Бараат түнү маарек болсун!

3 views
Skip to first unread message

islamdini kg

unread,
Mar 16, 2022, 2:55:45 AM3/16/22
to islamd...@googlegroups.com



header-logo.png

Бараат түнү маарек болсун!

 

Эртеңки түн, башкача айтканда, бейшембиден (17.03.2022) Жумага (18.03.2022) караган түн – Бараат түнү. Бардык мусулмандарга касиеттүү Бараат түнү маарек болсун!  


Суроо: Бараат түнү качан, мааниси кандай?

ЖООП: Бараат түнү Шабан айынын 15-чи түнү. Тафсирлерде Курани каримдин Лавх-ил-махфузга ушул күнү түшүрүлгөндүгү билдирилүүдө. Аяти каримада мындай мааниде билдирилген:

«Апачык болгон Китепке ант болсун, биз аны [Куранды] мубарек бир түндө түшүрдүк. Албетте, биз адамдарды эскертүүдөбүз.» [Духан 2,3]

Ар жылы Шабан айынын он бешинчи Бараат түнү ошол жылы боло турчу нерселер, амалдар, өмүрлөр, өлүм себептери, көтөрүлүүлөр, төмөндөөлөр, башкача айтканда, бардык нерсе Лавх-и махфузда жазылат. Аллаху таала эч нерсе жаратпастан мурда жарата турган нерселеринин бардыгын каалады. Алардын бир жыл ичинде боло тургандарын ушул түнү периштелерге билдирди. Бул кечте ырайымдуулук эшиктери ачылып, дубалар кабыл боло турган төрт түндүн бири. Расулуллах бул түнү көп ибадат жана дуба кылчу

 Шабан айында эмне үчүн орозо кармагандыгы суралганда Расулуллах мындай деди:

"Шабан айы өтө пазилеттүү ай, адамдар бул айдын үстөмдүгүнөн гафил (кабарсыз). Бул айда амалдар ааламдардын Раббине арыз кылынат. Мен дагы амалымдын орозо кармаган абалда арыз кылынуусун каалаймын.” [Насаи]

Бул тууралуу хадиси шарифтерден кээ бирлери мындай:

«Бараат түнү асмандардын эшиктери ачылат, периштелер момундарга сүйүнчү беришет жана ибадатка үндөшөт.» [Насаи, Байхаки, А, Мунзири]

"Рамазандан кийинки эң пазилеттүү орозо - Шабан айында кармалган орозо.” [Тирмизи]

«Шабан айында үч күн орозо кармаганга Хак таала Жаннатта бир жер даярдайт.» [Эй балам Илмихалы]

"Мына бул түндөрдө кылынган дуба кайтарылбайт. Рагаиб түнү, Бараат түнү, Жума түнү, Рамазан Айт жана Курман Айт түндөрү.” [И.Асакир]

«Аллаху таала Шабан айынын 15. түнү рахматы менен тажалли кылып, өзүнө ширк кошкон жана мусулман боордошуна кек сактагандардан сырткары баарын кечирет.» [Ибни Мажа]

"Шабандын он бешинчи түнүн ибадат менен, күндүзүн орозо менен өткөргүлө. Ал түнү Аллаху таала мындай дейт: "Кечирилгиси келген адам жокпу, күнөөлөрүн кечирейин? Ырыскы сурай турган адам жокпу, ырыскы берейин? Дартка даба издеген адам жокпу, ден-соолук берейин? Ким эмне кааласа берейин”. Бул абал таң атканга чейин уланат.” [Ибни Мажа]

"Шабан айынын 15-чи түнү Аллаху тааланын рахматы дүнүйөнү каптайт, баары кечирилет. Бир гана акысыз түрдө мусулмандарга душмандык кылган жана Аллаху таалага шерик кошкон кечирилбейт.” [Байхаки]

"Жабраил алейхиссалам келип: "Тур, намаз оку жана дуба кыл! Бул түн Шабандын он бешинчи түнү”, - деди. Бул түндү ибадат менен өткөргөндөрдү Аллаху таала кечирет. Бир гана мушриктерди, сыйкырчыларды, төлгөчүлөрдү, сараңдарды, кекчилдерди, мушахиндерди (ахлибидат), ичкилик ичкендерди, пайызчы жана зинакорлорду кечирбейт." [Таберани]

