ДААРАТТЫН ПАРЗДАРЫ 1- Даараттын парздары Ханафи мазхабында – төрт, Маликиде – жети, Шафии менен Ханбалиде – алты. Ханафиде: 1) Бетти бир жолу жуу. 2) Эки колду чыканак менен чоогу бир жолу жуу. 3) Баштын төрттөн бир бөлүгүнө масх тартуу. Башкача айтканда, сууланган кол менен башты сылоо. 4) Буттарды томук менен бирген бир жолу жуу. Булардын бирөөсүн калтырган адамдын даараты сахих (туура) болбойт. Билип, атайын калтырылса да, жаңылып калтырылса да, даарат сахих болбойт. ДААРАТТЫН СҮННӨТТӨРҮ 2- Даараттын сүннөттөрүнүн оноо төмөндө: 1) Дааратты баштаганда алгач көңүлдөн ниет кылып, андан кийин Бисмиллахир рахманнир рахим деп айтуу. 2) Суу чоргосу жок болсо даарат алуу үчүн бөлөк бир идишке суу куюп колдонуу. 3) Мисвак колдонуу. 4) Оозду чайкоо. 5) Мурунду чайкоо. 6) Башка толугу менен масх тартуу. 7) Кол менен бут манжаларынын жана сакалдын арасын тароо. Башкача айтканда, араларына манжаны киргизип жуу. 8) Сакалды кайрадан жуу. 9) Чоң даараттан кийин жуунган соң бир чүпөрөк менен кургатуу. 10) Нажасты сол колдогу суу же таш менен тазалоо. ДААРАТТЫН МУСТАХАБДАРЫ 3- Даараттын мустахабдарынын алтысы төмөндө: 1) Ниет кылуу. 2) Мүчөлөрдү биринин артынан бирин арасын үзбөй тез жуу. 3) Оң жактан баштоо. 4) Моюнга масх тартуу. 5) Башты, кулакты жана моюнду бирге масх тартуу. 6) Аллаху тааланы даараттын алдында жана аягында зикир кылуу. Башкача айтканда, дуба окуу. ДААРАТТЫН АДЕБИ 4- Даараттын адептеринен алтысы төмөндө: 1) Эр бир мүчөнү жууган кезде даарат дубаларын же калимаи шахадатты айтуу. 2) Ооз менен мурунга оң кол менен суу алуу. 3) Сол кол менен чимкирүү. 4) Дааратканада сүйлөбөө, узак отурбоо жана истинжадан, башкача айтканда, тазалангандан кийин дароо кийинүү. 5) Даарат сындырган кезде кыбылага, айга жана күнгө алды менен жана арты менен карап отурбоо. 6) Дааратканага кирерде Бисмиллах айтуу, андан кийин сол бут менен кирип, оң бут менен чыгуу. ДААРАТТЫН НАФИЛДЕРИ 5- Даараттын нафилдеринен алтысы төмөндө: 1) Моюнду эки алакандын сырты менен масх кылуу. 2) Бут манжаларынын арасын сол колдун чыпалагы менен асты жагынан киргизип жуу. 3) Ар бир мүчөнү жууган кезде дубаларын окуу. 4) Дааратканада «Истинжа»дан, башкача айтканда, тазалангандан кийин ич кийимге бир аз суу себүү. 5) Дааратканада тазалангандан кийин мүчөнү таш менен же топурак менен сүртүп же манжалар менен кысып заараны чыгаруу. Бул «Истибра» деп аталат. 6) Дааратканада тазалангандан кийин колдорду жуу. Хадиси шарифте мындай деп айтылат: «Кимде-ким даарат алгандан кийин “Инна анзалнаху” сүрөсүн бир жолу окуса Аллаху таала ал адамды сыддыктардын катарына жазат. Эки жолу окуса шейиттердин катарына жазат. Үч жолу окуса пайгамбарлар менен бирге тирилет.» Пайгамбарыбыз “салаллаху алейхи васаллам”: «Кимде-ким даарат алгандан кийин мага он жолу салават айтса Аллаху таала ал адамдын кайгысын кетирип кубантат, дубасын кабыл кылат», - деген.
