142 views
Skip to first unread message

Ислам Дини

unread,
Jun 20, 2016, 7:17:11 AM6/20/16
to islamd...@googlegroups.com

Встроенное изображение 1

ТАЖДИДИ ЫЙМАН (ЫЙМАНДЫ ЖАҢЫРТУУ) ДУБАСЫ


Йа, Раббим! Балагат жашыман ушул саатка чейин Ислам душмандарына жана бидатчыларга алданып, карманган жаңылыш, бузулган ишенимдериме жана бидат, күнөө болгон сөздөрүмө, уккандарыма, көргөндөрүмө жана кылгандарыма өкүндүм. Эми ошондой жаңылыш нерселерге ишенбөөгө жана ката кетирбөөгө бел байладым. Пайгамбарлардын алгачкысы – Адам алейхиссалам жана соңкусу, биздин сүйүктүү пайгамбарыбыз – Мухаммед алейхиссалам. Ушул эки пайгамбарга жана экөөнүн арасында келген пайгамбарлардын бардыгына ыйман келтирдим. Алардын бардыгы хак, садык жана айткандарынын баары туура.

“Аманту биллахи ва бима жа-а мин индиллах, ала мурадиллах, ва аманту би-Расулуллах ва бима жа-а мин инди Расулиллах ала муради Расулиллах, аманту биллахи ва Малаикатихи ва кутубихи ва Русулихи вал явмил ахири ва билкадари хайрихи ва шаррихи миналлахи таала вал баъсу баъдал мавти хаккун ашхаду ан ла илаха иллаллах ва ашхаду анна Мухаммадан абдуху ва расулух.”

Таждиди ыйман жана таждиди нике дубасы: “Аллахумма инни уриду ан ужаддидал имана ванникаха таждидан бикавли ла илаха иллаллах Мухаммадур расулуллах.”

102 – Расулуллах (саллаллаху алейхи васаллам) жаңы кийим кийген сайын мына бул дубаны окучу: “Алхамду лиллахиллази касани ма урийа бихи аврати.”

[Улуу Ислам аалымы, 14-чү хижри кылымдын мужаддиди Сеййид Абдулхаким Мырза “рахметуллахи алейх” Стамбулдун ар түрлүү мечиттериндеги насаттарында, медресесиндеги, Вафа мектебиндеги сабактарында жана жеке сукбаттарында “Таза жана жаңы кийим кийгиле! Мансап жана аброй ээлери сыяктуу кийингиле! Адал болгон кийимдерди, тамактарды жана суусундуктарды кажеттүүлүккө жараша колдонгула! Барган жерлериңерде кулк-мүнөздөрүңөр, сөздөрүңөр менен Исламдын улуулугун, кадыр-баркын көрсөтүү менен бирге, кийимдериңер менен да урмат менен карым-катнаш кургула! Ар түрдүү даамдуу тамактар менен жана таттуу, салкын шербеттер менен денеңерди, напсиңерди рахат жана жакшы кармагыла!” - дечү. Сеййид Абдулхаким Мырзанын ушул кеңештери Мухаммед бин Сулейман Багдадинин “рахима-хумуллаху таала” “Хадикат-ун-надийаа” китебинде да кеңири жазылган. Бул китеп араб тилинде жазылган болуп, 1397 [1977] жылы Стамбулда офсеттик басмада Хакика Китеп үйү тарабынан басып чыгарылган.]


("Эй, уулум" илмихалы - уландысы бар...)


Жазылуу учун 

Mail группасынан чыгуу учун 

Mail гуруппасынын баракчасы 

www.islamdini.kg

Эгер e-mail адресиңиз сиздин кабарыңыз болбой туруп бул сайтка катталган болсо же сайттан келип жаткан каттарды алууну токтоткуңуз келсе, анда ушул адреске бош кат жибериңиз: islamdini-kg...@googlegroups.com

Ислам Дини

unread,
Jun 22, 2016, 12:40:06 AM6/22/16
to islamd...@googlegroups.com
Встроенное изображение 1

ИХЛАС СҮРӨСҮН ОКУУНУН ПАЗИЛЕТИ


103 – Эй, уулум! Ихлас сүрөсүн көп оку! Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) мындай деген: “Кыямат күнү бир чакыруучу: “Аллаху тааланы зикир кылгандар жана Ихлас сүрөсүн көп окугандар келсин! Бейиштеги орундарын ээлесин”, – деп чакырат.”

Бул ыйык сүрөнү Бисмиллах менен миң жолу окуган адам тиш оорусун көрбөй турган болот.

Түшүндүрмө: Хазрети Али “радыйаллаху анх” мындай деген: Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) айткан: “Бир мажилистин, б.а., бир сабактын, китеп окуунун, Курани карим окуунун соңунда “Субхана Раббика Раббил иззати амма йасифун...” деген аятты соңуна чейин окуган адамга Кыяматта көп сооп берилет.” Дин билими тайыз болгон бир нече кишинин которуп жазган китептерине, жеке ойлорунан чыккан кошумча маалыматтарды да кошуп, мусулмандарды адаштырып жатышкандыгы жана чоң күнөөгө батып жатышкандыгы байкалууда. Мисалы, “Субахана Раббика” ордуна “Субахана Раббина” деп айтуу жакшыраак. Себеби, дуба катары окулгандыктан “Биздин Раббибиз” деп жамаатты да аралаштыруу керек, - деп жатышат. Булар өтө алданып жатышат. Анткени, “Субхана Раббика” аяты дуба эмес, тасбих. Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) “Ушул аятты окугула” деген, “Өзгөрткүлө” деген эмес. Абу Бакр Сыддык “радыйаллаху таала анх” мындай деген: “Пайгамбарыбыздын (саллаллаху алейхи васаллам) бир катасын бардык ибадаттарыма алмаштырмакмын.” Мукаррабдардын, б.а., Аллаху тааланын сүйүктүү адамдарынын катасы абрардын, б.а., жакшы адамдардын кайырлуу иштеринен баалуураак. Алар, Аллах сактасын, аяти кариманы оңдогулары, жакшыраак кылгылары келдиби? Курани каримде “Каф” деген бир тамга бардык ибадаттардан да баалуураак. Муну өзгөртүү, жада калса, куфурга да себеп болот.

Ошол аяти кариманы өзгөртүп окугандарга дин аалымдарыбыздын берген жооптору “Сеадет-и Эбедиййекитебибизде жазылган.

104 – Күндө эртең менен Хашр сүрөсүнүн соңундагы “Хуваллахуллази” деп башталган үч аяти кариман окуу да чоң соопко жеткирет, ошондо эгер кечке чейин кайтыш болсо, шейит даражасы менен жан тапшырат.

105 – Амма (Наба) сүрөсүн күн чыгып жатканда окуган адам бардык кырсыктардан сактанган болот.

[Чыныгы Ислам аалымы, улуу олуя Абдуллах Дехлеви “каддасаллаху сиррахул азиз” токсонунчу катынын соңунда мындай деген: “Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) билдирген аяти карималар жана дубаларды белгилүү убакыттарында окуу керек. Булар жана напил намаздар ыклас менен, чын жүрөктөн окулбай турган болсо, сахих болбойт, пайдасы тийбейт. Ошондуктан, биз парз менен муаккад сүннөттөрдөн башка эч нерсе окубай, напил ибадат кылбай, алгач ар убакыт Аллахыбызды зикир кылып жана арамдардан сактанып, жүрөктөрүбүздү жана ахлагыбызды тазартууга аракет кылышыбыз керек!” Жетимиш биринчи катта: “Бул заманда бардык жерди куфур, күнөө жана бидат каптады. Бул заманда Аллаху тааланын ар убакыт бизди көрүп тургандыгын жүрөккө сиңирүү өтө кыйын болуп калды. Бирок, ушундай болсо да жүрөк (көңүл) ооруларынан кутулууга аракет кылышыбыз керек. Бир куш асманга көтөрүлүү үчүн учат, асманга жете албаса да, башкалардан бийик болот жана мышыктардын зыянынан кутулат.” Он экинчи бетти караңыз! Абдуллах Дехлеви – Халиди Багдадинин муршиди (устазы). 1240 [м. 1824] жылы Делхи шаарында кайтыш болгон. Ысымы Силсиле-и алиййа санжырасында Сыбгатуллах Хизаниден мурун жазылган. Сыбгатуллах Арваси Гавси Хизани ысымы менен белгилүү. Сеййид Таханын халифасы, Сеййид Фехимдин муршиддеринен (жетилдирген устаздарынан). Кабыры Хизанда. Абдуррахман Тагинин муршиди. Абдуррахман Тагинин кабыры Нуршинде.]

("Эй, уулум" илмихалы - уландысы бар...)

Ислам Дини

unread,
Jun 22, 2016, 4:24:50 AM6/22/16
to islamd...@googlegroups.com
Встроенное изображение 1

Ысырапкордук

Суроо: Ысырап деген эмне?

ЖООП: Ысырап (исраф) мал-мүлктү дин жагынан жана мурувват (адамгерчилик) жагынан туура болбогон жерлерге жумшоо деген сөз. Мурувват пайдалуу болуу, жакшылык кылуу дегенди түшүндүрөт. Динге ылайык болбогон ысырап харам болуп саналат. Мурувватка ылайык болбогон ысырап танзихан макрух.

Ысырап - мал-мүлктү жок кылуу, зыян келтирүү, пайдасыз абалга түшүрүү, пайдалуу болбой тургандай сарптоо.

Хадиси шарифте мындай делген:

«Үнөмдөгөн адам байыйт, ысырап кылган адам кедейлешет.» (Беззар)

Ысырап менен сараңдыктын ортосу үнөмдүүлүк же жоомарттык деп аталат. Хадиси шарифте мындай делген:

«Үнөмдөгөн адам кыйынчылык көрбөйт.» (Таберани)

«Куткара турчу үч нерсенин бири – бар кезде да, жок кезде да, байлыкта да, кедейликте да үнөмдөө.» (Байхаки)

«Үнөмдөө – тиричиликтин жартысы.» (Хатиб)

«Үнөмдөп жумшоо күн көрүүнүн жартысы.» (Дайлами)

«Күн көрүүдө үнөмдөө – пайгамбарлыктын жыйырмадан бири.» (Абу Давуд)

«Кыяматта бардык адамдар мына бул төрт суроого жооп бермейинче эсептен кутула алышпайт:

1-Өмүрүн кантип өткөрдү?

2-Илими менен кантип амал кылды?

3-Мал-мүлкүн кайдан, кантип тапты жана кайда жумшады?

4-Денесин кайда чарчатты, кайда тоздурду?» (Тирмизи)

Ысырап сараңдыктан да жаман

Динибизде абес, кажетсиз нерселерди кылуу жаиз эмес. Мисалы, боштон бош кагазды чиймелеп отуруу ысырап жана абестик. Мында бир нече ысырап бар. Убакыт, эмгек, кубат, кагаз, калем, сыя. Баарынан маанилүүсү пайдалуу нерсе менен алектенбөө.

Эгер дүнүйөдөгү бардык адамдардын бошко өткөргөн убакыты, кубаты жана эмгеги эсептеле турган болсо дүнүйөдө ачкалык жана жокчулук ичинде кыйналып жаткан миллиондогон адамдын муктаждыгын кетире турчу керектүү нерселерди өндөрүүгө боло эле.

Ысыраптын көлөмү канча болсо да зыяны чоң. Кичине деп саналган нерселерди бириктирген кезде чоң сандар чыгат. «Көп түкүрсө көл болот» деген макалды билсек керек. Мүнөтүнө он тамчы суу чыгарган крандан айына 170 литр суу талаага кетет экен.

Самави диндердин бардыгында Аллаху таала жаман мүнөздөрдөн болгон ысырапка тыйуу салган. Динибизде сараңдыктын ысыраптан көбүрөөк жамандалуусу ысыраптын сараңдыктай жаман эместигин көрсөтпөйт. Сараңдыктын көбүрөөк жамандалуусу адамдардын мал-мүлк жыйноого маш болуусунан. Ысыраптын жамандыгын билдирүү үчүн Аллаху таала мындай деп буюрган:

«Жегиле, ичкиле, бирок, ысырап кылбагыла! Аллаху таала ысырап кылгандарды албетте жакшы көрбөйт.» (Араф 31)

«Ысырап кылба! Ысырап кылгандар шайтандын боордоштору.»(Исра 26, 27)

«Ысырапчыларды оопат кылдык.» (Анбия 9)

«Мал-мүлктөрүн ысырап кылгандарга эч нерсе бербегиле!» буйругу менен ысырапчыларды жаман түрдө сыпаттап, «Мал-мүлкүңөрдү сафихтерге (кумары, напси үчүн акча чачкандарга) бербегиле», - деп буюрулган. (Ниса 5)

Ысырап да кылбоо керек, сараңдык да кылбоо керек. Булардын ортосунда болуу керек. Бул – үнөмчүлдүк деп аталат. Жоомарттык деген сөз – мал-мүлктү үнөмдөп колдонуу деген сөз. Аллаху таала: «Сараң болбо, ысырап да кылба!» - деп буюрган. (Исра 29)

Жоомарттарды мактоодо мындай деген: «Алар жумшаган кезде ысырап да кылышпайт, сараңдык да кылышпайт. Экөөнүн ортосунда орто жолду кармашат.» (Фуркан 67)

Хадиси шарифте мындай делет:

«Ичип-жегиле, кийингиле жана садага бергиле. Бирок, ысырап жана текеберликтен сактангыла!» (Бухари)

Ысыраптын зыяндары - ысырап кылгандардын шайтанга, фараонго, хазрети Луттун жаман коомуна окшотулуусу жана Аллаху тааланын буларды жакшы көрбөөсү жана буларды сафих деп айтуусу жана акыретте азап тартуулары, дүнүйөдө төмөн, муктаж абалга түшүүлөрү жана өкүнүүлөрү.

