Айт намазы кантип окулат? 1. Адегенде: «Ниет кылдым важиб болгон Айт намазын окууга, уюудум даяр болгон имамга», - деп ниет кылып, намазга турулат. Анан «Субханака» окулат. 2. Субханакадан кийин үч жолу такбир кылынып, колдор кулакка көтөрүлөт. Биринчи жана экинчи такбирден кийин колдор ылдый түшүрүлөт. Үчүнчү такбирден кийин колдор киндик астына байланат. Имам алгач Фатиха, анан бир сүрө окуйт, анан чогуу рукуга ийилишет. 3. Экинчи рекетте имам алгач Фатиха жана зам сүрө окуйт. Кийин эки колун үч жолу көтөрүп, ар көтөргөндө такбир айтып эки жагына түшүрөт. Төртүнчү такбир айтканда рукуга барат. |
| Жазылуу учун Mail группасынан чыгуу учун Mail гуруппасынын баракчасы www.islamdini.kg Эгер e-mail адресиңиз сиздин кабарыңыз болбой туруп бул сайтка катталган болсо же сайттан келип жаткан каттарды алууну токтоткуңуз келсе, анда ушул адреске бош кат жибериңиз: islamdini-kg...@googlegroups.com |