Илимден бир тамчы

72 views
Skip to first unread message

islamdini.kg

unread,
Sep 4, 2013, 12:59:16 AM9/4/13
to islamd...@googlegroups.com

Встроенное изображение 1

Ыйман менен амалдын байланышы (1)

Ахли сүннөт мазхабы боюнча чоң күнөө кылган адамдын ыйманы кетип, капыр болбойт. Күнөө кылган мусулман "фасык” деп аталат. Ишеними, ыйманы туура болгон фасыктар акыретте Тозок азабын тартуусу да, тартпоосу да мүмкүн. Азапка тартылса да, кийин кечирилип, Тозоктон чыгарылат. Исламияттын негизи – Аллаху тааланын бирдигине жана Аллаху тааланын пайгамбары болгон Мухаммед алейхиссаламдын билдирген өкүмдөрдүн, б.а., буйруктары менен тыюуларынын бардыгынын Аллаху таала тарабынан жиберилгенине ишенүү. Б.а., буйруктарды орундоо жана тыюу салынган нерселерди кылбоо ыймандын шарты болбосо да, аларга ишенүү ыймандын шарты болуп эсептелет. Ошондуктан, ыйман келтирбей, мусулман болбогон адам "капыр” деп аталат.

Капырлар канчалык жакшылыктарды кылып, пайдалуу жаңылыктарды ойлоп тапса да, акыретте азаптан кутула алышпайт. Ибадаттар менен бардык кайрымдуу амалдар канчалык жакшы болсо да, аларды жасоо аларга ыйман келтирүүнүн жанында экинчи орунда турат. Негизги нерсе – ыйман. Жакшы амалдар ыймандан кийин келет. Ыйман менен жасалган иштер дүйнөдө да, акыретте да пайдалуу болуп, адамды бакытка жеткизет. Ыймансыз жасалган кайырдуу амалдар адамды дүйнөдө бакытка жеткизүүсү мүмкүн, бирок, акыретте пайдасы болбойт. "Нур” сүрөсүнүн 39-аятында: "Капырлардын дүйнөдө жасаган жакшы иштери (пайдалуу жаңылыктары) чөлдөгү закым сыяктуу. Суусуз калган адам аны алыстан көрүп суу деп ойлойт. Бирок, жанына барса жок болот. Капырлар да кыямат күнү дүнүйөдө жасаган жакшылыктарын закымга айландырган, б.а., жок кылган Аллахты табышат жана Ага эсеп беришет”. Ошондой эле, Ибрахим сүрөсүнүн 18-аятында: "Аллахка ыйман келтирбегендердин жасаган жакшы иштери жел учурган күлгө окшойт. Акыретте ал иштердин эч кандай пайдасын көрбөйт” жана Фуркан сүрөсүнүн 23-аятында: "Кыямат күнү алардын жакшы иштерин биз үчүн жасабагандыктан ким үчүн жасаса ошого карай шашылган шамга айлантабыз” жана Кахф сүрөсүнүн 103 жана кийинки аяттарында: "Эмгектери бошко кеткендер тууралуу айталыбы? Алар дүнүйөдө жакшы иш кылдык деп ойлошот, бирок, алар бош жерге тер төккөн адамдар. Алар Раббилеринин аяттарына жана кыяматта Анын алдына бара тургандыктарына ишенишпеди. Биз да алардын жакшы иштерин жок кылабыз. Жакшылыктары менен жамандыктарын өлчөбөйбүз”,  -деп билдирилгенБул аяты карималар ыйман-амал байланышы тууралуу Ахли сүннөттүн карманган ишениминин туура экендигин көрсөтүүдө. "Ыйман келтиргендер жана жакшы иш кылгандар”, -деген маанидеги (Аср-3) аят менен: "Ыймандуу катарында салих, туура амалдарды кылгандар”, -деген маанидеги (Нур 55) аяты ыйман менен амалдын бөлөк-бөлөк нерселер экендигин көрсөтөт. Эгер амал ыймандын бир бөлүгү болсо, аятта бөлөк-бөлөк айтылбайт болчу. "Хужурат” сүрөсүнүн 9 - аятында: "Момундардын (ыймандуулардын) эки тобу бири-бирилери менен согушса, аларды жараштыргыла”, -деп айтылган. Аллаху таала бул аятта бири-бирилери менен согушуу менен күнөө кылгандарды деп айтты. Андан кийинки: "Момундар – албетте, бир тууган. Бир туугандарыңарды жараштыргыла!” -деген маанидеги аят алардын ыймандуу экендигин көрсөтөт. "Ниса” сүрөсүнүн 47 жана 115- аяттарында: "Аллаху таала ширкти (Өзүнө шерик кошконду), албетте, кечирбейт. Каалаган кулдарынын шерик кошуудан, б.а., ыймансыздыктан башка күнөөлөрүн кечирет”, -деп айтылган. Бир хадиси шарифте: "Жабраил алейхиссалам мага келип, мына бул нерсени сүйүнчүлөдү: Аллаху таалага шерик кошпой, б.а., капыр болбой кайтыш болгон адам зинакорлук кылса да, уурулук кылса да акыры Бейишке барат”, -деп билдирилген.

Жогоруда билдирилген аяттар менен хадистер ыйман менен амалдын бөлөк нерселер экендигин көрсөтүп турат.

Амалдын ыймандын бир бөлүгү экендигин айткан Мутазила тобу менен Харижи тобундагылар далил катары: "Кимде-ким капыр болсо, Аллаху таалага зыяны болбойт. Анкени, Аллаху таала эч нерсеге муктаж эмес”, -деген маанидеги "Али-Имран” сүрөсүнүн 97-аяты менен: "Аллаху таала силерге ыйманды жакшы көрсөтүп, аны жүрөктөрүңөрдө орнотту жана куфурлукту, Аллаху таалага каршы келүүнү жаман кылып көрсөттү”, -деген маанидеги "Хужурат” сүрөсүнүн 7-аятын билдирди. "Али-Имран” сүрөсүнүн 97-аятынан чыгарылган маанини Хазрети Умардын мына бул сөзү менен кубаттайт: "Сыртка кызматкерлерди жиберсем дейм. Мал-мүлкү болуп туруп, ажыга барбаган адамдарды таап, жизйа алдыртайын. Анкени, алар мусулман эмес”. (Түш.: Жизйа – бул мусулман мамлекеттин дини башка жарандарынан ала турган салыктын түрү.) Бирок, аяттагы жана Хазрети Умардын сөзүндөгү "куфур” сөзү ажылыктын фарз экенине ишенбөө дегенди билдирет. Соңку аятта ыйман менен күнөөнүн бири-бирине каршы коюлганы менен ыйманды күнөөнүн карама-каршысы деп ойлобоо керек. Анткени, көрктүү жана көрксүздүк жагынан алганда бири-биринен айырмаланган канчалаган нерселер бир жерде кошулуп келе алат. Бул да ошол сыяктуу. Ушул сүрөдөгү: "Ыйман келтиргенден кийин күнөөкөр болуу кандай жаман нерсе”, -деген аят ыйман жана күнөөлүү болуунун ордун ачык айкын көрсөтөт.

Күнөөкөрлүктүн момундарга (ыймандууларга) жарашпай турган сыпат экендигин билдирет. Бул ыймандуу адамдын күнөөкөр болушу мүмкүндүгүн, күнөө кылуу менен ыйман кетпей тургандыгын, күнөөкөрдүн ыймандуу экенин көрсөтөт. Анткени, нагыз жаман нерсе – ыйман менен күнөөкөрлүктүн бирге болушу. Капырдын күнөөкөрдүгү анчалык жаман нерсе эмес.

