islamd...@gmail.com |
Хазрети Аййубдун ыйлашы
Суроо: Мен окуган бир Курандын котормосунда Хазрети Аййуб оорусунан улам даттанууда. Пайгамбарлардын оорудан улам даттануусу дуруспу? Же болбосо котормодо бир жаңылыштык барбы? Жооп: Мурда да жазганыбыздай, Курандын котормосу деген наам менен жазылган эч бир котормону окууну сунуш кылбайбыз. Анткени, Курани каримди кыска же узун которуу мүмкүн эмес. Ишинин ахли (адиси) болгон аалымдар гана накылдын негизинде тафсирин, кавлин жасашат. Котормодон дин үйрөнүлбөйт. "Саад” сүрөсүнүн 44-аяти каримасынын маанисинде:"Аййубдун [малына, жанына жана бала-бакырасына келген кыйынчылыктарда] сабырдуулугун көрдүк. Ал эң мыкты пенде эле! Дайыма Аллахка берилип, Ага сыйынчу!” – деп билдирилди. Бул аяти каримада Аллаху таала Аййуб алейхиссаламдын сабырын мактоодо жана: "Ал эң мыкты пенде эле”, - деп айтууда. Эгер Аййуб алейхиссалам оорусун даттанганда Аллаху таала аны мактамак эмес. Бул маселени аалымдар төмөндөгүдөй түшүндүрүшөт: Оорусун адамдарга ыйлактап айта берүү даттануу болуп саналат. Оорусун доктурга айтуу башка адамдарга айтуу сыяктуу эмес. Эч ким жок бир жерде "Йа Рабби! Ооруман улам ибадаттарымды кыла албай жатам” деп ыйлоо ооруну даттануу эмес, ибадатын кыла албаганы үчүн абалын билдирүү болуп саналат. Бир мааниде кечирим суроо болуп саналат. Абалын Аллаху таалага билдирип, дуба кылууда бир маселе жок. Курани каримде да Якуб алейхиссаламдын: "Кайгы-капам менен арыз-муңумду [башкаларга эмес,] Аллахга гана арыз кылам!" – дегени билдирилет. [Юсуф сүрөсү, 86]
Оорусуна кайгырган жок
Курани каримди эң мыкты билген жана тафсир кылган киши шексиз-күмөнсүз сүйүктүү Пайгамбарыбыз алейхиссалам болуп саналат. Ушул суроону Андан да сурашканда: "Аллаху таалага ант берип айтам, Аййуб алейхиссалам оорусу үчүн кыңкыстап онтободу. Жети жыл, жети ай, жети күн, жети саат ошол балээге дуушар болгону үчүн өйдө туруп намаз окуй албай, жерге жыгылды. Ибадатта кемчилик кетиргенде: "Чынында мага оору тийди” – деди.” Шайтан Аййуб алейхиссаламды алдоо үчүн жанына барып: "Малыңа, өмүрүңө жана бала-бакыраңа келген бул балээден кутулууну кааласаң мага сажда кыл, сени эски абалыңа келтирейин”, – деди. Шайтандын бул оор сөзү Аййуб алейхиссаламдын кайратына катуу тийди. Чоң балээге дуушар болгонун түшүнүп: "Чынында мага оору тийди”, - деди. Оорусу көпкө созулган сайын тааныштары андан алыстады. Бир гана садык жубайы аны таштап кетпеди. Шаардын четинде бир там салдырды. Керектөөлөрүн шаардан алып келтирчү. Бир күнү дагы шаарга барган учурда Хазрети Жабрайил Хазрети Аййубга Аллаху тааланын лутуфун билдирди: "Эй, Аййуб, балээ бердим, сабыр кылдың. Эми болсо эмне кааласаң тиле, берейин.” Аййуб алейхиссалам да аятта билдирилгендей абалын билдирип, дуба кылды. Аллаху таала: "Анын дубасын кабыл кылдык”, - деп билдирди. (Анбия сүрөсү, 84) |
www.islamdini.kg |