Мусулмандар Тозокко киреби?

2 views
Skip to first unread message

islamdini kg

unread,
Apr 3, 2026, 5:30:36 AMApr 3
to islamd...@googlegroups.com

 Диний суроолор үчүн
islamd...@gmail.com

Мусулмандар Тозокко киреби?

 

Суроо: Муминун сүрөсүнүн "Сооп таразасы жеңил келгендер - өздөрүнө зыян кылгандар жана алар тозок отунда түбөлү калышат” маанисиндеги 103-аяты Тозокко кирген мусулмандардын деле түбөлүк Тозокто кала тургандыктарын көрсөтүп жатпайбы?

Жооп: Жок, Тозокто түбөлүк кала тургандар ыйман келтирбегендер. Күнөөсү көп болгон мусулмандар кечиримге жана шапаатка жетпей турган болушса, жазасына жараша Тозокто калышат. Бул жаңылыш пикир - мэъал (Курандын котормосун) окуунун, Курани каримден жеке көз карашы менен маани чыгаруунун натыйжасы.

Ар бир адам Тозокко кирет. Кээ бирөө эч кандай азап тартпастан чыгат, кээ бирөө аз, кээ бирөө көп, бишка бирөө да түбөлүк калат. Бир ыйык аяттын мааниси: "Араңарда Тозокко кирбей турган эч ким жок. Бул Раббинин анык өкүмү. Аллахтан корккондорду ал жерден куткарат, заалымдарды (капырларды) да чөгөлөгөн абалда ал жерде калтырабыз”. (Мариям, 71-72)

"Ыйман келтирип, ыймандарына ширк аралаштырбаган адамдар Тозокто түбөлүк калышпайт. Алар үчүн бул коркуу жок”. (Анъам 82)

Тозокко кирип, ал жерден чыккан адам түбөлүк бейиштик. Бир ыйык аяттын да мааниси төмөндөгүчө:

"Ар бир инсан өлүмдүн даамын татат. Кыямат күнү сооп-сыйлыгыңар силерге толук-түгөл берилет. Ал эми, Тозоктун отунан четтетилип, Бейишке киргизилген адам чындыгында кутулган болот”. (Ал-и Имран, 185)

Ыйык аяттарды түшүндүрүп берген Пайгамбарыбыз алейхиссалам айтат:

"Аллаху таала ыйман ээлерине Тозокто күнөөлөрүнө жараша азап берет. Анан ыймандары себептүү түбөлүк Бейишке киргизет”. (Абу Нуайм)

"Жүрөгүндө кымындай ыйманы бар болгон адам Тозокто түбөлүк калбайт жана Тозоктон чыгарылат”. (Бухари, Муслим)

"Тозокко киргендердин бир бөлүгү же өлүп кутулбайт, же азаптан кутулбайт, же тирилбейт. Бир бөлүгү болсо өлүп, көмүргө айланып калат. Ошол кезде шапаатка уруксат берилет. Алар Бейиштин жээктерине чейин алып келинет. Бейиш элине: "Буларды өмүр өзөндөрүндө жуунткула”, - деп айтылат. Жуундурулгандан кийин жаңы өнүп чыккан өсүмдүк сыяктуу тирилишет”. (Муслим, Ибни Мажа, Дарими)

"Тавхид элинен кээ бирлери күнөөлөрүнөн улам Тозокко киришкенде бутка сыйынгандар аларга: "Аллахка ишенгениңердин силерге пайдасы болгон жок”, - деп айтышканда, Аллаху таала каарданат. Ыйман элин Тозоктон чыгарып, өмүр өзөнүндө жуунтат. Таптаза болуп Бейишке киришет”. (Абу Нуайм)

"Жакшы-жаман ар бир адам Тозокко кирет. Жалгыз момунга гана салкын жана саламаттык болот, Ибрахимге оттун салкын болгондугу сыяктуу. Аллах такыбаа кишилерди куткарат, заалымдарды болсо ал жерде түбөлүк калтырат”. (Ибни Мажа)

"Шапаат кылганды улантамын жана шапаатым кабыл да болот. "Йа, Рабби! Ла илаха иллаллах Мухаммадун Расулуллах деп айткан ар бир адамга шапаатымды кабыл кыла көр”, - деп айтамын. Ушинтип кымындай ыманы бар болгон бир адам Тозокто калбайт”. (Дайлами)

"Сансыз көп адам Тозокко кирет. Мага болсо шапаат кылууга уруксат берилет. Саждага жыгылып шапаат тилеймин. Ошол кезде: "Башыңды көтөр, шапаатың кабыл болду”, - деп айтылат”. (Табарани)

"Аллахка ант берип айтамын, Тозокко кирген момун ал жерде 80 жылдай калмайынча чыкпайт”. (Дайлами)

Имам Раббани хазреттери да айтат: "Ыйман эли күнөөлөрү себептүү Тозокко киргенде беттери кара болбойт жана чынжырга байланбайт. Жазаларын өтөп бүткөн соң Тозоктон чыгарылат”. (2/67)




www.islamdini.kg

Reply all
Reply to author
Forward
0 new messages