Аллаху тааланын бар жана бир экенин жана Пайгамбары аркылуу билдирген өкүмдөрүн кабыл кылган момун, ушул өкүмдөргө моюн сунууда кемчилик кетирсе, ага албетте өкүнөт. Аллах менен Пайгамбарды моюндабай турган жана кылган жакшы иштерин Аллахтын буйругу болгондуктан эмес, башка себеп менен жасаган адам Аллахтын кулу болууну да кабыл кылбайт. Бул экөөнө Аллаху таала, албетте, бирдей карабайт. Мисалы, бир адамдын эки баласы бар. Биринчиси окубайт, эмгектенбейт, эч кимге пайдасы жок. Бирок, атасынын алдында адеп сактайт, каталарын, кемчиликтерин ойлоп, өкүнөт. Атасы бул баласынын кайгысын чегет.

Экинчи баласы өтө аракетчил, шамдагай, адамдарга пайдасы тийген жумуштарды аткаруу менен алектенет. Бирок, бир күнү атасына каршы чыгып, "Сен ким экенсиң ошончолук? Сени тааныбайм!” - деп, оор сөздөрдү айтат. Ошол убакытта жасаган бардык жакшылыктары жок болот. Кайсы ата болбосун мындай опаасыз перзентин кууп жиберет. Анын жалбарып, кечирим суроодон башка чарасы калбайт. Мына, күнөөкөр момун менен капыр ошол эки балага окшош.

Мусулманчылыкка ишенген жана аны жакшы көргөн адамды кемчиликтерине байланыштуу мусулмандыктан чыгарууга болбойт. Ыймандуулук мусулмандыкты кабыл кылуу жана бардык буйруктарына моюн сунууда кемчилик жасаса да, ага урмат көрсөтүү болгондуктан бул Исламияттын негизи деп эсептелет. Амал ыймандын бир бөлүгү болгондо, күнөө кылган ар бир адам капыр болоор эле. Жер жүзүндө мусулман калмак эмес. Хадистерде кээ бир жакшылыктар ыйманга, кээ бир жамандыктар куфурга катыштуу кылып көрсөтүлгөн. Ушундай көрсөтүлүүсү ушул жакшылыктар менен жамандыктардын даражасын көрсөтүү үчүн берилген. Башка аяттар менен хадистердин көмөгү менен алардын ыймандын же куфурдун бир бөлүгү эместигин түшүнүүгө болот. "Уят – ыймандын бир бөлүгү”, "Тазалык – ыймандын жарымы”, "Ыйман бул – намаз”, "Момун киши – адамдар ишенген адам”, "Момун, момун болуп туруп зина кылбайт”, "Момунда бардык мүнөз болушу мүмкүн, бирок, анда саткынчылык менен жалганчылык болбойт”, - деген хадистер ушуга мисал болот. Бул хадиси шарифтер уяттуулук, тазалык, намаз, аманат, ар-намыс, чынчылдык сыктуу касиеттердин адамда кездешүүсү ыймансыздыктай жаман деген салыштырмалуу мисал менен алардын канчалык маанилүү экендигин көрсөтүүдө. Кээ бир амалдар ыйман сыяктуу жогору бааланууда.

Уландысы бар...

Жазылуу учун 

Mail группасынан чыгуу учун 

Mail гуруппасынын баракчасы 

www.islamdini.kg

Эгер e-mail адресиңиз сиздин кабарыңыз болбой туруп бул сайтка катталган болсо же сайттан келип жаткан каттарды алууну токтоткуңуз келсе, анда ушул адреске бош кат жибериңиз: islamdini-kg...@googlegroups.com
header.jpg

islamdini.kg

unread,
Sep 4, 2013, 11:37:11 PM9/4/13
to islamd...@googlegroups.com
Встроенное изображение 1

Ыйман менен амалдын байланышы (2)

Күнөө иштер напсиге жагат. Ыймандуу киши напсине алданып, күнөө кылышы мүмкүн. Бирок, күнөө кылган кезде акылы менен ыйманы аны кыйнайт. Адам акылы менен ыйман келтирет. Напсине жагымдуу келгендиктен күнөө иштерге барат. Ошол себептен ыйман менен напсине берилүүнүн эки башка нерселер экендиги байкалат.

Иштердеги, амалдагы каталыктар, бузукулуктар адамды динден чыгарбайт. Күнөө экендигине ишенбей же маани бербей кыла турган болсо, анда куфур болот жана динден чыгат. "Зуннар” деген поптордун белине байлаган жипти колдонуу же буттарга сыйынуу сыяктуу капырларга таандык, куфурдун белгиси болуп эсептелген иш жүрөктөгү ыйманды кетире турган иш деп кабылданат.

Белге жип байлоо жана бутка сыйынуу сыяктуу иштер Исламда куфурдун белгиси деп саналат. Бир адам башка динге таандык нерсени кылуу аркылуу ошол динге кирген деп эсептелбесе да, ошол динге таандык нерсенин өзүндө көрүнүш бергенин каалаган болуп саналат. Ошондуктан, жүрөгүндөгү ыйманына зыян келет. Имам Азам Абу Ханифа: " Исламга кандай жол менен кирилген болсо – ошол жол менен чыгуу мүмкүн”, - деп айткан. Бул жердеги жол – жүрөктүн ишенүүсү дегенди билдирет. Б.а., жүрөк ыйман келтирсе, мусулман болот. Ыйман кетсе, мусулмандыктан чыгат.

Өзүн мусулман деп эсептеген адам капырларга таандык нерселерди зарыл болбой туруп кылбоосу жана капыр деп эсептелүүдөн качуусу керек. Мусулмандар Исламиятка таандык болгон нерселерди жасаганда шылдың болом деп ойлобошу керек. Сый-урматка ээ боло турганын ойлоп, ошол аракеттерин аброй деп эсептөөсү керек. Ислам аалымдары билдирген нерселердин жүрөктөгү ыйманга эмне катышы бар деп, кайдыгерлик кылбаш керек. Анткени, жүрөктөн бүткүл органдарга тараган жол бар. Ислам дини буйрук кылган нерселер – жакшы нерселер, тыюу салган нерселер – жаман нерселер. Адамдар муну бүгүн түшүнбөсө да бул чындык. Ислам тыюу салган нерселерди жасаган кезде жүрөк караят. Чоң күнөөлөр көп жасалганда, ыймандын жоголуусу мүмкүн.

Ислам дининин билдирген милдеттерин орундоо керек болгондугу сыяктуу алардын милдет экендигине ишенүү да керек. Ушундай ишенген мусулман адам бул милдетти, албетте, жакшы көрүү менен аткарат.

Жүрөктөн ишенүү – Исламияттын негизи болуу менен бирге, амалдардын да эң жакшысы. Расулуллахтан: "Иштердин эң улуусу кайсы?” - деп суралганда: "Аллахка жана Расулуна ишенүү”, -деп, "Амантуну” окуган. Бул хадиси шариф Бухари хадис китебинде жазылган.

Ислам негизинин ыйман экени амалдардын, аракеттердин, ибадаттардын маанилүүлүгүн азайтпайт. Анткени, аракеттердин аткарылуусуна себеп боло турган нерсе – ыйман. Себептин күчтүү болуусу натыйжанын коопсуздугун камсыз кылат. Ыйманы күчтүү мусулман кыймыл аракеттерине (амалдарына) өтө маани берет. Мусулмандар ар бир амал-аракетине, ар бир милдетке ыйман келтирүү керек болгондуктан күнөө кылган адамдар ыйманын жоготуп алуудан коркот. Ал эми, күнөө кетирбеген адам ошол күнөөгө маани бербей: "Эмне болуптур ошончолук?” - десе, капыр болот.

Диндин буйруктарын кабыл кылып, ыйман келтиргенден кийин, аларды жасасаң да, жасабасаң да өзүң билесиң деп эсептөө да жаңылыш. Себеби, аларга маани бербеген адам капыр болот.

