Бараат түнү маарек болсун!

1 view
Skip to first unread message

islamdini kg

unread,
Feb 2, 2026, 3:32:15 AM (9 days ago) Feb 2
to islamd...@googlegroups.com

 Диний суроолор үчүн
islamd...@gmail.com

Бараат түнү жана анын пазилети

 

Суроо: Бараат түнү качан, мааниси, пазилети кандай жана мындай түндөрү эмнелерди кылуу керек?

ЖООП: Ар жылы Шабан айынын он бешинчи Бараат түнү ошол жылы боло турчу нерселер, амалдар, өмүрлөр, өлүм себептери, көтөрүлүүлөр, төмөндөөлөр, башкача айтканда, бардык нерсе Лавх-и махфузда жазылат. Аллаху таала эч нерсе жаратпастан мурда жарата турган нерселеринин бардыгын каалады. Алардын бир жыл ичинде боло тургандарын ушул түнү периштелерге билдирди. Курани карим Лавх-и махфузга бул түнү түшүрүлдү. Бул кечте ырайымдуулук эшиктери ачылып, дубалар кабыл боло турган төрт түндүн бири. Расулуллах бул түнү көп ибадат жана дуба кылчу. 

Ар жылы Шабан айынын он бешинчи Бараат түнү ошол жылы боло турчу нерселер, амалдар, өмүрлөр, өлүм себептери, көтөрүлүүлөр, төмөндөөлөр, башкача айтканда, бардык нерсе Лавх-и махфузда жазылат. Хадиси шарифте мындай деп буюрулду: "Рахмат (ырайымдуулук) эшиктери төрт түнү ачылат. Ал түндөрдө кылынган дуба кайтарылбайт. Рамазан жана Курман Айттын биринчи түнү, Бараат жана Арапа түнү.” [Исфахани]

"Жабраил алейхиссалам мага келди. "Тур, намаз оку жана дуба кыл. Бул түн Шабандын он бешинчи түнү”, - деди. Бул түндү ибадат менен өткөргөндөрдү Аллаху таала кечирет. Бир гана мушриктерди, сыйкырчыларды, төлгөчүлөрдү, сараңдарды, кекчилдерди, мушахиндерди (ахлибидат), ичкилик ичкендерди, пайыз бергендерди жана зинакордук жасагандарды кечирбейт. [Таберани]

"Бараат түнүн олжо, мүмкүндүк деп билгиле! Анткени, ал – белгилүү бир түн. Шабандын 15-чи түнү. Кадыр түнү өтө кадырлуу болсо да кайсы түн экендиги белгисиз. Бул түнү көп ибадат кылгыла! Антпесе, кыямат күнү өкүнөсүңөр!” 

Жума, Арапа, Айт, Кадыр, Бараат, Мираж, Ашура, Мавлид жана Рагаиб түндөрүндө ибадат кылуу өтө сооптуу. Мухаммед Рабхами хазреттери Рияд-ун-насыхин китебинде мындай деген: «Улуу Ислам аалымы Имам Навави хазреттери Азкар китебинде мындай деген: «Түндүн он эки бөлүгүнөн бир бөлүгүн, башкача айтканда, бир саатчалык ихйа кылуу, башкача айтканда, китеп окуу, намаз окуу, дуба кылуу бардык түндү ихйа кылуу болуп саналат. Жай жана кыш түндөрү да ушундай. » Фыкых китептеринде саат деген сөз бир несе убакыт дегенди түшүндүрөт. Навави Шафии мазхабында мужтахид аалым болуп саналат. Ханафилердин дагы бул түндөрдү ушундай ихйа кылуулары ылайыктуу болот.»

Бараат жана Рагаиб түндөрү мечиттерде жыйналып, жамаат менен намаз окуунун макрух экендиги фыкых китептеринде жазылуу. Макрухту жакшы деп билүү чоң күнөө. Себеби, харамды мубах деп билүү күфүр, макрухту мубак деп билүү болсо андан бир баскыч төмөн. Ушундан бул иштин жамандыгын жакшы түшүнүү керек.