ДААРАТТЫН МАКРУХТАРЫ Даараттын макрухтарынын алтысы булар: 1) Сууну бетке уруп жуу. 2) Сууга чимкирүү. 3) Себепсиз ооз менен мурунга сол кол менен суу алуу. 4) Даарат алып жатканда аврат жерин ачуу. 5) Себепсиз аврат жерлерин оң кол менен жуу. 6) Сууга, суу менен жолдун четине, дарактын түбүнө даарат бузуу. |
| Жазылуу учун Mail группасынан чыгуу учун Mail гуруппасынын баракчасы www.islamdini.kg Эгер e-mail адресиңиз сиздин кабарыңыз болбой туруп бул сайтка катталган болсо же сайттан келип жаткан каттарды алууну токтоткуңуз келсе, анда ушул адреске бош кат жибериңиз: islamdini-kg...@googlegroups.com |
ДААРАТТЫ БУЗГАН НЕРСЕЛЕР 11 – Дааратты бузган нерселер ханафи мазхабында алты: 1) Денеден чыккан бардык нерсе дааратты бузат. Бирок, түкүрүү, чимкирүү, тер, оорудан улам болбогон көз жашы, кулактан чыккан суу [эгер ириң болбосо] дааратты бузбайт. 2) Ооз толтура кусуу. 3) Бир нерсеге жөлөнүп уктоо. 4) Намаз ичинде үн чыгарып күлүү. 5) Эстен тануу, жинди болуу (акылынан адашуу), мас болуу. 6) Адамды ыймандан кетирүүчү, куфурга себеп болуучу бир иш кылуусу же ошондой сөз айтуусу. Аллах сактасын! Булардын бардыгы дааратты бузат. Имам Шафии “рахметуллахи алейх” мындай деген: «Бир адамдын алды жана артынан чыгуучу бардык нерсе, башкача айтканда, кан, кир нерселер дааратты бузат. Ал эми териден чыккан кан, ириң жана көз жашы бузбайт.» Анткени менен, Имам Азам Абу Ханифанын “рахметуллахи алейх” өкүмү боюнча алды жана аркадан чыгуучу нажастар, кан жана денеден аккан кан, ириңдин бардык түрү, көздүн оорусунан чыккан көз жашы дааратты бузат. Адамдын денесинен кан жана ириң чыгып соо жерине акса да дааратты бузат.
ГУСУЛ 12 – Эй балам! Хадестен тахараттын экинчиси – гусул. Гусул алууну үйрөнүү - ар бир мусулманга парз. ГУСУЛДУН ПАРЗДАРЫ 13 – Гусулдун үч парзы бар: 1) Оозду чайкоо. Ооздун ичинде ийненин учундай суу тийбеген жер калса, тиштердин үстү менен чуңкурларына суу тийбесе Ханафи мазхабындагылардын гусулдары сахих болбойт. [Тишин каптаткандардын, пломба салгандардын гусулу туурасында 197-бөлүмдө маалымат берилген.] 2) Мурунду чайкоо. 3) Жуулуусу кыйын (хараж) болбогон бардык жерди жуу.
ГУСУЛДУН СҮННӨТТӨРҮ Гусулдун алты сүннөтү төмөндө: 1) Алгач колдорду жуу. 2) Жыныстык мүчөлөрдү жуу. 3) Жалпы денени кирден тазалоо. 4) Гусулдан мурда даарат алуу. 5) Жалпы денени үч жолу жуу. 6) Жалпы денени жуугандан кийин эки бутту жуу. [Дааратта жана гусулда колдонулган суунун таза экендиги, бирок, тазалоочу суу эмес экендиги Хамавинин “Эшбах” хашиясында жазылган.]