Ыйман чын жүрөктөн ишенүү дегенди билдирет. Ага жетүү үчүн алгач илим керек. Илим менен амал эки башка нерселер. Амал илимге өтө муктаж болгону менен, экөө бир нерсе боло албайт.

Аллаху таалага ишенгендиктен эмес, башка себептер менен кылынган жакшы амалдардын, б.а., ыймансыз жасалган иштердин эч кандай пайдасы жок. Амалы, ибадаты жок болсо да ыймандуу болуу өтө баалуу жана пайдалуу. Мусулмандар акыретте азаптарга дуушар болуудан кутулуу үчүн Исламдын өкүмдөрүн орундашат. Дүйнөдө бактылуу болуу да мына ушуга байланыштуу. Амал ыймандын шарты болбосо да, ыймандын толук болушу үчүн шарт. Ыйман бир жагынан илим болуп саналат. Дүйнөдөгү ар бир ийгилик менен бакытты илимден күтүшөт да, бирок, акыретте күчтүү илимге таяна турган ыйман аркылуу адамдын бакытка жете турганына эмне үчүн таң калуу керек? Ушунчалык маанилүү болгон ыйманга кайдыгер кароо туура эмес. Анын жеткизе турган түбөлүк бакытын аз көргөндөр ага кол жеткизе албагандар.

Азыркы учурдагы адамдар дүнүйөлүк пайда үчүн бардык күчтөрүн салып ой жүгүртүп, эмгектенет да, бирок, түбөлүк бакыт менен азаптын алдында тургандарына ишенүүгө маани беришпейт. Аллаху таала адамдарга акыл берди. Аны менен бирге аларга пайдалуу милдеттерди жүктөдү. Буларды кулдарына билдирүү үчүн пайгамбарларды жиберди (алейхимуссалавату ваттаслимат). Адам дүйнөдөгү жашоо күрөшү менен жашоо мыйзамдарын билип ошолорго ылайык аракет кылбай турган болсо, анын зыянын тартат. Ушул мыйзамдарды койгон Аллаху тааланын чоң маанилүүлүк менен билдирген дин жана акырет мыйзамдарын билбегендик, билсе да аларга моюн сунбагандык – албетте, зыяндуу. Дүйнөгө келүү жана өлүмү өз колунда болбогон адам баласынын Аллаху тааланын дүйнө менен акырет мыйзамдарына тил тийгизгенге эч кандай акысы жок. Бир гана ушул мыйзамдарга моюн сунуу аркылуу бакытка ээ боло алат.

Ислам динине ишенбеген адамдар: "Дин дегениң кайдан чыкты? Бейиш менен Тозокту ким көрүп коюптур? Булар байыркы адамдардын жөө-жомоктору, ойлоп тапкан нерселери”, - деп айтышат. Алар табият таануу илимдерин жана Ислам тарыхын ак ниеттүү мугалимдерден окуп түшүнсө, табият таануу илимдериндеги жетишкендиктер жана ачылыштардын Исламдын ишенимдерин бекемдеп, далилдегенин көрө турган болсо, Исламга ишенип, ага берилишмек. Жок дегенде, аны урматташар эле.

Мухаммед пайгамбардын (алейхиссалам) өмүрү тууралуу туура жазылган китептерден окуй турган болсо, анын адамгерчилигине, акылына, жетишкендиктерине таң калаар эле. Жүз миңдеген адамдын Ага чын жүрөктөрү менен берилгендиктери, ага деген сыпайылык сезимдери, жанын анын жолунда курман кылуулары тууралуу жазылган окуялар канчалаган тарых китептеринин миңдеген беттерин толтуруп турат. Бардык илимдердин булагы, көркөм мүнөз менен жакшы амал-иштердин устазы болгон ушундай инсандын Аллахтын Пайгамбары экендиги айдан ачык. Жалгыз өзү ишке киришип, акылы менен, сабырдуулугу менен, үстөмдүү көз карашы менен жер бетиндеги эки чоң мамлекетти (Иран жана Византия) ала турган эр жүрөк, өзүнө жанын курман кылууга даяр элди 23 жыл ичинде калыпташтыруусу жана кайтыш болгондон кийин да кыяматка чейин бардык адамдарды тынчтыкка, бакытка, ак ниеттүүлүккө жеткире турган өзгөрбөс китеп калтыруусу – акылдуу, ынсаптуу адамдардын ыйман келтирүүлөрүнө жетиштүү. Башка мужиза же күбө издөөнүн кажети жок. Ушул улуу Пайгамбардын сөздөрүнө ишенбегендик – тарыхты жана окуяларды жокко чыгаруу дегенди билдирет. Ушундай инсан тууралуу билип туруп, ага ишенбеген адам напсинин кулу болот. Же болбосо, жакшылыкты, эмгекти, жетилгендикти, сүйүүнү, адилеттүүлүктү каалабай турган, өзүн жана адамзаттын бакытын ойлобой турган бузуку адам. Же болбосо, тарыхтан, илимден кабары жок жахил (сабатсыз). Расулуллахтын өмүр-баянын, Ислам дининин буйруктары менен тыюуларын хикматын, пайдасын окуп үйрөнгөн акылдуу адамдын ага дароо ишенип, ага чын жүрөктөн берилүүсү адамдык милдет болуп саналат. Абу Лахаб менен Абу Жахл аны көрүп туруп ишенген жок, Византия императору Геракл менен Иран падышасы Парвиз анын катын окуп туруп ишенген жок. Алардын ага ишенбегендиги – алардын жахил (сабатсыз), акмак, же болбосо, жаман рухтуу, начар жүрөктүү тетири адамдар экенинин белгиси.

Ибадаттын милдет экенине ишенүү ыйманга жатат. Ишенүү башка, амал кылуу башка нерсе. Аларды бири-бири менен чаташтырбаш керек. Ишенип туруп жалкоолук менен кылбаган адам капыр болбойт.

Абдулгани Наблуси (рахимахуллаху таала) мындай дейт: "Ыйман көбөйбөйт да, азайбайт да. Ыймандын күчү артат. Же болбосо, ибадаттардын аз же көп болушу менен ыймандын баркы айртпайт да, кемибейт да. Ыймандын азайып, арта тургандыгын билдирген аяттар менен хадистерден ушундай маани чыгарылган. Бул кабарлар ижтихад кылууга боло турган кабарлар катарында болгондуктан, буга түрдүү түшүндүрмөлөр жасалган. Эч бир аалым башкача түшүндүрмө жасагандарды жамандаган эмес. Ибадаттар ыйманга көркөмдүк берет. Дарактын бутактары сыяктуу деп айтууга болот. Ыйман ибадат кылуу менен артпайт, күнөө кылуу менен азайбайт. Имам Азам Абу Ханифа, Имам Малик, Имам Абу Бакр Ахмед Рази жана башка аалымдар (рахимахумуллаху таала) ушундай дешкен. Анткени, ыйман – толук ишенүү дегенди билдирет. Ал эми, ишенүүнүн азы-көбү болбойт”.

header.jpg

islamdini.kg

unread,
Sep 5, 2013, 11:58:27 PM9/5/13
to islamd...@googlegroups.com
Встроенное изображение 1

Сүйүктүү Пайгамбарыбыздын ысымдары

Суроо: Сүйүктүү Пайгамбарыбыздын көп ысымы бар деп уккан болчумун. Алар кайсылар?

Жооп

Мухаммед алейхиссаламдын төрт жүзгө жакын ысымы "Мавахиб-и ладунниййа” китебинде жазылган. Булардын айрымдарынын мааниси алфавит тартиби менен кыскача төмөндөгүдөй:

Абдуллах: Аллахтын кулу.

Абид: Кулдук кылуучу, ибадат кылуучу.