"Бул түнү мусулман боордошу менен байланышын үзгөн, өзүн жогору санаган жана ата-энесине каршы чыккандар кечирилбейт.” [Байхаки]

"Жабраил алейхиссалам мага келди. "Тур, намаз оку жана дуба кыл. Бул түн Шабандын он бешинчи түнү”, - деди. Бул түндү ибадат менен өткөргөндөрдү Аллаху таала кечирет. Бир гана мушриктерди, сыйкырчыларды, төлгөчүлөрдү, сараңдарды, кекчилдерди, мушахиндерди (ахлибидат), ичкилик ичкендерди, пайыз бергендерди жана зинакордук жасагандарды кечирбейт. [Таберани]

"Рахмат (ырайымдуулук) эшиктери төрт түнү ачылат. Ал түндөрдө кылынган дуба кайтарылбайт. Рамазан жана Курман Айттын биринчи түнү, Бараат жана Арапа түнү.” [Исфахани]

"Аллаху таала Бараат түнүндө капырлардан башка момундарды кечирет. Кекчилдерди бул жаман мүнөздөрүн койгонго чейин кечирбейт.” [Табарани, Байхаки]

"Аллаху таала Шабандын 15-чи түнүндө мушрик жана мушахинден (бидатчыдан) башка бардыгын кечирет.” [Ибни Мажа]

"Аллаху таала Шабандын ортосунун [Бараат] түнүндө дүнүйө асманында тажалли кылат. Баникалб уруусунун койлорунун кылдарынан да көп адамдын күнөөлөрүн кечирет”. [Ибни Маже, Тирмизи]

"Төрт түндүн күндүзү да түнү сыяктуу пазилеттүү. Аллаху таала ал күндөрдө дуба кылгандын тилегин кайтарбайт, аларды кечирет жана алар бул күндөрдө мол ихсанга ээ болушат. Булар: Кадыр түнү, Арапа түнү, Бараат түнү жана Жума түнү менен күндөрү.” [Дайлами]

«Аллаху таала Шабан айынын 15. түнү рахматы менен тажалли кылып, өзүнө ширк кошкон жана мусулман боордошуна кек сактагандан сырткары баарын кечирет.» [Ибни Мажа]

«Аллаху таала ушул төрт түндү жакшылыктар менен кооздойт: Курман, Рамазан айт түнү, Арапа түнү, бул Шабандын жартысынын [Бараат] түнү болуп, анда ажалдар, ырыскылар жазылат.» [Дайлами]

 «Салих тууганды таштаган, эне-атага аси (каршы) болгон адам Бараат түнү кечиримге жете албайт.» [Байхаки]

Ичкилик ичүү, сараңдык кылуу, кек сактоо сыяктуу күнөөлөрдү жасаган адам капыр болбойт. Ыйманы түз болсо күнөөлөрүнүн жазасын тарткандан кийин Жаннатка кирет. Сооптору күнөөлөрүнөн да көп болсо Жаханнамга кирбестен Жаннатка кирет.

Хазрети Айша энебиз мындай деген: «Расулуллахтын эч бир айда Шабан айынан да көп орозо кармагандыгын көрбөдүм. Кээде Шабан айынын толугун орозо менен өткөрчү.» (Бухари)

Бул түндү чоң олжо деп билип, тообо истигфар кылып, каза намаздарды окуп, Курани карим окуп, айрыкча илим үйрөнүү керек. Эң баалуу илим туура жазылган илмихал маалыматтары болуп саналат. Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи ва саллам) Бараат түнү "Аллахуммарзукна калбан такыййан минаш-ширки бариййан ла кафиран ва шакыййа” дубасын көп окучу. Улуу заттар Бараат түнү мындай деп дагы дуба кылышчу:

«Йа, Рабби, Курани каримиңде: «Аллах тилегенин өчүрөт, тилегенин сабит калтырат, Лавх-и махфуз Анын катында», - деп буюруудасың. Эгер менин ысымым саиддер [жаннаттыктар] дептеринде болсо ошол жерде сабит (бекем) кыл! Ысымым шакилер [жаханнамдыктар] дептеринде болсо ысымымды ал жерден өчүрүп, саиддер дептерине жаз! Эй, улуу Аллахым, көңүлдөрдү жакшыдан жаманга, жамандан жакшыга өзгөрткөн бир гана Сенсиң. Көңүлүмдү диниңде сабит кыл, диниңен кайтарба, айырба!»