ГУСУЛДУН СЕБЕПТЕРИ 14 – Гусул алууну фарз кылуучу эки себеп бар: 1) Хакики. Эркек же аялдан жыныстык катнаш же башка да бир себеп менен, уйкуда же ойгоо кезде шахват менен (оргазм менен) менинин келүүсү. 2) Хукми. Уйкудан ойгонгон адам ич кийиминин сууланганын байкаса, анын мени же мени эмес экенин билбесе этияттык үчүн жуунуусуна өкүм берилет.
СҮННӨТ БОЛГОН ГУСУЛДАР 15 – Мазхаб башчыбыз Имам Азам Абу Ханифанын “рахиме-хуллаху таала” өкүмү боюнча төрт түрдүү гусул сүннөт болуп саналат: 1) Жума намазы үчүн. 2) Айт намазы үчүн. 3) Арапа күнү Арафатта. 4) Ажылыкта, ихрам кийээрде гусул алуу.
МААСЫНЫН ҮСТҮНӨН МАСХ ТАРТУУ 16 – Эй, балам! Даарат аларда маасынын үстүнөн масх тартуу үчүн эки колду суулап, бут манжаларынын учунан баштап кол манжаларынын арасын ачып, томукту көздөй масх тартасын. Буттарды жууп даарат алган адамга маасыны кийгенден кийин даарат бузулган убакыттан баштап жыйырма төрт сааттын ичинде маасынын үстүнөн масх тартууга болот. Жолоочу (сафари) адам үчүн бул убакыт үч суткага чейин жарактуу. 376-бетти караңыз!
|
МААСЫНЫН ҮСТҮНӨ МАСХ ТАРТУУ 18 – МААСЫНЫН ҮСТҮНӨ МАСХ ТАРТУУ: Томук менен бутту жаап туруучу бут кийим жана калың (пресстелген жүндөн же териден жасалган) бут кийим маасы деп аталат. Даарат алганда маасынын үстүнө масх тарта алуу үчүн маасыны даарат бар кезде кийген болуусу керек. Масх тартуу үчүн маасынын үстү бут манжаларынын учунан баштап томук тушуна чейин сууланган үч манжа менен сыланат. Ичинде бут болбогон жерге кылынган масх сахих болбойт. Муким адам жыйырма төрт саатта, ал эми жолоочу (сафари) үч күн, үч түн болгондо маасысын чечип, буттарын жууп, бир жолу даарат алуусу керек. Бул убакыттан мурда маасынын бири чечилген жагдайда даарат бар болсо бутун гана жууйт. Маликиде масх тартуунун мөөнөтү жунуп болгонго чейин. Дааратта буттарды жуу маасынын үстүнө масх тартуудан сооптуураак. Даарат алганда маасыга масх тартуу аял менен эркекке бардык убакытта эч кандай үзүрсүз да жаиз (уруксат). Гусулда маасынын үстүнө масх тартуу жаиз эмес. Маасы бир саат басууга чыдамдуу болгон нерседен жасалуусу керек. Тактайдан, айнектен же кездемеден жасалган маасынын үстүнө масх тартууга болбойт. Бир маасыда үч манжа бата тургандай тешик болбоосу керек. Басканда ачылбай турган узун тилимдин (жыртыктын) зыяны жок. Эки маасыдагы тешиктер бирге эсептелбейт. Ал эми нажас менен аврат жерлери бирге эсептелет. Маасы сууну өткөрбөөсү керек. Бутунун манжалары жок болгон адам масх тарта албайт. Бир буту кесилген адам экинчи бутундагы маасынын үстүнө масх тарта албайт. (Фазийа). Масх тартуу мөөнөтү - жыйырма төрт саат. Маасынын мөөнөтү даарат бар кезде кийилгенден эмес, даараттуу абалда кийилип, биринчи даарат бузулган убакыттан башталат. Маасы кийген абалда сапарга чыккан адамдын мөөнөтү үч күн жана үч түн болот. Бир күн, бир