Адил: Адилеттүү, чынчыл, чынчылдыктан, хактан айрылбаган.

Ажвад: Эң жакшы, эң жоомарт.

Азиз: Абдан улуу, абдан шарапаттуу.

Акрам: Эң шарапаттуу.

Али: Улуу, бийик.

Алим: Билгич.

Аллама: Көп илимдүү.

Амил: Иштөөчү; иш жана аракет адамы.

Амин: Чынчыл жана ишеничтүү.

Ахмед: Эң көп макталган, сүйүлгөн.

Ахсен: Эң сонун.

Башир: Сүйүнүчтүү кабар берүүчү.

Бурхан: Ишеничтүү далил.

Вали: Ээ, жолдош, дос.

Васыл: Кулду Раббине жеткизген.

Вафи: Сөзүнө бекем.

Галиб: Аким жана жогору.

Гани: Бай.

Жаббар: Каар кылуучу, жеңүүчү.

Жавад: Жоомарт.

Заки: Таза, акылдуу.

Закир: Аллахты көп зикир кылган.

Захид: Пайдасыз нерселерден баш тарткан.

Каййим: Карап, көз салып туруучу.

Камар: Ай.

Карим: Өтө жоомарт, өтө шарапаттуу.

Мадани: Шаардык, билимдүү жана тарбиялуу (маданияттуу).

Мажид: Улуу жана шарапаттуу.

Макки: Меккелик.

Мансур: Жеңишке жеткен.

Мархум: Ырайым менен кооздолгон.

Масуд: Бактылуу.

Масум: Күнөөсүз, айыпсыз.

Матин: Мыкты, өзү жана сөзү туура, ишеничтүү.

Махди: Туура жолду көрсөтүүчү, туура жолго баштоочу.

Махмуд: Макталган.

Му’ти: Берүүчү, ихсан кылуучу.

Муаллим: Үйрөтүүчү.

Мубарак: Бакыт алып келүүчү, кайырдуу, берекелүү, пейиздүү.

Мужтаба: Тандалган.

Музаффар: Жеңишке жеткен, жогору.

Мукаррам: Шарапатуу, улуу, урматтуу, урмат-сыйга ээ болгон.

Муктафа: Артынан ээрчилүүчү.

Муктафи: Иктифа кылуучу, канаат кылуучу.

Мунир: Нурданткан, жарык кылуучу.

Мурсал: Элчи кылып жиберилген.

Муртаза: Жактырылган, тандалган.

Муслих: Түзөтүүчү, иретке келтирүүчү.

Мустаким: Туура жолдо болгон.

Мустафа: Өтө арынган, өтө таза.

Мути: Хакка баш ийүүчү.

Мухаммед: Жерде жана көктө өтө макталуучу.

Мушавир: Өзү менен кеңешилген.

Наби: Пайгамбар.

Нажийуллах: Аллахтын сырдашы.

Нажм: Жылдыз.

Назир: Эскертүүчү, коркутуучу.

Наки: Абдан таза.

Накиб: Калктын жакшысы, коомдун эң тандалганы.

Насиб: Асыл, таза тукумдан болгон.

Насих: Насаат кылуучу.

Натык: Сүйлөшүүчү, сөз сүйлөөчү.

Нимат: Жакшылык, бакыт-таалай.

Нур: Жарык, жарыктык.

Рагыб: Каалоочу.

Рази: Кабыл кылуучу, кубануучу.

Расул: Элчи.

Рафи: Көтөрүүчү.

Рахим: Момундарды өтө жактыруучу, мээримдүү.

Рашид: Акылдуу, жетилген, жакшы жолду баштоочу.

Сабир: Сабырдуу, кыйынчылыктарга чыдаган.

Садуллах: Аллахтын ыйык кулу.

Садык: Чынчыл.

Саид: Бактылуу.

Саййид: Мырзы.

Сайфуллах: Аллахтын кылычы.

Салам: Кемчилик жана айыптардан узак.

Салих: Жакшы жана көркөм мүнөздүү.

Саффат: Арылган, тандалган.

Сахиб: Ээ, жолдош; маектеш.

Таййиб: Халал, таза, көркөм, жагымдуу.

Таки: Харамдардан сактанган.

Таха: Курани ккримдеги румуз (жашыруун, сырдуу) ысымы.

Тахир: Өтө таза.

Фадлуллах: Аллахтын ихсаны, жакшылыгы.

Фарук: Хаккты жана батылды айыруучу.

Фаттах: Жолдогу тоскоолдуктарды жойуучу.

Хабиб: Сүйүктүү, өтө жактырылган.

Хади: Туура жолго алып барган.

Халил: Дос.

Халим: Жумшак мүнөздүү.

Халис: Асыл, таза.

Хамид: Хамд кылуучу, мактоочу.

Хаммад: Көп хамд кылуучу.

Ханиф: Акыйкатты бекем кармаган.

Хафыз: Коргоочу.

Шакир: Шүгүр кылуучу.

Шамс: Күн.

Шафи: Шапаат кылуучу.

Ясин: Чыныгы инсан, инсан-и камил (жогору даражалуу инсан).

header.jpg

islamdini.kg

unread,
Sep 7, 2013, 1:41:19 AM9/7/13
to islamd...@googlegroups.com
Встроенное изображение 1

Жалган сүйлөө

Суроо: Жалган сүйлөөнүн динибизде орду кандай?

Жооп

Жалган сүйлөө - чоң күнөө. Бир аяттын мааниси төмөндөгүдөй:

"Жалган сүйлөгөндөр, жалаа жапкандар бир гана Аллаху тааланын аяттарына ишенбегендер. Ошондуктан, алар - жалганчылардын так өзү.” [Нахл сүрөсү 105]

Жалган - күнөөлөрдүн, айыптардын эң жаманыжүрөктөрдү карарткан бардык жамандыктардын башы. Хадиси шарифтерде айтылды:

"Жалган – нифак (мунафыктык, эки жүздүүлүк) эшиктеринин бири.” [Ибни Адий]

"Момун бардык катаны кылышы мүмкүн, бирок, кыянаттык кылышы жана жалган сүйлөшү мүмкүн эмес.” [Баззар]

"Чынчыл болгула, чынчылдык жакшылыкка, жакшылык болсо Бейишке алып барат. Жалгандан сактангыла, жалган фужурга (күнөө), фужур болсо Тозоко алып барат.” [Бухари]

"Сөз менен чыгарылган фитна кылыч менен чыгарылган фитна сыяктуу. Жалган сүйлөө, жалаа жабуу менен чыгарылган фитна кылыч менен чыгарылган фитнадан да жаман.” [Ибни Мажа]

"Базарчылардын көпчүлүгү фажир болушат! Көп ант беришип, күнөөгө киришет жана жалган сүйлөп, соода кылышат.” [Хаким]

"Алдаган адам Тозокто.” [Табарани]

"Жалган жерге ант берүү - чоң күнөө.” [Бухари]

"Кеңеш сураган адамга жалган сүйлөгөн адам ага кыянат кылган болот.” [Ибни Жарир]

"Эң чоң күнөө – жалган жерге ант берүү.” [Бухари]

Пайгамбарыбыз алейхиссалам жалган сүйлөгөн адамдын оозунун бир тарабынан кулагына чейин темир илмек менен жыртыла тургандыгын, башка тарапка өткөндө мурдагы жыртылган тарап жакшы боло тургандыгын, анан жакшы болгон тарап кайрадан жыртылып ушул бойдон кыяматка чейин кабырдын азабын улана тургандыгын билдирген. (Бухари)