Ысыраптын жаман болуусунун биринчи себеби мал-мүлктүн кадырлуу болуусунда. Мал-мүлк Аллаху тааланын берген ниматы. Акырет үчүн көп сооп жыйноо, ибадат кылуу мал-мүлк аркылуу жүзөгө ашат. Дүнүйө менен акырет мал-мүлк менен оңой болот. Ажылык, жихад сооптору мал-мүлк аркылуу алынат. Дененин сактыгы, кубаттуу болуу акчага, мал-мүлккө таянат. Өзгөгө муктаж болуудан коргой турчу нерсе дагы мал-мүлк. Садага берүү, туугандар менен аралашуу, аларга камкордук кылуу, кедейлерге жардамдашуу мал-мүлктүн аркасында боло турчу дүнүйө. Мечиттер, мектептер, ооруканалар, жолдор, суу түтүктөрү, көпүрөлөрдү салып адамдарга кызмат кылуу дагы мал-мүлк менен ишке ашат. Пайгамбарыбыз: «Адамдардын эң жакшысы – пайдасы адамдарга көп тийгени», - деген. (Кудаи)

Адамдарга көмөктөшүү үчүн эмгек кылып акча табуу нафил ибадат кылуудан да чоң сооп. Жаннаттын бийик даражаларына мал-мүлк менен кол жеткирилет. Мал-мүлк ушунчалык кадырлуу болгону үчүн ысырап кылуу жаман. Хадиси шарифтерде мындай делинет:

«Аллаху таала бир кулуна мал-мүлк жана илим берсе, бул кул да харамдардан качып, туугандарын кубантып, мүлкүнөн акысы (үлүшү)болгондорду билип акысын берсе Жаннаттын бийик даражаларына жетет.»(Тирмизи)

«Мына бул эки нерсенин бирөөнө жеткен адамга суктансаң болот. Биринчиси Аллаху тааланын бир адамга Ислам илимдерин ихсан кылып, ал дагы ар бир аракетин ошого ылайык кылат. Экинчиси – Аллаху таала бирөөнө көп мал-мүлк берип, бул адам дагы мал-мүлкүн Аллаху тааланын ыраазы болгон, жактырган жерлерине жумшайт.» (Муслим)

«Жакшы адамга мал-мүлктүн жакшысы өтө сонун жарашат.» (Барика)

Суфйан Севри хазреттери: «Бул заманда мал-мүлк адамдын куралы. Адам жанын, ден-соолугун, динин, абыройун мал-мүлк менен коргойт», - деген. Чоң сооп болгон мал-мүлктү ысырап кылуу болсо Аллаху тааланын ниматын тебелегендик, кадырын билбөө, колдон чыгаруу, б.а., жакшылыкты түшүнбөгөндүк, шүгүр кылбагандык болот. Бул болсо ниматты берүүчүнүн азап берүүсүнө себеп боло турчу чоң күнөө. Ниматтын кадары билинбесе, акысы сакталбаса колдон чыгат. Шүгүр кылынып, акысы сакталса колдо калат жана көбөйөт. Аллаху таала:«Шүгүр кылсаңар берген ниматтарды көбөйтөмүн», - деп буюрууда. (Ибрахим 7)

Ар түрдүү ысыраптар

Ысырап дегенибиз мал-мүлктү жок кылуу, зыян келтирүү, пайдасыз абалга түшүрүү, динге дана дүнүйөгө пайдалуу болбой турган түрдө жумшоо деген сөз. Мүлктү деңизге, кудукка, отко жана колдон кетүүсүнө себеп боло турган жерлерге таштоо, аны жок кылуу деген сөз. Колдонулбай турган абалга түшүрүү, сындыруу, кесүү, жемиштерди, эгинди жыйнабай чиритүү, малдарды сууктан, уурудан корголо тургандай жерде кармабоо жана сууктан, ысыктан жана ачкалыктан өлбөй тургандай жем-суусун бербөө, карабоо да жок кылууга жатат, мунун баары ысырап болот. Күнөө кылуу үчүн жана күнөө кылынуу үчүн берилген мал-мүлк, акчалар да ысырапка жатат.

Эгин жана жемиштерди жыйнагандан кийин буларды туура сактабай бузулуусуна, ным басып чирип кетүүсүнө же курт, күбө сыяктуу жандыктардын жеп курутууларына жол берүү да ысырап болуп саналат. Нан, эт, шорпо сыяктуу азыктардын, дарбыз, пияз сыяктуу жемиштердин, мейиз, өрүк, алма кактары сыяктуу кургатылган жемиштердин, буудай, арпа сыяктуу дандардын жана кийим-кече, кездеме, китеп сыяктуу буюмдардын ушундай ысырап кылынып жаткандыгы көп көрүнүүдө.

Дасторкон жана столдун үстүнө түшкөн нан жана күкүмдөрүн жыйнабай таштап салуу дагы ысырап. Буга окшогондорду ит-мышыкка, тоокко, малга, куштарга жана кумурска сыяктуу жандыктарга берүү ысырап болбойт. Тамак бышырарда буурчак, күрүч, нокот сыяктуу дандарды жууганда төгүү жана төгүлгөндөрдү жыйнап албай таштап жиберүү да ысырап. Кийим-кече, бут кийим сыяктуу буюмдарды туура колдонбой, аларды эскиртүү, тез түгөтүү, жыртуу, жууган кезде самынды, айнаны көп колдонуу, светти, газды бошко күйгүзүп койуу да ысырап болуп саналат.

Мал-мүлктү наркынан төмөн сатып же ижарага берип жана наркынан жогору баага сатып алып алдануу да ысырап болот. Мындай соода-сатыкка мажбур болсо же көмөк берүү, садага сыяктуу ниет менен мындай кылса ысырап болбойт.

Курсагы ачпай туруп же тойгондон кийин да ашыгы менен жеш ысырапка жатат. Бирок, конок уялмасын деп үй ээсинин тойгондон кийин да жегени жана орозону кыйналбай кармоо үчүн соор маалында ашыга менен жегени ысырап болбойт. Даамдуу тамактарды жеш, баалуу, жаңы кийимдерди кийүү, чоң имарат салуу жана харам болбогон дагы ушул сыяктуу нерселер халалдан табылып, текеберлик жана мактануу үчүн болбосо ысырап эмес. Акыретти табууну каалагандарга керек болгон өлчөмдөгү нерсеге канаат кылып, артыгын жакшылыкка жумшоо жарашат.

Садага берүүдө дагы ысырап бар. Хазрети Сабит бин Кайс бир бергенде 500 бактагы хурмалардын баарын садага кылып берип, өз үйү үчүн эч нерсе калтырбаганда (Бардыгын бербегиле) деп аят түштү.

Карызынан артык көп мал-мүлкү болбогон, бала-чакасы кыйынчылыкка сабыр кыла албай турган болсо булардын муктаждыгын камсыздай турганчалык мал-мүлктөн артыгы жок же кыйынчылыкка чыдай албай өзү муктаж абалда болгондун садага берүүсү ысырап болот.

Ысыраптын себептери

1-Сафахат (ысырапкорлук, жөн жерге оокатты чачуу, акчаны сарптоону билбөө): Көп адамдарды ысырапка көндүргөн оору. «Сафих»тик – акылдын аздыгы жана жеңил ойлуулугу. Мунун тескериси рушд деп аталып, акылдын кубаттуу болуусу. Аллаху таала: «Мал-мүлкүңөрдү ысырапкорлорго бербегиле!» дегенден кийин: «Алардын абалында рушд көрсөңөр мал-мүлкүңөрдү аларга тапшыргыла!» - деп буюрууда. (Ниса 5, 6)

Кээ бирөөлөр сафих (ысырапкор) болот. Эмгексиз келе турган акчага көнгөн жаман достор тарабынан алданат. Ошондуктан, жаман достордон оолак жүрүүбүз буйрук кылынган. Кээ бир байдын балдары ушундайча ысырапка көнүп, сафих болууда. Ысырапкорлукка, чачыла берүүгө кынык алдыра турчу дагы бир себеп - айланасынан сый-урмат көрүү жана мактоо алуу.

2-Ысырапты жана анын түрлөрүнүн бир нечесин билбегендик:Ысырап экендигин билбей, жада калса, жоомарттык деп ойлоп керексиз, зыяндуу жерлерге мал-мүлктүн жумшалуусу.

3-Рия, көрсөтүү, мактануу.

4-Көңүл коштук, жалкоолук.

5-Уялчаактык, тартынчаактык.

6-Диндин өкүмдөрүн карманбоо.

Ысыраптан кутулуунун чарасы:

1-Ысыраптын зыяндарын билүү жана буларды ойлоо.

2-Мал-мүлктү керексиз, бекерге жумшабоого аракет кылуу жана ишенимдүү адамына бул нерсени түшүндүрүп, мал-мүлкүнө жана чыгымдарын, сарптоолорун көзөмөлдөөсүн, ысырап кылганын көргөндө өзүн эскертүүсүн, жада калса, түздөн түз аралашып, алдын алуусун өтүнүүсү керек.

3-Ысырапка себеп болгон нерселерден качуу.


Ислам Дини

unread,
Jun 23, 2016, 3:44:19 AM6/23/16
to islamd...@googlegroups.com
Встроенное изображение 1

САЛАВАТ БӨЛҮМҮ


106 –   Бир адам Жума күндөрү көп салават айта турган болсо Аллаху таала ал адамдын жүз муктаждыгын орундайт, анын отузу дүнүйөлүк, жетимиши акыреттик.

Пайгамбарыбыз алейхиссалам мындай деди: “Кимде-ким күндө жүз жолу (маанисин ойлоп) салават айтса, кыяматта күндүн ысыгынан кутулуп, Арштын көлөкөсү астында мени менен бирге болот. Ошондой эле, кимде-ким мен үчүн бир салават айтса, рахмат периштелери анын күнөөлөрүнүн кечирилүүсү үчүн дуба жана истигфар кылышат.”

107 –   Расулуллахка (саллаллаху алейхи васаллам) көп салават айт! Анткени, бир хадиси шарифте: “Атым аталган кезде мага салават айтпагандарга өкүнүчтөр болсун! Ошондой эле, Рамазан айы киргенде аны сый-урмат менен тосуп ыраазы кылбаган жана эне-атасынан бирөөсүнө же экөөсүнө жетип туруп, алардын ыраазычылыгын албагандарга да өкүнүчтөр болсун!”

108 –   Жакшы билип алгын, кимде-ким бир кедейге ал жактырган тамагын алып берип тойгузса Аллаху таала ал адамга Бейиште миң даража берет жана Бейиште аны көптөгөн ниматтар менен сыйлайт.

109 –   Кедейлерге садага берүүнү унутпа! Жубайыңа, бала-чакаңа жана туугандарыңа берген нерселериң да садага болуп саналат. Абу Амама “радыйаллаху таала анх” Расулуллахтан (саллаллаху алейхи васаллам) риваят кылган хадиси шарифте: “Жубайына жана туугандарына жакшылык кылуудан да жакшыраак эмне болушу мүмкүн?”, - деп айтылат. Алгач жубайына, бала-чакасына халалдан жегизүү, халалдан кийинтүү керек, андан арткан акчанын зекетин берүү керек. Андан кийин садага берүү керек.

110 –   Сага айтар насаатым – маны ушул төрт мүнөзгө ээ бол. Ошондо мухсиндердин (жакшылардын) катарында болосуң.

1)      Бай кезде зекет, кедей кезде садага берүү.

2)      Ачууланган кезде ачуусун жеңүү.

3)      Башка бирөөнүн айыбын көргөндө аны жарыя кылбай, жашырууга аракет кылуу.

4)      Кызматчысына, жубайына, бала-чака менен тууган-уруктарына жакшылык кылып, алардын көңүлүн алуу.

111 – Суусаган кишиге суу берүү да өтө чоң сооп. Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) мындай деген: “Аллаху таала Жабраил алейхиссаламдан: Жер бетине түшсөң эмне кылаар элең? – деп сурады.

Ошондо Жабраил алейхиссалам мындай деп жооп берди:

1)      Суусаган адамдарга суу бермекмин.

2)      Бала-чакасы көп болгондорго жардам бермекмин.

3)      Бири-бирине таарынгандарды элдештирмекмин.

4)      Мусулмандардын айыптарын жашырмакмын.”

Расулуллах (саллаллаху алейхи васаллам) дагы мындай деди: “Суусаган бир адамга суу ичирген адамдын амал дептерине жетимиш жылдык сооп жазылат. Эгер суу табуу кыйын болгон жерде ичирсе, Исмаил алейхиссаламдын балдарынын бирин капырдын колунан куткарып, азат кылгандай сооп берилет.”

112 –   Дайыма көп жакшылык кылып жүр! Аллаху таала кайырлуу иш кылган кулдарын өтө жакшы көрөт. Расулуллах (саллаллаху алейхи васаллам) мындай деди: “Бир адам бир кедейге бир бөлүк тамак берсе, ошол бир бөлүк ал адамга беш нерсенин сүйүнчүлөйт:

1)      Бир даана элем, мени көбөйттүң.

2)      Мен кичинекей элем, мени чоңойттуң.

3)      Душман элем, мени дос кылдың.

4)      Фаний, жок болуп кетмекчи элем, мени бакий, түбөлүк кала тургандай кылдың.

5)      Ушул саатка чейин сен мени коргочу элең. Мындан кийин мен сени коргой турган боломун.”


("Эй, уулум" илмихалы - уландысы бар...)

Ислам Дини

unread,
Jun 24, 2016, 6:27:42 AM6/24/16
to islamd...@googlegroups.com
Встроенное изображение 1

113 –        Садага жана зекет берүү менен мал-мүлк азайып калбайт, тескерисинче көбөйөт. Абдуррахман ибн Авф “радыйаллаху таала анх” Пайгамбарыбыз алейхиссаламдан угуп, мындай дейт: Үч нерсеге ант беремин:

1)      Зекет берүү менен мал-мүлк кемип калбайт, көбөйөт.

2)      Зулумдук көргөн адам заалымды кечирсе Аллаху таала кыяматта ал пенденин даражасын көтөрөт.

3)      Тынбай ар нерсени сурай берген адамды Аллаху таала кедейликтен куткарбайт.

114 –             Абу Хурайра “радыйаллаху анх” Пайгамбарыбыздан “алейхиссалам” мындай деп укканын айтат: “Адамдар садаганы Аллах ыраазылыгы үчүн бере турган болушса Аллаху таалага берилгендей эсептелет да, ага миң сооп (башка бир риваятка ылайык эки миң сооп) берилет.” Бир адамга карыз бере турган болсоң жакшылык менен бер жана жакшылык менен алгын! Карыз алган киши кедей болсо жана намаз окуган, арамдардан сактанып жүргөн адам болсо карыз берген адам аны кечип жиберсе, Кыямат күнү Арштын көлөкөсүндө болот жана Бейиште чоң даражага ээ болот.