Хазрети Аиша энебиз: "Йа, Расулаллах, Аллаху таала сизди күнөө кылуудан сактаса да эмне эмне үчүн Бараат түнү көп ибадат кылдыңыз?” – деп сурады. Пайгамбарыбыз жообунда мындай деп буюрду:

"Шүгүр кылуучу кул болбоюнбу? Бул жылы туула турчу бардык бала ушул түнү дептерге жазылат. Бул жылдын өлө тургандарынын ысымдары ушул түнү жеке дептерге жазылат. Ушул түнү бардык адамдын бир жылдык ырыскысы бөлүнөт. Ушул түнү бардык адамдын кылган иштери Аллаху таалага сунулат.” [Гунйа]

"Бараат түнүн олжо, мүмкүндүк деп билгиле! Анткени, ал – белгилүү бир түн. Шабандын 15-чи түнү. Кадыр түнү өтө кадырлуу болсо да кайсы түн экендиги белгисиз. Бул түнү көп ибадат кылгыла! Антпесе, кыямат күнү өкүнөсүңөр!” (С. Абадиййа)

Нафил ибадаттардын сообуна жете алуу үчүн Ахли сүннөт акыйдасында болуу керек, харамдардан качып, күнөөлөргө тообо кылуу керек, фарздарды кемчиликсиз орундоого тырышуу керек жана ал амалды ибадат иретинде орундоого ниет этүү керек.

Хазрети Хасан Басри Шабандын 15-чи күнү мазардан чыккандай болуп жүзү абдан соолуккан абалда көрүнчү. Бул кайгылуу абалынын себебин сурагандарга: "Илми якин менен билемин, күнөөм бар. Күнөөм кечирилбесе, соопторум да кабыл болбосо абалым эмне болот деген коркунучтан улам жүзүм саргаюуда”, - деп жооп берди.


Суроо: Орозо Шабандын 14-чү күнү кармалабы же 15-чи күнү кармалабы?

ЖООП: Он бешинчи күнү кармалат. Денеси зайып адам Шабандын 15нен кийин орозо кармабай, парз болгон Рамазан орозосуна даярдануусу жакшы болот. Дени сак адам болсо Шабан айынын көбүн, атүгүл толугун орозо менен өткөрө алат.

Бараат түнүндө


Суроо: Бараат түнүндө тагдырыбыз кайрадан жазылабы?

ЖООП: Жок. Тагдыр эзелде Лавх-и махфузга жазылган. Кийин бир нерсе жазылбайт. Башкача айтканда, Лавх-и махфузда боло турчу өзгөрүүлөр жана өмүрлөрдүн көбөйүүсү жана кыскаруусу да эзелде жазылган. Аллаху тааланын эзелдеги илими кандай болсо Лавх-и махфуздагы өзгөрүүлөр ошого ылайык болот. (Тафсир-и Хазин)

Аллаху таала эзелде эч бир нерсени жарата электе бардык нерсени тагдыр кылды, тиледи. Булардан бир жыл ичинде боло турчу бардык нерсе Бараат түнү периштелерге билдирилет. (С.Абадиййа)


Суроо: Бараат түнүндө кайтыыш боло турчулар, дүнүйөгө келе турчулар жана амалдары жазылат экен. Бул түнү адамдын пешене жазуусу өзгөрөбү? Башкача айтканда, бул түнү кылган дубаларыбыздан улам пешене жазуубуз өзгөрө алабы?

