Аллах үчүн сажда кылуудабыз

4 views
Skip to first unread message

islamdini kg

unread,
Oct 13, 2025, 5:28:27 AM (11 days ago) Oct 13
to islamd...@googlegroups.com

 Диний суроолор үчүн
islamd...@gmail.com

Аллах үчүн сажда кылуудабыз

 

Суроо: Эмне себептен Иблис Хазрети Адамга сажда кылбагандыгы үчүн лаанатталды? Шайтандын Хазрети Адамга сажда кылбоосу менен Аллахка исйан кылуусунун (каршы чыгуусунун) эмне байланышы бар? Аллахка каршы чыккан болсо дагы каршы чыгуу лаанатка, күфүргө себеп болобу? Эмнеге Аллах өзүнө эмес, Хазрети Адамга сажда кылынуусун буйрук кылды? 

Жооп: Сажданын Адам алейхиссалам үчүн эмес, Аллах үчүн кылынуусу кааланды. Башкача айтканда, Хазрети Адамдын багытында Аллахка кылынуусуна буйрук берилди. Биз дагы Каабанын багытында Аллах үчүн сажда кылуудабыз. Каабага сажда кылып жаткан жокпуз. Периштелер менен бирге Иблиске Адам алейхиссаламдын багытында Аллахка сажда кылууга буйрук берилди. Иблис болсо бул буйрукту жаңылыш деп билип, сажда кылбады. Башкача айтканда, Иблис сажда буйругун аткарбагандыгы үчүн эмес, Аллахтын буйругун жаңылыш деп билгени үчүн лаанаттады. 

Намаз окубаган, орозо кармабаган адам Аллахка каршы чыккан болуп эсептелсе да, ага капыр деп айтылбайт. Бирок, намазды керексиз деп билсе капыр болот. 

Ошондуктан, шайтан да Аллахтын буйругун туура көрбөй: "Мен оттон, ал болсо топурактан жаратылды. Оттон жаратылгандын топурактан жаратылганды кыбыла кылуусу жаңылыш”, - деп сажда кылбады жана түбөлүккө лаанат кылынгандардан болду.




www.islamdini.kg

Reply all
Reply to author
Forward
0 new messages