islamd...@gmail.com |
Ибадатты жашыруу Суроо: Нафил ибадаттарды адамдарды шыктандыруу үчүн парздар сыяктуу ашкере түрдө орундоо туура болобу? Жооп: Рия, башкача айтканда, элге көргөзүп мактануу деген коркунуч жок болсо адамдарды шыктандыруу максатында нафил ибадаттарды ашкере орундоо жаиз болот. Эгер рия коркунучу бар болсо же рияга жол ачуу мүмкүн болсо нафил ибадаттарды жашыруун кылуу керек. Ислам аалымдары "Кандайдыр бир кайрымдуулуктун жасалуусуна жол көрсөткөн адам аны жасагандай болот" деген ыйык хадисине ылайык садаканы ашкере түрдө берүүнүн, жакшылыкты ашкере кылуунун эки эсе сооптуу экендигин айтышкан. Биринчиси – садаканын сообу, экинчиси – адамдарды ошого шыктандыруунун сообу. Бир хадиси шарифте айтылат: "Садаканы жашыруун берүү ашкере берүүдөн жакшыраак, бирок, үлгү болуу, адамдарды садакага шыктандыруу үчүн ашкере түрдө берилген садака жашыруун берилгенден жакшыраак." (Дайлами) Рия болуп калуу коркунучу бар болсо садаканы жашыруун берүү сооптуураак. "Йа, Расулаллах, кандай садака баалуураак?" – деп сурашты. Пайгамбарыбыз(саллаллаху таала алейхи васаллам): "Аз мал-мүлктөн жашыруун берилген садака", - деп жооп берип: "Эгер садаканы ашкере түрдө берсеңер жакшы болот, жашыруун берсеңер силер үчүн кайырлуураак", - деген ыйык аятты окуду. (Табарани) Имам Раббани хазреттери айткан: "Парздар орундалганда рия аралашпайт. Ал эми, нафил ибадаттарда элге көргөзүп мактануу деген ой көп болот. Ошондуктан, зекетти ашкере берүү керек. Нафил садаканы болсо жашыруун берүү керек, ошондо кабыл болуу ыктымалы көбүрөөк болот." (2/82) Курани каримде төмөндөгүчө мааниде айтылат: "Жашыруун садака жакшыраак." (Бакара, 271) "Раббиңерге жалбарып, купуя түрдө, үнсүн дуба кылгыла!" (Аъраф, 55) "Раббиңди ашкере кыйкырбай зикир кылгын!" (Аъраф, 205) Хадиси шарифтерде төмөндөгүчө мааниде айтылат: "Аллахты купуя түрдө зикир кылгыла!" (Ибн Мубарак) "Хафаза периштелери укпаган зикир уккан зикирден 70 эсе баалуураак." (Байхаки) "Кыяматта Аллаху таала коргой турган жети кишинин бирөөсү оң колу бергенин сол колу билбей тургандай садаканы жашыруун берген киши." (Бухари) "Жашыруун берилген садака – Аллаху тааланын каарын кайтарат." (Байхаки) "Садаканы жашыруун берүү – жакшылыктын казынасы." (Табарани) "Эң үстөм садака – жашыруун берилген садака." (Табарани) "Түндө окулган намаздын күндүз окулган намаздан үстөмдүгү жашыруун берилген садаканын ашкере берилген садакадан үстөмдүгү сыяктуу." (Табарани) "Парздардан башка үйдө окулган намаз мечитимде окулгандан үстөм." (И. Абидин) "Парздардан башка үйдө окулган намаз кайырлуураак." (Бухари) "Эч ким жок жерде окулган нафил намаздын сообу ашкере түрдө окулгандан 25 эсе артык." (И. Ахмед) "Куранды ашкере окуган киши ашкере садака бергендей, жашыруун окуган киши жашыруун садака бергендей болот." (Тирмизи) |
www.islamdini.kg |