муктаж болуудан сактай көр.)

Кедейликтен кутулуу үчүн: "Ла хавла ва ла куввата илла биллахил алиййилазыйм” тасбихин айтуу керек. (Тагриб-уссалат)




www.islamdini.kg

islamdini kg

unread,
Jun 20, 2025, 2:40:59 AMJun 20
to islamd...@googlegroups.com
 Диний суроолор үчүн
islamd...@gmail.com

Жети жүз аалымдын жообу

 

Даанышман заттар айтышкан:

Аллах дегендин жардамчысы Аллах болот, акча дегендин жардамчысы болбойт. Акча, мүлк жакшы да болушу мүмкүн же жаман да болушу мүмкүн. Бул акчаны кантип табууга жана кантип сарптоого байланыштуу. Акчанын кеткен жеринен келген жери белгилүү болот. Кайырлуу мүлк Аллах жолунда сарпталат. Кайырсыз мал-мүлк напсинин, шайтандын жолунда, башкача айтканда, Аллаху таала ыраазы болбогон жерлерде колдонулат. Бул болсо жаман.

Эң чоң байлык – канаат. Канаат – бул Аллаху тааланын бергенине ыраазы болуу. Өжөрлөнгөн адам балким көп акча табышы мүмкүн, бирок, отко учурайт. Халал акчанын эсеби, харам акчанын азабы бар. Ошондуктан, акча колдонуу курал жарак колдонуу сыяктуу эле этияттуулукту талап кылат. Колдонууну билбесе жаңылышып атылган ок бирөөнү өлтүрүп алуусу мүмкүн, окту аткан адам дагы жазаланат. Акчаны жаңылыш колдонуу болсо андан да бетер жаман, адамды Жаханнамга алып барат.

Шакик-и Балхи хазреттери айтат: 700 аалымдан беш суроо сурадым. Бардыгынын жообу болжол менен бирдей болду. Булар мындай:

1- "Акылдуу деп кимди айтат?” - деп сурадым. "Дүнүйөнү баалабаган адамды”, - деп айтышты. Дүнүйөнү баалабаган адам акыретти баалайт. Акыретти баалаган адам түбөлүк бакытка ээ болот.

2- "Зээндүү деп кимди айтат?” – деп сурадым. "Алданбаганды”, - деп жооп беришти. Кайсы маселеде алданбайт? Бардык жагынан алданбайт. Дин иштеринде алданбайт, соода-сатыкта алданбайт. Өзү алданбагандай эле башкаларды дагы алдабайт. Себеби, динибизде алдануу дагы, алдоо дагы жок.

3- "Дервиш деп кимди айтат?” – деп сурадым. "Аллаху тааланын ыраазылыгын Анын пенделеринин ыраазылыгынан жогору койгон адамды айтат”, - деп жооп беришти. Демек, дервиш адам адамдарды ыразы кылуу үчүн эмес Аллаху тааланы ыраазы кылыш үчүн жашайт. Адамдардын каалоолору менен Аллаху тааланыкы болгондор бир келип калганда ал дайыма Аллаху таала тарабын тандайт.

4- "Бай деп кимди айтат?” – деп сурадым. "Канаат кылганды”, - деп жооп беришти. Адамдын напси тоюу дегенди билбеген, хайула деп аталган айбанга окшойт. Эч качан бул мага жетет дебейт. Бардык нерсени сурайт.

5- "Сараң деп кимди айтат?” – деп сурадым. "Аллаху таала берген аманатты өзүнөн деп билген, бардыгын өзүнө тийиштүү деп ойлогон адамды”, - деп жооп беришти. Болбосо, Аллаху таала ал жакшылыктарды колдонсун жана кулдарына дагы берсин деп берген эле. Биздин мындай барлыгыбыз болгон эмес. Аллаху таала берген бул жакшылыктарды Ал ыраазы болгон, буйрук кылган жерлерге жумшап, Анын кулдарынын муктаждыктарына сарптоого аракет кылуу керек. Мунун тескерисин кылган адам чоң күнөөгө батат.




www.islamdini.kg

islamdini kg

unread,
Jun 27, 2025, 3:01:45 AMJun 27
to islamd...@googlegroups.com
 Диний суроолор үчүн
islamd...@gmail.com

Хазрети Алиден (радыяллаху анх) алтын насааттар

 

Хазрети Али бир кол салуу натыйжасында шейит болуу алдында турган эле. Балдарын жыйнап, насыят кылды. Биз дагы бул насыяттардан пайдалануубуз керек.

Хазрети Али (радыяллаху анх) чоң кастык кол салууга туш келип, оор жаракат менен үйүнө алып барылат. Шейит болуудан мурда балдарын жыйнап, аларга насыяттарын айтты. Бирок, булар ошол эле убакта бардыгыбыз үчүн кылынган насыяттар болуп саналат. Хазрети Алинин ошол алтын насыяттары мына булар:

БалдарымЖалгыз калсаңар да, адамдардын арасында болсоңор да дайыма Аллахтан корккула, такыбаалуу болгула. 