Түшүндүрмө: Садага берүү – напил ибадат. Ал эми зекет берүү, карызын төлөө жана бирөөнүн акысын кайтарып берүү – фарз. Мойнунда фарздан карызы бар болгондордун сүннөттөрү менен напилдери кабыл болбойт. Андай болсо, бир сом зекети же бир сом карызы бар адамдын садагасы кабыл болбойт. Миллиондогон акча садага берсе, миңдеген кайрымдуулук жасаса, зекетин бермейинче же башка бирөөдөн алган карызын төлөп бермейинче эч бири кабыл болбойт, б.а., эч кандай сооп албайт жана зекет менен карыз күнөсүнөн да кутула албайт. Зекет тууралуу 212-чи бөлүмдө кеңири маалымат бар.

115 –             Бир адамга карыз берүү садага берүүдөн жакшыраак. Анткени, Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) мындай деген: “Карыз берүү, садага берүүдөн 18 эсе жакшыраак.”

Бир адамга бир ишти жасаткан кезде анын акысын дароо төлө! Эгер бербей, акысы Кыямат күнүнө кала турган болсо, Кыямат күнү ал адамдын коргоочусу Аллаху таала болот. Бири-бириңерге ишиңер түшкөн кездерде, карыз алып-берген убакытыңарда жакшы мамиледе болгула! Бири-бириңерди таарынтпагыла. Анткени, жакшылык кылына турган жерде күнөө кылган болосуңар. Карыз алмакчы болгон адам кайтаруу ниети менен алууга тийиш. Үч себеп менен карыз алууга болот:

1)      Өтө кедей болуп, иштегенге алы жетпеген адамдын нафакасын камсыз кыла тургандай өлчөмдө карыз алуу.

2)       Жашаган жеринин үрп-адатына ылайык батир же мүлк иретинде үй алуу үчүн.

3)      Үйлөнүү үчүн.

Ошол себептер үчүн Аллаху таалага тобокел кылып жана төлөөгө ниет кылуу шарты менен карыз алгандарга Аллаху таала кыска убакытта төлөөнү насип кылат. Көп карыз албагыла, тынч болосуңар. Анткени, карыз алган адам кул сыяктуу болот, күнү-түнү убайымда жашайт.

116 –     Соода-сатыкта жана карыз бергенде рибадан, б.а., “Пайыз” алып-берүүдөн сактан! Сенден карыз алган адамдан пайда күтпө! Анткени, алган же берген аз гана пайыздын күнөөсү Аллаху тааланын алдында энеси менен жетимиш жолу зина кылуу менен бирдей. Тактап айтканда, пайыздын азы да, көбү да, алуу да, берүү да арам. Пайызга күбө болгон, жазган жана өкүл болгон адам да Аллаху тааланын алдында малун жана жоопкер болот. Мындан катуу сактануу керек.

("Эй, уулум" илмихалы - уландысы бар...)

Ислам Дини

unread,
Jun 25, 2016, 9:12:58 AM6/25/16
to islamd...@googlegroups.com
Встроенное изображение 1

Түшүндүрмө: Имам Раббани Мужаддиди алфи сани Ахмед Фаруки Серхенди “каддасаллаху сиррух” хазреттери “Мектубат” китебинин биринчи тому, жүз экинчи катында мындай деген: “Бир мусулманга белгилүү өлчөмдө ашыгы менен төлөө шарты менен карыз берилген кезде, төлөнө турган акчанын ашыгы пайыз болуу менен чектелбейт. Алдын ала жасалган “Акд”, б.а., келишим шарт пайыз болот. Ушундай келишим шарттын өзү харам жана харам себеби менен алынган бардык нерсе харам болот. Андай болсо, карызга миң сом берип, кайтарып алганда бир миң бир жүз сом алуу шарты менен түзүлгөн келишим, б.а., соода харам болуп, алынган бир миң бир жүз сом акчанын баары пайыз болот, харам болот. “Жами’ур румуз” фыкх китебинде жана Ибрахим Шахинин китебинде да ушул маселе жакшы түшүндүрүлгөн. Ал эми пайызга акча алууга муктаж болгондорго келе турган болсок, рибанын (пайыздын) харам экендиги Куран карим менен хадис шарифтерде ачык-айкын жазылган жана маалым. Башканча айтканда, муктаж болгондо да, болбогондо да харам. Муктаж болгондорду бөлүү – Аллаху тааланын жана Пайгамбарыбыздын (саллаллаху алейхи васаллам) буйруктарын өзгөртүү болот. “Кынйе” китебинин ошол буйруктарды өзгөртүүгө акысы жок. Лахор шаарындагы аалымдардын эң чоңу болгон Мавлана Жамал “рахима-хуллаху таала”, “Кынйе китебинин көптөгөн сөздөрүнө ишенүүгө болбойт жана баалуу китептерге каршы”, – деген. Кынйе  китебиндеги “Муктаждыгы бар адамдардын пайызга карыз алуусу жаиз (уруксат) болот” деген сөзүн туура деп кабыл кыла турган болсок да, эгер пайызга акча алууга муктаждыгы пайда болгондордун баарына уруксат болот десек, пайыздын харам кылынуусунун эч бир мааниси калмак эмес. Анткени, ар адамды пайызга карыз алууга түртө турган себеп, албетте, муктаждык. Эч ким, муктаждык пайда болмоюнча,  чыгашалуу болгон ишти кылбайт жана бүткүл ааламдын ээси болгон Аллаху тааланын ошол буйругу пайдасыз жана орунсуз болмок. Аллаху тааланын китеби болгон Курани каримге ушундай жалаа жабуу – батылдыктын эң жаманы. Парзды маанисиз деп эсептеп, ар кажеттүүлүктү үзүр деп кабылдасак, муктаждык, кажеттүүлүк болот деген сөз. Кажеттүүлүктүн да өз өлчөмү, даражалары бар. Той кылуу үчүн пайызга карыз алуу кажеттүүлүк эмес жана ага зарылдык да жок. Мисалы, жаназада мейитке (өлүккө) жалгыз кепиндик гана кажеттүүлүк болуп саналат деп айтылган. Анын рухуна халва бышыруу кажеттүүлүк эмес деп айтылган. Ал эми анын садагага муктаждыгы башка кажеттүүлүктөрдөн да жогору. Андай болсо, пайызга акча алгандардын кажеттүүлүгү кажеттүүлүк болобу же болбойбу? Дагы ошондой акча менен даярлаган тамактарды жеш адал болобу? Үй-бүлөдө адамдардын көптүгү жана аскерди кажеттүүлүккө шылтоо кылуу болсо мусулманга жараша турган иш эмес. Эгер “Азыркы тапта адал азык табуу мүмкүн болбой жатат” деп айтылса, ооба, бул сөз ттура. Бирок, колдон келгенче арамдан сактануу керек. Эгиндин түшүмү берекесиз болбошу үчүн эгинди дааратсыз айдабоо керек деп буюрулган. Ал эми бүгүн болсо мындан кутулуу мүмкүн эмес. Бирок, пайызга акча албоо өтө оңой. Куран каримде жана хадиси шарифтерде арам экени билдирилген нерселерди арам деп билүү, адал экени билдирилген нерселерди да адал деп билүү керек. Буларга ишенбеген адам капыр болот. Ал эми ачык-айкын түрдө билдирилбеген адал менен арамдар андай эмес. Мисал үчүн, көптөгөн нерсе Ханафиде арам болгону менен Шафииде адал. Андай болсо, “Кажеттүүлүгү бар адамдын пайызга акча алуусу жаиз эмес” деген адамга “Унчукпа! Адалга арам дебе! Капыр болосуң!” деп айтууга болбойт. Анткени, анын сөзү акыйкатка жакын, балким акыйкаттын өзү да болушу мүмкүн жана ага берилген жооп кооптуу! Арам экени күмөндүү нерселерден сактануу зарыл. Кайталап айтабыз, кажеттүүлүк түшүнүгү өтө кеңири мааниге ээ. Эгер кеңири түшүнүлө турган болсо, пайыз албай турган адам калбайт жана Аллаху тааланын пайызды арам кылуусу, хаша (Кудай сактасын), абсурд жана маанисиз болот. Кынйа китебинде да эң акыры кажеттүүлүккө байланыштуу пайызга карыз алуусуна жаваз (уруксат) берүүдө. Бирок, ар кимге эмес. Кажеттүүлүгү ошондой күмөндүү жолдон болсо, адал жолдон издөө керек жана такыбаанын берекеси менен жана аз гана аракет менен кажеттүүлүк маселеси чечилет. Мактубаттан котормо соңуна чыкты.

Ибн Нужайм Зайн-ул-Абидин Мысри “рахима-хуллаху таала” “Ашбах” китебинде, бешинчи эреженин соңунда: “Кээ бир кажеттүүлүктөр зарылдык деп кабыл кылынат. Мисалы, муктаждын пайызын төлөө шарты менен карызга акча алуусу жаиз болот”, - делген. Сеййид Ахмет Хамави “рахима-хуллаху таала” бул маселени түшүндүрүп: “Мисалы, он алтын карыз алып, күн сайын белгилүү өлчөмдө бир нерсени пайыз катары төлөйт”, - дейт. Мындан белгилүү болуп тургандай, нафакага муктаж болуп, жумуш кыла албаган жана пайызсыз карызга акча таба албаган алсыз адамдын нафака үчүн пайызга карыз алуусу жаиз болот. Бирок, бул жагдайда да “Муамала” жолу менен алуу керек. Мисалы, он алтын алып, он эки алтын кайтарууга макулдашкан кезде, он алтынды аларда калем, дептер, китеп сыяктуу кандайдыр бир нерселерди эки алтынга сатып алып, он эки алтын карыздар болот. Мындай бүлүккө, бидатка туш болгон кезде Исламга моюн сунуу үчүн этияттуу жолду издөөгө “Хиле-и шариййа” деп айтылат. Алсыз болгондун, зарыл жагдайга туш болгон адамдын ибадаттарын таштап койбоо жана арам иш кылбоо үчүн “Хиле-и шариййа” кылуусу кажет болот. Исламдан качуу үчүн чара издөөгө “Хиле-и батыла” деп айтылат, бул иш арам болуп саналат.

Түшүндүрмө 2: Дар-ул-харбда, б.а., Франция, Италия сыяктуу буттарга сыйынчу мусулман эмес өкмөттөрдүн аймагында мусулман эместерден алардын өз макулдугу менен мал-мүлк алуу, мисалы, аларга пайызга карыз берүү жаиз болот. Бирок, пайызга акча алуу ал жерде да жаиз эмес. Дар-ул-харбдагы бир банкка акча салып, пайызын алуу – пайыз менен карыз берүү үчүн банк менен өнөктөш болуу деген сөз. Ошол банктан акча алуучулардын баары мусулман эместер болсо, банкка салынган акчанын пайызын алуу адал болот. Банктан пайызга акча алуучулардын баары мусулман болсо, банкка салынган акчанын пайызын алуу арам болот. Банктан акча алган кардарлар мусулман менен мусулман эместер аралаш болсо, алына турган пайыз макрух, б.а., арамга жакын макрух болот. Мусулман эместердин саны көп болсо адалга жакын, танзихан макрух болот. Макрухтан да сактануу керек, пайызга жолобоо керек. Банкка салынган акчанын пайызын “Муамала сатуу” куну катары алуу керек. Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам): “Пайыз жеген адамдын күбөлүгүн кабыл кылбагыла! Эгер кабыл кыла турган болсоңор Аллаху таала ибадатыңарды кабыл кылбайт. Жамаат менен намазды таштап койгон адамдыкын да кабыл кылбагыла”, - деп буюрган. Муктаж болгон нерсени сатып алуу үчүн банктан пайызга карыз акча албоо керек. Банк ошол нерсени өзү сатып алып, үстүнө акча кошуп, ошол адамга бөлүп төлөөгө сатууга тийиш. “Рыядун-насыхин” китебинде кырк түрдүү пайыз бар экендиги тууралуу мисалдар менен жазылган.


("Эй, уулум" илмихалы - уландысы бар...)


Ислам Дини

unread,
Jun 27, 2016, 3:33:25 AM6/27/16
to islamd...@googlegroups.com
Встроенное изображение 1

СООДА-САТЫКТА ЖАЛГАН АЙТУУ БӨЛҮМҮ


117 –     Кимде-ким соода-сатыкта жалган айта турган болсо Аллаху тааланын мээриминен куру калат. Пайгамбарыбыз “алейхиссалам” мындай деди: “Кыямат күнү Аллаху таала үч топ адамды мээрим назары менен карабайт:

1)      Соода-сатыкта жалган айтып, өтө жогору баага товар сатканды.

2)      Туш келди бардык нерсеге ант берүүчү адамды.

3)      Өзүндө суу бар болсо да, башкаларга бербеген адамды.”

118 –     Суусу жокко суу бербеген адамдарга Кыямат күнү Аллаху таала буйрук кылат: “Силер менин суумду кулдарыман аядыңар. Эми силерден мээримимди узак кылдым.”

119 –     Бир нерсени сатып алган адам кийинчерээк өкүнүп, аны кайтарып алып келсе ошол затты кайтарып ал! Анткени, кайтарып алуунун зыяны болбойт. Аллаху таала берекесин сыйлап, он эсесин берет.

120 –     Эй, уулум! Өлчөө каражаттары жана таразаны ката жана куулук менен колдонуучулар тууралуу Аллаху таала “Мутаффифин” сүрөсүндө: “Соода-сатыкта таразадан алдагандарга чоң азап бар!” - деп билдирген.

121 –     Кул акысынан корк! Карызың бар болсо аны дароо кайтарууга аракет кыл. Бир тыйын карызы бар болгон адамдын жаназа намазын Пайгамбарыбыз окуган эмес. Ошол карызын кайтарып бермейинче адам Бейишке кире албайт. (Аял каалаган кезде эркектин “Муъажжал-махрын” дароо берүүсү, аны менен ажырашкан кезде “Муажжал махрды” ага дароо берүүсү керек. Күйөөсү аялынын муажжал махр карызын бөлүп койуусу керек, өлгөн соң аялына берилүүсүн керезге жазууга тийиш. Керезге жазбаган болсо өлгөн кезде мурас бөлүнөөрдөн мурда мурастан махрдын толугу аялына берилүүсү керек. Аялы менен ажырашкан кезде махрын бербеген адам дүнүйөдө камакка алынат, ал эми акыретте болсо азапка тартылат. Күйөөсү махрды зекет, битир жана курмандык нисабына кошпойт. Аялы нисаб эсебине кошот. Бирок, нисаб өлчөмү кабылдап алынган соң бир жыл сакталган болсо, ошол жылдын зекетин гана берет. Тууган-уруктары менен кол астындагыларга диний билим үйрөтүү да кул акыларынан.) Хадиси шарифте: “Бир кишинин карызы бар болуп, кайтаруу ниетинде болсо, Аллаху тааланын жардамы аны менен бирге,” – деп айтылган.

