islamd...@gmail.com |
Ахли сүннөт акыйдасы (ишеними) (1)
Имам Мухаммед Газали (рахматуллахи алейх) "Кимйа-и саадат” китебинде мындай дейт: "Мусулман болгон адам эң алгач Ла илаха иллаллах, Мухаммадун расулуллах сөзүнүн маанисин билип, ишенүүсү керек. Бул сөз калима-и таухид деп аталат. Ар бир мусулмандын таухид калимасынын маанисине күмөн келтирбей, бир гана ишенүүсү жетиштүү. Аларды аят-хадистер менен далилдөөсү жана акылга салуусу керек эмес. Расулуллах (саллаллаху алейхи васаллам) арабдарга далил менен билип, бул далилдерин айтууну, күмөндөрүн талкуулоолорун буйрук кылган жок. Бир гана ишенүүнү, шектенбөөнү буюрган. Ар бир адам ушундай ыйман келтирсе, бул жетиштүү. Ал эми, ар бир шаарда бир нече дин аалымынын болушу "Фарз-ы кифайа” болуп саналат. Алардын далилдерди билүүлөрү, шектерди жоюулары, суроолорго жооп берүүлөрү важиб. Алар бир жагынан мусулмандарга ишеним (ыйман) илимин үйрөтөт. Экинчи жагынан дин душмандарынын жалааларына жооп беришет. Калима-и таухиддин маанисин Курани карим билдирген. Расулуллах (саллаллаху алейхи васаллам) аларды түшүндүрүп берген. Сахабалардын бардыгы ошол түшүндүрмөлөрдү үйрөнүп, өзүнөн кийинки урпактарга билдиришкен. Сахабалардын билдиргендерин өзгөртпөстөн, ошол бойдон китептерине жазып, бизге жеткирген дин аалымдары "ахли сүннөт” деп аталат. Ар бир адамдын ахли сүннөт ишенимин үйрөнүүсү, ошол жолдо бардыгы биригүүсү керек. Түбөлүк бакыттын булагы ушул ишеним болуп саналат. Калима-и таухиддин маанисин ахли сүннөт аалымдары мындай түшүндүрөт: "Адамдар жок болчу. Алар кийин жаратылган. Адамдардын бир Жаратуучусу бар. Жаратылган нерселердин бардыгын Ал жаратты. Анын шериги, окшошу жок. Ал ар дайым бар эле. Бар болуусунун башталышы жок. Ар дайым бар. Бар болуусунун соңу жок. Эч качан жок болбойт. Ар дайым да бар болууга тийиш. Бар болуусунда эч нерсеге муктаж эмес. Ал эч кандай себепке муктаж эмес. Ага бардык нерсе муктаж. Ар бир нерсени бар кылган жана барлыкта кармап турган күч – Аллах. Ал материя эмес, дене да эмес. Бир жерде эмес. Түрү жок, өлчөнбөйт. Аны кандай деп суроого болбойт. "Аллах” дегенде акылга, ойго, кыялга келген нерселердин бардыгы Ал эмес, алар жараткандары. Ал өзү жараткан нерселерге окшобойт. Акылга, ойго келген бардык нерсени Ал жараткан. Жогоруда да, төмөндө да эмес. Орду жок. Орунга муктаж эмес. Бардык жаратылган нерселер Арштын астында. Ал эми, Арш Анын кудуретинде. Ал Арштын үстүндө. Бирок, бул "Арш Аны көтөрүп турат” деген сөз эмес. Арш Анын кудурети менен бар. Ал эзелтеде кандай болсо, азыр да ошондой. Аршты жаратуудан мурда кандай болсо түбөлүккө ошондой болуп кала берет. Ал өзгөрбөйт, Анын Субути сыпаттары сегиз: хаят, илим, сам, басар, кудурет, ирада, келам, таквин. Бул сыпаттарында да эч кандай өзгөрүү болбойт. Өзгөрүүгө дуушар болуу алсыздык жана кемчилик болуп саналат. Аллаху таала кемчиликсиз. Жараткан бардык жандуу-жансыз нерселеринин эч бирине окшобосо дагы Анын дүйнөдө өзү билдирген даражада билүү жана Аны акыретте көрүү бар. Дүнүйөдө кандай экенин белгисиз түрдө билингени сыяктуу, Акыретте да кандай боло турганы түшүнүксүз абалда көрүнөт.” Аллаху таала кулдарына пайгамбарларды жиберди. Ошол улуу адамдар аркылуу кулдарына бакыттын жолун көрсөттү. Пайгамбарлардын эң улуусу соңку пайгамбар – Мухаммед алейхиссалам. Ал жер жүзүндөгү бардык адамзат баласына пайгамбар катары жиберилген. Бардык адамдардын, периштелердин жана жиндердин пайгамбары. Дүнүйөнүн бардык жериндеги адамдар ага моюн сунуусу керек. Улуу аалым жана жетик муршид Абдулхаким Арваси (рахматуллахи алейх) айтат: "Расулуллахтын үч түрдүү милдети бар эле: Биринчиси – Курандын өкүмдөрүн жана фикх өкүмдөрүн бүткүл адамзатка "таблиг кылуу”, башкача айтканда, угузуу, билдирүү. "Ахками фикхийа” деп аталган фикх өкүмдөрү – аткарылуусу буйрулган жана тыюу салынган нерселерден турат. Экинчи милдети – Курани каримдин руханий өкүмдөрүн, башкача айтканда, Аллаху тааланын заты жана сыпаттарына таандык болгон жогору маарифат илимдерин үммөтү ичиндеги улууларынын жүрөгүнө салуу. Бул милдетти биринчи вааз кылуу милдети менен чаташтырбоо керек. Мазхабсыздар ушу экинчи милдетти кабылдашпайт. Ал эми, Абу Хурайранын (радыяллаху анх) билдирген кабарында: "Расулуллахтан эки түрдүү илим үйрөндүм. Булардын бирин силерге айттым. Экинчисин айтсам мени өлтүрөсүңөр”, - дегендиги "Бухари”, "Мишкат”, "Хадика” китептеринде жана "Мектубат-и Раббани” китебинин 267-катында жазылган. Үчүнчү милдети – фикх өкүмдөрүн вааз жана насаат аркылуу аткарбаган мусулмандарга күч менен аткартуу… |
www.islamdini.kg |