Бир жаш жигит Пайгамбарыбызга келип, үч чоң күнөөдөн такыр кутула албай жатканын билдирди. Ал күнөөлөрдүн бири жалган сүйлөө болчу. Пайгамбарыбыз: "Жалган сүйлөөдөн мен үчүн баш тарт!” – деди. Жаш жигит: "Макул”, - деп кетти. Бир күнөө кыла турган кезде: "Эгер бул күнөөнү кылсам Расулуллах сураганда "ооба" десем айыбым билинип калышы мүмкүн. "Жок" десем жалган сүйлөгөн жана убадамды кармабаган болуп каламын”, - деп ойлоду. Калган эки күнөөнү да таштады. (Шир'а)

Улуулар айтышат:

"Уулум, жалган сүйлөөдөн сактан, ал таранчынын эти сыяктуу таттуу болот. Андан аз адам кутулат.” (Локман Хаким)

"Аллахтын жанында эң чоң ката бул – жалган сүйлөө.” (Хазрети Али)

"Жалганчы менен сараң Тозокко кирет, бирок, кайсы бири тереңирээк жерге ташталат, билбеймин.” (Шаби)

"Чындык менен жалган бири экинчисин чыгарып салганга чейин жүрөктө күрөшөт.” (Малик бин Динар)

"Ичи менен сыртынын, сөзү менен кылган ишинин туура келбеши – нифактан. Нифактын негизи болсо – жалган.” (Хасан Басри)

"Сахабалар үчүн жалгандан да өткөн жаман бир нерсе жок болчу. Анткени, алар жалган менен ыймандын бир жерде болбой турганын билишчү.” (Хазрети Аиша)

Суроо: Бирөөнү таарынтпаш үчүн, көңүлүн оорутпаш үчүн, мисалы, башка шаардагы энем ден-соолугумду сураганда оруп жаткан болсом дагы "аябай жакшымын” деп айтамын. Ооруп калганымды айта турган болсом капаланып, тынчсызданууда. "Жакшымын" деп айтсам жаиз болобу?

Жооп

Жаиз болот, күнөө эмес.

Суроо: Бирөө жегенге бир нерсе берип, сураса (же сурабаса да) жактырбаган болсом дагы "абдан сонун болуптур, "ыракмат” деп айтуу жаизби?

Жооп

Жаиз.

Суроо: Ошол маек ал киши жок кезде болуп өтсө, мисалы, ал киши кеткенде бирөө: "Тамак кандай болуптур, жактырдыңбы?” – деп сураганда жактырбаган болсок дагы "ооба, сонун болуптур”, - деп айтуу жаизби?

Жооп

Жаиз.

Суроо: Францияда магистратурада окуймун. Айрыкча намазымды окуй алуу үчүн кээде университетте жалган сүйлөөгө аргасыз болом. Бул жалган жаизби?

Жооп

Франция сыяктуу Ислам менен башкарылбаган жерлерде өзүбүзгө зыяны тийе турган болсо, башкаруучуларга жалган сүйлөө жаиз болот. Намаз окудуң жана окууга кеч калдың, кайда элең деп сураганда бир зыян келе турганы анык болсо жалган сүйлөй алабыз. Бул динибиздин буйругу. Жада калса, аргасыз болуп калганда куфурга себеп болгон сөз да айтылат. Маанилүүсү өзүбүзгө бир зыян келбеши керек.

Мушриктер Хазрети Аммарды, атасын жана энесин (Сумаййа Айымды) кыйнап, кайнак кумга көмүшөт жана үстүнө эт быша тургандай кайнак таштарды бастырып коюшат. Анан "Лат жана Узза буту Мухаммеддин дининен жакшыраак деп айт” деп кыйнашат. Алар андай деп айтпай коюшканда көбүрөөк кыйнай башташты. Биринде Расулу Акрам: "Сабыр кылгыла, эй, Ясер эли! Силерге убада кылынган жер Бейиш”, -деди. Ясерлердин мушриктерден тарткан азаптары тилден тилге дастан болгон. Азап көрбөгөн күндөрү болгон эмес эле. Бир күнү Хазрети Сумаййаны эки төөнүн аркасына байлап, кыйнашып жатышкан эле. Акырында Абу Жахлдын камчыларына чыдай албай шейит болду. Хазрети Ясерди дагы катуу кыйнашып өлтүрүштү. Исламда алгач шейит болгондор ушулар эле. Хазрети Аммар капырлардын кыйноосу менен алардын айткандарын тили менен айтты. Расулу Акрам алейхиссаламга Аммар капыр болду дешти. Пайгамбарыбыз айтты: "Жок ал капыр болбойт. Баштан аяк ыйманга толо.” [Ибни Мажа]

"Аллаху таала ыйманды Аммардын баштан аяк бүт денесине сиңирген болчу. Ыйман анын эти менен канына аралашкан болчу. Хак кайда болсо ал дагы ошол жерде болот. Анын денесинен кандайдыр бир нерсени жеш Тозоко жарашпайт.” [Ибни Асакир]

"Аммар бин Ясер эки жагдайга туш келгенде сөзсүз туура болгонун тандайт.” [Ибни Мажа]

Хазрети Аммарды коё беришет. Пайгамбарыбыз ыйык колдору менен көзүнүн жашын сүртүп, аны сооротту. Бул окуяга байланыштуу Нахл сүрөсүнүн: "Аллахка куфур кылгандарга катуу азап бар. Ал эми, жүрөгү ыйман менен толуп турган абалда [куфурга] мажбур кылынып, тили менен айтууга аргасыз болгондор башка” деген маанидеги 106-аяты түштү. Расулуллах алейхиссалам да Хазрети Аммарга: "Мушриктер дагы кыйнай турган болсо ушунтип айткын”, -деди.

header.jpg

islamdini.kg

unread,
Sep 10, 2013, 12:21:54 AM9/10/13
to islamd...@googlegroups.com
Встроенное изображение 1

Жалган сүйлөө (3)

3 – Эки мусулмандын арасындагы мамиленин бузулуусунун алдын алуу үчүн:

Эки мусулмандын бири-бирине болгон мамилесин бузулуусунун алдын алуу үчүн жалган сүйлөө жаиз болот. Жакшылыкка себеп болгон жалган фитнага себеп болгон чындыктан жакшыраак.

4 – Жубайы менен жакшы мамиледе болуу үчүн:

Жубайлар бири-бири менен жакшы мамиледе болуулары үчүн жалган сүйлөй алышат. Хадиси шарифтерде айтылды:

"Жубайы менен жакшы мамиледе болуу үчүн жалган сүйлөө жаиз.” [Ибни Лал]

"Жубайлар бири-бири менен жакшы мамиледе болуу үчүн жалган сүйлөсө күнөө болбойт.” [Муслим]

Ибни Аркам хазреттери Хазрети Омарга: "Жубайым мени сүйбөйт. Сүйбөгөндүгүн бетиме да айтты. Мындай жубай менен жашагым келбейт”, - деди. Хазрети Омар аялга: "Эмнеге мындай деп күйөөңдүн бетине айттың?” – деп сурады. "Жалган сүйлөбөш үчүн. Же, бул маселеде жалган айтууга уруксат барбы?” – деди. Хазрети Омар: "Албетте, мындай маселеде жалган сүйлөөгө уруксат бар. Бир аял күйөөсүн сүйбөсө да аны таарынтпаш үчүн жалган сүйлөсө күнөө болбойт”, - деп айтты.

5 – Заалымга бир мусулмандын турган жерин билдирбеш үчүн.

6 – Мусулмандын мал-мүлкүн заалымдан коргоо үчүн.