(“Хадика” китебинин буттан келчү зыяндар тууралуу бөлүмүндө мындай делген: “Жаныбарлардын жана капырдын акысы желген кезде да Кыяматта азап берилет. Көзү тирүү кезде адалдашпаган (кечиримин албаган) болсо, акыретте капырдын акысынан кутулуу кыйыныраак болот. Ал эми жаныбар акысынан кутулуу андан да кыйын.” Ошондуктан, Дар-ул-харбда да мусулман эместердин мал-мүлкүнө, жанына, намысына кол салуудан катуу сактануу керек. Алардын мыйзамдарына да моюн сунуп, фитна чыгарып, бүлүк салбоо керек.)

("Эй, уулум" илмихалы - уландысы бар...)

Ислам Дини

unread,
Jun 27, 2016, 4:46:50 AM6/27/16
to islamd...@googlegroups.com
Встроенное изображение 1

Ниматтардын кадырын биле алуу

Бизге карата кылынган кандайдыр бир жакшылыкка, кичине бир жардамга дароо рахмат айтабыз. Бул адамдык милдет... Адамдардан келчү майда жакшылыктарды да жоопсуз калтырбай, болбоду дегенде рахмат айтабыз дагы, бизди жоктон бар кылган, жашоо берген Раббибиздин санап бүткүс көп болгон ниматтарына эмнегедир өтө аз шүгүр кылуудабыз же эч шүгүр кылбайбыз.

Ооба, алгач биз жок элек, жаратпаганда эч ким эмне үчүн жаратпадың деп эсеп сурай албайт эле. Жок элек, бизди ал жаратты, сокур элек, бизге көрүү жакшылыгын ал берди. Дүлөй элек, угуу касиетин да ал берди. Тилсиз элек, сүйлөй алчу эмеспиз, анын ихсаны менен сүйлөй алуудабыз.

Жылаңач элек, бизди ал кийинтти. Ач элек, бизди ал тойгузду. Күчсүз элек, бизге күчтү жана кубатты ал берди...

Адашып жүргөн элек, бизге Пайгамбарлар аркылуу туура жолду көрсөттү жана бизди хидаятка жеткирди...

Дүнүйөдө бизди «наздуу конок» сыяктуу баккан, кыялыбызга да келбей турчу сулуулукта бизге ниматтарды берген Улуу Раббибиз акыретте дагы түбөлүк бакытка жетүүбүздү каалоодо.

Раббизбиздин бизге берген жакшылыктарын санай турган болсок санай албай турганчалык көп болуусуна карабай шүгүрүбүз өтө аз. Курани каримде мындай мааниде айтылган: «Шүгүр кылган кулдарым аз.»

Ар мүнөт абаны дем алуу менен өмүрүбүздү куткарган Раббибизге канчалык шүгүр кылсак баары биз аз. Биз эмне үчүн аз шүгүр кылып жатабыз?..

Эң башкы себеби – көп болгондугу үчүн, жеңил таба алгандыгыбыз үчүн, көнүп алгандыгыбыз үчүн.

Жакшылык колдон чыкканда кадыры билинет экен. Абанын канчалык чоң нимат болгондугун кекиртегибиз кысылганда же узак убакка абасыз бир жерде калганда түшүнөбүз.

Суу ниматынын баасын аны каалаган кезибизде таба алган, иче алган эмес суусуз чөлдө суу таба албаган же тамагы рак оорусу менен бүтөлгөн , бир тамчы сууну да иче албагандар өтө жакшы билишет...

Биз ичине сүзүп жүргөн жакшылыктардын кадырын түшүнө алуубуз үчүн көрүстөндөрдү, түрмөлөрдү жана ооруканаларды зыярат кылуубуз керек!..

Көрүстөнгө киргенде алиге чейин тирүү экендигибиз үчүн, жашай алгандыгыбыз үчүн шүгүр кылуубуз керек. Биз да алар сыяктуу топурак алдында болушубуз мүмкүн эле. Алардын абалынан ибрет (сабак) алуубуз керек...

Түрмөлөрдү зыярат кылганда эркиндиктин кадырын дагы да жакшы түшүнөбүз, Раббибизге шүгүр кылабыз...

Ооруканаларды зыярат кылганыбызда ден-соолугубуздун кадырын түшүнөбүз. Оорулуулардын эң чоң кыйынчылык тарткандыгын, оору-сыздоонун ичинде жаткандыктарын, көздөрүнө уйку кирбегендигин көрөбүз. Ошондо гана кеч жаздыгыбызга башыбызды коюп таңга чейин таттуу уйкуда жатуунун канчалык жакшылык экендигин түшүнүп, бул жакшылыкты бизге тартуулаган Улуу Раббибизге хамд жана шүгүр кылабыз.

Аллаху таала баарыбызды татыктуу шүгүр кылгандардан кылсын...


Ислам Дини

unread,
Jun 29, 2016, 9:31:41 AM6/29/16
to islamd...@googlegroups.com
Встроенное изображение 1

ДЕНЕ АМАНАТЫ [НИМАТЫ]

122 –             Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) мындай деген: “Кол – адамга берилген бир аманат, аны менен арам болгон нерсени кармаба! Бутуң – сага берилген бир аманат. Анын менен арам жерге барба! Жыныстык мүчө да сага берилген бир аманат, аны менен зина кылба!” Ушул сыяктуу денедеги мүчөөлөрдүн бардыгы – өз алдынча аманат. Бул ниматтарды шарият уруксат берген түрдө жана шарыят уруксат берген жерлерде колдоно турган болсоң ишенимдүү адамдардан болуп, Аллаху тааланын алдында чыныгы шүгүр кылган болосуң. Бул аманаттарды динибизде тыюу салынган жерлерде колдонгон адам Аллаху таалага каршы чыккан жана кыянат кылган болот.

Түшүндүрмө: Ооруну дарылоо сүннөт болуп саналат. Дарылоо даары менен, садага берүү жана дуба кылуу менен орундала тургандыгы билдирилди. Тажрыйбалар менен такталып, таасири анык болгон эмдөө (прививка), сыворотка, микроб өлтүрүүчү жана ушуга окшош дарыларды колдонуунун фарз экендиги “Ибни Абидин”дин  “рахима-хуллаху таала”  “Хазар ва ибаха” бөлүмүнөн түшүнүлүүдө. “Суулардын түрлөрү” бөлүмүнүн соңунда да мындай деп айтылат: “Арам болгон дарынын пайдалуу таасири анык тийе турган болсо жана шыпаа бере турган адал дары жок болсо чочко этинен башка арам дарылардын колдонулуусу жаиз болот. Шыпаа бере тургандыгы бир гана божомол менен болсо, анда жаиз болбойт.” Орозо бөлүмүнүн соңунда мындай деп айтылат: “Мусулман бейтап мусулман дарыгер таба албаган кезде мусулман эмес дарыгерге барып дарылануусу жаиз болот. Капыр дарыгердин айтуусу менен ибадатын таштоосу жана казага калтыруусу (жана арам дарыларды колдонуусу) жаиз эмес.” “Фатава-и Хиндиййа”нын Карахият (макрухтар) бөлүмүнүн он сегизинчи бөлүмүндө мындай деп айтылат: “Шыпаанын Аллаху тааладан келе тургандыгына ишенген бейтаптын дары колдонуусу жаиз. Даарыдан шыпаа күтүү жаиз эмес. Аллаху тааланын шыпааны жаратуусу үчүн дарыны себеп кылгандыгына ишенүү керек. Чочко төмөн болгондуктан, адам ыйык болгондуктан, ушул экөөнүн органдарын даары катары колдонуу жаиз эмес. Башка жаныбарлардыкын колдонуу жаиз. Дары колдонбой өлүү күнөө эмес. Тамак жебей өлүү күнөө болот. (Таасири анык белгилүү болгон дары тамак сыяктуу.) Пайдасы анык болгон нерселерди колдонбоо арам. Аялдын сүтүн дары катары колдонуу жаиз. Аялдардын сагыз чайноосу аалымдардын сөз бирдиги (бир ооз макулдугу) менен жаиз. Эркектердин сагыз чайноосуна байланыштуу сөз бирдиги жок. Оорулуу жана кандайдыр бир жаныбар чагып алган адамга шыпаа үчүн Куран карим окуу же кагазга жазып, тумар катары тагынуу же бир идиштин ичине малып, ошол сууну ичүү, ошол суу менен ооруган жерин жуу жаиз болот деген аалымдардын сөздөрү анык. Белгилүү дубалар жазылган тумар жана дары жаиз болуп саналат. Назарга (көз тийүүгө) каршы чөп күйгүзүп түтөтүү, коргошун куйуу жаиз болот дегендер бар. Бакчага, эгин талаасына назар (көз) тийбесин деп кээ бир нерселерди асып койуу жаиз. Бала болуп калуунун алдын алуу үчүн эркектин чара колдонуусу жаиз. Төрт айлык баласын аборт кылдырган  аял жазага тартылат. Андан мурун кылуу (боюнан алдыруу) жаиз.”

("Эй, уулум" илмихалы - уландысы бар...)

Ислам Дини

unread,
Jun 29, 2016, 9:44:57 AM6/29/16
to islamd...@googlegroups.com
Встроенное изображение 1

Эл катары жакшы кийинүү

Жамал – жагымсыздыкка, башкалардын жийиркенүүлөрүнө, мазактоолоруна, кордоолоруна себеп боло турчу нерселерди орундабоо, буларды жок кылуу деген сөз. Жасануу (кооздонуу) болсо – башкаларды кызыктыра турчу, алардан үстөмдүк сездире турчу мактала турчу нерселерди кылуу дегенди билдирет. Жамал ээси болуу үчүн жергиликтүү элдин адатында бар болгон нерселерден харам болбогон эң жакшы кийимди кийүү керек. Хазрети Омар: «Эки түрдүү кийимиңер болсун, бири көрктүү болсун, экинчиси жөнөкөй болсун. Кийимдин көрктүү жана таза болуусу адамдын абыроюнан», - деген.

Ибн Омар хазреттери да «кандай кийим кийейин» деп сураган адамга: «Төмөн адамдардын мазагына, маданияттуу адамдардын сени кемсинтүүсүнө себеп болбой турчу кийим кий», - деп жооп берген. Хадиси шарифтерде мындай делет:

«Сулуу кийингиле, Аллаху тааланын силерге берген ниматтарынын белгиси үстүңөрдө көрүнсүн.» (Несаи)

«Аллаху таала бир кулуна нимат бергенде алиги ниматтын пайдасын ошол кулдун үстүндө көрүнүүсүн жакшы көрөт.»(Таберани)

Пайгамбарыбыз бир жолкусунда көрксүз кийинип алган адамдан: - Акчаң, мал-мүлкүң барбы? – деп сурады. Ал адам: - Өзүмө жетип, аша турчу мал-мүлкүм бар, - деп жооп берди. Ошондо Пайгамбарыбыз ага:«Аллаху таала сага бир мүлк бергенде бул ниматтын барчылыгы сенин үстү-башыңда көрүнүп турсун»- деди. (Несаи)

Хикмат булагы болгон бир аалым мындай дейт: «Сен ошондой бир кийим таап кий, үстүңдө турганда сен ага эмес, ал сага кызмат кылсын!»

Өзүн көрсөтүү үчүн кийинүү

Өзүн көрсөтүү жана «мына, менде бар» деген максатта жакшы, кооз кийинүү харам болот. Хадиси шарифтерде мындай делет:

«Кооздонуудан качуу ыймандан.» (Ибн Маже)

«Аллаху таала жөнөкөй кийин кийинген адамды жакшы көрөт.»(Байхаки)

«Кооздонуу жана мактануу үчүн кийген кийимин үстүнөн чечмейинче Аллаху таала ага мээрим кылбайт.» (Таберани)

«Өзүн көрсөтүп текеберленүү жана мактануу үчүн атактуу кишилердин кийимин кийген адамда Аллаху таала ошол кийимдери менен бирге отко таштайт.» (Рузейн)

Көрүп турганыбыздай өзүн көрсөтүп, мактануу үчүн кийинүү харам, ал эми жамал үчүн, мусулмандыктын абыроюна так түшүрбөө үчүн кооз, таза кийинүү мубах.

Кийим эски болсо да таза болуусу керек. Хадиси шарифте мындай делет:

«Йа, Айша, бул эки кийимди жуу, билбейсиңби кийимдер таспих кылат, кирдегенде таспих кылуулары токтойт.» (Ибн Асакир)

Маанилүү кызмат ордунда отурган же маанилүү бир адамдын алдына кире турчу киши көрктүү, таза кийим кийүүсү керек. Аллаху тааланын алдына чыккан кезде мындан да көбүрөөк маани берүү керек! «Ар намаз окуганда көрктүү, таза, жакшы көрүнгөн кийимдерди кийгиле!» - деген аяти карима менен «Жакшы жыт кайгыны, жакшы, таза кийим касыретти азайтат» деген хадиси шарифке баш ийүүгө аракет кылуу керек. Эски болсо да таза кийим кийүү керек!(М.Раббани, Абаб-уд-дунийа, Бостан)


Ислам Дини

unread,
Jun 30, 2016, 4:08:40 AM6/30/16
to islamd...@googlegroups.com
Встроенное изображение 1

Суроо: Шариятка ылайык никелешкен бир үй-бүлөнүн баласы болбосо, “Жасалма уруктандыруу” ыкмасы аркылуу бала көтөрүү жаизби?

Жооп: Бир эркек менен бир кыз шариятка ылайык нике кыйдырып, Аллаху тааладан бала суроого кызыктыруучу жана үгүттөөчү хадиси шарифтер көп. Баласы болбогон түгөйлөрдүн Силсиле-и алиййа деп аталган аалымдарды васила (ортомчу, себепкер) кылып дуба кылуусу жана уруксат берилген жолдор менен аракет кылып көрүүлөрү керек. Түгөйлөрдүн уруктары алынып, бир пробиркага коюлат. Пробиркада уруктануу жүзөгө ашкан соң аялдын жатынына салынат. Бул “жасалма уруктандыруу” деп аталат. Мунун жаиз экендиги маалым болууда. Ал эми буга зарылчылык болбогондуктан ошол ишти түгөйлөрдүн өздөрү жасоолору, врач, медайым сыяктуу чоочун адамдардын алардын аврат жерлерин карабоосу жана жасалма уруктандыруу никесиз болгон эркек менен кыздын арасында жасалбашы зарыл.

