Ыймандуу адамды кийин ыймансыздыкка алып бара турчу нерселер (1)

1 view
Skip to first unread message

islamdini kg

unread,
Aug 13, 2026, 3:03:35 AM (7 days ago) Aug 13
to islamd...@googlegroups.com

 Диний суроолор үчүн
islamd...@gmail.com

Ыймандуу адамды кийин ыймансыздыкка алып бара турчу нерселер (1)

 

Азыр ыйманы болуп туруп илгериде ыйманынын кетүүсүнө себеп болгон нерселер [40] чамасында:


1- Бидатчы болуу. Башкача айтканда, итикады, ишеними жаңылыш болуу. [Ахли сүннөт аалымдары билдирген туура итикаддан аз болсо дагы айрылган адам жолдон адашкан же капыр болот. Ишенүү зарыл болгон нерсеге ишенбесе дароо капыр болот. Инешүү зарыл болбогон нерсени четке какса (Бидат) же (Далалат) болот. Акыркы демде ыймансыз кетүүгө себеп болот.]

2- Алсыз ыйман, башкача айтканда, амалсыз ыйман.

3- Тогуз мүчөсүн туура жолдон чыгаруу.

4- Чоң күнөө кылууну улантуу. [Ошондуктан алкоголдук ичкилик ичпөө, мусулман аялдардын жана кыздардын башы, чачы,  балтыры жана билектерин чоочун эркектерге көрсөтпөөлөрү.

5- Ислам нематтарына шүгүр кылууну токтотуп коюу.

6- Акыретке ыймансыз кетүүдөн коркпоо.

7- Зулумдук кылуу.

8- Сүннөткө ылайык окулган азанды тыңдабоо. [Мындайча окулган азанга маани бербесе дароо капыр болот.]

9- Эне-атага аси болуу [каршы келүү.] Алардын Исламиятка туура келген, мубах болгон буйруктарын катуу сөз менен четке кагуу.

10- Туура болуп турса да көп ант ичүү.

11- Намазда рукуда, кавмада, эки сажда менен жалсада тадили арканды таштап коюу. Тадили аркан туманинет менен, башкача айтканда, эч кыймылдабастан субханаллах дегенчелик күтүү.

12- Намазды маанисиз деп эсептеп, үйрөнүүгө жана бала-бакырага үйрөтүүгө маани бербөө жана намаз окугандарга кедерги болуу.

13- Хамр [шарап] жана көбү мас кыла турчу ичкиликти аз болсо дагы ичүү. [Пиво ичүү дагы харам].

14- Момундарга кыйынчылык туудуруу.

15- Жалган жерге олуялык жана динди сатуу. Ахли сүннөт маалыматтарын үйрөнбөстөн өзүн дин аалымы, ваиз кылып таанытуу. [Мындай жалганчылардын өз оюнан чыгарып жазган дин китептерин окубоо керек. Вааздарын жана сөздөрүн тыңдабоо керек.]

16- Күнөөсүн унутуу, аны кичине деп билүү.

17- Текебер болуу, башкача айтканда, өзүн жакшы көрүү.

18- Ужб, башкача айтканда, илим жана амалым көп деп айтуу.

19- Мунафыктык, эки жүздүүлүк.

20- Хасад кылуу, дин боордошуна ичи тардык кылуу...




www.islamdini.kg

Reply all
Reply to author
Forward
0 new messages