ЖООП: Пешене жазуусу эки түрдүү:

Бири дуба менен, садака берүү менен, жакшылык кылуу менен өзгөрөт. Бири болсо эч качан өзгөрбөйт. Мисалы, үйлөнүүбүз, жумуш ээси болуубуз өзгөрө турчу бөлүктө болушу мүмкүн же өзгөрбөй турчу. Биз биле албайбыз. Ошондуктан, дуба кылабыз, жакшылык кылабыз, өзгөрө турчу бөлүктөн болсл ал өзгөрөт. Мисалы, бирөөнө бир балээ келе тургандыгы пешенесинде бар болсо, дагы эле пешенесинде бул адам дуба кылат, ошол балээден кутулат деп жазылат. Биз болсо дуба кылабыз, ошол балээнин алдын алган болобуз. Бараат түнү жазыла турчулар дагы - эзелде билдирилгендер. Өмүрдүн узаруусу, кыскаруусу дагы ушундай. Ушул жакшылыкты кылат жана өмүрү узарат же ушул жамандыкты кылат жана өмүрү кыскарат деп жазылат. Демек, дайым жакшылык кылууга аракет кылуубуз керек. Кылган нерселерибиз пешене (маңдай) жазуубуз болуп саналат.


Бараат түнү намазы


Суроо: Бараат түнү окулган нафил намаз барбы?

ЖООП: Бир гана Бараат түнү эмес ар түнү нафил намаз окулат. Бирок, каза намаз карызы бар болсо эки рекет каза намаз окуунун сообу өмүр бою окула турчу нафил намаздардын сообунан көп. Имам Раббани хазреттери парздын жанында нафил намаздардын деңизде бир тамчы дагы боло албай тургандыгын билдирүүдө.

Эгер парз намаз карызы жок болсо каалаган адам нафил намаз окуса болот. Кээ бир китептерде: «Бараат түнү окула турчу намаз «Салат-уль-хайр» [Кайыр намазы] деп аталат. Бул намаө жүз рекет. Ар рекетте Фатиха сүрөсүнөн кийин он жолу Ихлас сүрөсү окулуп орундалат», - делген.

Бир адам казасы болбосо да каза намазын окуганда ал намазы ансыз да нафил болот. «Нафил окубадым» деп кайгыруунун кереги жок. Орозо да ушундай. Башкача айтканда, орозо казасы жок адам Рамазан орозосунун карасын кармаса нафил болот. Парз деп ниет кылганда ал парз эмес болсо нафил болот, бошко кетпейт. Бараат түнү каза намазын окуганда казабыз болбосо анда да нафил сооп алынат. Эгер макрух болуп окулган намаздарыбыз бар болсо каза окулганда алар орду толтурулган болот.


Бараат түнү эмнелер кылынат


Суроо: Бараат түнү эмнелерди кылуу керек?

ЖООП: Дин улууларыбыз буларды кылууну сунушташкан:

1-Түнү бир саатчалык ибадат кылуу менен түндүн адеби өтөлгөн болот. Бирок, убактысы болгон адам түнү азыраак уктоосу керек.

2-Мүмкүн болсо дин улууларыбыздын кабырларын зыярат кылып, пейздерине ээ болуу керек. Алар үчүн көп дуба кылуу керек.

3-Өзүбүз жана бүткүл момундар үчүн дуба жана истигфар кылуу керек. Намаздан кийин көп дуба кылуу керек, өзгөчө кайырлуу дуба кылуу керек. Дубаны көп кайталоо керек. Пайгамбарыбыз алейхиссаламдын Бараат түнү окуган "Аллахуммарзукна калбан такыййан минаш-ширки бариййан ла кафиран ва шакыййан” дубасын көп окуу керек.

4-Үй-бүлөсүндөгүлөр менен мээримдүү сүйлөшүп, аларга жакшы мамиле кылуу керек.

5-Курани карим окуп, өзгөчө Раббана атина жана Аманаррасулу’ну көп окуу керек.

6-Эң маанилүүсү, илим үйрөнүү керек. Бул үчүн Ахли сүннөт аалымдары жазган илмихал китептерин окуу керек.

7-Казасы болбосо да көп каза окуу керек. Намаздан тышкары сажда кылып, саждада дуба жана истигфар кылып, мүмкүн болсо топуракка сажда кылуу керек, сажданы көп кылуу керек.