Абдул Азиз Дехлеви “рахима-хуллаху таала” 1386 (м. 1966) жылы Афганистандын Кабул шаарында басып чыгарылган парсы тилиндеги тафсир китебинде Бакара сүрөсүнүн касиети тууралуу билдирип жатып мындай деген: “Абдуллах бин Ханбал “рахима-хуллаху таала” “Заваид-и Муснад” китебинде жана Хаким менен Байхаки “рахима-хумаллаху таала” “Даъават” китептеринде Убаййубни Каъб “радыйаллаху таала анх” мындай деди: “Пайгамбарыбыздын (саллаллаху алейхи васаллам) алдында отурган болчумун. Бир айылдык киши келди. Бир тууганы катуу ооруп калганын айтты. “Оорусу кандай?” - деп сураганда: “Жин кирген,” - деп айтты. “Бир тууганыңды бул жерге алып кел,” – деди. Бир тууганы келип отурду. Расулуллах (саллаллаху алейхи васаллам) төмөндөгү аяттарды окуп оорулууга үйлөдү. Дароо айыгып, бутка туруп кетти. Ал аяттар: Фатиха, Бакара сүрөсүнүн башынан төрт аят “Ва илахукум”дан баштап, “йаъкылуун”га чейин эки 163 жана 164чү аяттарды, Аятал-курси, “Халидуун”га чейин, Бакара сүрөсүнүн соңундагы “Лиллахи”ден башталчу үч аят, “Ал-и Имран” сүрөсүнүн “Шахидаллаху” деп башталчу жалгыз элүү төртүнчү аяты, “Муминун” сүрөсүнүн “Фа-таъаллаху” деп башталчу жалгыз жүз он алтынчы аяты, Жин сүрөсүнүн “Ва аннаху таъала” деп башталчу үчүнчү аяты, Саффат сүрөсүнүн башындагы он аят, Хашр сүрөсүнүн соңундагы “хуваллаху” деп башталчу үч аят, “Ихлас” жана “Муаввизатайн” сүрөлөрү.” (Сейит Ахмед “рахима-хуллаху таала” ушул аяттарды жыйнаган “Аяти хырз” рисаласын жазган. Аяти хырз – коргоочу аяттар деген маанини билдирип, араб тилинде “Тасхил-ул-манафиъ” дарылануу китебин 1982 жана кийинки жылдардагы Стамбулда басылган нускасынын соңуна толуктоо катары жазылган. Даарат алып, жети истигфар жана он бир салават окуп, оорунун айыгып кетүүсүнө ниет кылып, күн чыккан соң жана асыр намазынан кийин күнүнө эки жолу оорулууга окуп, белги бар жерлерге келгенде оорулууга үйлөө керек, шыпаа таап айыкканга чейин (кырк күнгө чейин) улантуу керек. Ар жолу соңунда бир Фатиха окуп, сообун Пайгамбарыбыздын (саллаллаху алейхи васаллам) жана Бахауддини Бухари, Ахмед Рифаи, Имам Раббанинин рухтарына багыштоо керек. Бир нускасын жазып, (тумар кылып)  өзү менен бирге алып жүрсө сыйкырдан, дубадан, көз тийүүдөн коргойт. Максаты орундалат. 138чи бүлөмдү окуңуз!

“Хизб-ул-бахр” окуу да дарттардан кутулуу үчүн өтө пайдалуу. Муну Абул-Хасан Шазилий даярдаган.)

Дариминин “Муснад” китебинде Абдуллах ибн Масуд “радыйаллаху таала анх” мындай дейт: “Үйдө Бакара сүрөсүнүн башынан “Муфлихун”га чейин беш аят окулган түнү шайтан ошол үйгө кире албайт.”

Кайтыш болгон адам жерге коюлган соң баш тарабында Бакара сүрөсүнүн башын, бут тарабында соңку аяттарын окуу буйрук кылынган. 

("Эй, уулум" илмихалы - уландысы бар...)

Ислам Дини

unread,
Jun 30, 2016, 9:39:58 AM6/30/16
to islamd...@googlegroups.com
Встроенное изображение 1

Өздөрүнө хикмат берилген заттар мындай дешет:

Аллаху таала Рамазан айында орозолууга ифтар бергендин акыретин коргойт. Орозолуу киши канча сооп тапкан болсо ооз ачтырган кишиге да ошончолук сооп берет. Сахабалар мындай дешкен: «Йа, Расулаллах, ар бирибиз баарына ооз ачтыра ала турганчалык бай эмеспиз, анчалык акчабыз жок.» Сүйүктүү Пайгамбарыбыз: «Бир стакан суу бергиле, бир хурма бергиле, жарым стакан сүт бергиле, ошондо да бул соопко жеткиле. Бул айда бир орозолууга суу берген адам Кыяматта эч суусуздук тартпайт», - деди.

Пайгамбарыбыз дагы мындай деген

Аллаху таала менин үммөтүмө эч бир Пайгамбардын үммөтүнө бербеген беш өзгөчөлүк берди.

Биринчиси, бул айда Рамазан шарифтин биринчи түнү орозого турганга Аллаху таала мээрим менен карайт, назар кылат. Жанаб-ы Аллах назар менен караган бир кул эми рахметке жетти, ал үчүн эч бир коркуу жок.

Экинчиси, кечке карай ифтарга жакын ооз жыты пайда болот, Хазрет-и Аллах эң көп жактырган жыт мына ошол жыт.

Үчүнчүсү, Жанаб-ы Аллах периштелерге буйрук кылып мындай дейт: «Бул кулдарым мен үчүн орозого турушту, баарыңар ага дуба кылгыла.» Периштелер күнөөсүз болушкандыктан дубалары кабыл болот.

Төртүнчүсү, Аллах орозо кармагандарга Рамазандык катары Жаннатта бир чоң сарай ихсан кылат.

Бешинчиси, Рамазан шарифтин акыркы түнү Жанаб-ы Аллах бүткүл күнөөлөрдү кечирет. Кийин мусулмандар майрам кылышат.


Ислам Дини

unread,
Jul 1, 2016, 7:28:02 AM7/1/16
to islamd...@googlegroups.com
Встроенное изображение 1

Хадиси шарифте айтылды: “Бир үйдө мына ушул отуз үч аят окулган түнү жырткыч жаныбар жана каракчы, душман таңга чейин жанына, малына зыян тийгизе алышпайт: Бакара сүрөсүнүн башынан беш аят, Аятул курсинин башынан “Халидун”га чейин үч аят, Бакара сүрөсүнүн соңундагы “Лиллахи”ден сүрөнүн соңуна чейин үч аят, “Араф” сүрөсүндөгү “Инна Раббакум”дан “Мухсинин”ге чейин элүү бештен баштап үч аят, “Исра” сүрөсүнүн соңундагы “Кул”дан эки аят, Саффат сүрөсүнүн башынан “Лазиб”ге чейин он бир аят, Рахман сүрөсүндө “Йа маъшаралжин”ден “Фа иза”га чейин эки аят, Хашр сүрөсүнүн соңундагы “Лав анзална”дан сүрөнүн соңуна чейин, Жин сүрөсүнүн башынан “Шатата”га чейин төрт аят.”

Жети жолу Фатиха окуп, дарт, ооруган жерге үйлөнсө шыпаа болот. “Тафсир-и Азизи”ден котормо соңуна чыкты.

Абдуллах Дехлеви “рахметуллахи алейх” жүз он жетинчи катында мындай дейт: “Ар иште Пирани кибардын (улуу пирлердин) арвахи таййибасын (аруу рухтарын) ортомчу кылып, Аллаху таалага жалбарып дуба кылуу керек. (Ал үчүн “Силсиле-и алиййа”ны окуу керек.) Алардын себеби менен Жараткан кулдарынын дин жана дүнүйө максаттарына жеткирет.” “Силсиле-и алиййа” “Сеадет-и эбедиййе” жана “Асхаби Кирам” китептеринде жазылган. Аяти карима менен дубанын таасир этүүсү үчүн окуган адамдын Ахли сүннөт ишениминде болуусу, кул акысынан сактануусу, арам жана жаман нерселерди жебеши жана окулган адамдан акча талап кылбоосу шарт.

(Дары колдонуу, аяти карима жана дуба окуу, дем салуу, жанында алып жүрүү адамдын өмүрүн узартпайт, өлүмгө тоскоол болбойт. Ажалды кечиктирбейт. Өмүрү бүтпөгөндөрдүн дарттарын, ооруларын кетирип, соо, ыракат жана кубанычтуу өмүр сүрүүсүнө себеп болот. Жүрөк алмаштыруу жана мээ, бөйрөк, боорду операция кылуу сыяктуу, прививка, сыворотка өлүмгө тоскоолдук кыла албайт. Өмүрү бүтпөгөндөргө пайдалуу болот. Ажалы жеткен көп оорулуунун операция учурунда каза болгонун билбеген адам жокко эсе. Дубанын кабыл болуусу үчүн суралган нерсенин себептерине жармашуу керек. Аллаху таала бардык нерсени бир себеп менен жаратат. Чара көрүү, себебин табуу керек. Дуба кылган кезде Аллаху таала себепке жеткирет жана себептерге таасир, кубат жаратат. Олуяларга, сүйүктүү кулдарына себепсиз да берет. Бул “Керемет” деп аталат. Себепке жармашпай дуба кылуу – Аллаху тааланын адатына баш ийбестик болуп эсептелет.

Дуба Аллаху тааладан бир нерсе суроо дегенди билдирет. Дуба эки түрдүү болот: 1) Лафзи дуба, 2) Фиъли дуба.

1)                      Лафзи дуба – Аллаху тааладан сөз менен суроо. Мындай дубанын кабыл болуусу үчүн шарттар бар. Бул шарттар – дуба кылган адамдын мусулман болуусу, ыкыластуу болуусу, намаздарды калтырбай окуусу, фасык (күнөөкөр) болбоосу, б.а., харам иш кылбоосу, кул акысы болбоосу сыяктуу шарттар. Ушул шарттарга ээ болбогондордун дубалары кабыл болбойт. Өздөрү кыйынчылык менен жашашат.

2)                      Фиъли дуба – Суралган нерсенин себебине жармашуу. Аллаху таала бардык нерсени бир себеп менен жаратууда. Аллаху тааладан бир нерсе тилеген адамдын ошол нерсенин жаратылуусуна себеп боло турган нерсени кылуусу керек. Мисалы, бир жери ооруп жаткан адамдын ооруну баса турган дарыны колдонуусу керек. Ошол дарыны колдонуу фиъли дуба кылуу болот. Фиъли дубанын кабыл болуусу үчүн себептин таасири анык белгилүү болушу, жакшы билиниши керек. Лафзи дуба менен фиъли дуба бири-бирине туура келбесе, фиъли дуба кабыл болот. Мусулмандын жакшы жана жаиз болгон нерселердин себептерин таап, дуба үчүн ошол себептерди орундоосу керек. Ошол себептер орундалган кезде Аллаху таала суралган нерсени жаратат. Анткени, себептери орундалган нерсени жаратуу – Анын адаты (мыйзамы). Ачка адамдын бир нерсени жеши – фиъли себепке жармашуу жана фиъли дуба кылуу болуп саналат. “Дуба кылгыла, кабыл кыламын” деп айтылуусу фиъли дуба кылууну буйрук кылууда.)


Ислам Дини

unread,
Jul 2, 2016, 7:06:17 AM7/2/16
to islamd...@googlegroups.com
Встроенное изображение 1

123 – Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) мындай деген: “Бир киши келип, Лукман Хаким хазреттеринен:

-  Эй, Лукман! Сен ушул мартабага кантип жеттиң? – деп сурады. Ошондо Лукман хазреттери мындай деп жооп берди:

-  Мен бул мартабага үч нерсе аркылуу жеттим:

1)      Аманат кылынган нерсени ордуна кайтаруу менен,

2)      Чын сүйлөө менен,

3)      Малаяниден (б.а., пайдасыз сөздөрдөн) баш тартуу менен.”

124 –              Му’минун сүрөсүнүн сегизинчи аятында: “Аманаттарды жакшы колдонуп, өз ордуна жумшаган адамды корккондорунан аман кылып, Бейишиме киргиземин”, – деп айтылган.

Түшүндүрмө: Китептин ар түрдүү жерлеринде адамды Аллаху тааланын мээримине жеткире турган дубалар, жакшы амалдар жазылган. Бул амалдар макталууда, орундалуусуна кеңеш берилүүдө. Ал эми унутпашыбыз керек болгон нерсе: Акыретте Аллаху тааланын ырайымына жете алуу үчүн ыйман менен өлүү керек. Куран каримде жана хадиси шарифтерде ачык-айкын билдирилген нерселерге ылайык ыйманы болбогон жана арамдардан сактанууга, Исламдын беш шартын орундоого маани бербеген адам мээримге жете албайт. Ахли сүннөт ишениминде болбогон адам “Бидатчы” деп аталат. Анын жасаган ибадаты сахих болуп, карыздан, азабынан кутула турган болсо да убада кылынган соопторго жете албайт. Акыретте дүнүйөдө жасаган жакшылыктары менен кайрымдуулуктарынын сообуна жете албайт. Дүнүйөдөгү жакшылыктарынын пайдасына жетүүнү каалагандар дароо тообо кылып, ыйманын тууралоосу керек.

