Аллахты суракка алуу (1)

1 view
Skip to first unread message

islamdini kg

unread,
Sep 8, 2025, 6:44:01 AM (12 days ago) Sep 8
to islamd...@googlegroups.com

 Диний суроолор үчүн
islamd...@gmail.com

Аллахты суракка алуу (1)

 

Суроо: Эгер мусулмандар айткандай Аллахтын бардык нерсеге күчү жетсе, адилеттүү жана ырайымдуу болсо, эмне үчүн күнөөсүз балдарды, күнөөсүз адамдарды ачка калтырат, жер титирөө сыяктуу себептер менен өлтүрөт? Буларга жана жамандыктарга эмне үчүн тоскоол болбойт?

 ЖООП: Бул жерде беш суракка алуу бар: Аллахтын бардык нерсеге күчү жетеби? Адилеттүүбү? Ырайымдуубу? Жамандыктарга эмне үчүн тоскоол болбой жатат? Адамдар эмнеге тең эмес? Ирети менен жооп берели:

 Аллахтын күчү бардык нерсеге жетет.

 Кең асмандарды, асмандардагы планеталарды, жерлерди, деңиздерди, жер астындагы кендерди, муздак-ысык сууларды, сансыз адамдарды, жиндерди, периштелерди, жаныбарларды жана өсүмдүктөрдү, мөмө-жемиштерди ойлоп көрсөк, буларды жоктон ким бар кыла алат? Өзүнөн өзү кокусунан пайда болгонун акыл-эси бар бир да адам айта албайт. Кокусунан пайда болбогондой эле, бардык адамдар чогулуп бир кумурсканы, бир чиркейди, бир арпа, бир буудай данын жарата алышабы? Бир адамды эмес, бир көзүн да жаратышы мүмкүнбү? Адам мынчалык алсыз болуп туруп бардык нерсени жоктон жараткан Аллаху тааланы кантип алсыздык менен күнөөлөй алат?

 Кылымдар бою ысыгы, жарыгы азайбаган жана күн сайын үзгүлтүксүз айланып турган Күндү көрбөй жатышабы? Күн нурунда түрдүү шоолалар бар. Эгер жарык болбогондо көздү колдонуу мүмкүн болот беле? Түстөрдү кантип айырмалоого болот эле? Күн менен түн болмок эмес, бардык жер караңгы болмок. Эгер Күн азыркы ордунан жерге жакыныраак болгондо, ысыктан жер бетинде эч бир жандык жашай алмак эмес. Эгер Күн жерден алысыраак болгондо, сууктан дагы жер бетинде жашоо болмок эмес. Кичинекей бир уруктун ичинде чоң дарактын программасы катылган. Бир спермада чоң адамдын программасы бар. Мындай улуу тартипти акыл-эси жайында бир адам кантип четке кага алат?

 Аллах адилеттүүбү?

 Адилеттүүлүк деген эмне? Адилеттүүлүк сөздүк жагынан бир нерсени өз ордуна коюу дегенди билдирет. Адилеттүүлүк укукта башчынын өлкөнү башкаруу үчүн чыгарган мыйзамдарынын ичинде кыймылдоосу. Зулумдук болсо бул мыйзамдын сыртына чыгуу. Бүт нерсени жоктон жараткан Аллаху таала хакимдердин хакими, бүткүл нерсенин чыныгы ээси жана жалгыз жаратуучусу. Аны мыйзам алдында кармай турган жогорку, Анын үстүндө башчысы, кожоюуну жок. Ошондуктан, "Аллахтын кылган баланча иши адилеттүүлүккө туура келбейт” деп айтууга болбойт.

 Адилеттүүлүктүн дагы бир аныктамасы – жеке менчиги, мүлкү болгон бир нерсени колдонуу дегендик. Зулумдук болсо – башка бирөөнүн мүлкүнө кол салуу. Ааламдагы жана ичиндеги бардык нерсенин жаратуучусу Аллаху таала болгондуктан, Андан башка жаратуучу жок болгондуктан жана эч ким эч нерсеге ээ болбогондуктан, Раббибиз кылган иштер эч кимдин мал-мүлкүнө кол салуу эмес. Анын кылган иштери үчүн "адилеттүүлүккө туура келбейт” деп айтууга болбойт. Мүлк Аныкы, аны өзү каалагандай колдонот. Эч кимдин эч нерсе суроого акысы жок.