түн масх тарткан жолоочу эгер бир элдүү аймакка барып муким болсо, анда маасыга масх тарта албайт. Бир маасынын үстүнө үч манжанын көлөмүндөй жерди бир жолу масх тартуу шарт. Сууланган кездеме, губка менен сүртүү же суу төгүү аркылуу масх тартууга болот, бирок, сүннөт сообун ала албайт. Үч манжа менен кончтон манжаларга карай же оңдон солго карай, ошондой эле, бир манжа менен үч жолу масх тартуу сахих болсо да сүннөткө ылайык эмес. Маасынын бирөөсү буттан чечилген болсо эки бутту тең жууш керек болот. Маасынын сыртынан кийилген өтүк, резинка бут кийимдин үстүнө да масх тартууга болот. Өтүк чечилгенде астындагы маасынын масх убакыты өзгөрбөйт. Бир маасыга суу кирип буттун басымдуу бөлүгү сууланса буттарды жууш керек болот. Баш кийим, колкап, [манжадагы лак], жүздү жапкан жабуу, [капталган тиш] үстүнө масх тартылбайт. Маликиде маасынын асты менен үстүнө толук масх тартуу керек. Ал үчүн колун суулап оң алакан оң буттагы маасынын үстүнө, ал эми сол алакан астына коюлуп буттун учунан томукка карай тартылат. Томуктун эки жагы бармак жана чыпалактар менен капталат. Кийин, сол алакан сол буттагы маасынын үстүнөн, ал эми оң алакан астынан тартылып, капталат. Маасынын таза болуусу Маликиде да парз. Сынган сөөктүн үстүнөн байланган жыгач (лубок) жабира деп аталат. Жарага оролгон кездеме (пластырь) исаба деп аталат. Кан алдыруу, сүлүк койуу, ийне менен дары куйуу, жыгылуу сыяктуу бир себеп менен жаракат алып, сөөгү сынып таңдырган адам жаракатын жылуу суу менен да жууй албаса, масх тарта албаса, үстүндөгү нерсенин көп бөлүгүнө бир жолу масх тартат. Таңуунун астында калган соо тери да масх кылынат. Бул масхтын маасыга тартылган масхтагыдай белгилүү бир мөөнөтү болбойт. Жаракат айыкканга чейин масх тартылат. Жаракатка коюлган бинт же гипс алдын ала даараттуу болгон абалда оролгон болуусу да шарт эмес. Бир бутту жууп, экинчи жараланган бутка масх тартуу жаиз. Жаракат айыкса да таңууну чечүү каноого, оорууга себеп болсо масх тартуу мөөнөтү бүтпөйт. Жаракат сууланса таңуунун масхы бузулбайт. Таңуу алмаштырылса жаңысына кайрадан масх тартуу кажет эмес. Бинт үстүнө масх тартууга жана маасыларга масх тартууга ниет кылуу керек эмес. Даарат алаарда денедеги жаранын, жаракаттын бетине жабылган дары же мазь сыяктуу нерселерди сүртүп таштоо ден-соолукка зыянын тийгизе турган болсо алардын үстүнөн жуулат. Эгер суунун тийүүсү зыяндуу болсо үстүнөн масх тартылат. Масх тартуу да зыянду болсо масх ташталат. Башка үч мазхабда дагы ушундай болгондуктан бул маселеде башка бир мазхабды таклид кылууга да мүмкүнчүлүк жок. Истихаза каны, заара, ич өтүү, жел, токтоосуз мурундун каноосу жана жарадан сары суу, ириң агуу Ханафи мазхабында бир намаз убакытынын ичинде токтобой уланса ал адам «үзүр ээси» (үзүрлүү) боло алат. Көзү ооруган адамдын көзү дайыма