Аллаху таала бар жана Ал жалгыз (1)

1 view
Skip to first unread message

islamdini kg

unread,
Jul 24, 2025, 4:55:36 AMJul 24
to islamd...@googlegroups.com

 Диний суроолор үчүн
islamd...@gmail.com

Аллаху таала бар жана Ал жалгыз (1)

 

Айлана чөйрөбүздө болуп жаткандарды биз сезүү органдарыбыз аркылуу билебиз. Сезүү органдарыбызга таасир этүүчү нерселер "болмуш" деп аталат. Болмуштардын сезүү органдарыбызга тийгизген таасири "өзгөчөлүк" же "сыпат" деп аталат. Болмуштар бири-бири менен ошол өзгөчөлүктөр аркылуу айырмаланат. Жарык, үн, суу, аба, айнек – булар болмуш (дене), башкача айткандамавжуд (бар) нерселер. Салмак жана көлөмгө ээ болгон нерселер "материя" деп аталат. Материялар бири-бири менен спецификалык сыпаттары аркылуу өзгөчөлөнөт. Аба, суу, таш, айнек, булар – материя. Ал эми, жарык жана үн болсо материя эмес. Себеби, алардын көлөмү жана салмагы жок. Бардык нерседе энергия, кубат болот. Башкача айтканда, иш аткара алат. Зат катуу, суюк жана газ сыяктуу үч абалда болот. Материянын белгилүү бир түрү "дене" деп аталат. Денелер жөнөкөй жана татаал болуп экиге бөлүнөт. Материяда болуучу өзгөрүштөр "кубулуш" деп аталат. Кубулуш физикалык жана химиялык болуп экиге бөлүнөт. Материянын эң кичинекей бөлүгү "атом" деп аталат. Окшош атомдордун биригүүсүнөн "элемент" пайда болот. Бүгүнкү күндө бизге 105тен ашуун элемент белгилүү. Ошол 105тен ашуун элементтин бардыгы абалын өзгөртө ала тургандыгы, ар бир элементте физикалык жана химиялык кубулуштардын жүзөгө аша тургандыгы белгилүү. Атом ядролорунда да өзгөрүштөр боло тургандыгы, ядронун да бөлүктөргө бөлүнө тургандыгы да белгилүү. Ядро бөлүнгөндө материя өзгөрүшкө учурайт, энергияга айланат. "Шарх-и акаид" китебинин башында мындай деп жазылган: "Бардык болмуштар Аллаху тааланын бар экендигинин белгиси болгондуктан, жаратылыштагы нерселер "аалам" деп аталат. Болмуштардын бир тектүү болуусу да аалам деп аталат. Мисалы, адамзат ааламы, периштелер ааламы, жаныбарлар ааламы, жансыз нерселер ааламы”. "Шарх-и мувакиф" деген китебинде: "Аалам (бардык нерсе) жаратылган, башкача айтканда, жоктон бар кылынган." Денелердин материасы да, сыпаттары да кийин жаратылган деп айтылган. Бул жерде ушул төрт нерсени айтууга болот:

1. Мусулмандар, яхудилер, христиандар жана мажусийлердин (отко сыйынгандар) пикири боюнча денелердин материасы да, сыпаты да кийин жаратылган.

2. Аристотель жана анын жолунда болгондордун ою боюнча денелердин материясы да, сыпаттары да мурунтан бар. Бул пикирдин ката экенин азыркы химия илими так көргөзүп турат. Бул пикирге кошула тургандар да мусулмандыктан чыгат. Ибн Сина менен Фарабий да ушул пикирде эле.

3. Аристотельден мурдагы философтордун пикири боюнча материя мурдатан бар, бирок, өзгөчөлүктөрү кийин жаратылган. Буга ишенүү да күфүр болуп эсептелет.

4. Материянын кийин жаратылгандыгы анын өзгөчөлүктөрүнүн эчактан эле бар экени тууралуу эч ким эч кандай пикир билдирген эмес. Мусулмандар материя жана анын сыпаттары кийин жаратылгандыгына ишенишет жана аны бир канча жолдор менен далилдешет. Мусулман болуу үчүн ушуга ишенүү керек. Аалам жоктон бар болгон болсо, анын жаратуучусу да бар. Ал важиб-ул вужуд. Башкача айтканда, жоктон бар болбогон, мурдатан бар. Ар дайым бар болот. Бар болуусу керек. Бар болуу үчүн эч нерсеге муктаж эмес. Ар дайым бар болуусу керек эмес болгондо, анда мумкин-ул вужуд болоор эле...

(Уландысы бар...)




www.islamdini.kg

Reply all
Reply to author
Forward
0 new messages