Хазрети Аййуб жана сабыры

1 view
Skip to first unread message

islamdini kg

unread,
Nov 24, 2025, 4:21:54 AM11/24/25
to islamd...@googlegroups.com

 Диний суроолор үчүн
islamd...@gmail.com

Хазрети Аййуб жана сабыры

 

Суроо: Хазрети Аййубдун ооруп, түрлүү балээлерге дуушар болуусунун себеби эмнеде?

Жооп: Аййуб алейхиссалам намазга турганда дүнүйө менен алакасын толук үзүп, Аллаху тааладан башка эч бир нерсени ойлочу эмес. Аллаху таала анын ибадат жана таакаттагы сабырын мактаганда жердеги жана асмандагы бардык периштелер аны зыярат кылууга келди. Шайтан Аййуб алейхиссаламга көралбастык кылып, Аллаху таалага жалбарды:

- Эй Раб, бул кулуңа кандай изаат бердиң эле периштелер аны зыярат кылууга келишүүдө?

- Аййуб менин сабырдуу кулум. Сабырдуу кулдарыма ушундай жакшылыктар да аз.

- Эй Раб, анын сабырдуу же сабырдуу эмес экени менин тажрыйбама байланыштуу. Уруксат бер, мен да аны бир тажрыйба кылып (сынап) көрөйүн!

- Эй малун, тажрыйба кылып көр!

Хадиси шарифте айтылды:

"Күмөндүү алтын от менен тажрыйба кылынган сыяктуу адамдар дагы дарт менен, балээ менен сыналат.” [Табарани]

Шайтан уруксат алгандан кийин Аййуб алейхиссаламдын жанына барды. Сабырын түгөтүп, жолдон тайдыруу үчүн алгач мал-мүлкүнө кол салды. Тоодо оттоп жүргөн малынын баарын [кой жана эчкилерин] кырып, Аййуб алейхиссаламдын алдына барды. Аны сажда кылып турган абалда көрүп, мындай деди:

-Эй, Аййуб, сен дагы эле ибадат менен алексиң. Раббиң сага ачууланды. Бүт малыңды кырып салды. Сен дагы эле ага ибадат кылып жатасыңбы?

Аййуб алейхиссалам намазын бүтүрүп, салам бергенден кийин айтты:

- Малымдын баары кырылганын айтып жатасың. Алар менен менин эмне байланышым бар? Мен болгону алсыз пендемин, кулмун. Кулдун эмнеси болмок эле? Бүт мал-мүлк кожоюнга таандык. Кожоюн өз малдарын өлтүргөн болсо мага эмне? Мен кулмун, кулдугумду билемин.

Анан кайра ибадатын баштаганда шайтан бушайман болду. Бул жолу анын бала-бакырасына кол салды. Он баласын тең өлтүрүп, кайра Аййуб алейхиссаламдын жанына келип мындай дейт:

- Эй Аййуб, кылып жаткан ибадаттарыңдын Аллахтын алдыда чымындын канатындай баркы жок. Раббиң сага ачууланды. Балдарыңдын баарын өлтүрдү.

- Балдарымдын мени менен эмне байланышы бар? Жараткан да, жан берген да, жашоо берген да, өлтүргөн да – Ал. Өкүм жалгыз Каххар болгон Аллаху тааланыкы.

Кайра намазга турду. Шайтан тилегине жетпегени үчүн абдан кейиди. Аллаху таалага жалбарды:

- Эй Раб, Аййуб кулуңдун өтө сабырдуу экенине күбө болдум. Мал-мүлкүн жана бала-бакырасын өлтүрүп салсам дагы көңүлүн сенден алалбадым. Мага уруксат берсең, барып колумду Аййубдун денесине тийгизип, аны ооруга чалдыктырайын! Көрөлү, бул жолу сабыр кыла алабы?

- Бар кет, билгениңди кыл!

Шайтан Аййуб алейхиссалам сажда кылып жатканда мурдунан үйлөдү. Бүт денеси ээриди. Уу жылан чаккандай болду. Бүт денеси жара болду. Ага карабастан бир жолу болсо дагы кыңкыстап онтободу. Шайтан дарыгер келбетинде келип: "Бир дартың болсо айт, дароо дарылайын” – деди. Бирок, дартын билдирбеди, жагдайынан даттанбады. Жети жыл ооруп жатты. Ошого карабастан алы жеткенче Раббине ибадат кылды.

Аййуб алейхиссалам Аллаху тааладан үмүтүн үзбөй, сабыр кылып, сыноодон ийгиликтүү чыккандан кийин бүт мал-мүлкү жана бала-бакырасы кайра өзүнө берилди. Аллаху таала сабыр кылуучулар менен бирге. Анын каза жана тагдырына сабыр кылуучулар чексиз ниматтарга ээ болот. Курани каримде мындай мааниде билдирилет:

"Сабыр кылуучу момундарга сооп-сыйлыктар эсепсиз берилет.” [Зумар сүрөсү, 10]

Хадиси шарифтерде да:

"Аллаху таала айтты: "Кимдин денесине, бала-бакырасына же мал-мүлкүнө бир балээ келсе, ал да сабр-ы жемил көрсөтсө [ылайыгы менен сабыр кылса], Кыяматта андан сурак суроого тартынамын.” [Хаким]

Аййуб алейхиссалам ден-соолугуна, мал-мүлкүнө жана балдарына жеткенде ал түнү таңга жуук бир "ах” тартып, ыйлады. Себебин сурашканда мындай деп айтат:

"Ар түнү таңга жуук "Эй оорулуубуз, кандайсың?” деген үн укчумун. Азыр ошол убакыт болду. Бирок, эч кандай үн укпагандыгым үчүн ыйлап жатамын.” [Р. Насыхин]

 



www.islamdini.kg

Reply all
Reply to author
Forward
0 new messages