 Эгер бир адам өзү өстүргөн картошкасын кайнатып жесе, тамагын жасаса, пюре жасаса, жаныбарларга берсе, бул зулумдук болобу? Башкалардын эмне үчүн картошкага мындай мамиле кыласың деп айтууга акысы барбы? Ар ким өзүнүн мүлкүн каалагандай колдонот. Мал-мүлк кимге таандык болсо ээси да ал. Аалам болсо Аллаху тааланыкы. Аны бир адамдын картошка айдашы менен салыштырууга болбойт. Картошканы адам жоктон бар кылбайт. Аллах жараткан топуракта өсөт. Ага карабастан, анын картошканы каалагандай колдонууга укугу бар. Ал эми Аллаху таала ааламды жана андагы адамдарды жоктон жараткан. Бир адамдын картошканы колдонуу укугу сыяктуу Аллаху тааланын ааламда жана адамдарда тасарруф (колдонуу) укугу жокпу? Албетте бар. Кээ бир жерден кайнаган суу, кээ бир жерден муздак суу чыгарат. Кээ бирөөнү кара, кээ бирөөнү ак кылып жаратат. Кээ бирөөнү узун, кээ бирөөнү кыска кылып жаратат. Кээ бирөөнү сокур, кээ бирөөнү дүлөй кылып жаратат. Кимдир бирөөнү бала кезде өлтүрөт, кимдир бирөөнү карыганда. Мүлк аныкы, "эмнеге минтип жараттың, эмнеге мындай кылып жатасың” дегенге эч кимдин акысы жок. Бул тасарруфтарды башка бирөөнүн мүлкүндө кылса ошондо адилетсиздик болот. Ал өзүнүн мүлкүн колдонууда, башка бирөөнүн мал-мүлкүнө кол салбоодо. Кимдир бирөөнүн айдаган картошкасын пюре жасашына кийлигише албагандан кийин, Аллаху тааланын ишине кийлигишүүгө кимдин акысы болушу мүмкүн? Анын сыңарындай, бир жыландын мени эмнеге жылан кылып жараттың, мени арстан кылып жаратсаң болмок дегенге акысы барбы? Арстандын да эмнеге мени айбан кылып жараттың, мени да адам кылып жаратсаң жакшыраак болмок деп айтууга акысы барбы? Бул ар бир жаныбарга тиешелүү. Чочко, кумурска, чаян, чымын, баары окшош сөздөрдү айта алышмак. Кедей эмнеге мени бай кылбадың деп Аллахтан эсеп суроого аракет кылса, туура болобу? Бир эркек азыр сулуу менен бай бааланат, мени эмне үчүн аял кылып жаратпадың деп айтса орундуу болобу? Ошондой эле аны чочко же ит кылып да жаратышы мүмкүн эле. Бир аял мен күчтүү балбан болууну кааламакмын, мени эмнеге эркек кылып жараткан жоксуң деп айтса, орундуу болобу? Кара адам мени эмне үчүн ак кылып жаратпадың деп айта алабы?  

Бул мисалдарды көбөйтүү, ал тургай эмне болбосун анын терсин айттуу мүкүн. Фермер асыл тукумдагы малдарды бир жерге койсо же ар бирине өзүнчө орун даярдаса же кээ бир асыл тукумдагы жаныбарларды бир сарайга киргизсе, буга кимдин эмне деп айтууга акысы бар? Же өзү каалаган учурда бир козу же бир тоокту союп жесе, буга ким эмне дей алат? Анткени, жаныбарлар анын менчиги, аларды каалагандай багат, каалаганын союп жей алат. Ааламдагы бүткүл нерселер да Аллаху тааланын мүлкү, аны өзү каалагандай колдоно алат. Буга эч ким кийлигише албайт. Эгер башка бирөөнүн мүлкүн колдонсо, ошондо гана адилетсиздик болушу мүмкүн. Эч кимдин жеке ишине кийлигишүүгө болбойт...

(Уландысы бар...)




www.islamdini.kg

Reply all
Reply to author
Forward
0 new messages