сууланса, кулагынан, эмчегинен, киндигинен токтоосуз бир нерсенин агуусу да ушундай. Андай убакта дары менен кебез койуу, таңуу аркылуу намазды отуруп окуу менен аккан нерсени токтотуу важип. Токтото албаса ар бир намаздын убакыты киргенден кийин даарат алып, намазды ошондой окуйт. Соо кезде окубаган намаздарынын казасын үзүрлүү кезде окууга болот. Үзүрү менен алынган даарат кийинки намаз убакытына чейин жарамдуу болот. Намаз убакытынын чыгуусу менен даарат бузулат. Ханафиде үзүр ээси болуу үчүн денедеги ириң, кан, сары суу сыяктуу үзүрдүн бир намаз убакыты ичинде даарат алып, ошол убакыттын парзын окуй турганчалык дагы убакыт токтобой үзгүлтүксүз агуу керек. Үзүр ээси болгондон кийин бир намаз убакытында бир жолу агып токтогон болсо да үзүр ээси болуу абалы улана берет. Бир намаз убакыты бою таптакыр акпаган болсо үзүр ээси болуу абалы аяктайт. Шафииде да ушундай экендиги «Аль-мафуват» түшүндүрмөсүндө жазылган. Шафииде андан бөлөк дагы төрт шарты бар. Үзүр ээсинен аккан нерселер ушул эки мазхабда «Оор нажас» болгондуктан намаз окуурда кийимге жукканы Ханафиде бир дирхамдан көп болсо муну жуу парз болот. Намаз окуп жаткан убакыт бою токтобой жукса жуубастан окуй берүүгө уруксат берилген. [Дирхам өлчөмү – катуу нажаста бир мискал, башкача айтканда, 4,8 грамм. Суюк нажаста – ачык алакандын чуңкурун толтургудай суунун көлөмүнчө жер дегенди билдирет.] Дааратты бузуучу нерсе бир намаз убакытында жана намаздын ичинде чыгып, токтоосуз уланбаса да «Малики мазхабында» үзүр ээси боло алат. Анын даараты менен намазы бузулбайт. Ханафи мазхабында ушундай жагдайга туш болгон адам бул маселеде Малики мазхабын таклид кылуу аркылуу ошол мазхабдын жеңилдиктеринен пайдалана алат. Намаздын он эки парзынын экинчиси «Нажастан тахарат». Доңуздан башка жаныбарлардын бардыгы тирүү кезинде таза деп эсептелип, өлгөндө нажас болот. Ал эми доңуздун териси да жана башка бардык бөлүктөрү да нажас болуп саналат. Башка жаныбарлар өлгөндө нажас болушат. Ханафиде ит да таза болгондуктан сатылуусу, ижарага берилүүсү жана белек кылынуусу жаиз. Бирөөнүн итин өлтүргөн адам кунун төлөөгө тийиш. Өлгөн иттин териси ийленгенден кийин таза болуп саналат. Үстү нажас болбогон мышык, ит кудукка, көлмөгө түшүп тирүү чыгарылса, оозу сууга тийбеген болсо суу нажас болбойт. Иттин эти менен шилекейи нажас болуп саналат. Жүнү таза. [Шафии мазхабында (тирүү кезинде) ит да доңуз сыяктуу нажас. Маликиде экөө тең таза.] Сууга түшкөн же жамгырда суу болгон ит силкингенде чачыраган нерселер Ханафиде нажас болбойт. [Шафииде нажас болот жана чачыраган жерлерди суу менен жети жолу жууш керек болот. Ушул жетинин бирөөндө сууга топурак аралаштырылып жуулат. Суу тийген жерлерге топурак сээп, үстүнө суу куюлат. Жышып, суу менен топуракты кетирет, же суулуу жерге топурак сээп жышылат. Же