7 – Мусулманды кубантуу үчүн:

Бир досубуз жактырып бир галстук алса же кийим тиктирсе бул бизге жакпаса да: "Бул кийим сизге абдан жарашыптыр”, - деп айтуу жаиз болгон жалганга жатат. Бир мусулманды кубантуу үчүн бир шылтоо издеш керек. Бир хадиси шарифтин мааниси төмөндөгүдөй:

"Фарздан кийин Аллаху таала эң жактырган иш – бир момунду кубантуу.” [Табарани]

Көбүнчө аялдар жасанууга жакын болушат жана кийимдерине көңүл бурушат. Алган бир кийими үчүн: "Бул кийим сага абдан жарашыптыр”, - деп айтуу жалган болбойт. Себеби, динибиз аял менен жакшы мамиледе болуу үчүн жалган сүйлөөнү жаиз көргөн. Айрыкча, ал ылайык болуп турган жакшы сөздү ыраа көрбөй айтпай койуу – акмактык.

8 – Мусулмандын күнөөсүн, сырын жана кемчилигин жашыруу үчүн:

Мусулман бир жаш жигитке жалаа жабылат. Акырында өлүм жазасына өкүм кылынат. Өкүмдүн аткарылышын күтүп турганда өзүнө жалаа жапкандарды жана падышаны оозуна келген бардык сөздөр менен тилдей баштайт. Бул өкүнөрлүк ачуу кыйкыруулар бир канча убакыт уланат. Падыша сарайдан бул кыйкырууларды угуп калат. Бирок, арасы узак болгондуктан эмне айтып жатканын түшүнө албайт.

Падыша эки вазирден бул жигиттин эмне айтып жатканын сурайт. Биринчи вазир: "Падышам бул жигит "Аллах кечиргендерди ардактуу кылат” деген хадиси шарифти айтып жатат жана: "Кечиримдүүлөрдүн жери Бейиш”, - деп айтууда. Сизден аны кечирүүңүздү суранып жатат”, - деди. Бул сөз падышага жагат. "Бул жигитти кечирдим, коё бергиле!” – деди. Экинчи вазир дароо айтат:"Улуу падышам, бул вазириңиз сизге жалган сүйлөп жатат. Жигит кечирим сурап жаткан жок. Сизди тилдеп жатат”.Падыша мындай дейт: "Эй вазир, сен орунсуз чын сүйлөө менен эки кишинин өлүмүнө себеп болгуң келип турат. Бул вазиримдин жалганы болсо бир жанды куткарды. Унутпа маселени чечкен жалган фитнага себеп болгон чындыктан жакшыраак.

Падыша орунсуз чын сүйлөгөн вазирди бошотот, жалган сүйлөп, күнөөсүздү өлүмдөн куткарган вазирди болсо өзүнө баш вазир дайындайт.

9 – Кедейге жакшылык кылуу үчүн:

Биз сатуучу болсок, кедей бирөө келип, товарыбызды жактырып алгысы келип турса бирок кымбат болсо, биз ал товарды миң сомго алган болсок, кедейге биз бул товарды беш жүзгө алдык, жүз сом пайда менен сизге алты жүзгө сатам десек жаиз болот, күнөө болбойт.

10 – Сен чын айтып жатасың деп айтуу:

Жубайлардын бири экинчисине "сен туура айтып жатасың" десе турмуш жакшы болот. Экөө тең "мен туура айтып жатам" десе турмуш болбойт. Экөө тең "сен туура айтып жатасың" десе анда ал ал үй-бүлөөдө илахи махабат башталат. Хадиси шарифте айтылды:

"Аллах ыраазычылыгы үчүн кечирген адамды Аллах көтөрмөлөйт.” [Муслим]

Дагы ушул сыяктуу жагдайларда жалган сүйлөө жаиз. Мисалы, арак ичкен же башка күнөө кылган адамга сен күнөө кылып жатасыңбы деп сураганда жаман үлгү болбош үчүн "жок күнөө кылган жокмун" деп айта алат. Бир хадиси шарифтин мааниси:

"Жаман нерселерди кылган адам аларды сыр сактаганга аракет кылсын!” [Хаким]

Улуулар жалган сүйлөөгө аргасыз болгондо сөздүн маанисин өзгөртүп, туура сүйлөөнү тандашкан. Мисалы, Муаз ибни Жабал хазреттери жумушунан келгенде жубайы: "Ушунча көп иштедиң, зекет чогулттуң, бизге эмне алып келдиң?”- деп сурады. Ал да: "Мага көз салып турган бири бар эле, эч теке алып келе алган жокмун”, - деди. Ал, көз салып турган бири Аллах демекчи эле. Жубайы болсо Хазрети Омар ага көз салып туруу үчүн бирөөнү жиберген турбайбы деп ойлоду. Жубайы Хазрети Омардын үйүнө барып, ачууланып: "Муаз Расулуллахтын жана Абу Бакр Сыддыктын жанында ишеничтүү эле. Сиз эмнеге анын артынан адам жибересиз?” – деди. Хазрети Омар Хазрети Муаздан болуп өткөн окуяны уккандандан соң жубайына бир канча белек жиберди.

Тынбай жалган сүйлөгөндөр

Суроо: Жалган сүйлөө жаиз болгон жерлер бар. Бир адам муну мүмкүнчүлүк деп билип, тынбай жалган сүйлөөдө. Эне-атасына жана башка улууларга карата акылга сыйбаган жалгандарды ойлоп табууда. Кээде жалган сүйлөгөнү билинип калганда "тамашаладым эле” дейт. Жалган динибизде чоң күнөө эмеспи?

Жооп

Жалган сүйлөө Курани каримде да хадиси шарифтерде да чоң күнөө деп билдирилүүдө. Бир аяттын мааниси төмөндөгүдөй:

"Аллахтын аяттарына ишенбегендер гана ушундай жалгандарды ойлоп табышат.” [Нахл сүрөсү 105]

Белгилүү болуп жаткандай жалган сүйлөө ыйманга каршы. Төрт хадиси шарифтин мааниси:

"Жалган – ыйманга каршы.” [Байхаки]

"Жалган эки жүздүүлүктүн белгиси.” [Бухари]

"Ушул үч нерседен бири бар болгон адам намаз окуса да, орозо кармаса да мунафык: жалган сүйлөө, убадасында турбоо, аманатка кыянат кылуу.” [Бухари, Абу Давуд]

"Момунда бардык мүнөз болушу мүмкүн. Бирок, кыянатчы болушу жана жалган сүйлөшү мүмкүн эмес.” [Ибни Аби Шайба, Баззар]

Жалгандын зыяндарына байланыштуу бир канча хадиси шарифтердин маанилери төмөндөгүдөй:

"Жалган – Тозок эшиктеринен бир эшик.” [Хатиб]

"Жалган сүйлөөдөн сактангыла! Себеби, жалган күнөөгө, күнөө болсо Тозокко алып барат.” [Бухари]

"Жалган – ырыскыны азайтат.” [Исфахани, Абушшайба]

"Мусулман мусулмандын бир тууганы. Ага кыянат кылбайт жана жалган сүйлөбөйт.” [Тирмизи]

Күлдүрүү үчүн, тамашалап дагы болсо жалган сүйлөө жаиз эмес. Бир хадиси шарифтин мааниси:

"Адамдарды күлдүрүү үчүн жалган сүйлөгөндөргө өкүнүчтөр болсун!” [Абу Давуд]

Хазрети Абдуллах бин Амир айтат:

Мен бала кезде Расулуллах алейхиссалам үйүбүзгө келген болчу. Ойноп келейин деп кетип жатсам энем мага: "Абдуллах, кел сага бир нерсе беремин”, - деди. Расулуллах: "Ага эмне бересиң?”– деп сурады. Энем: "Хурма беремин”, - деди. Ага байланыштуу Пайгамбарыбыз айтты:

 "Эгер бир нерсе бербей алдоо үчүн айткан болгонуңда жалган күнөөсү жазылмак.” [Шира]

Жалган болбойт

Суроо: Бир нерсени жүз элүү сомго алган адам, жүз сом же элүү сом бердим деп ойлоп, жүз сом бердим десе жалган сүйлөгөн болобу?

