islamd...@gmail.com |
Периштелер жана Иблис
Суроо: Иблис каргышка учурагандан мурда периштелердин устазы беле? Жооп: Ооба периштелердин устазы жана башчысы эле. Ислам аалымдары айтышат: "Аллаху тааланын буйругу менен бардык периштелер Адам алейхиссаламга сажда кылды. Периштелердин устазы болгон Иблис буйрукту укпай, сажда кылбады.” Имам Салеби хазреттеринин Ибни Аббас хазреттеринен риваят кылганы боюнча: "Иблис периштелер менен бирге эле. Оттон жаратылган жиндер тайпасынан эле. Периштелер болсо нурдан жаратылды. Иблистин мурдагы аты Азазил эле. Бейиштин сакчыларынан эле. Дүнүйө асманынын жана жердин султаны эле. Периштелерден илимде жогору эле. Асман менен жердин арасын башкарчу. Ошондуктан, өзүн жогору деп билди. Бул абалы анын Аллахка каршы чыгуусуна себеп болду. Аллаху таала да аны ырайымынан алыстатты.” (Жамиул Ахкам) Ибни Аббас хазреттери айтат: "Иблис Бейиштин сакчыларынан эле, дүнүйө асманынын иштерин башкарчу.” [Байхаки] Саид бин Мусаййиб хазреттери айтат: "Иблис периштелердин башчысы жана устазы эле.” [Ибни Жарир, И. Суйути] Ахмет Рыфаи хезреттери шакирттери менен сухбат кылып жатканда "Адамдардын өзүн жактыруусу” деген темага байланыштуу бир суроого берген жообунда айтты: "Илиминин жана амалынын көптүгү менен сыймык сезимине кабылып, текеберленген адам маарифат (илим) ээси эмес. Анткени, шайтандын да илими көп болчу. Жаңылыш ойлонуп, оттун топурактан жогору экенин айтып туруп алды. Болбосо, ал периштелердин устазы эле. Аягында өзүнүн напсинин жогору экенин айтып чыгып, текеберленди. Ушинтип, Аллаху тааланын ачуусуна дуучар болду жана каргышталды. Түбөлүккө ырайымынан узак кылынды.” (Олуялар энциклопедиясы) Периштелердин башчысы иблис эле. (Рахбар энциклопедиясы) Суроо: Куранда Иблиске эмес периштелерге сажда буйругу берилгендиги билдирилүүдө. Шайтанга мындай буйрук берилбеген болсо, анда эмнеге жазаланып, каргышка учурады? Жооп: Кудай сактасын, Аллаху тааланын жаңылыш, керексиз бир нерсе кылуусу, кабар бербестен күнөөсүз бир макулугуна жаза берүүсү, башкача айтканда, зулумдук кылуусу албетте мүмкүн эмес! Иблис периштелер менен бирге жашачу, алардын устазы болчу. Аллаху таала ичинде Иблис да болгон периштелердин тобуна буйрук берди. Ал топто Иблис болбогондо берилген буйруктан жоопкер болмок эмес. Аяттарда: "Бир гана Иблис сажда кылбады”, - деп билдирилгени боюнча Иблис дагы сажда буйругу берилгендерден болчу. Бир аяттын мааниси төмөндөгүдөй: "Периштелерге: "Адамга сажда кылгыла”, - деген элек. Иблистен башка бардыгы сажда кылган эле. Ал жиндерден болчу. Раббинин буйругунун сыртына чыкты. Эми силер менден баш тартып, Иблисти жана анын шериктерин дос кылып жатасыңарбы? Бирок, алар силердин душманыңар. [Шайтандын жолунда жүргөндөрдү дос кылып, Бейишти берип, Тозокту алуу] заалымдар үчүн кандай жаман айрыбаш.” [Кахф, 50] Шайтанга сажда кылуу буйрук кылынгандыгы тууралуу билдирилген эки хадиси шарифтин мааниси төмөндөгүдөй: "Адам баласы сажда аятын окуп, сажда кылганда шайтан ыйлап ал жерден узакташат. Анан мындай дейт: "Мага өкүнүчтөр болсун, адам баласы саждага буйрук кылынды жана сажда кылганы үчүн Бейишке жетти. Мен да саждага буйрук кылындым, бирок, каршы чыкканым үчүн Тозоко дуушар болдум.” [Муслим]
"Текебердиктен сактангыла. Текебердик шайтандын сажда кылбоосуна себеп болду.” [И .Асакир] |
www.islamdini.kg |