islamd...@gmail.com |
Акырет күнүнө ишенүү
Ыйман келтирилүүсү зарыл болгон алты шарттын бешинчиси – акырет күнүнө ишенүү. Бул убакыттын башталуусу адамдын өлгөн күнү болуп саналат. Кыяматтын аягына чейин уланат. "Соңку күн” деп аталуусу андан кийин түн болбой тургандыгына же бул дүнүйөдөн кийин боло тургандыгына байланыштуу айтылган. Хадиси шарифте көрсөтүлгөн бул "күн” биз билген күн жана түн сыяктуу эмес. Белгилүү бир убакыт, белгилүү бир заман деген сөз.
Кыяматтын белгилери
Кыяматтын качан боло тургандыгы тууралуу бизге билдирилген эмес. Бирок, Пайгамбарыбыз (алейхиссалам) бир нече белгилерин билдирген. "Хазрети Махди келет, Иса (алейхиссалам) асмандан Шамга түшөт. Дажжал чыгат. Йажуж-Мажуж деп аталган коом бардык нерсени талкалайт. Күн батыштан чыгат. Чоң жер титирөөлөр болот. Дин илимдери унутулат. Фасыктык, жамандык көбөйөт. Динсиз, адамгерчиликтен узак, ар-намыссыз адамдар бийликке келет. Аллаху тааланын буйруктарын аткарууга тыюу салынат. Бардык жерде харам иштер кылынат. Йеменден бир от чыгат. Асман жана тоолор майдаланып талкаланат. Күн менен ай карайат. Деңиздер бири-бирине аралашып, кайнап, суусу тартылат”.
Кабыр жашоосу
Күнөө кылган мусулман "фасык” деп аталат. Ислам динине ишенбеген жана диндин буйруктарына маани бербеген адам "капыр” (мусулман эмес) деп аталат. Фасыктар менен ыйман келтирбегендердин бардыгы кабырда азапка дуушар кылынат. Буга ишенүү керек. Өлгөн адам кабырга коюлгандан кийин биз билбеген түрдө тирилип, амалдарына жараша рахатын көрөт же азап тартат. Мункер жана Накир деп аталган эки периштенин коркунучтуу адам кейпинде мазарга келип сурак сурай тургандыгы тууралуу хадистерде ачык айкын билдирилген. Кабыр жашоосуна ишенүү керек. |
www.islamdini.kg |