islamd...@gmail.com |
Периштелер акылдуу барлыктар (2)
Периштелерде эркектик жана аялдык жок. Мүшриктердин "Периштелер аялдар, алар Аллахтын кыздары” деген сөздөрүнөн кийин Аллаху таала мындай деди: "[Эй, мүшриктер] Раббиңер уул перзенттерди силер үчүн бөлдү да, өзү периштелерди кыз перзенттер кылып алдыбы?! Чынында, силер өтө чоң күнөөлүү бир сөздү айтып жатасыңар.” [Исра, 40] "Мүшриктерден сура: "Кыздар Раббиники да, эркектер алардыкыбы? Биз периштелерди алардын көзүнчө кыз кылып жараттык бекен? Алар анык жалган айтышууда.” [Саффат, 149-151] "Акыретке ишенбегендер периштелерге ургаачылардын аттарын коюп жатышат.” [Нажм, 27] Бедир жана Хунейн согуштарында периштелер көмөккө келишкен эле. Эки аяти кариманын мааниси: "Ошол кезде [Бедирде] момундарга: "Раббиңердин үч миң периштени түшүрүп, силерге көмөк берүүлөрү жетпейби? – деп жаткан элең.” [Ал-и Имран, 124] "Силер Раббиңерден жеңиш үчүн жардам сурап жаттыңар эле. Ал да "удаама-удаа келүүчү миң периште менен силерге жардам берүүдөмүн”, - деп дубаңарды кабыл алды.” [Анфал, 9] Согушка катышып, душманга каршы согуша алышууда. Буларды кантип акылсыз, аң-сезимсиз деп айтууга болот? Расулуллах алейхиссаламдын жардамчыларынын периштелер экендиги билдирилүүдө: "Анын досу жана жардамчысы – Жабраил жана салих момундар. Мындан башка периштелер да анын жардамчылары.” [Тахрим, 4] Хадиси шарифтерде да периштелердин акылдуу экендиги билдирилген. Үч хадиси шарифтин мааниси: "Жандуу нерсенин сүрөтү, ит жана жунуп адам болгон жерге ырайым периштелери кирбейт.” [Насаи] "Сарымсак, пияз жеген адам мечитибизге келбесин. Анткени, адамдар ыңгайсыз болгон нерселерден периштелер да ыңгайсыз болот.” [Табарани] "Жылаңач турбагыла! Бир гана жимада жана ажатканада силерден алыстаган хафаза периштелеринен уялгыла жана аларга урмат-сый көрсөткүлө!” [Тирмизи] Демек, периштелер үйлөргө ырайым үчүн келе алышат жана эгер үйдө жунуп адам бар болсо биле алышат. Бул жөнөкөй иш эмес. Адамдарга ыңгайсыз болгон жагымсыз жыттар да алардын тынчын алышы мүмкүн жана алардын жанында жылаңач туруу туура эмес. Эгер алар роботтордой болсо, эмне үчүн жунуп, жаман жыттан ыңгайсыз болушат? Эмне үчүн алардан уялыш керек жана эмне үчүн аларга урмат-сый көрсөтүүгө буюрулсун? Бир аяти кариманын мааниси төмөңкүдөй: "Же алар [мүшриктер] жүрөктөрүндө сактаган нерселерди жана шыбыраган добуштарын укпайбыз деп ойлошобу? Жок, бир угуудабыз, алардын алдындагы элчилерибиз [периштелер] да жазууда.” [Зухруф, 80]
Амалдарыбызды байкап, жазып алган жана кабырында адамды суракка алган периштелерге алардын акылдуу жана илимдүү экенин көрсөткөн далилдерге карабастан, алар акылсыз, робот сыяктуу барлыктар деп айтуу абдан жаңылыш жана күлкүлүү. |
www.islamdini.kg |