Эртең Мавлид түнү!

3 views
Skip to first unread message

islamdini kg

unread,
Sep 2, 2025, 8:18:10 AMSep 2
to islamd...@googlegroups.com

 Диний суроолор үчүн
islamd...@gmail.com

Эртең Мавлид түнү!

 

Мавлид бул туулган убакыт дегенди билдирет. Мавлид түнү Рабиул-аввал айынын 11. жана 12. күндөрүнүн арасындагы түн болуп саналат. Пайгамбарыбыздын (саллаллаху алейхи васаллам) туулган күнү, бардык мусулмандардын майрамы.

Расулуллах дүнүйөгө келгенде агасы Абу Лахабдын күңү болгон Сувейда: “Бир тууганың Абдуллах уулдуу болду”,  - деп ага сүйүнчү айтып келгенде кубанган эле. “Ага сүт берүү шарты менен сени азат кылдым”, - деген болчу. Ушул үчүн Абу Лахабдын азабы ар мавлид түнү бираз жеңилдейт. Мавлид түнү кубанган, ал түндү кадырлаган момундар өтө көп соопторго ээ болот. Хафыз Мухаммед ибни Жезери Шафиинин айтуусунда Абу Лахабдан түштө суралган кезде: “Көп азап тартып жатам. Бирок, Расулуллахтын дүнүйөгө келишин сүйүнчүлөгөн күңүмдү кубанганыман азат кылгандыгым үчүн ар жылы Рабиул-аввал айынын 12. түндөрү азабым жеңилдөөдө”, - деген. Абу Лахаб сыяктуу кутурган капырдын азабы жеңилдеп жаткан болсо, Ал улуу Пайгамбардын үммөтүнөн болгон бир момун Ал туулган түндө кубанса, малын ылайыктуу жерлерге таратса, зыяпат берсе, мына ушундайча Пайгамбарына болгон сүйүүсүн көрсөтсө, Аллаху таала аны Жаннатына киргизет. (М.Насихат)

Расулуллах (саллаллаху алейхи васаллам) мавлид түндөрү Асхабы кирамга зыяпат берип дүнүйөгө келүүлөрүндөгү жана балалык кездериндеги нерселерди айтып берер эле. Хазрети Абу Бакр да халифа болуп турганда Асхабы кирамды жыйнап, Расулуллахтын төрөлүү убагында болгон таң калыштуу нерселер тууралуу сүйлөшүшөр эле. Бүгүн же эртеси күнү орозо кармоого болот. Орозо кармаса жакшы болот, сообу көп болот. Ислам аалымдары мавлид түнүн абдан кадырлашкан.

Хазрети Мевлана: “Мавлид окулган жерден балээлер кетет”, - деп буюрган.

Мавлид Түнү Кадыр Түнүнөн кийин эң кадырлуу түн болуп эсептелет. Мавлид түнүн Кадыр Түнүнөн да баалуу деген аалымдар да бар.

Эл-мукни, эл-мийар жана Тенвир-ул-кулуб китептеринде Мавлид түнүнүн Кадыр Түнүнөн да баалуу экендиги билдирилген. (Ад-дурер-ул-месун)

“Аллаху таала кимге сөз жана жазуу чеберчилигин ихсан кылган болсо, Расулун мактасын, душмандарын жамандасын” деген хадиси шарифине ылайык кылымдардан бери мавлид китептери жазылган жана окулган. Булардын асры саадаттан кийин жазылуусу бидат эмес. Себеби, Расулуллахты мактоо – ибадат. Мавлиди шариф окуу Расулуллахтын дүнүйөгө келишин, миражын жана өмүр баяны тууларуу айтуу, Аны эскерүү, Аны мактоо болуп саналат. Ар момун ыймандуу болгондуктан, Расулуллахты өтө сүйүүсү керек. Өтө сүйүү камил момундун белгиси болуп эсептелет. Хадиси шарифте мындай деп буюрулган:

“Мени эне-ата, баладан жана баарынан артык сүйбөгөн адам момун боло албайт”. [Бухари]

“Бир нерсени өтө сүйгөн адам албетте аны көп эскерет.” [Дайлами] (Расулуллахты сүйгөн адам да аны көп эскерет.)

“Пайгамбарларды эскерүү ибадат”. [Дайлами] (Бул ибадатты шиир (музыкасыз ыр) кылып айтуу дагы да таасирдүү болот. Расулуллахтын акындары Расулуллахты мактаган жана капырларды жамандаган ырларды окушчу).

Ваххабилер, мазхабсыздар Расулуллах алейхиссаламды мактаган жана Андан шапаат сураган Мусулмандарды мушрик, башкача айтканда, бутка сыйынган капыр деген белги коюшууда. Мамлекетибизде муну ачыкча айта албагандыктары үчүн мавлидди бидат дешүүдө. Расулуллахты мактоо бидат эмес. Бул мактоолорду бир гана Аллахты сүйбөгөндөр гана жаман ыңгайсызданышат. Себеби, Аллаху таала Аны мактоодо. Курани каримде мындай мааниде айтылат:

“Биз сени ааламдарга рахмат кылып жибердик.” [Анбия, 107]

“Биз сени бардык адамдарга сүйүнчүлөөчү жана эскертүүчү кылып жибердик.” [Саба, 28]

“Сен үчүн бүтпөгөн чексиз сыйлык бар. Албетте, сен эң бийик ахлактын үстүндөсүң.” [Калем, 3-4]

“Раббиң сага [көп жакшылык] берет, сен дагы ыраазы болосуң!” [Духа, 5]

“Аллах жана периштелери Расулга салават айтышууда, ыйман келтиргендер, силер дагы салават айткыла.” [Ахзаб, 56]

Мавлидди эркек аял аралашпастан, музыкалык инструмент жана башка харам нерселерди аралаштырбастан Аллах ыраазылыгы үчүн окуу, салаваты шарифа айтуу, таттуу нерселерди жедирип-ичирүү, кайрымдуулук кылуу, мына ушундайча, ошол түндүн шүгүрүн орундоо мустахаб болуп саналат. (Нимет-ул-кубра, Хадика, М.Насихат) 




www.islamdini.kg

Reply all
Reply to author
Forward
0 new messages