Ооз ачарда
Суроо: Орозону эмне менен ачуу керек? ЖООП: Хурма менен, суу же сүт менен ачуу сүннөт. Булар жок болсо мөмө-жемиш же жашылчалар менен ачууга болот. Мисалы, зайтун менен ачылат. Отто бышкан нерсе менен, мисалы, нан, чай, шорпо менен ачпоо керек. Бир хадиси шарифтин мааниси: "Ифтарды хурма менен ачкыла, анткени, ал - береке. Эгер хурма табылбаса суу менен ифтар кылгыла, анткени, ал - тазалоочу.” [И. Маже] Бул темага байланыштуу башка хадиси шарифтер төмөндөгүдөй: "Пайгамбарыбыз алейхиссалам жаңы бышкан хурма менен ифтар кылчу. Жаңы хурма жок болсо кургатылган хурма менен, ал да жок болсо суу менен ифтар кылчу.” [Тирмизи] "Пайгамбарыбыз алейхиссалам ифтарын сүт менен дагы аччу.” [Даре Кутни] "Пайгамбарыбыз алейхиссалам үч хурма менен же от тийбеген бир нерсе менен ифтар кылчу.” [Абу Йа’ла]
Ифтар дубалары
Суроо: Орозобузду ачып жатканда же ачкандан кийин кандай дуба кылышыбыз керек? ЖООП: Орозо кармаган адамдын өзгөчө ифтарга жакын кылган дубасы кабыл болот. Үч хадиси шариф: "Орозо кармаган адамдын ифтар убактысында кайтарылбай турган бир дубасы бар.” [Ибни Маже] "Орозо кармаган адамдын дубасы кайтарылбайт.” [Тирмизи] "Орозо кармаган адамдын ифтар убактысында кылган дубасын Аллаху таала артка кайтарбайт.” [Бейхеки] Ифтардан мурда Аузу жана Бисмиллах окуп "Аллахумма йа васи’ал-магфирах игфирли ва ли-валидаййа ва ли-устазиййа ва лил-муминина вал муминат йавма йакумулхисаб” деп окулат. Мааниси: "Эй, кечирими кенен болгон Аллахым! Кыямат күнү суракка тартылып жатканда мени, эне-атамды, устазымды, эркек-аял бардык момундарды кечире көр!” Бираз жеп-ичкенден кийин: "Захабаззама’ вабталлатил урук ва саба-тал-ажр иншааллаху таала” – деп окулат жана тамак башталат. Кыскача мааниси: "Ачкалык, суусоо бүттү. Иншааллах сообуна да жеттик.” [Ибни Маже] Пайгамбарыбыз алейхиссалам да төмөндөгүдөй дуба кылчу: "Аллахумма лака сумту ва бика аманту ва алайка таваккалту ва ала рызкыка афтарту, фа такаббал минна. Иннака антас-самиул алим.” [Мааниси: "Эй, Рабби, ыраазылыгың үчүн орозо кармадым. Сага ыйман келтирдим, сага ишенип, таяндым. Ырыскың менен ифтар кылдым, ибадатымы кабыл кыл! Албетте,сен бардык нерсени Угуучу жан Билүүчү затсың.”] (Абу Давуд) Пайгамбарыбыз алейхиссалам бир жамааттын ичинде ифтар кылганда да мындай дуба кылчу: "Дасторконуңарда орозо кармагандар ифтар кылсын, тамагыңарды такыбаа ээлери жесин жана периштелер силер үчүн истигфар кылсын!” [И. Ахмед] |
www.islamdini.kg Диний сурооңуздар үчүн: islamd...@gmail.com |