Куштун насааты

10 views
Skip to first unread message

Ислам Дини

unread,
Jul 12, 2014, 1:09:54 AM7/12/14
to islamd...@googlegroups.com

Встроенное изображение 1

Куштун насааты

Бир ач көз адам кармап алган кичине куш айтат:

- Мени эмне кыласың?

- Союп жейм.

- Менин бир ууч этим курсагыңды тойгузбайт дагы, дартка да даба боло албайт. Мени коё берсең үч маанилүү насаат айтам.

- Насааттарды айтсаң сени коё берем.

- Бирөөнү сенин колуңда турганда, экинчисин мына бул бакка конгондо, үчүнчүсүн болсо каршы тарапта турган дөбөгө конгондо айтам.

- Макул, биринчисин айт!

- Колуңан чыккан нерсеге кайгырба!

- Экинчиси эмне?

 Куш бакка конгондо айтат:

- Болбогон нерсеге ишенбе!

- Үчүнчү насаатты айт! Куш каршы тараптагы дөбөгө конгондо айтат:

- Сен кандай акылсыз акмак адамсың, менин курсагымда элүү граммдан эки даана бермет бар болчу. Мени сойгондо бул эки берметке ээ болмоксуң.

- Бермет деген сөздү угар замат ач көз адам дароо ошол жерге жыгылып калат. "Аттиң ай!” – деп өзүн өзү урат. Кийин айтат:

- Үчүнчүсүн айт!

- Сен эки насаатты дароо унутуп койдуң. Үчүнчүсүн айтсам эмне пайда?

- Айт, балким унутпайм.

- "Колдон чыккан нерсеге кайгырба”, - дедим, мени коё бергениңе кайгырдың. "Болбогон нерсеге ишенбе”, - дедим. Этим, сөөгүм биригип 100 грамм да чыкпайт, а сен болсо курсагымда элүү граммдык эки бермет бар дегениме ишенип калдың.

- Үчүнчү насаатыңды айтпайсыңбы?

- Акылы жок акмак адамга насаат пайда бербейт. Ач көздүк адамды сокур жана дүлөй кылат. Чындыкты көрүүгө кедерги болот.

Жазылуу учун 

Mail группасынан чыгуу учун 

Mail гуруппасынын баракчасы 

www.islamdini.kg

Эгер e-mail адресиңиз сиздин кабарыңыз болбой туруп бул сайтка катталган болсо же сайттан келип жаткан каттарды алууну токтоткуңуз келсе, анда ушул адреске бош кат жибериңиз: islamdini-kg...@googlegroups.com

Reply all
Reply to author
Forward
0 new messages