125 –              Аллаху таала мындай дейт: “Эй, кулум, мен ачка элем, мени тойгузган жоксуң.” Ошондо кул: “Йа, Раббим! Бүткүл ааламды тойгузуучу сенсиң! Мени сени кантип тойгуза аламын? – деп сурайт. Ошол кезде Аллаху таала айтат: “Баланча кедей кулум ачка болчу, а сен мол ырыскынын арасында сүзүп жүрдүң эле. Ошол кедей кулумду тойгузганыңда менин ыраазычылыгыма ээ болмоксуң!” Дагы Аллаху таала мындай дейт: “Эй, кулум, мен суусаган элем. Мага эмне үчүн суу берген жоксуң?” Кул дагы дал ошентип сурайт: “Йа, Раббим! Бүткүл ааламга суу берүүчү сенсиң, менин сага суу берчүдөй кудуретим барбы?” – дейт. Аллаху таала айтат: “Баланча кулум суусаган эле, эгер анын суусунун кандырганыңда менин сүйүүмө жетмексиң!” Дагы дал ошол сыяктуу кийимсиз калганды кийиндирүү тууралуу суроо-жооп болот. Дагы ошондойчо: “Мен ооруп жатканда менин ал-ахвалымды келип сураган жоксуң,” – дейт. Кул: “Йа, Раббим! Сени мен кантип зыярат кыламын?” - деп сураганда, Аллаху таала айтат: “Баланча кулум ооруп жаткан болчу, аны зыярат кылганыңда ошол жакта менин ыраазычылыгымды тапмаксың.”

 

НИМАТТАРГА ШҮГҮР БӨЛҮМҮ 

126 –     Аллаху таала мындай деди: “Эй, Муса! Кимде-ким берген ниматымды менден билип, өзүнөн деп билбесе, ниматтарымдын шүгүрүн орундаган болот. Бир кулум ырыскысын өзүнүн эмгегинен деп билип, менден билбесе ниматымдын шүгүрүн орундабаган болот.” Адамдарга ылайык болгон нерсе – ар дайым өзүнө берилген ырыскыларды Аллаху тааладан деп билүү. Бул “Хамд кылуу” деп аталат. Жана ушуларды бергендиги үчүн күнү-түнү шүгүр жана тасбих менен тахмид кылуу. Муса алейхиссалам ушул сөздөрдү уккан кезде: “Йа, Раббим! Бардык сөздөрүң – акыйкат”, – деди. 

("Эй, уулум" илмихалы - уландысы бар...)

Ислам Дини

unread,
Jul 3, 2016, 2:14:24 AM7/3/16
to islamd...@googlegroups.com
Встроенное изображение 1

АЙТ МАЙРАМЫНЫН ПАЗИЛЕТИ

 

127 –     Айт күнү үй-бүлөңө, бала-чакаңа жана жакын туугандарыңа жылмайган жүз менен жылуу мамиле кыл! Рамазан айында бөлгөн зекетиңди айт күндөрү кедейлерге бер! Орозо кармай албаган адам фитрасын берет (Файзиййа). (Фитраны бир кишиге жарым саъ буудай деп эсептеп, өзүнүн жана фитра нисабына ээ болбогон жаш балдардын фитрасын буудай менен же анын эсебинче алтын, күмүштү мусулман кедейлерге айттын биринчи күнү айт намазынан мурун бер. Намаздан кийин жана Рамазанда берүүгө да болот. (“Таргибуссалат” жана “Нимат-и ислам” китептеринде мындай деп билдирилет: “Зекет нисабы өлчөмүнө барабар кандайдыр бир мал-мүлкү бар болгон адам бай болуп эсептелет. Айттын биринчи күнү, таң аткан кезде бай болгон адамдын зекет берүүсү важиб болот. Ошол убакыттан мурун кайтыш болгон же кедей болгон кишинин же кийин ыйман келтирген же туулган жана бай болгондун берүүсү важиб болбойт. Мурда ыйман келтиргендин жана кийин кедей болгондун фитра берүүсү керек. Айт намазынан мурун берүү абзел. Нисаб өлчөмүнө ээ болгон соң бир жыл толбой кайрадан кедей болгон адамдын зекет берүү милдети кечирилет. Фитра берүү Шафии мазхабында Рамазандын соңку күнү күн батканда важиб болот.”) Саъ – 8 рытл мержимек алган бир көлөм өлчөмү. Бир рытл – 130 дирхам же 91 мискал. Бир мискал – Ханафиде 4,8 грамм, ал эми Шафииде 3,45 грамм. Жарым саъ буудай Ханафиде 1748 граммга барабар. Шафииде бир саъ – 694 дирхам же 1680 грамм. Шарият боюнча бир дирхам – Ханафиде 14 карат же 3,36 грамм. Шафииде 16,8 карат же 2,42 грамм. Бир карат – Ханафиде 0,24 грамм, Шафииде 0,144 грамм. Бир Османлы алтын – 1,5 мыскал, б.а., 7,2 грамм. Курмандык нисабы фитра нисабы менен бирдей. Бул нисабка мал-мүлктүн бардык түрү жатат.)

128 –              Илим үйрөнүү мажилисине катышуунун артыкчылыгы менен даражасы өтө чоң. Расулуллах (саллаллаху алейхи васаллам) мындай деди: “Кимде-ким дин аалымдарынын жана салихтердин (б.а., Исламдын беш шартын калтырбай орундагандардын) жанына барса, ар бир кадамына Аллаху таала кабыл болгон бир напил ажылык ибадатынын сообун берет. Анткени, аалымдар менен салихтерди Аллаху таала жакшы көрөт. Аллаху тааланын үйү болгондо, бул адам ошол үйдү зыярат кылганда, ошол жагдайда гана бул соопту ала алмак.”

129 -               Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) мындай деди: “Же аалым, же мутааллым (б.а., шакирт) же болбосо ушуларды угуучу бол! (Китептерин оку!) Бул үчүнөн бири болбой төртүнчүсү боло турган болсоң, (б.а., эч бири болбой турган болсоң) куруйсуң.” (Илмихал китебин окубаган адам динин үйрөнө албайт. Динин үйрөнө албаган адамдын дини, ыйманы кетет. Дин душмандарынын жалгандарына алданып, ыйманын жоготот.)

130 –              Бири-бирине таарынышып калгандарды элдештирүүгө аракет кыл! Хазрети Муса алейхиссалам Аллаху тааладан сурады: “Йа, Раббим! Бири-бирине таарынышып калган эки кишини элдештирген жана Сенин ыраазычылыгыңды алуу үчүн зулумдук кылбаган адамга кандай сооп бересиң? Ошондо Аллаху таала мындай деп жооп берди: “Кыямат күнү  аларга саламаттык берип, корккон нерселеринен узак кыламын жана үмүттөнгөн нерселерин беремин.” Риваят кылынгандай, Муса алейхиссаламдан Аллаху таала: “Эй, Муса, сага пайгамбарлыкты берүүмө себеп болгон нерсени билесиңби?” – деп сурады. Муса алейхиссалам: “Жок,” – деп жооп берди. Ошондо Аллаху таала мындай деди: “Сен бир күнү кой кайтарып жүрдүң эле. Ошол кезде бир кой короодон бөлүнүп качып жөнөдү. Сен аны короого кошуу үчүн артынан чуркадың. Кыйла алыс жүрдүң. Сен да, кой да чарчады. Эң акырында койду кармаганыңда койду карап: Эй, кой, өзүңдү да, мени да убара кылып, экөөбүздү тең чарчатуунун кереги бар беле?” - деп айттың. Ал эми ошол кезде катуу чарчаган жана катуу ачууланган элең. Мына ошол ачуулуу жана ызалуу кезиңде ачууңду жеңип, жумшак мамиле кылгандыгың үчүн сага пайгамбарлык мартабасын бердим.”

("Эй, уулум" илмихалы - уландысы бар...)

Ислам Дини

unread,
Jul 4, 2016, 2:07:14 AM7/4/16
to islamd...@googlegroups.com
Встроенное изображение 1

131 –     Кедейлерге мээрим менен мамиле кыл! Байларга байлыгынан улам таваду (карапайымдык) кылба! Дин душмандарын, Ислам динин жактырбагандарды, намаз окубагандарды сүйбө, ошондо Кыямат күнү саламатта болуп, акыреттик бактылуулукка жетесиң.

Бир баланы көргөн кезиңде “Анын күнөөсү жок, менин күнөөм бар. Демек, бул бала менден жогору” деп; ал эми бир кары мусулманды көргөн кезиңде “Ал менден көбүрөөк ибадат кылган, демек, ал менден жогору” деп; бир ислам аалымын көргөн кезиңде “Мен сабатсызмын, анын билими менден көбүрөөк, демек, ал менден жогору” деп; бир сабатсыз нааданды көргөн кезиңде “Ал билбестен күнөө кылып жүрөт. Бирок, мен билип туруп кылып жатамын, ал менден жогорураак” деп; бир капырды көргөндө “Ал дүнүйөдөн ыйман менен кетүүсү мүмкүн. Ал эми менин ыйман менен кетүүм белгисиз. Андай болсо, ал менден жогору” деп ойлоо керек! Мусулмандардын алдында текебер болбосоң Аллаху тааланын алдында чоң даражаларга жетесиң.

132 –     Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам): “Сенден диний жактан төмөн болгондорго караба, анткени, өзүңдү жакшы көрүп, куруйсуң. Диний жактан сенден жогору болгондорду кара, себеби, ал сенден кайырлуу. Мал-мүлкү көп болгондорду караба, болбосо, Аллахтын сага бергенине ачууланган болосуң. Тамагын кыйынчылык менен, маңдай тери менен таап жаткан адамдарды кара, ошондо Аллаху тааланын сага берген ниматына шүгүр кылган болосуң”, - деди.

133 –     Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам)  мындай деген: “Бир адамдын дүнүйөлүгү толук болсо дини кемчиликтүү болот.” (Б.а., дүнүйөлүк лаззаттарга жетүү үчүн Ислам дининин сыртына чыккан адам акырет лаззаттарына жете албайт.) Дагы мындай деген: “Эй, Абу Хурайра! Ислам дининен чыккан адамга туура жолду көрсөт, сабатсыз нааданга илим үйрөт, ошондо сага шейит мартабасы берилет.” (Бала-чакага Ахли сүннөт ишенимин, парздарды, арамдарды үйрөтүү керек, тааныштарга диний китептерди берүү керек.)

134 –     Көп мал-мүлк менен абройго жеткен кезиңде жүрөгүңдү карайтып, Аллаху тааланы унутуп койбо жана мал-мүлкүңө, абройуңа ишенип ибадаттарыңды таштап койбо! Мал-мүлкү аз болгон адам Аллаху тааланы көбүрөк эстей алат жана Ага бекемирээк байланат.

Түшүндүрмө: Мусулманчылыкта көп мал-мүлккө, абройго ээ болуу жаман нерсе эмес. Алкоголдук ичимдиктерди сатуу менен, музыкалык аспаптарды чертүү, ыр ырдоо аркылуу түшкөн жана уурулук, жалган, паракорлук жана пайыз аркылуу жыйналган акчалар аз болсо да, хабис (жаман). Мындай акчаларды колдонуу арам. Адалдан табылган жана зекети берилген мал-мүлк, акча канчалык көп болсо да кайырлуу. Аллаху таала Куран каримде адал болгон мал-мүлктү “Кайырлуу” деп атаган.

Имам Газали “рахима-хуллаху таала” “Кимия-и сеадет” китебинин үчүнчү бөлүмүндө мындай дейт: “Өзүн жана үй-бүлөсү менен бала-чакасын эч кимге муктаж кылбай тургандай өлчөмдө эмгектенип, адалдан акча тапкандарга жихад сообу берилет. Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам)  бир күнү таң соордо отурган болчу. Сахабалардан кубаттуу бир жигит эртелеп дүкөнүнө карай жөнөп баратты. Араларынан бирөө: “Кап, карачы! Ушул жерде Аллах үчүн бираз сизди укпастан өтүп кетти!” – дегенде: “Андай дебе! Эгер өзүн, эне-атасын, жана аялы менен бала-чакасын муктаж кылбоо үчүн кеткен болсо, демек Аллах жолунда. Эгер зыйнат үчүн, бай болуп мусулмандарга мактануу ниетинде болсо, демек Тозок жолунда”, - деди. Бир хадиси шарифте: “Чынчыл соодагер Кыяматта сыддыктар менен, шейиттер менен болот” жана “Аллаху таала кесип ээси болгон мусулманды жакшы көрөт”, - деди.       

Бир адам Ахли сүннөт алымдарынын “рахима-хумуллаху таала” мажилисине кырк күн туруктуу катышып жүрсө, жүрөгү нурданат. Анткени, Ислам дини буйрук кылган илимдер – жүрөктүн нуру. [Илими болбогон адам шайтанга, Ислам душмандарына жана алардын гезиттерине алданат. Ахли сүннөт ишениминде болбогон дин адамдарынын жазгандарын окуган адамдын жүрөгү караят.] Аллаху таала сага көп мал-мүлк берген болсо сен сараң болбо! Дин жолунда жумша! Туура жолдогу мусулмандар жазган туура илмихал китептерин ал да тарат! Жихад сообун аласың. Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) бир күнү: “Эй, Абу Хурайра! Менден кийинки момундардын улугу мына бул адам – Аллаху таала ага мал-мүлк берет, ал болсо жашыруун жана ачык түрдө Аллах жолуна жумшайт жана жасаган жакшылыктарын эч кимге милдет кылбайт”, - деди.


("Эй, уулум" илмихалы - уландысы бар...)

Ислам Дини

unread,
Jul 4, 2016, 4:31:40 PM7/4/16
to islamd...@googlegroups.com
Встроенное изображение 1

Орозо Айтыңыз мубарек болсун!

Урматтуу окурмандарыбызды жана бардык мусулмандарды Рамазан Айт майрамы менен куттуктайбыз! Аллаху таала күнөөлөрүбүздү кечирип, Жаннатын насип кылсын иншаллах! Бүгүн (5-Июль Шейшемби күнү) Рамазан Айты. Бул күнү бардык мечиттерде Айт намаздары окулат. Арап айларынан Шаввал айынын биринчи күнү орозо айты болуп саналат. Орозо айты үч күнгө созулат. Мусулмандар айт күндөрүнө өтө чоң маани беришет. Себеби, бул күндөр - күнөөлөр кечирилген, биримдик жана ынтымак сезимдери ойгонгон, сүйүнүч-шаттык күндөрү!