болбосо топурак менен сууну аралаштырып, ошол баткак сүртүлүп жышылат.] Нажас болгон сууну, мисалы, спирт, дары, атыр [суу же топурак] сыяктуу нерселерге [бир пайда, максат менен] аралаштырылганда кошунду таза болот. [Бирок, дары үчүн болбогондорун ичүү харам болуп саналат.] Ошол үчүн йод жана атыр Ханафиде таза болуп саналат. Шафииде кулак, мурун, көз сыяктуу табигый тешиктерден чыккан кан аз болсо кечирилет. Сыздоок, жара жана жаракаттан улам болуп, башка жерге жайылбаган болсо көбү да кечиримдүү.] Балык жана сууда жашаган бардык жандуулар, кансыз чымын-чиркейлер өлгөндө тарп болбойт. Динибизге ылайык союлган же аң ууланган жаныбарды жеш халал болгонундай эти менен териси да таза болуп эсептелет. Жеш харам болгон жагдайда териси гана таза болот. Тарптын териси ийленгенде таза болот. Доңуздан башка жаныбарлардын териси жана тарптын жүнү, тырмагы, мүйүзү, сөөгү, тумшугу сыяктуу кан болбогон жерлери таза болот. Тарамыштары кир болот. Адам тирүү кезинде да, өлгөндө да таза болот. Бирок, өлөөрдө бардык жандуулар сыяктуу ал да нажистенет. Ошол себептен жуулуп тазаланат. Кудукка түшүп өлсө сууну нажис кылат. Сууга тиши, тырмагы, кылы түшсө нажис болбойт. Тырмакчалалык тери түшсө, каны тамчыласа кир кылат. Жегенге халал болгон жаныбардан же адамдан тирүү кезинде жулунуп же кесилип алынган бөлүк нажис болот, жегенге болбойт. Союлган жаныбардын таза жерлерин колдонуу мубах, сатылып алынат, сатылат. Адамдын бөлүктөрүн, [чачын, бөйрөгүн, сүтүн зарылдыксыз] колдонуу, сатуу харам. [Оорулууга башка адамдын органын алып салуунун жаиз экендиги ушул жерден түшүнүлөт.] Өлгөн тооктон чыккан жумуртка таза деп эсептелет, жегенге болот. Шафииде кабыгы капталган болсо нажис болуп эсептелет, жегенге болбойт. Өлгөн койдон чыккан сүт да таза болот, ичилет. Ал эми Шафииде нажис. Өлгөн койдон чыккан өлүк козу нажис болот. Мунун ичеги-карынынан жасалган сыр ачыткысы таза болуп саналат. Эт жыттанганда, тамак ачыганда нажис болбойт. Бирок, зыяндуу болгондуктан жеш халал эмес. Май да ачыганда желүүсү харам болбойт. Эт, сыр жыттанып курттоосу менен нажис болбойт. Таза боор кудукка түшүп, жыттанып, курттаса боор менен кудуктагы суу кир (нажис) болбойт. Жамгыр, кар, мөндүр суусу, деңиз, өзөн, кудук, көл, булак суулары «Мутлак суу» деп аталат. Булар менен даарат алууга да, нажисти тазалоого да болот. Гүлдүн суусу, коон-дарбыз суусу, жүзүмдүн суусу, эттин суусу (шорпо) сыяктуу суулар «Мукаййад суу» деп аталат. Булардын суюгу менен нажис гана тазаланат. Сүт, зейтун майы сыяктуу коюу суюктуктар менен жана заара сыяктуу нажис нерселер менен эч нерсе тазаланбайт. «Нимети Ислам» китебинен алынган жазуулар аяктады. Неге сен кылбайсың парзды, сүннөттү, Эмессиңби Мухаммеддин үммөтү, (алейхиссалам) Эстебейсиңби Жаханнамды, Жаннатты, Ыймандуу кул мындай болобу?
