islamd...@gmail.com |
Рахмат (ырайым) периштелери (2)
Периштелер кирбеген үйгө шайтан кирет. Шайтан болсо жамандык жасатууга аракет кылат. Эгер рахмат периштелери бир үйгө кирбесе алардын пайдаларынан жана кыла турчу дубаларынан куру калабыз. Хадиси шарифте билдирилген маселелердин кээ бирлери төмөнкүчө: 1 – "Периште кирбеген үйгө шайтан кирет.” Шайтан болсо ар кандай жамандыктарды жасатуу үчүн васваса (жаман ой) берет. [Бул жерлердеги периште – рахмат периштелери.] 2 – "Бир үйгө конок келгенде периштелер дасторкондо үй ээсине дуба кылышат.” [Таберани] Эгер периштелер кирбеген болсо ал дубадан куру калабыз. 3 – Дасторкондо сирке (уксус) жеген адамга периштелер дуба кылышат.” [И. Асакир] Периштелер кирбегенде сирке да желсе дубадан куру калабыз. 4 – "Периштелер сахурга турган адамга дуба кылышт.” [И. Ахмед] Периштелер кирбегенде ошол адам периштелер кыла турчу дубадан куру калат. 5 – Салават айткан адамдын күнөөлөрүнүн кечирилиши үчүн периштелер дуба кылышат.” Эгер периштелер келбесе бул дубадан куру калабыз. 6 – "Аллаху таала зикир кылынган жерлерге периштелер рахмат чачышат.” [Абушшейх] Эгер периштелер кирбесе бул рахматтан да куру калабыз. 7 – "Куранды хатм кылган адамга 60 миң периште дуба жана истигфар кылат.” [Дайлами] Эгер периштелер келбесе бул дубадан куру калабыз. 8 – "Бир адам намаз окуган жерден кеткенге чейин периштелер: "Йа, Раббим, буга рахмат кыла көр!” – деп дуба кылышат.” [Несаи] Эгер периште кирбесе бул дубадан куру калабыз. Эгер рахмат периштелеринин кирүүсүнө тоскоол болгон нерселер бар болсо намазыбыз да макрух болот. 9 – "Периштелер жакшылыкты үйрөткөн адамга дуба кылышат.” [Тирмизи] Эгер периште келбесе бул дубадан куру калабыз. 10 – "Дин боордошунун бир ишин орундаган адамга миңдеген периште дуба кылат.” Эгер периштелер келбесе бул дубадан куру калабыз. 11 – "Төшөккө даараттуу жаткан адам үчүн бир периште таңга чейин: "Йа, Раббим, муну кечире көр!” – деп дуба кылат.” [Хаким] Эгер периште келбесе бул дубадан куру калабыз.
12 – Өлүм алдында жаткан оорулуу бар бөлмөдө периштенин кирүүсүнө тоскоол болгон башка нерсе болбош керек. Момун рухун тапшырып жатканда рахмат периштелерин көрүп, жан берүү азабын сезбейт. Эгер ал жерге рахмат периштелери кирбесе ал адам өлүп жатканда кыйынчылыктарга кабылышы ыктымал. Ошондуктан, рахмат периштелеринин кирүүсүнө тоскоол боло турган нерсе кылбоо керек. |
www.islamdini.kg |