8-Жакшы жыт себинүү керек.

9-Аллаху таалага хамд жана шүгүр кылуу керек.

10-Эртеси күнү болсо орозо кармоо керек. 


Бараат түнү жана анын пазилети


Суроо: Бараат түнү качан, мааниси, пазилети кандай жана мындай түндөрү эмнелерди кылуу керек?

ЖООП: Ар жылы Шабан айынын он бешинчи Бараат түнү ошол жылы боло турчу нерселер, амалдар, өмүрлөр, өлүм себептери, көтөрүлүүлөр, төмөндөөлөр, башкача айтканда, бардык нерсе Лавх-и махфузда жазылат. Аллаху таала эч нерсе жаратпастан мурда жарата турган нерселеринин бардыгын каалады. Алардын бир жыл ичинде боло тургандарын ушул түнү периштелерге билдирди. Курани карим Лавх-и махфузга бул түнү түшүрүлдү. Бул кечте ырайымдуулук эшиктери ачылып, дубалар кабыл боло турган төрт түндүн бири. Расулуллах бул түнү көп ибадат жана дуба кылчу. 

Ар жылы Шабан айынын он бешинчи Бараат түнү ошол жылы боло турчу нерселер, амалдар, өмүрлөр, өлүм себептери, көтөрүлүүлөр, төмөндөөлөр, башкача айтканда, бардык нерсе Лавх-и махфузда жазылат. Хадиси шарифте мындай деп буюрулду: "Рахмат (ырайымдуулук) эшиктери төрт түнү ачылат. Ал түндөрдө кылынган дуба кайтарылбайт. Рамазан жана Курман Айттын биринчи түнү, Бараат жана Арапа түнү.” [Исфахани]

"Жабраил алейхиссалам мага келди. "Тур, намаз оку жана дуба кыл. Бул түн Шабандын он бешинчи түнү”, - деди. Бул түндү ибадат менен өткөргөндөрдү Аллаху таала кечирет. Бир гана мушриктерди, сыйкырчыларды, төлгөчүлөрдү, сараңдарды, кекчилдерди, мушахиндерди (ахлибидат), ичкилик ичкендерди, пайыз бергендерди жана зинакордук жасагандарды кечирбейт. [Таберани]

"Бараат түнүн олжо, мүмкүндүк деп билгиле! Анткени, ал – белгилүү бир түн. Шабандын 15-чи түнү. Кадыр түнү өтө кадырлуу болсо да кайсы түн экендиги белгисиз. Бул түнү көп ибадат кылгыла! Антпесе, кыямат күнү өкүнөсүңөр!” 

Жума, Арапа, Айт, Кадыр, Бараат, Мираж, Ашура, Мавлид жана Рагаиб түндөрүндө ибадат кылуу өтө сооптуу. Мухаммед Рабхами хазреттери Рияд-ун-насыхин китебинде мындай деген: «Улуу Ислам аалымы Имам Навави хазреттери Азкар китебинде мындай деген: «Түндүн он эки бөлүгүнөн бир бөлүгүн, б.а., бир саатчалык ихйа кылуу, б.а., китеп окуу, намаз окуу, дуба кылуу бардык түндү ихйа кылуу болуп саналат. Жай жана кыш түндөрү да ушундай. » Фыкых китептеринде саат деген сөз бир несе убакыт дегенди түшүндүрөт. Навави Шафии мазхабында мужтахид аалым болуп саналат. Ханафилердин дагы бул түндөрдү ушундай ихйа кылуулары ылайыктуу болот.»

Бараат жана Рагаиб түндөрү мечиттерде жыйналып, жамаат менен намаз окуунун макрух экендиги фыкых китептеринде жазылуу. Макрухту жакшы деп билүү чоң күнөө. Себеби, харамды мубах деп билүү күфүр, макрухту мубак деп билүү болсо андан бир баскыч төмөн. Ушундан бул иштин жамандыгын жакшы түшүнүү керек.


Бараат тазага чыгуу дегенди билдирет


Суроо: Бараат деген сөздүн мааниси кандай жана адамдын дүнүйөдөгү жана акыреттеги азаптан кутулуу мүмкүнчүлүгү барбы?