Жооп

Жок, жалган сүйлөгөн болбойт; себеби, жүз сом бергендиги жалган эмес. Калган элүү сомду бергенин айтпаган болуп саналат жана жалган болбойт. Дагы ушул сыяктуу он беш хурма жеген кишиден канча хурма жегенин сурашса ал адам он хурма жедим деп айтса жалган сүйлөгөн болуп эсептелбейт; бир гана жеген беш хурманы айтпаган болот. (Ф. Хиндиййа)

Ушул сыяктуу биз сатуучу болсок, бир кедей келип жактырган бир нерсени алгасы келсе бирок, ага кымбат болсо, биз аны миң сомго алган болсок да "Муну беш жүзгө алган элек, сизге алты жүзгө бере алабыз” десек жаиз болот, күнөө болбойт.

Дагы ушул сыяктуу себептер менен кулдун кожоюнуна, атанын баласына же баланын атасына кылган күбөлүктөрү өтпөйт. Мисалы, атасы бир адамга он таяк урган болсо, ал киши атасына беш таяк урган болсо, баласына ант бердирсе, ал дагы "Аллахка ант болсун, бул адамдын атама беш таяк урганын көрдүм” десе туура сүйлөгөн болот, жалган болбойт. Айтканы туура, бирок, сыр сактап, айтпагандары да бар. Башка нерселерди сыр сактап айтпоосу айрыкча маселе. Атасы урган таяк чоң жана калың болушу мүмкүн. Экинчи адамдыкы болсо ичке болушу мүмкүн. Булар суралбаса, күбөлүк кылбаса жалган болбойт.

Суроода дагы ушундай кылдат маселе бар. Бир жактан элүү сом, экинчи жактан жүз сом берген. Бирин айтпай берген жүз сомду айтуусу жалган эмес.

Жалган жерге ант берилбейт

Суроо: Динибизде "Зарылдыктар харамдарды мубах кылат” деген эреже бар болсо дагы С. Абадиййа китебинде: "Зарылдык болсо дагы жалган жерге ант берүү жаиз болбойт. Тариз, б.а., эки маанилүү сөз айтып, ант берүүгө болот”, -деп жазылган. Зарылдыктар харамдарды эмне себептен мубах кылбай жатат?

Жооп

Тариз сүйлөп, бул иштен кутулуунун мүмкүнчүлүгү болуп туруп жалган жерге ант берүү жаиз болбойт. Тариз, б.а., эки маанини билдирген сөз менен айтуу жаиз болот. Мисалы, бир кишинин атасын каракчылар алып кетүүгө келсе, атасы бакта же кошунанын үйүндө болсо: "Аллахка ант болсун, атам үйдө эмес. Ал көбүнчө баланча китепканага барат”, - деп айтса, жалган сүйлөбөгөн болот. Ушинтип, каракчылардан кутулган болот.

header.jpg

islamdini.kg

unread,
Sep 11, 2013, 12:30:04 AM9/11/13
to islamd...@googlegroups.com
Встроенное изображение 1

Ихлас сүрөсүнүн пайдалары

Суроо: Ихлас сүрөсүн окуунун кандай пайдалары бар?

Жооп

Ихлас сүрөсүн [Кул хуваллаху ахад...] окуунун абдан көп пайдалары бар. Хадиси шарифтерде айтылды:

"Ихлас сүрөсүн окуу Курани каримдин үчтөн бирин окууга барабар.” [Бухари]

"Он жолу Ихласты окуган адамга Бейиште бир ак сарай берилет.” [И. Ахмед]

"Жатаар алдында жүз жолу Ихлас окуган адам Бейишке кирет.” [Тирмизи]

"Багымдат намазынан кийин 11 жолу Ихлас окуган адамга Бейиште бир ак сарай берилет.” [Хараити]

"Багымдат намазынан кийин 12 жолу Ихлас окуган адам Курани каримди төрт жолу хатмкылгандын сообун алат.” [Баззар]

"Эртең менен жана кечинде үч жолу Ихлас жана Муаввизатайнды (Фалак менен Нас сүрөлөрүн) окуу балээ жана кыйынчылыктардан коргойт.” [Тирмизи]

"Үйүнө кирип жатып Ихласты окуган адам кедейлик көрбөйт.” [Т. Куртуби]

"Ихласты окуган мусулманга Бейиш важип болот.” [Насаи]

"Бир адам сапарга чыгып жатып 11 жолу Ихлас окуса Аллаху таала сапардан кайтып келгенге чейин анын үйүн коргойт.” [И. Нажжар]

"Арафа күнү [Бисмиллах менен] миң жолу Ихласты окуган адамдын бардык күнөөлөрү кечирилет жана бардык дубасы кабыл болот.” [Абу-ш-шайх]

"Миң жолу Ихлас окуган адам өзүн Аллаху тааладан сатып алган болот.” [Рафии]

"Жума намазынан кийин жети жолу Ихлас жана Муаввизатайнды окуган адам бир жума кырсыктардан, балээлерден жана жамандыктардан коргонот.” [Ибни Сунни]

"Жатаар алдында Фатиха жана Ихлас окуган адам өлүмдөн башка бардын нерсенин зыянынан коргонгон болот.” [Ибни Абдилбар]

"Ушул үч нерсе кимде болсо Бейишке каалаган эшиктен кирет: Кул акысын төлөгөн, ар намаздан кийин 11 жолу Ихлас сүрөсүн окуган, өзүн өлтүргөн адамын кечирип өлгөн адам.” [Барика]

"Жанга, мал-мүлккө, намыска кол салбай, арактан да сактанып, Ихлас сүрөсүн жүз жолу окуган мусулмандын элүү жылдык күнөөсү кечирилет.” [Байхаки]

"50 жолу Ихлас сүрөсүн окуган мусулмандын 50 жылдык күнөөсү кечирилет.” [Дарими]

"Жатаар алдында Фатиха менен Ихласты окуган адам өлүмдөн башка бардык нерседен коргонгон болот.” [Баззар]

"Жума намазынан кийин жети жолу Ихлас, Фалак жана Нас сүрөлөрүн окуган адамды Аллах кийинки жумага чейин жамандыктардан коргойт.” [Ибни Сунни]

Пайгамбарыбыз алейхиссалам бир жери ооруганда Фалак менен Нас сүрөсүн окуп үйлөчү жана ооруган жерин масх кылчу. (Бухари)

Эскертүү: Жогорудагы хадиси шарифтер шартсыз билдирилген. Шартсыз билдирилген бир ибадаттын кабыл болушу үчүн кээ бир шарттар бар:

1 – Мусулман болуу,

2 – Ишеними туура болушу, бидатчы болбоо,

3 – Харамдардан, күнөөлөрдөн сактануу керек. Мисалы, намаз окубоо чоң күнөө.

Суроо: Ихлас сүрөсү болгон Кулхуваллаху ахадды окуган адам Куранды баштан аяк окуп чыккан болобу?

Жооп

Кулхуваллаху ахадды окуу абдан пайдалуу. Хадиси шарифтерде билдирилди:

"Кулхуваллаху ахадды окуган адам Курани каримдин үчтөн бирин окуган болот.” [Тирмизи]

"Элүү жолу "Ихлас” сүрөсүн окуган адамдын элүү жылдык күнөөсү кечирилет.” [Дарими]

Ясин-и шарифти окуунун дагы сообу абдан көп. Хадиси шарифте айтылды:

"Бир жолу Ясинди окуган адам он жолу Курани каримди окугандын сообун алат.” (Тирмизи)

Үч жолу Ихлас сүрөсүн окуган адам Курани каримди хатм кылган сыяктуу сооп алат. Бир жолу Ясин- и шарифти окуган адам он жолу Курани каримди хатм кылган сыяктуу сооп алат. Курани каримди окуган адам дагы хатм сообун алат. Хатмдын сообу башка, хатм кылган сыяктуу сооп алуу башка.