Айт күнү эрте туруу, гусул алуу, мисвак колдонуу, жыпар жыт себинүү, жаңы жана таза кийим кийүү, жүзүндө кубанычын билдирүү, шакек тагуу, кезигишкен момундарга жарык жүз менен салам берүү, кедейлерге көп садага берүү, Исламиятка туура кызмат кылгандарга жардам берүү, таарынышып жүргөндөрдү элдештирүү, бир тууган, дин бир туугандарды зыярат кылуу, аларга белек алып баруу – сүннөт. Майрам түндөрү ибадат кылган адам чоң бакытка ээ болот. Бир хадиси шарифтин мааниси мындай:

"Айт майрам түндөрү ибадат кылган адамдын көңүлү көңүлдөр өлгөн күнү өлбөйт.” [Таберани]

Рамазан майрамында Айт намазынан мурда таттуу жеш, хурма жеш, хурманы 1,3,5 кылып так санга маани берип жеш - сүннөт. Хадиси шарифте айтылган:

"Аллаху таала бир, бирге маани бергенди сүйөт.” [Бухари]

Майрам күндөрү кубануу керек. Хазрети Абу Бакр кызы Аиша энебиздин үйүнө барганда эки жариянын даф чертип ойноп жатышкандыгын көрөт. Ансар-ы кирамдын каармандыктарын мактап, дастан айтып жатышкан эле. Хазрети Абу Бакр Расулуллахтын үйүндө мындай нерсенин кылынуусунун ылайык эместигин билдирип, аларга токтоткула дейт. Тойлордо жана майрамдарда аялдардын даф чертүүлөрү жаиз болгондугу үчүн Пайгамбарыбыз алейхиссалам Хазрети Абу Бакрга: "Аларга тоскоол болбо! Ар коомдун бир майрамы бар, бул болсо биздин майрамыбыз. Майрам – сүйүнүчтүү күндөр”, - деп буюган. (Бухари)

Таарынычта болгондордун майрамды күтпөстөн дароо элдешүүлөрү керек. Аллаху тааланы жана Пайгамбарыбызды сүйгөн адам адамдардын кемчиликтерине карабайт, аларга карата сабырдуу болот. Жакшы адам [момун адам] алар тараптан келе турчу кыйынчылыктарга дагы чыдайт. Бир кемчилигинен улам эч кимге таарыбоо керек.

Таарыныч болсо дагы үч күндөн артык созулбоосу керек. Эгер майрамга чейин созула турчу таарыныч бар болсо көп кечиктирбестен элдешүү керек. Хадиси шарифтерде айтылган:

"Бири-бириңер менен болгон байланышты үзбөгүлө! Бири-бириңерге аркаңарды салбагыла! Бири-бириңерге кек жана душмандык сактабагыла! Бири-бириңерди кызганбагыла! Эй, Аллахтын кулдары, бир тууган болгула! Бир мусулмандын башка мусулман тууганына таарынып үч күндөн көп алыстоосу адал болбойт.” [Бухари]

"Мусулманга үч күндөн артык таарынып жүргөн адам Жаханнамга кирет.” [Несаи]

"Бири-бирине таарынып жүргөн эки кишиден кайсынысы мурда салам берсе күнөөлөрү кечирилет. Берилген саламды тиги киши кабыл албаса периштелер алат. Салам албаганга болсо шайтан кубануу менен мамиле кылат.” [Ибни Абу Шайба]

"Момун адам момун тууганына үч күндөн артык таарынып жүрүүсү жаиз эмес. Үч күндөн кийин ага салам берип, ал-ахвалын суроосу керек. Анын саламын алса экөө бирге соопко орток болушат. Саламын албай турган болсо күнөөгө кирет. Салам берген адам дагы таарынычта болуунун жоопкерчилигинен кутулган болот.” [Абу Давуд]

"Дин бир тууганы менен бир жыл таарынышып жүргөн адам аны өлтүргөн сыяктуу күнөөгө кирет.” [Абу Давуд]

"Амалдар Дүйшөмбү жана Бейшемби күндөрү Аллаху таалага арыз кылынат. Аллаху таала өзүнө ширк болбогон бардыгын кечирет. Бирок, бул жакшылыктан бири-бирине кек сактаган эки адам пайдалана алышпайт. Аллаху таала: "Ал эки киши элдешкенге чейин амалдарын мага алып келбегиле”, - деп буюрат.” [И. Малик]

"Эки киши бири-бирине таарынычта өлсө Жаханнамды көрбөстөн Жаннатка кирбейт. Жаннатка киришсе дагы бири-бири менен кезигише алышпайт.” [Ибни ХИббан]

Рамазан кеткендиги үчүн эмес күнөөлөрүбүз кечирилгендиги үчүн, чоң сооп жана ниматка жеткендигибиз үчүн майрамдоодобуз. Хадиси шарифте айтылган:

"Майрам күнү эртең менен мусулмандар намаз үчүн мечиттерде жыйналганда Аллаху таала периштелерден: "Ишин орундагандын алчу жообу эмне?” – деп сурайт. "Акысын алуу”, - дешет. Аллаху таала болсо: "Силер күбө болгула, Рамазанда орозолууга жана намаздарга жооп катары кулдарыма өз ыраазылыгымды жана кечиримимди бердим. Эй кулдарым, бүгүн менден тилегиле, иззат жана жамалымдын акысы үчүн тилегендериңерди беремин”, - дейт.” [Байхаки]

Пайгамбарыбыз алейхиссалам: "Рамазан айынын акыркы күнү Аллаху таала орозо кармагандарды кечирет”, - дегенде, Асхабы кирам: "Йа, Расулаллах, ал күн Кадыр түнүбү?” – деп сурашат. Аларга:"Билбейсиңерби, бир иш аткарган кишиге ал ишти бүтүргөндө акысы берилет”, - деди. (Байхаки)

Буларды билген мусулман кантип кубанбасын жана майрамдабасын. Майрамда сүйүнүү керек. Хазрети Абу Бакр кызы Аиша энебиздин үйүнө барганда эки жариянын даф чертип ойноп жатышкандыгын көрөт. Ансар-ы кирамдын каармандыктарын мактап, дастан айтып жатышкан эле. Хазрети Абу Бакр Расулуллахтын үйүндө мындай нерсенин кылынуусунун ылайык эместигин билдирип, аларга токтоткула дейт. Тойлордо жана майрамдарда аялдардын даф чертүүлөрү жаиз болгондугу үчүн Пайгамбарыбыз алейхиссалам Хазрети Абу Бакрга: "Аларга тоскоол болбо! Ар коомдун бир майрамы бар, бул болсо биздин майрамыбыз. Майрам – сүйүнүчтүү күндөр”, - деп буюрду. (Бухари)

Хазрети Али: "Бүгүн орозосу кабыл болгондордун жана күнөөлөрү кечирилгендердин майрамы”, - деген. Хадиси шарифте дагы: "Рамазан айында ичкиликти таштабаган, эне-атасына аси болгон, бир тууганын зыярат кылбаган адамдан башка бардыгынын күнөөлөрү кечирилет”, - деп айтылган. (Гунйа)

Эгер булар тообо кылышса Аллаху таала күнөөлөрүн кечирет. Рамазандагы сооптор билингенде "Аттиң, ар күнү Рамазан болсо” делмек. Хадиси шарифте:"Рамазан айындагы жеке сооптор билингенде жылдын толугу менен Рамазан болуусу кааланмак”, - делген. (Абу Наср)

Күнөөлөрдөн сактанып орозо кармагандар кандай гана бактылуу. Булар чыныгы майрамды акыретте майрамдашат!


Ислам Дини

unread,
Jul 5, 2016, 10:57:46 AM7/5/16
to islamd...@googlegroups.com
Встроенное изображение 1

Зекет качан берилет

Суроо: Зекет качан берилет?

ЖООП

Зекет фарз болгондон кийин берилет. Нисабга жеткен адам бай болгон убагын камерий айга карата бир жерге жазат. Мисалы, 3-Ражабда бай болгон болсо бир жылдан кийин 3-Ражабга келгенде дагы нисаб өлчөмүндө акчасы жана соода мал-мүлкү болсо зекетин берет. Рамазан айын күтпөйт.

Күнү келе электе да зекетин берүүнүн коркунучу жок, өтө жакшы болот, жада калса, келе турчу бир нече жылдын зекетин алдын ала берүу дагы жаиз. Зекетин жаңылыш эсептеп, бир алтын берүүсү керек болгон жерде эки алтын берген адам муну билген кезде экинчи жыл бере турчу зекеттен ушул бир алтынды кемитсе болот.

Зекетти шашылбастан бир жыл ичинде бериш керек деген аалымдар болгону менен тездетип эрте берүү важиб. Себепсиз кечиктирүү макрух болот. Шафии жана Маликиде зекет фарз болгондо дароо берүү фарз. Хадиси шарифте: "Зекет берүүдө шашылгыла!” - деп буюрулду. (Ибни Маже)

Суроо: Зекет Рамазан айында гана берилеби?

ЖООП

Динде ар бир бай болуп эсептелген адамдын зекет берүү айы жана күнү ар кандай болот. Рамазан айын күтпөйт. Эгер Шаввалдын 23дө бай болгон болсо келерки жылдын Шаввалынын 23дө зекет берет. Шавваль айы келе электе Рамазан айында берсе да болот. Бирок, Шавваль айынын 23дө кайрадан мал-мүлкүн эсептейт. Аз берген болсо үстүнө толуктайт. Көп берген болсо артык бергени нафил болот. Б.а., зекетти күнү келе электен мурда берсе да жаиз. Бирок, ошол күн келгенде кайрадан эсептеш керек.

Суроо: Бир устаз: "Зекет бир гана Рамазан айында берилет. Майрамдан мурда бериш керек. Майрамдан кийинкиге таштоого болбойт”, - деди. Зекет күнү толо электер эмне болот?

ЖООП

Бир жаңылыштык бар. Балким фытыр садаканы айткан чыгар. Ар кимдин зекет берүү убактысы ар кандай болот.

Суроо: Мал-мүлкүбүз нисабга жеткенден кийин бир жыл толгондо дароо зекетин берүү жаизби? Бүгүн же эртең зекет берем деп жатып өлсө мурас кылып калтырган мал-мүлкүнөн бериш керекпи?

ЖООП

Зекетти фарз болоору менен дароо бериш керек эмес. Берүүдөн мурда кайтыш болгон болсо мурас кылып калтырган мал-мүлкүнөн берилбейт. Кээ бир аалымдарга карата зекетти кечиктирүү макрух болуп саналат, биринчи мүмкүнчүлүк болор замат берүү керек.
Суроо: Бай болгон күнүбүз белгилүү болбосо, б.а., эстей албасак зекетти качан беришибиз керек?

ЖООП

Кайсы болжол басымдуу ойлонулган (занн-ы галиб кылынган) болсо ошого карап бир убакыт кабыл кылынат. Мындан кийин ошол убакыт негиз кылып кабыл алынат.

Суроо: Нисаб убактым 1-Рамазан. Колумда бар болгон мал-мүлкүм нисаб өлчөмүмдөн ашууда. 1-Рамазан күнү кайсы сааттан тарта зекет мага фарз болот?

ЖООП

Шари күн имсак менен башталат. Имсак убактысынан тарта зекет сизге фарз болот.

Суроо: Зекет бере турган күнү түш ченде акчамды же алтынымды уурдатсам имсак убактысынан кийин зекет берүү мага фарз болгондуктан зекет өлчөмүн кийинирээк колго тийген кезде төлөшүм керекпи?

ЖООП

Жок. Өзүңүз жок кылбагандыктан берүүңүз керек эмес.

Суроо: Зекет күнү келип зекетин бербеген адам кийин кедей болуп, колунда эч акчасы калбаган адамдын зекет карызы кечирилеби?

ЖООП

Мал-мүлктү өзү жок кылса зекет карызы кечирилбейт, акча өзүнөн өзү жок болсо зекет кечирилет. Б.а., мал-мүлктү өзү сарптаса же жок кылса карызы кечирилбейт. Мисалы, биржада акчасын жок кылса же машина, холодильник сыяктуу буюмдарды алып акчасынын бардыгын сарптаса зекет кечирилбейт, зекетин бериши керек болот. Мал-мүлкү уурдалса, жоголсо, өрттөнүп жок болсо же карызга, аманатка берип кайра алалбаса анда зекет бериш керек эмес.


Ислам Дини

unread,
Jul 6, 2016, 4:11:48 AM7/6/16
to islamd...@googlegroups.com
Встроенное изображение 1

135 –     Макулуктардын бардыгына мээримдүү бол! Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) мындай деди: “Жер бетиндеги жандыктарга мээримдүү болгула, асмандагы жандыктар да силерге мээримдүү болушсун. Сыддыктардын белгиси – садага берген кезде жашыруун беришет, бир кыйынчылыкка учураган кезде ызы-чуу салышпайт, эч кимге даттанышпайт, ошол кыйынчылыктын баарын жашырышат жана бир күнөө кылып койгондо артынан дароо садага беришет, күнөөсүнө каффарат болсун деп.”

136 –     Көп сүйлөбө, эч ким менен айтышып-талашпа! Ар дайым унчукпай жүрүүгө аракет кыл, ошондо эки дүнүйөдө тең саламаттык табасың. Аллаху тааланы көп зикир кылсаң жүрөгүң өлбөйт жана шайтанды да жеңген болосуң. Аллаху тааланы көп зикир кылгандардын жүрөгүнө хикмат агат.

137 –     Пайгамбарыбыз (алейхиссалам) Абу Хурайрага “радыйаллаху таала анх” мындай деди: “Кимде-ким Аллаху таалага Нух алейхиссаламдын өмүрүндөй ибадат кылса, бирок, үч касиетке ээ болмоюнча кылган ибадаттарынан бир пайда ала албайт.”

1)      Илими менен амал кылуу.

2)      Жеген тамагынын адал болуусу жана адалды да ысырап кылбоосу. [Бисмиллахсыз союлган мал жана китепсиз капырлардын [мушриктердин] сойгондору – нажис. Буларды жеш арам. Буларды Бисмиллах менен сойгон адам табылса да сатып алынган эттин Бисмиллахсыз союлгандыгы анык белгилүү болмоюнча, жеш адал болот. Балыкчынын мусулман болуусу жана Бисмиллах менен кармоосу шарт эмес.]

3)      Аллахка душман болуудан сактануу. [Ахли сүннөт ишенимин үйрөнбөгөн, ыйманы ошого ылайык болбогон, арамдарды, парздарды билбеген жана ошолорго моюн сунбаган адам Аллаху таалага душман болот.]

