islamd...@gmail.com |
Периштелерге ишенүү
Ыйман келтирүү тийиш болгон алты нерсенин экинчиси - периштелерге ишенүү. Периште – "элчи”, (кабарчы же күч-кубат) дегенди билдирет. Алар денеден (материядан) турат жана өтө назик болушат. Алар нурдан жаратылган, өмүр сүрүшөт, акылдары бар. Адамдардагы жаман касиеттер периштелерде кездешпейт. Алар бардык түргө кире алышат. Христиандар периштелерди улуу адамдардын денесинен бөлүнүп чыккан рухтар деп эсептешет. Андай ишенүү жаңылыш. Мурдагы философтордун кээ бирөөлөрү аны энергия, газ сыяктуу денесиз нерсе деп эсептешкен. Бул да туура эмес. Периштелер жандуулардын ичинен эң алгач жаратылганы болуп саналат.
Улуу периштелер
Периштелердин бири-биринен үстөмдүктөрү бар. Эң улуулары төртөө: 1- Жабраил алейхиссалам: Милдети - пайгамбарларга вахий жеткирүү, буйрук жана тыюуларды билдирүү. 2- Исрафил алейхиссалам: "Сур” деген кернейди үйлөй турган периште. Сурду эки жолу үйлөйт. Биринчи үйлөгөндө Аллаху тааладан башка жандуу нерселердин бардыгы өлөт. Экинчи жолу үйлөгөндө бардыгы кайта тирилет. 3- Микаил алейхиссалам: Жокчулук, молчулук, арзанчылык сыяктуу экономикалык система куруу, тынчтык орнотуу, бардык нерселерди кыймылга келтирүү милдетин аткарат. 4- Азраил алейхиссалам: Адамдардын жанын алуу кызматын аткарат. Ушул төрт периштеден кийин "хамала-и арш” периштелери деп аталуучу төрт периште бар. Алар кыямат күнү сегиз болот. Мукаррабин, Карубиян, Руханиян аттуу периштелер да бар. Булардын бардыгы – улуу периштелер. Алар пайгамбардан башка бардык адамдардан жогору турат. Мусулмандардын олуялары жана чыныгы салих момундар төмөн саптагы периштелерден жогору турушат. Катардагы периштелер катардагы мусулмандардан жогору турат. Ал эми капырлар болсо жаратылган бүткүл нерседен да төмөн болушат. |
www.islamdini.kg |