islamd...@gmail.com |
Бейиште кайгы жана өкүнүү жок
Суроо: "Бейиште кайгы жок, бирок өкүнүү бар”, - деп айтылууда. Бул экөө бири-бирине кайчы эмеспи? ЖООП: Бейиште эч кандай кайгы, кыйынчылык жок болгондой эле, тозоктогулардын өкүнүчү сыяктуу өкүнүч да жок. Бейиште бир өңчөй жашоо да жок. Ойго келбеген көптөгөн нематтар болот жана алардан алына турган зооктор, ырахаттар да дайыма артып турат. Муну дүнүйөдөгү нематтар менен салыштырып түшүнүү мүмкүн эмес. Тозок ээлери: "Каап, биз да ыйман келтирип, Бейиштеги чексиз немат-жакшылыктарга жеткенибизде кана”, - деп капаланышат. Бейиш ээлери болсо: "Көбүрөөк жакшылык, ибадат кылып, мындан да бийик даражаларга жеткенибизде болмок”, - деп тилек кылышат. "Кандай бейкапар болгон экенбиз, Аллахты зикир кылбастан өткөргөн учурларыбыз болгон экен”, - дешет. Эки хадиси шарифтин мааниси төмөнкүчө: "Бейиш ээлери эч нерсеге өкүнүшпөйт. Бир гана Аллахты зикир кылбай өткөргөн убакыттарына өкүнүшөт.” [Хаким] "Кыяматта фасык-салих баары өкүнөт. Фасык фысыкты [күнөөнү] таштап тууралык жана такыбаада болбогонуна, салих болсо көбүрөөк ибадат кылбаганына өкүнөт.” [Фараид-ул фаваид] Падышалардын бири түн ичинде бир жерден өтүп бара жатып аскерлерине: "Бул жердеги таштардан алып алгыла”, - дейт. Кээ бирөөлөр буйрукка баш ийип, аздыр-көптүр ташты алса, кээ бирлери таштын жүгүн эмнеге көтөрүп жүрмөк элем деп албай коюшат. Өз өлкөсүнө келишкенде алар алып алган таштарды карашат, баары асыл таштар болуп чыгат. Албагандар өкүнүп калгандай эле, алгандар эмнеге көбүрөөк албадым экен деп өкүнүп калышат. Көп алгандар болсо эмнеге дагы көбүрөөк албадым деп өкүнүп калышат. Албетте, көп алгандар менен бирөөнү да албагандын өкүнүчү бирдей болбойт. Бейиште барган сайын арткан нематтарга ээ болгон адамдын өкүнүчү да кайгы пайда кылбайт.
Тозокту көрүү
Суроо: Өлгөндөн кийин кайра тирилүүгө, Бейишке, Тозокко ишенбеген, мусулмандарды артта калган деп айтуучу динсиз адамдардын Тозокто кандай азап чегип жатканын акыретте көрүүгө мүмкүнчүлүк барбы? ЖООП: Албетте бар. Мутаффифин сүрөсүндө ыйман келтиргендердин капырлардын тарткан азаптарын жылмаюу менен көрөрүн билдирген аяти карималарынын тафсиринде Хазрети Каб мындай дейт:
"Бейиштен Тозокту көрүүгө мүмкүнчүлүк бар. Бир момун Тозоктогу душманын көргүсү келсе [анын алдында заматта пайда болот, телевизор сыяктуу], душманына берилген азаптарды көрүп сүйүнөт.” [Тибян] |
www.islamdini.kg |