islamd...@gmail.com |
Кабыл болбой турган дуба
Суроо: Кабыл болбой турган дубага "омин" делбейт деп айтуу күфүр эмеспи? Жооп: Алгач кабыл болбой турган дуба болобу же болбойбу аны карап көрөлү! Мисалы, "Эй, Раббим! Мени пайгамбар кыла көр!” деп айтуу кабыл болбой турган бир дуба. Мындай дуба кылуу Аллахтын буйругуна каршы болуп саналат жана мындай дубага омин деп айтылбайт. Айрыкча Аллаху тааланын адатына каршы болгон дубаларга да омин деп айтылбайт. Мисалы, "Мени өлтүрбө, мени периште кыл, мени аял кыл” деп айтуу мына ушул сыяктуу. Айрыкча, ибадат кылбай Бейишке кирүү үчүн дуба кылуу да күнөө. (Ислам Ахлагы) Харам акчадан садака берсе, алган кедей да анын харам экенин билип туруп берген адамга "Аллах ыраазы болсун” десе же "Аллах кабыл кылсын” десе жана берген адам дагы "омин” десе экөө тең ыйманын жоготот. Башка бирөө да "омин” десе ал да каапыр болот. (Биргиви шархы) Харамдан табылгандыгы билинген кандайдыр бир акча менен мечит салдыруу же жакшылык кылуу жана андан сооп күтүү күфүр. (Радд-ул-мухтар)
Демек, кабыл болбой турган жана омин делбей турган дубалар бар. Ошого байланыштуу "Кабыл болбой турган дубага омин делбейт” деп айтуу күфүр эмес. Бирок, андай сөздөрдү айтпаган жакшы болот. |
www.islamdini.kg |