Тафаккур деген эмне? (2)

10 views
Skip to first unread message

islamdini kg

unread,
Sep 24, 2025, 4:38:05 AMSep 24
to islamd...@googlegroups.com

 Диний суроолор үчүн
islamd...@gmail.com

Тафаккур деген эмне? (2)

 

Ар бир мүмкүнчүлүктө Аллаху таала жараткан нерселер тууралуу тафаккур кылуу керек. Мисалы, адам өз колун кароосу керек. Эгер манжалары болбогондо бир нерсени кармап көтөрүүсү канчалык кыйын болмок. Же манжалары такыр кыймылдабаганда, колдор болбогондо, көзүбүз болбогондо, көзүбүз башка жерде болгондо, жагдайыбыз кандай болмок? Тырмагыбыз тынымсыз өскөн сыяктуу эгер тиштерибиз да өскөндө эмне болмок? Эгер тиштерибиз сөөк менен бирге болгондо, чиригенде кантип жулунмак? Чач өскөнү менен, каштын, кирпиктин өспөй турганын ойлонуу керек. Адам терек сыяктуу чоңоюп кеткенде эмне болмок? Өсүмдүктөрдү жана мөмө-жемиштердин жаратылуусун, жылдыздар менен планеталардын гармонияда экенин ойлонуу керек. Буларды канчалык мыкты жараткандыгы үчүн Аллаху таалага хамд кылуу керек! Ушинтип адамдын ыйманы да кубаттанат. Бирок, тынымсыз ушулар менен алек болуп, өзүнө зарыл болгон фикх маалыматтарына кайдыгерлик кылуу болсо өтө коркунучтуу.

Тафаккур төрт түрдүү болот:

1-Аллаху тааланын макулуктарындагы кооздук жана пайдалар жөнүндө ойлонуу Ага ыйман келтирип, Аны сүйүүгө себеп болот.

2-Ал убада кылган сооптор жөнүндө ойлонуу ибадат кылууга себеп болот.

3-Ал билдирген азаптар жөнүндө ойлонуу Андан коркууга, жамандык кылбоого жана күнөөдөн сактанууга себеп болот.

4-Анын нематтарына, ихсандарына жооп катары напсине баш ийип күнөө кылганын, гафлетте жашаганын ойлонуу Аллахтан уялууга себеп болот. Аллаху таала жерлердеги жана асмандардагы макулуктар жөнүндө ойлонуп сабак алгандарды жакшы көрөт.

Хазрети Мусанын үммөтүнөн бир адам 30 жыл ибадат кылат, аны бир булут көлөкөлөп турат. Бир күнү булут келбей калып, күн астында калып кетет. Энеси: "Кандайдыр бир күнөө кылган болсоң керек”, - дейт. Баласы: "Жок, мен күнөө кылган жокмун”, - дейт. Энеси: "Асмандарды, гүлдөрдү карап, бирок, Жараткандын улуулугу жөнүндө ойлонбогон болсоң мындан да чоң ката болобу?” - деди.




www.islamdini.kg

Reply all
Reply to author
Forward
0 new messages