Исламдын шарттары эмнелер?

1 view
Skip to first unread message

islamdini kg

unread,
Mar 30, 2026, 5:06:50 AMMar 30
to islamd...@googlegroups.com

 Диний суроолор үчүн
islamd...@gmail.com

Исламдын шарттары эмнелер?

 

ЖООП: 1-Келиме-и шахадат келтирүү.

«Ашхаду ан лаа илаха иллаллах ва ашхаду анна Мухаммадан абдуху ва расулуху» деп айтуу. Мааниси мындай:

«Мен шахадат кыламын [башкача айтканда, көргөн сыяктуу билемин жана билдиремин] Аллахтан башка илах жок. Жана дагы шахадат кыламын, Мухаммед алейхиссалам Анын кулу жана расулу.»

Расулуллахка ишенүү Анын билдиргендеринин бардыгын кабылдоо, ишенүү жана бардыгын жактыруу болуп саналат.

2-Намаз окуу. 3-Зекет берүү. 4-Орозо кармоо. 5-Ажылыкка баруу.

 

Аллаху тааланын сыпаттары эмнелер?

 

ЖООП: Аллаху тааланын Сыфат-ы затиййасы алты:

1-Вужуд. 2-Кыдем. 3-Бекаа. 4-Вахданиййат. 5-Мухалафатун-лилхавадис. 6-Кыйам би-нафсихи.

Аллаху тааланын сыфат-ы субутиййасы сегиз: 

1-Хайат. 2-Илм. 3-Сем’. 4-Басар. 5-Ирада. 6-Кудрат. 7-Келам. 8-Таквин.

Өлгөн адам кабырга коюлгандан кийин биз билбеген түрдө тирилип, амалдарына жараша рахатын көрөт же азап тартат.  Мункар жана Накир деп аталган эки периштенин коркунучтуу адам кейпинде мазарга келип сурак сурай тургандыгы тууралуу хадистерде ачык айкын билдирилген. Кабыр жашоосуна ишенүү керек.

Кыямат күнү адамдар карманган мазхаб имамдарынын аты менен чакырыла тургандыгы, мисалы: "Ханафилер келгиле! Сүннүлөр келгиле!” - деп айтыла тургандыгы "Рух-ул-баян” тафсиринде "Исра” сүрөсүнүн 71-аятында жазылган.

Кээ бир аалымдардын пикири боюнча кабыр сурактары кээ бир ишенимдерден суралат, кээ бирлеринин пикири боюнча бир канча акаид маселесинен (ыйман маселесинен) суралат. Ошондуктан,  балдарыбызга: "Раббиң ким? Диниң эмне? Кимдин үммөтүсүң? Китебиң эмне? Кыбылаң кайда? Ишеним жана амалда мазхабың кайсы?” - деген сурактардын жоопторун үйрөтүүбүз кажет. Ошол суроолорго дүнүйөдө ахли сүннөт жолунда болбогондордун жооптору туура болбойт. Туура жооп бергендердин кабыры кеңейип, ага Бейиштен бир терезе ачылып, Бейиштеги жерлери көрсөтүлөт. Периштелер ага жакшылык кылышат, кубанычтуу кабарлар айтышат. Туура жооп бере албай турган болсо, темир токмоктор менен урушат. Үнүн адамдардан жана жиндерден башка бардыгы угат. Кабыры тарайып, денесин кысат. Тозоктон бир терезе ачылып, Тозоктогу бара турган жерин көрүп, Сурак күнүнө чейин азап тартат. Кабырдагы, кыяматтагы жагдайларды дүнүйө иштерине окшоштурууга болбойт. Андагы өмүр – акыйкат өмүр!

Өлгөндөн кийин кайрадан тирилүүгө ишенүү – шарт. Эт менен сөөк чирип, топурак, газга айлангандан кийин, кайрадан жыйналып, рух денеге кирип, мазардан турат. Ошондуктан, бул убакыт "Кыямат күнү” деп аталат.




www.islamdini.kg

Reply all
Reply to author
Forward
0 new messages