islamd...@gmail.com |
Афали мукаллафин (2)
6. Харам: Аллаху таала Курани каримде ачык түрдө тыюу салган нерселер. Харамга маани бербеген адам капыр болот.Харамдыгына ишенип туруп кылган адам "фасык" (күнөөкөр) болот. Харамдын эки түрү бар: Харам ли айнихи: Өзү негизи харам жана ар дайым харам болуп эсептелүүчү нерселер. Адам өлтүрүү, зина кылуу, гомосексуализм, кумар ойноо, уурулук кылуу, арак жана ар түрдүү алкоголдук ичимдиктерди ичүү, жалган сүйлөө, чочко этин, харам өлгөн өлүмтүктөрдү жеш, аялдардын жана кыздардын башы, колу-буттары ачык көчөгө чыгуулары харам болуу менен бирге абдан чоң күнөө болуп саналат. Кимдир бирөө жогорудагы күнөөлөрдү кылууда "бисмиллах” деп айтса, же аларды халал деп эсептесе, же Аллаху тааланын аларды харам кылганына маани бербесе капыр болот. Булардын харам экенине ишенип, коркуу менен бул ишке барган болсо капыр болбойт. Бирок, Тозок азабына татыктуу болот. Эгер буларды аткарууну улантып алардан баш тартпай, тообо кылбастан өлсө, ыймансыз кетүүсүнө себеп болот. Харам ли-гайрихи: Булар негизинде халал болсо да, харам жол менен келген нерселер. Бирөөнүн нерсесин ээсинен уруксатсыз колдонуу, үйдөгү керектүү нерсесин, акчасын уурдап, жумшоо, Исламга кайчы болгон жол менен бир нерсе сатып алуу сыяктуу аракеттер ушуга жатат. Бул жерде нерсенин өзү харам эмес, кылынган иш харам. Адам буларды жасап жатканда "бисмиллах” деп айтса же буларды халал деп айтса, капыр болбойт. Бирөөдө беш жарым арпанын салмагындай акысы калган болсо, кыямат күнү ошол кишиден жамаат менен окулган жана кабыл болгон 700 рекет намаздын сообун Аллаху таала акынын ээсине алып берет. Ошондуктан, кул акысынан сактануу керек. Харамдын эки түрүнөн да сактануу – ибадат кылуудан да артык сооптуу иш. 7. Макрух: Кылынган амалдардын сообун өчүрө турган нерселер "макрух" деп аталат. Макрухтун да эки түрү бар: тахриман макрух, танзихан макрух. Тахриман макрух - важибди аткарбоодон пайда болуучу, харамга жакын макрухтар болуп эсептелет. Тахриман макрухту кылган адам атайын кылган болсо, күнөөкөр болот. Тозок азабына татыктуу болот. Намазда кылына турган болсо, ошол намазды кайрадан окуу важиб болот. Эгер жаңылышып кылып койсо, саждаи сахв кылат. Танзихан макрух – сүннөттү таштап коюдан улам пайда болот. Халалга жакын макрух. Кылган адам азапка тартылбайт. Көп кылса сооптон куру калуусу мүмкүн. 8. Муфсид: Амалдарды, ибадаттарды бузуучу жагдайлар. Ыйманды жана намазды, никени жана ажылыкты, зекетти жана сооданы буза турган нерселер, жагдайлар муфсид болуп саналат. Мисалы: Аллаху таалага жана китепке каршы жаман сөз айтуу куфур болуп, ыйманды бузат. Намаз окуп жатканда күлүү дааратты жана намазды бузат. Орозо кармап жатканда билип туруп атайын жеп-ичүү орозону бузат. Харамдан сактануу "такыбаа" деп аталат. Халал же харам экени күмөндүү нерселерден сактануу "вараа" деп аталат. Күмөндүү бир нерсе кылып койбоо үчүн бир халал ишти кылбоо "зухд" деп аталат. Парздарды, важибдерди жана сүннөттөрдү кылган жана харамдан, макрухтан сактанган мусулмандарга акыретте "сооп” берилет. Харамдарды, макрухтарды кылган адамга жана парздарды, важибдерди орундабаган адамга "күнөө" жазылат. Харамдан сактануунун сообу – парзды орундоонун сообунан бир нече эсе көп. Бир парздын сообу бир макрухтан сактануунун сообунан, ал эми бул бир сүннөттүн сообунан көп. Мубахтардын ичинде Аллаху таала жактыргандар "хайрат" (кайрымдуулук) жана "хасанат" (жакшылык) деп аталат. Аларды жасаган адамга да сооп жазылганы менен ал сооп сүннөт сообунан аз болот. Сооп бериле тургандыгын билип жасоо "курбат" деп аталат. Аллаху таала кулдарына мээримдүүлүк кылып, тынчтык менен бакыттын булагы болгон диндерди жиберди. Диндердин акыркысы – Мухаммед пайгамбардын (алейхиссалам) дини. Башкача айтканда, Ислам дини. Башка диндер адамдар тарабынан өзгөртүлгөн. Мусулман болобу, капыр болобу, каалаган бир адам билип же билбей ушул диндин негизинде жашай турган болсо, дүнүйөдө эч кандай кыйынчылыкка дуушар болбойт. Азыркы кезде Европа жана Америкадагы элдердин жашоо деңгээлинин жогору болуусу ыйман кылышпаса да, Ислам динине ылайык аракет жасагандыктарынан улам болууда. Бирок, капырларга акыретте эч кандай сооп, сыйлык берилбейт. Ушундай эмгек кылып жаткандар эгер мусулман болсо, акыретте да түбөлүк бакытка ээ болушат.
Мусулман адамдын алгач ахли сүннөт ишенимине ылайык ыйман келтирүүсү, андан кийин харам иштерден сактануусу, анан соң парздарды орундоосу, анан соң макрухтардан сактануусу, кийин мустахабдарды орундоосу керек. Бул тизмедегилер ушул тартип менен кылынбай турган болсо, башкача айтканда, биринчи турганды кылбай туруп кийинки турганды кылуу, анын эч кандай пайдасы болбойт. Мисалы, ыйманы жок адамдын харамдан сактануусунун, харам иш кылып жүргөн адамдын парызды орундоосунун пайдасы жок. |
www.islamdini.kg |