Илимден бир тамчы - Орозо кафараты кандай кармалат

0 views
Skip to first unread message

islamdini kg

unread,
Apr 13, 2022, 4:27:27 AM4/13/22
to islamd...@googlegroups.com

Встроенное изображение 1

Орозо кафараты кандай кармалат

 

Суроо: Орозо кафараты кандай кармалат?

ЖООП: Орозо кафараты үчүн арты-артынан 60 күн орозо кармайт. 60 күндөн кийин кармабаган ар күн үчүн бир күндөн кошумча орозо кармайт. Бир нече Рамазанда кафараты бар болгон же бир Рамазанда 2 күн кафараты бар адам биринчи кафаратты кылбаган болсо экөө үчүн тең бир кафарат кылат. Биринчи кафаратты кылган болсо экинчи кафаратты дагы өзүнчө кылат.

Кафарат орозосу жолчулук сыяктуу бир себеп менен же Айт күндөрүнө туш келүү себеби менен бузула турган болсо же Рамазанга дал келип калса жаңыдан 60 күн кармоо керек. Айт күндөрү бузбаса кайра эле жаңыдан баштоосу керек. Хайз жана нифас себеби менен бузганда жаңыдан баштабайт. Тазаланган кезде калган күндөрдү толуктайт.

Рамазанда себепсиз орозо кармабоо - харам, өтө чоң күнөө. Алгач кармалбаган орозо үчүн тообо кылынат. Кийин күнүнө күн, б.а., канча күн кармалбаган болсо ошончолук күн каза орозосу кармалат. Бир адам Рамазан айында 30 күн орозо кармай албаса, кармай албаган күндөрдүн санынчалык каза орозосун кармайт. Бул орозолорго кафарат керек эмес. Кафарат – бул орозо кармабоонун эмес, орозосун атайылап бузуунун жазасы. Өтө картайып, өлгөнгө чейин Рамазан орозосун же каза орозолорун кармай албай турганчалык карылыктан улам же сакайып кетүүсүнөн үмүт үзүлгөн оорулуу адам жашыруун жеп-ичет! Хадиси шарифте:

"Орозо кармай албай турганчалык карыган же сакайуусунан үмүт үзүлгөн оорулуу адам фидйа берет”, - деп айтылган. Өтө карыган болуп, орозо кармай албаган адам бай болсо ар күнкү орозо үчүн фидйа берет. Кедей болгон адам фидйа бербейт, дуба кылат.

Фидйа катары ар күн үчүн бир фытра өлчөмүндө ун, хурма же жүзүм мейизи берилет. Мисалы, 30 күн орозо үчүн 53 кг ун же 105 кг хурма же жүзүм мейизин берүүсү жеткиликтүү. Же болбосо, ушунчалык ундун баасынчалык алтын же күмүш акча кармала албай калган отуз күн орозонун фидйасы катары бир же бир канча кедейге Рамазан айынын башында же акырында берүүгө болот. Кедей алган фидйаны өзү колдонгондой эле башка бирине да бере алат. Фидйа бергенден кийин орозо кармай ала тургандай абалга келген адам кармай албаган орозолорунун казасын өтөйт. (Нехр-ул-фаик)

Оору, карылык сыяктуу үзүрдөн улам Рамазан орозосун кармай албаган бай адамдын бул абалы өлгөнгө чейин уланса кедейлерге тамак берилүүсүн осуят кылат. Велиси (осуятты орундачу адам) анын кармай албаган ар бир орозосу үчүн кедейге бир фытра же анын кунун берет. (Бедайи)

 

Суроо: Дайыма оорулуу болуп же өтө карып, кафарат орозосун кармай албаган адам кантет?

ЖООП: Дайыма оорулуу болуп же өтө карып, кафарат орозосун кармай албаган адам 60 кедейди эртең менен-кечинде же түштө-кечинде кылып бир күндө эки жолу тойгузат. Бардыгынын ошол эле күндө жеши шарт эмес. Бир кедейди ар күн эки жолу тойгузуу менен 60 күн же болбосо күн сайын бир жолу тойгузуу менен 120 күн жегизсе да болот. Же болбосо 60 кедейдин ар бирине бир фытра өлчөмүндө фытра катары берилчү продуктылардан бирин берет. Же болбосо булардын баасынчалык нан, башка товар же алтын берсе да жаиз. Өзүн тойгузуш үчүн кедейге кагаз акча да берүүгө болот. Фытра өлчөмүндө продукты же товар бир кедейге 60 күн бою берилет. 60 күндүгү бир кедейге бир күндө толугу менен берилсе бир күндүк берилген болот. Буга көңүл буруу керек. Мисалы, эртең менен кечинде 2 нан жесе күн сайын 2 нан бериш керек. 120 нан бир бергенде толугу менен берилсе бир күндүк берилген болот.


www.islamdini.kg

Диний сурооңуздар үчүн: 
 

islamd...@gmail.com


Reply all
Reply to author
Forward
0 new messages