Түшүндүрмө: Аллаху таалага душман болуу, б.а., арам иш кылуу адамды дүнүйөдө да, акыретте да балээлерге дуушар кылат. Арамдардын эң чоңу – Ахли сүннөт ишенимин билбөө. Экинчиси – намаз окубоо. Үчүнчүсү – ичкилик ичүү. “Анис-ул-ваизин” китебинин онунчу бөлүмүндө мындай деп билдирилет: “Шарап жана мас кылуучу бардык ичкиликтер арам. Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам): “Шарап ичүү – чоң күнөөлөрдүн эң чоңу жана бардык жамандыктар менен күнөөлөрдүн энеси”, “Бардык жамандыктар бир жерге жыйналган. Ал жердин кулпусу – зина, ачкычы – шарап. Ошондой эле, бардык жакшылыктар бир жерге жыйналган. Ал жердин кулпусу – намаз, ачкычы даарат алуу”, “Аллаху тааланы жакшы көргөн жана Кыяматка ишенген адам ичкилик ичилген жерде отурбасын”, “Шарап жасоо, жүзүмүн сыгуу, ташуу, таратуу, сатуу жана ичүү күнөөдө баары бирге жана алардын намаздарына, орозолоруна, ажылыктарына, зекеттерине жана садагаларына сооп берилбейт. Эгер тообо кылбай турган болушса”, “Хурма шарабы да арам” жана “Жүзүм ширеси таза болуп, өзгөрбөгөн болсо адал болот”, - деди. “Бухари-и шариф” жана “Муслим”де Абу Муса “рахима-хуллаху таала” мындай деген: Балдан жана арпадан жасалган ичкиликтер жана мас кылуучу бардык ичкиликтер арам.” Имам Мухаммед “рахима-хуллаху таала”: “Көп ичкенде мас кылуучу ичкиликтин азы да арам”, -  деген. Фатва да ушул. Башка дары бар кезде ошолорду дары катары ичүү да арам. Дененин сыртына колдонуу жаиз болгону менен булар нажис болот, кургоо аркылуу таза болбойт, жууш керек. [“Ал фыкху алал мазахибил-арбаъа” китебинде мындай деп айтылган: «Мас кылуучу суюктуктардын бардыгы төрт мазхабда тең шарап сыяктуу оор, жаман нажис. Ханафиде ачык алакандын ичине жыйнала тургандан артык өлчөмдө, башка үч мазхабда көрүнө тургандай аз өлчөмдө болсо окулган намаз сахих болбойт. Шафииде жана Ханафинин бир риваятында дары менен атыр жасоодо колдонулган өлчөмү көп болсо да кечирилген болуп, намазга кедерги болбойт.”] Наша, апийим, героин сыяктуу баңгизаттарды лаззаттануу үчүн жеш, ичүү арам. Ал эми дарылануу үчүн жаиз.” Анис-ул-ваизин китебинин сөздөрү соңуна чыкты. 380чи бетти караңыз!


("Эй, уулум" илмихалы - уландысы бар...)

Ислам Дини

unread,
Jul 15, 2016, 5:39:56 AM7/15/16
to islamd...@googlegroups.com
Встроенное изображение 1

«Алтындан багың болсо, күмүштөн жалбырак, Акыры көзүңдү тойгузат бир ууч топурак»

Ошентип, чеги жок материалдык жана руханий берекелерди бизге тартуулаган касиеттүү Рамазан айын да узаттык. Кайра ал айга жетебизбиз же жетпейбизби белгисиз.

Ар өткөн күнүбүз бизди өлүмгө бир кадам жакындатууда. Адам баласы дүнүйөгө келген күндөн тарта ар качан өлүмгө карай жакындайт. Андан качып кутулуу мүмкүн эмес. Бир жерден качууга аракет кылган киши барган сайын андан алыстайт. Бирок, өлүм мунун сыртында, андан канчалык качсак ага карай жүгүргөндүгүбүздү бир күнү өтө жакшы түшүнөбүз...

Өлүмдү эстеген адам ага даярданат. Кабырга кирүүдөн мурда аны кеңейтет, нурлантат.

Өлүмдү эстеген адам бай болсо бой көтөрбөйт, көппөйт, адамдарга төбөдөн карабайт. Күчүнүн жетишинче баарына жардам кылат. Кедей болсо көп кайгырбайт. Кыйынчылыктардын, оорулардын бүтө тургандыгын жана ырахаттыкка жете тургандыгын ойлонот.

Өлүмдү эстеген адам тообосун кечиктирбейт. Өлүмдүн жаш-кары деп айырмалабай тургандыгын билет. Качан, каерде, кантип келе тургандыгы белгисиз. Кээ бир кишилер: «Ушул жашка чыксам тообо кылам, ажылыкка барам, күнөөлөрдөн сактанамын», - дешет. Бирок, эртеңки күнгө жетип-жетпеши белгисиз. Бул кезде өзү ороло турчу кепен токулуп коюлган болушу да мүмкүн! Бул бечаранын андан кабары дагы жок.

Өлүмдү эстеген адам ибадаттарын берилүү, ырахаттануу менен орундайт. Аны менен кабырына кошо кире турчу нерсе – бир гана амалдары. Жакшы өмүр сүргөн болсо амалы сулуу жүздүү адам келбетинде келип өзүн таанытат. Кыяматка чейин сени жалгыз калтырбайм деп ээсин жалгыздыктан куткарат. Жаман өмүр сүргөн кишинин амалы болсо коркунучтуу жаныбар келбетинде келип, кыяматка чейин ага кыйынчылык жана азап тарттырат.

Бир адам канчалык көп сүйүлсө сүйүлсүн эч ким аны менен бирге кабырга кире албайт. Кылган амалы менен жекеме жеке калат.

Өлүмдү эстеген адам мээримдүү болот. Бүткүл жандууларга мээримдүү болуп, жардам берет. Бир күнү Хазрети Аиша энебизге (радыйаллаху анха) бир аял келет. Жүрөгүнүн катуулашып кеткенин айтып арызданып, мындан кутулуунун чарасын сурайт. Ал: «Мунун чарасы – өлүмдү көп ойлоо», - дейт. Бир нече убакыт өтүп баягы аял кайра келип рахматын билдирип, тилегине жеткендигин айтат.

Өлүмдү эстеген адам канаатчыл болот. Кедейликтен кутулат. Канаатчыл болбогон кишинин көзү тойбойт. Дайыма муктаж болот, көзүн бир гана топурак тойгузат. «Алтындан багың болсо, күмүштөн жалбырак, Акыры көзүңдү тойгузат бир ууч топурак», - дешкен экен...

Күнөөлөрдөн тазарып, кубана турчу ушундай бир күндөрдө сиздерге өлүм тууралуу кеп кылдык! Кантели, бул дагы өмүрдүн бир чындыгы. Акылдуу адам ансыз деле өлүмдү эч унутпайт!..

Раббибиз дагы канчалаган касиеттүү Рамазан айларына жана аркасынан келчү ушундай майрамдарга жетүүбүздү насип кылсын. Амин...


Ислам Дини

unread,
Jul 23, 2016, 8:37:59 AM7/23/16
to islamd...@googlegroups.com
Встроенное изображение 1

Адам баласы төрт сыпатта жаратылган

Аллаху таала адамдарды төрт сыпатта жараткан:

Айбандарга таандык сыпаттар: Жеп-ичүү, уктоо, напсинин арзууларын кандыруу сыяктуу...

Жырткыч айбандарга таандык сыпаттар: Кол салуу, тытып-тиштеп өлтүрүү, үстөмдүк орнотуу жана жеңүү арзуусу сыяктуу...

Бул эки сыпат дүнүйө жашоосунда бар. Адам өлгөндөн кийин адамда бул эки сыпат тең жок болот. Өлгөн соң жеп-ичүү, кол салуу, жеңүү деген каалоолордун эч бири калбайт! Өлгөн бир адамда кыймылдоо деген касиет жок болот.

Периштелердин сыпаттары: Ыйман келтирүү, жакшы мүнөздүү болуу, жоомарттык, мээримдүү болуу сыяктуу...

Шайтандардын сыпаттары: Куфур, жаман мүнөз, жалган, сараңдык, таш боор болуу сыяктуу...

Акыркы эки сыпат адамда кала турчу сыпат. Өлгөндөн кийин токтоп калбайт. Кабырда да, акыретте да адам менен бирге болот. Ээсин же жакшылыктарга жеткирет же азап тарттырышат...

Бул эки сыпат бири-бирине карама-каршы күч болуп саналат, дайыма күрөшүп келишет. Алардын күрөш майданы болсо – адамдын жүрөгү (көңүлү). Бул күрөштү баарыбыз аздыр-көптүр сезебиз, ал мындай:

Бир кедейге кезиккен кезде периштелик сыпаттар бизге ага жардам берүүбүздү сунушташат, колубузду чөнтөгүбүзгө салабыз, белгилүү бир өлчөмдө акча берүүнү ойлонобуз. Дароо шайтандык сыпаттар ортого кирип мындай дейт: «Жардам кылба! Эмнеге жардам бересиң, барып иштеп тапсын..!» Ошентип, колубузду чөнтөгүбүздөн тарта баштайбыз. Кайра периштелик сыпаттар кирип: «Иштей алганда иштемек, жумуш таба албагандыгы үчүн ушул абалга түштү. Ага бере турчу акча сенин акчаң. Чөнтөгүңдөгү же кассаңдагы акча сеники болбошу да мүмкүн...»

Кайра колубузду чөнтөгүбүзгө салабыз...

Аңдып турган шайтандык сыпаттар буга мүмкүндүк бербестен дароо кийлигишип: «Бере турган болсоң өтө аз бер! Элдин баарын сен тойгузат белең! Эртең сен да анын абалына түшүп кала турган болсоң сага ким жардам берет?!» - деп бизди ушундай жакшы иштерден алыстатууга аракет кылат...

Күрөшүп жаткан бул эки кубаттан кайсынысын тандоого акылыбыз чечим чыгарат. Акли селим (жетик акылдуу) болгон адам периштелик сыпаттардын тарабында болот. Акли селим болбогон адам шайтандык сыпаттарга моюн сунат. Таба турчу чоң сооптон да куру калат.

Чөнтөгүндө сактап калган акчасы да балким өзү жактырбаган бирөөнө тийет. Эсебин болсо өзүнөн сурашат...

Макалабызды бир Хадиси шариф менен бүтүрөлү: «Канчалык жашасаң жаша бир күнү өлөсүң! Кимди сүйсөң сүй бир күнү андан айрыласың! Эмне кылсаң кыл (же жакшы, же жаман) анын кайтарымын аласың!..»

Ар адам мындан кийинки өмүрүндө мезгил мезгили менен напсин эсепке тартып туруусу керек, эки дүнүйө бакытына жетүүгө себепкер боло турчу нерселерди орундоого аракет кылууну унутпоосу керек.


Ислам Дини

unread,
Jul 27, 2016, 6:55:06 AM7/27/16
to islamd...@googlegroups.com
Встроенное изображение 1

Эгер адам Раббисин тааныбаса

Адам баласы эки нерседен куралган. Бири «рух», бири «дене». Дүнүйөдө өмүр сүрүп жаткан мезгил бою рухубуз денебиздин ичинде бирге болушат. Андай болсо экөөнө тең маани берүүбүз керек. Денебизге көңүл бөлгөндүгүбүз сыяктуу рухубузга көңүл бөлбөйбүз, муну моюнга алышыбыз керек. Рухубухдун азыгы – Улуу Раббибизди таанып, ага моюн сунуу, буйруктарын орундап, харамдарынан сактануу.

Айылда бир киши жумуртка басып жаткан тооктун астына өрдөктүн жумурткасынан бирди кошуп коёт. Мезгили жетип бул жумурткалардан жөжөлөр чыгат. Албетте, тооктун жумурткаларынан тооктун жөжөлөрү, баягы өрдөктүн жумурткасынан өрдөк жөжөсү чыгат. Ошентип, эне болгон тоок жөжөлөрүн ээрчитип жүргөн болот. Үйдүн жанында кичине бир көлмө бар эле. Ошол жерге жакындаганда өрдөк жөжө көлмөнү көрөр замат сууга секирип, сууда сүзө баштайт. Эне тоок «жөжө»сүн сууга түшүп кетти деп ойлоп, аны куткарууга аракет кылат, бирок, сууга кирүүгө батына албай көлмөнүн четинде жаналакет түшүп жаткан болот. Үйдөгүлөр тооктун бул абалын көрүп, жөжөнү суудан чыгарып ал жерден алыс жерге айдап коюшат. Бир нече күндөн кийин кайра эле ушул окуя кайталанып, сууга секирген өрдөк жөжө ырахаттанып сүзүп жүрүүнү уланта берет.

Бул жерде көңүлүбүздү бурдура турчу маселе бар. Биринчиси: бул өрдөктүн баласы сууда сүзүүнү каерден, качан жана кимден үйрөндү?! Эч кимдин сууда сүзгөнүн көргөн эмес, энеси да, калган туугандары да сууга киришпейт. Сууда сүзүү касиети анын фытратында (жаратылышында) бар эле, бирөөнүн ага сууда сүзүүнү үйрөтүүсүнүн кереги жок эле. Ал муну жумурткасынан үйрөнгөн абалда чыккан эле.

Экинчи маселе: бул бала өрдөк эгер ошол сууну таба албаганда, сууда сүзө албаганда өз ичинде чоң боштук, кандайдыр бир жетишпестикти сезмек. Дайым бир нерсе жетишпей, аны издөө ичинде жүрмөк. Бул издеген нерсесинин суу экендигин, анда сүзүп ырахаттыкка бөлөнө тургандыгын балким билмек дагы эмес, бирок, ичиндеги бул кыйынчылык жана изденүүнү өмүр бою өз ичинде алып жүрүүгө мажбур болмок.

Ага дүйнөнүн эң кооз бакчаларын кыдыртсаңыз, эң кооз капаста жаткырсаңыз, өрдөктөр эң жакшы көргөн тамакты жедирсеңиз баары бир аны бактылуу кыла албайсыз. Сууга жеткенде гана ичиндеги бул азабы тынмак. Дал ушул сыяктуу эле адамдарды Раббибиз өз жаратылышы менен жараткан. Адам баласы да Раббисин тааныбаса, аны таба албаса, ага таслим болуп моюн суна албаса тынчтык жана ырахаттыкка жетүүсү мүмкүн эмес. Эң кымбат машиненин ээси болсо, эң кооз үйлөрдө жашаса, эң даамдуу тамактарды жесе-ичсе, баары бир ичинде кандайдыр бир боштук, жетишсиздикти сезмек. Дайым издөө ичинде өмүрүн өткөрүп, бирок, эч качан бактылуу боло алмак эмес.


Reply all
Reply to author
Forward
0 new messages