Себеби, Раббибиз силерди дайыма көрөт жана кылган иштериңерге дайыма күбө. Бир чабан адам келип Пайгамбарыбыз алейхиссаламдан сурайт: «Мен көп күнөө кылдым. Мен үчүн тообо болобу?» Пайгамбарыбыз: «Тообо эшиги ачык. Тообонун шарттары орундалса бардык күнөөлөр кечирилет», - деди. Тиги адам бул сүйүнчүнү уккандан кийин кайра сурайт: «Бул күнөөлөрдү кылып жаткан маалымда Раббим мени көрүп жаткан беле?». Пайгамбарыбыз: «Ооба», - деп жооп берет. Ал: «Аааах..», - деп өкүнүч кыйкырыгы менен рухун тапшырат.

Кубанып турган мезгилде да, ачуулуу болгон мезгилде да эмне сүйлөгөн сөздөрүңөргө дыкат болгула.

Дайыма хак (чын, туура) сөз сүйлөгүлө. Адам ачууланган маалда эмне сөз айтып жатканын биле албайт. Шайтандын адамга эң көп асылган маалы - анын ачуулуу болгон маалы. Чоң шайтан балдарына мындай деп насыят айтат:

"Адамдарга күнөө кылдыра алуу үчүн колуңарда эң чоң эки курал бар. Муну жакшы колдоно турган болсоңор силер алдай албай турчу адам өтө аз. Биринчиси алардын напсилик арзууларын азгырган кезде, экинчиси ачууландырган кезде."

Бай болсоңор да, кедей болсоңор да ысрапкорлуктан сактангыла. 
Ысрап – харам. Бир күнү Саад бин Абу Ваккас (радыяллаху анх) бир дайранын жээгинен даарат алат. Суусу мол көрүнгөндүктөн сууну көбүрөөк колдонот. Бирок, колдонгон суусу кайрадан эле дайрага агып жаткан эле. Буга карабай Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи ва саллам) аны катуу эскертип: «Эмне үчүн сууну ысрап кылып жатасың, эй, эби Ваккас?» - деди.

Өкүм бере турчу кезиңерде маңдайыңарда турган адам досуңар болсо да, душманыңар болсо да адилеттүү мамиле кылгыла.

Бир тарапты карманбагыла. Себеби, берген өкүмүбүздөн эсепке тартылабыз.

БалдарымЧарчап турган кезде да, сергек маалда да ибадаттарыңарды таштабагыла. 

Убакыт өтө баалуу. Убактыңардын кадырын билгиле. Хазрети Осман (радыяллаху анх) айткан: «Хак таала силерге бул өмүрдү жана дүнүйөнү аны менен акыретиңерди табасыңар деп берди. Болбосо ага төрт кол менен жабышып алуу үчүн эмес."

Ар кандай абалда Аллаху тааладан келген нерсеге ыраазы болгула.

Силерге тынчтык жана бакыт да берсе, кыйынчылык жана ооруу да берсе тагдырыңарга ыраазылык көрсөткүлө.

БалдарымСоңу Жаннат болчу бир өмүрдө жамандык жок. 

Соңу Жаннат болчу бир өмүрдө жамандык боло албайт. Соңу от боло турчу өмүрдүн дагы эч кадыры жок. Бардык ниматтар Жаннат (Бейиш) ниматтарына салыштырмалуу эч нерсеге татыбайт. Бардык балээлер дагы Жаханнам (Тозок) азабына салыштырмалуу таттуу.

Өз айып жана кемчиликтерин көргөн адам башка адамдардын айып жана кемчиликтери менен алектенбейт. 

Өз кемчиликтерин жойууга аракет кылат. Аллаху тааланын ага бергендигине ыраазы болгон адам кам-кайгы тартпайт. «Раббим менин насибимби ушунчалык кылып жатаркан экен, мен үчүн бул дагы кайырлуу. Ал менин апаман дагы көбүрөөк жакшы көрөт» деп дайыма Аллаху таалага берилгендигин таштабайт. Биз башкалардын айып кемчиликтерин көрбөй жашыра турган болсок Раббибиз дагы биздин айыптарыбызды жабат.

Балдарым! Ким боюн көтөрүп текеберлик кыла турган болсо төмөндөйт, ким өз акылына ишене турган болсо өкүнөт. 

Көп сүйлөгөндүн көп катасы болот. Балага калтыра турчу эң жакшы мурас – көркөм ахлак. Көркөм ахлактуу болгон киши - кыяматта Пайгамбарыбыз алейхиссаламга эң жакын боло турчу киши.




www.islamdini.kg

Reply all
Reply to author
Forward
0 new messages