Бир кедей: "Акчам болгондо Аллах ыраазычылыгы үчүн бул жерге бир мечит салдырмакмын”, - деп чын жүрөктөн ниет кылса Аллаху таала ал адамга мечит салдырган сыяктуу сооп берет. Бирок, мечит салдырган адам мечит салдыргандын сообун алат. Б.а., көбүрөөк сооп алат. Мечит салуунун сообу менен мечит салдыруу сыяктуу сооп алуу башка.

Ихлас сүрөсүн үч жолу окуган адам Курани каримди хатм кылган сыяктуу сооп алат. Бирок, Курани каримди баштан аят окуган адам хатм сообун алат.

Суроо: Арафа күнү окула турган 1000 Ихлас шарифти окуп жатканда, намаздардан кийин окула турган 11 Ихлас шарифти окуп жатканда эң башында аузу бисмиллах айтылат, сүрөлөрдүн арасында болсо бир гана бисмиллах айтылат. Бул туурабы?

Жооп

Ооба туура.


header.jpg

islamdini.kg

unread,
Sep 12, 2013, 1:22:17 AM9/12/13
to islamd...@googlegroups.com
Встроенное изображение 1

Көрүстөндө Куран окуу

Суроо: Өздөрүн "салафи" деп атаган айрым жаштар көрүстөндө Куран окуу жаиз эмес деп айтышууда. Көрүстөндө Куран окуу сүннөт эмеспи?

Жооп

Ооба сүннөт. Абройлуу китептерде жазылган маалыматтар төмөндөгүдөй:

Көрүстөндө отуруп Куран окуу жаиз. (Халаби-йи кабир 496-бет)

Ахмед бин Ханбал хазреттери айтты: "Көрүстөнгө киргенде Фатиха, Кул-аузулар жана Ихлас сүрөлөрүн окугула! Сообун маркумдарга багыштагыла! Сообу баарына тиет”. Хадиси шарифте айтылды: "Бир адам көрүстөндөн өтүп баратып 11 жолу Ихлас сүрөсүн окуп, сообун маркумдарга багыштаса өзүнө маркумдардын эсебинче сооп берилет”. (Атфал-ул муслимин – Имам Биргиви)

Көрүстөндө Куран окуу сүннөт. (Саййид Ахмед Тахтави)

Көрүстөндө Куран окуп, сообун маркумдарга багыштоо керек. (Фатава-йы Хиндиййа 5-том, 350-бет)

Көрүстөндө үнүн бийик кылып же акырын үн менен Мүлк сүрөсү же болбосо башка сүрөлөрдү окууга болот. (Захира)

Маркум Курандын үнүн угуп, ыракаттансын деп ниет кылган адам үнүн бийик кылып окуйт. (Ханиййа)

header.jpg

islamdini.kg

unread,
Sep 13, 2013, 12:46:08 AM9/13/13
to islamd...@googlegroups.com
Встроенное изображение 1

Дуба текке кетпейт

Суроо: Аллаху таала Мумин сүрөсүнүн 60-аятында: "Дуба кылгыла, кабыл кылайын”, -деп билдирүүдө. Бирок, мен кылган дубалар дайым текке кетүүдө. Мунун себеби эмнеде?

Жооп

Жок, дуба текке кетпейт. Эки хадиси шарифтин мааниси:

"Раббиңер, албетте, хайа жана керем ээси. Кулдары колдорун көтөрүп бир нерсе сураганда алардын колдорун бош кайтаруудан хайа кылат.” [Тирмизи, Абу Давуд]

"Аллаху таала айтты: "Эй, адам баласы, мага шерик кошпой кулдук кыла турган болсоң амалыңдын жообун беремин. Дуба кылуу сенден, кабыл кылуу болсо менден.” [Табарани]

Аллаху таала: "Дубаңарды кабыл кыламын, колуңарды бош кайтарбаймын”, -деп билдирүүдө. Демек, дуба текке кетпейт. Бирок, биз каалаган нерсе болмоюнча дубабыз текке кетти деп ойлойбуз. Китептерде билдирилет:

Кылган дубаларыбыз менен күнөөлөрүбүз кечирилүүдө, келе турган бир балээ-кырсыктын алды алынган болууда, бир балээ же дарт жок болууда же болбосо дубаларыбыздын себеби менен сооп алуудабыз. Эки хадиси шарифтин мааниси да төмөндөгүдөй:

"Дуба кылган адам үч нерседен куру калбайт: Же күнөөсү кечирилет же дароо тилегенинин акыбетин алат, же болбосо акыретте сооп алат.” [Дайлами]

"Кул бир дуба кылганда тилеги орундалбаса ага бир хасана[сооп]жазылат.” [Дара Кутни]

Кечиккен дубалар да болот албетте. Ал дагы бекеринен эмес. Бир хадиси шарифте билдирилди:

"Момун дуба кылганда Аллаху таала Жабраил алейхиссаламга: "Тилегин дароо орундаба, мен анын үнүн жактырамын”, - деп буюрат. Фажир (күнөөкөр) дуба кылганда: "Мунун тилегин дароо орунда, мен анын үнүн жактырбаймын”, - деп буюрат.” [Ибни Нажжар]

Аллаху таала дубаны кабыл кылууну кечиктирип жаткан болсо демек көп нимат берет. Ошондуктан, шашылып, дубам эмнеге кабыл болбой жатат деп айтпоо керек. Бир хадиси шарифтин мааниси:

"Күнөө болгон бир нерсе үчүн же туугандык байланыштын үзүлүшү үчүн дуба кылмайынча же шашылып: "Дуба кылдым да кабыл болбоду” деп айтмайынча кылынган дуба кабыл болот.” [Муслим]

Суроо: Диний бир сухбаттан чыккан адамдын күнөөлөрү кечирилеби?

Жооп

Эгер ал сухбатта динге каршы нерселер айтылбаган болсо, албетте, күнөөлөр кечирилет. Имам Раббани хазреттери: "Салихлер менен бирге болгон адам ыйманын коргогон болот”, - деп билдирүүдө. Табииндин улууларынан Сабит бин Аслам хазреттери айтат: "Бир мусулман Аллаху таала эстелген жерге тоолордой көп күнөө менен кирсе, чыккан кезде үстүндө кымындай да күнөө калбайт. Момун кыямат күнү Аллаху тааланын алдында турат. Аллаху таала ага: "Эй, кулум! Сен дүнүйөдө мага ибадат кылган кулдарым менен бирге ибадат кылчу белең?” –деп сураганда ал момун: "Ооба, алар менен бирге мен дагы ибадат кылчу элем эй Рабби!” – дейт. Дагы Аллаху таала: "Эй, кулум, дүнүйөдө мага дуба кылып жалбарган жана мени зикир кылып эстеген кулдарым менен бирге сен дагы жалбарып мени эстедиңби?” –деп сурайт. Ал момун дагы: "Ооба, эй Рабби!” – деп жооп берет. Ошентип, Аллаху таала: "Иззатымдын акысы үчүн мени зикир кылып, эстеген ар бир жерде мен да сени эстедим. Кайда дуба кылып, жалбарган болсоң ал дубаңды кыбыл кылдым”, -деп айтат”. Сабит бин Аслам хазреттери төмөндөгү хадиси шарифти билдирди:

"Момундун эч бир дубасы кабыл кылынбай калбайт. Же күнөөсү кечирилет, же кайырлуу натыйжасын көрөт [мисалы, келе турган балээнин алдын алат] же болбосо акыретте натыйжасын көрөт.” [Дайлами]

header.jpg
Reply all
Reply to author
Forward
0 new messages