Хазрети Абу Бакр тууралуу 63-баян: (1)
Кабарда келген: Куфа калаасында бир рафизи бар эле. Аты Абдулмажид бин Абдулгаффар эле. Жафари Садык (куддиса сиррух) хазреттеринин даргейине барды. “Ассаламу алайка йа Расулуллахтын небереси. Расулуллах (саллаллаху таала алейхи васаллам) хазреттеринен кийин эң үстөм адам ким?” – деп сурады. Жафари Садык: “Абу Бакр Сыддык (радыяллаху таала анх)”, - деп жооп берди. Рафизи: Андай экенин кайдан билесиң? Жафари Садык: Аллах субханаху ва таала хазреттери ага Расулуллахтан кийин экинчи деп айткан. Үчүнчүлөрү Аллаху таала болгон эки кишинин экинчиси болуудай башка аброй жок (Мындан өткөн бийик даража болбойт). Рафизи: Хазрети Али (радыяллаху таала анх) Расулуллахтын (саллаллаху таала алейхи васаллам) төшөгүндө капырлардан коркпостон жатпады беле? Жафари Садык: Абу Бакр Сыддык Расулуллах хазреттери менен бирге үңкүргө кирбеди беле? Рафизи: Эгер коркпогондо кирмек эмес. Аллаху таала Расулуллахка кабар бергендиги үчүн Абу Бакрга коркпо деп айтты. Жафари Садык: Ал “капырлар алардын кайда экенин билип калышып, таап келүүлөрү мүмкүн. Келишкенде Расулуллах алейхиссаламды таарынтышат” деп корккон эле. Көрбөйсүңбү, Абу Бакр Сыддык өз бутун үңкүрдүн ичиндеги бир тешикке койду. Жада калса, жылан аны бир нече жолу чакты. Ал азапка чыдады. Бутун алган жок. Расулуллахты ойготуп албоо үчүн үнүн чыгарган жок. Эгер өзү корккондо ууланып, жанын Расулуллахка курман кылмак эмес. Рафизи: Маида сүрөсүндө: “Рукуда турганда садага беришет” маанисиндеги 58-ыйык аяты менен даңкталган киши – бул - Али. Жафари Садык: Бул аяттан мурда бир аяти карима бар, тахсис саны андан көбүрөөк. Ал Сыддыктын шаны (бийик даражасы, аброю). “Аллаху таала муртаддарга каршы жихад кылган бир коомду алып келет. Аллаху таала аларды сүйөт”, - деген маанидеги аяти карима Абу Бакр Сыддык үчүн жана дагы көбүрөөк көтөрүүдө. Расулуллах (саллаллаху таала алейхи васаллам) хазреттери акыретке көчкөндөн кийин араптар биз намаз окуйбуз, бирок, зекет бербейбиз дешти. Абу Бакр (радыяллаху анх): “Расулуллах хазреттери зекет малынан бир төөнүн тизесин байлаган арканды беришпей турган болушса жана андан кем беришсе мен алар менен топурак жана кумдай көп болушса да согушамын”, - деген эле, деп айтты. (Уландысы бар...) |
| Жазылуу учун Mail группасынан чыгуу учун Mail гуруппасынын баракчасы www.islamdini.kg Эгер e-mail адресиңиз сиздин кабарыңыз болбой туруп бул сайтка катталган болсо же сайттан келип жаткан каттарды алууну токтоткуңуз келсе, анда ушул адреске бош кат жибериңиз: islamdini-kg+unsubscr...@googlegroups.com |