 

Бараат тазага чыгуу дегенди билдирет

 

Суроо: Бараат деген сөздүн мааниси кандай жана адамдын дүнүйөдөгү жана акыреттеги азаптан кутулуу мүмкүнчүлүгү барбы?

ЖООП: Бараат же Бераат деген сөздүн сөздүктөгү мааниси акталуу, күнөөдөн, жазадан кутулуу, бир адамдын тагылган күнөөдөн узак экендигин же айтылган айыптарынын чын мааниде айып эмес экендигинин аныкталуусу дегенди билдирет. Ошону менен катар, Бараат – кутулуунун күбөлүгү деген маанини да билдирет. Пайгамбарыбыз алейхиссалам мындай деген: "Акыретте көптөгөн адам Жаннатка эсепке тартылбастан кирет. Аларга мизан, тараза курулбайт. Аларга берилген барак беттеринде: "Ла илаха иллаллах, Мухаммедун расулуллах. Бул – баланча уулу түкүнчөнүн Жаннатка кирүүсүнүн жана Жаханнамдан кутулуусунун Барааты”, - деп жазылат”.

Абдуллах ибн Умар хазреттери бир күнү Расулуллах алейхиссаламдын алдына келгенинде Пайгамбарыбыз: «Кыямат күнү бардык адамдын Барааты, б.а., кутулуусунун белгиси бардык амалы өлчөнгөндөн кийин берилет. Абдуллахтын Барааты болсо дүнүйөдө берилген»,- деди. Себеби суралганда: «Өзү вара жана такыбаа ээси болгондой эле дуба кылып жатканында: «Йа, Раббим! Менин денемди кыямат күнү ошондой чоң кыла көр, Жаханнамды бир гана мен толтурайын. Ушундайча Жаханнамды адамдар менен толтурамын деген сөзүң орундалган болот, Мухаммед алейхиссаламдын үммөтүнөн эч ким Жаханнамда күйбөсүн», - деп дин боордошторун өз жанынан да көп сүйгөндүгүн көрсөткөн», - деди.

Бир ажылык мезгилинде бир адам Абу Амр аз-Зужажи хазреттеринин жанына келип:

-Ажылыгымды орундадым. Бараатымды бериңиз. Сиздин жолдошторуңуз сизден Бараатымды алууга жиберди, - дегенде, Абу Амр аз-Зужажи хазреттери ал адамдын көңүлүнүн таза экендигин көрөт жана ага адамдардын азил мамиле кылышкандыгын түшүнөт. Ошондо ага Каабанын эшиги менен Хажарул-асвад арасындагы Мултазимди көрсөтүп:

-Тигил жерге барып "Йа, Раббим! Мага Бараатымды бере көр” деп тиле! – дейт. Бираз убакыттан кийин алиги адам колунда бир кагаз менен кайтып келет. Кагазында жашыл түстүү жазуулар менен мына мындай саптар жазылган эле:

"Бисмиллахиррахманиррахим. Бул - баланча уулу түкүнчөнүн Жаханнамдан Бараат (кутулуу) кагазы.”

Ар жылы Шабан айынын 15-чи Бараат түнүндө ошол жылы боло турчу нерселер, амалдар, өмүрлөр, өлүм себептери, көтөрүлүүлөр, төмөндөөлөр, б.а., бардык нерсе Лавхул махфузга жазылат. Имам Раббани хазреттери кайтыш болордон алты ай мурда Шабан айынын 15-чи түнү болгон Бараат түнүн өзүнүн жеке бөлмөсүндө өткөрдү. Ошол түндүн жартысынан кийин аялы отурган бөлмөгө кирип:

-Мырзам, бул түн ажалдар менен амалдар жазыла турчу түн. Ким билет, Аллаху таала кимдин дептерине өлүм, кимдикине өмүр жазды, – дегенинде, Имам Раббани хазреттери:

-Эмнеге тартынып, күмөн менен айтуудасың? Аты дүнүйөдө кала тургандардын тизмесинен өчүрүлгөнүн көргөн адамдын абалы кандай болмок?  - деди. Айткандай эле ошол жылы Имам Раббани хазреттери кайтыш болду




www.islamdini.kg

Reply all
Reply to author
Forward
0 new messages