ЖООП: Бараат же Бераат деген сөздүн сөздүктөгү мааниси акталуу, күнөөдөн, жазадан кутулуу, бир адамдын тагылган күнөөдөн узак экендигин же айтылган айыптарынын чын мааниде айып эмес экендигинин аныкталуусу дегенди билдирет. Ошону менен катар, Бараат – кутулуунун күбөлүгү деген маанини да билдирет. Пайгамбарыбыз алейхиссалам мындай деген: "Акыретте көптөгөн адам Жаннатка эсепке тартылбастан кирет. Аларга мизан, тараза курулбайт. Аларга берилген барак беттеринде: "Ла илаха иллаллах, Мухаммедун расулуллах. Бул – баланча уулу түкүнчөнүн Жаннатка кирүүсүнүн жана Жаханнамдан кутулуусунун Барааты”, - деп жазылат”.

Абдуллах ибн Умар хазреттери бир күнү Расулуллах алейхиссаламдын алдына келгенинде Пайгамбарыбыз: «Кыямат күнү бардык адамдын Барааты, б.а., кутулуусунун белгиси бардык амалы өлчөнгөндөн кийин берилет. Абдуллахтын Барааты болсо дүнүйөдө берилген»,- деди. Себеби суралганда: «Өзү вара жана такыбаа ээси болгондой эле дуба кылып жатканында: «Йа, Раббим! Менин денемди кыямат күнү ошондой чоң кыла көр, Жаханнамды бир гана мен толтурайын. Ушундайча Жаханнамды адамдар менен толтурамын деген сөзүң орундалган болот, Мухаммед алейхиссаламдын үммөтүнөн эч ким Жаханнамда күйбөсүн», - деп дин боордошторун өз жанынан да көп сүйгөндүгүн көрсөткөн», - деди.

Бир ажылык мезгилинде бир адам Абу Амр аз-Зужажи хазреттеринин жанына келип:

-Ажылыгымды орундадым. Бараатымды бериңиз. Сиздин жолдошторуңуз сизден Бараатымды алууга жиберди, - дегенде, Абу Амр аз-Зужажи хазреттери ал адамдын көңүлүнүн таза экендигин көрөт жана ага адамдардын азил мамиле кылышкандыгын түшүнөт. Ошондо ага Каабанын эшиги менен Хажарул-асвад арасындагы Мултазимди көрсөтүп:

-Тигил жерге барып "Йа, Раббим! Мага Бараатымды бере көр” деп тиле! – дейт. Бираз убакыттан кийин алиги адам колунда бир кагаз менен кайтып келет. Кагазында жашыл түстүү жазуулар менен мына мындай саптар жазылган эле:

"Бисмиллахиррахманиррахим. Бул - баланча уулу түкүнчөнүн Жаханнамдан Бараат (кутулуу) кагазы.”

Ар жылы Шабан айынын 15-чи Бараат түнүндө ошол жылы боло турчу нерселер, амалдар, өмүрлөр, өлүм себептери, көтөрүлүүлөр, төмөндөөлөр, б.а., бардык нерсе Лавхул махфузга жазылат. Имам Раббани хазреттери кайтыш болордон алты ай мурда Шабан айынын 15-чи түнү болгон Бараат түнүн өзүнүн жеке бөлмөсүндө өткөрдү. Ошол түндүн жартысынан кийин аялы отурган бөлмөгө кирип:

-Мырзам, бул түн ажалдар менен амалдар жазыла турчу түн. Ким билет, Аллаху таала кимдин дептерине өлүм, кимдикине өмүр жазды, – дегенинде, Имам Раббани хазреттери:

-Эмнеге тартынып, күмөн менен айтуудасың? Аты дүнүйөдө кала тургандардын тизмесинен өчүрүлгөнүн көргөн адамдын абалы кандай болмок?  - деди. Айткандай эле ошол жылы Имам Раббани хазреттери кайтыш болду.

 

www.islamdini.kg

Диний сурооңуздар үчүн:

islamd...@gmail.com

Reply all
Reply to author
Forward
0 new messages