|
НАМАЗДЫН ШАРТТАРЫ 19 – Намаздын сыртындагы, тактап айтканда, намазды баштоодон мурда аткарылуусу парз болгон шарттар жети: 1) «Хадестен тахарат», башкача айтканда, даарат алуу. Эгер суу табылбаса, тайаммум алуу. 2) «Нажистен тахарат», башкача айтканда, кийимин, денеси жана намаз окуучу жерин кир нерселерден (нажистен) тазалоо. Оор болсун, жеңил болсун, аз же көп болсун кирди тазалоо жакшы болот. Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) мындай деген: «Кан менен ириң кир. Намаз окуучу жерди кир нерседен тазалоо керек. Денени да заарадан жана мениден жана бардык кир нерселерден тазалоо керек.» [Ханафи мазхабында кан, заара, спирт оор нажас болуп саналат. Кичинекей жасалма көлмөгө тамган болсо суунун бардыгы оор нажас болот. Булганган жер алакан чуңкурундагы суунун бетинен аз болсо намаз сахих болот. Чөнтөктө, идиште турган спирт, кан жана алкоголь ичимдиги бир мискалдан (беш граммдан) аз болсо намаз сахих болот. Ушул өлчөмдөн көп болсо намаз сахих болбойт. «Дуррул-мухтар»да Истинжа маселесинин аягында мындай деп айтылат: “Суу менен топурактын бирөөсү таза болсо кошулмалары болгон баткак таза деп кабыл кылынат. Фатва да ушундай.” «Ибн Абидин», «Бахр», «Эшбах» жана «Баззазия»да ушундай жазылган. Бул сөздөрдү зайиф дегендер бар болсо да, кыйынчылык, машакаттуу абалда зайиф өкүм боюнча амал кылынат. Фыкх аалымдарынын ушул сөздөрүнөн атыр, дары, политура (лак) жана боёк сыяктуу спирттүү кошулмалардын таза деп кабыл кылына тургандыгын түшүнөбүз. Намаз окуганда нажастан коргонууда кыйындык, машакат болгон жагдайда ушул өкүм боюнча амал кылынат. Шафии менен Малики мазхабында ушундай экендиги «Мафуат» китебинде жазылган. Спирттүү дарылардын таза деп кабыл кылынуусу аларды ичүү жаиз экендигин көрсөтпөйт. Зарыл (мажбур) абал болбой туруп жеп-ичүү жаиз болбойт. Алкоголдук ичимдиктер зарыл болгон заттарга кирбейт. Нажасат болуулары бул өкүм боюнча да кечиримдүү болбойт.] 3) Аврат жери ачык түрдө окулган намаз сахих болбойт. 4) Кыбыла багытын кароо. Кыбыла - Мекке шаарындагы Кааба. Намаз Каабага карап окулат. Каабага карай сажда кылынат. Кааба үчүн сажда кылынбайт. Аллаху таала үчүн сажда кылынат. Кемеде, поездде намаз окуганда кыбыланы кароо парз. Кыбыланы карай албаган Ханафилер Малики же Шафии мазхабын таклид кылып, эки намазды жам кылып (бириктирип) окуйт. Календарда жазылган (Кыбыла сааты) убакытта күндү караган адам кыбыла тарапты караган болот. 5) Ар бир намазды өз убактысында окугандыгын билүү. Ибн Абидин мындай деген: «Азан өз убактында окулганда гана ислам азаны болот. Убактысынан мурун окулса сөз сүйлөө болот. Дин менен ойногон болот. |
КЕРАХАТ УБАКЫТТАР Намаз окулуусу тахриман макрух, башкача айтканда, харам болгон үч убакыт бар. Бул үч убакыт «Керахат убакыттары» деп аталат. Бул үч убакытта башталган парздар сахих болбойт. Нафилдер сахих болсо да тахриман макрух болот. Бул нафилдерди бузуп, башка убакытта казасын окуу керек. Бул үч убакыттын биринчиси – таңда күн чыгаарда башталып 40 мүнөткө созулуучу убакыт. Бул убакыттын аягы «Духа убакыты» жана «Ишрак убакыты» деп аталат. Керахат убакыттарынын экинчиси – чак түштөгү (күн дал төбөдө болгон) убакыт. Күндүн батуусуна 40 мүнөт калган убакытта үчүнчү керахат убактысы башталат. Күндүн чыгуусу – чыгуу убакытынан, башкача айтканда, абсолюттук бийиктик горизонт сызыгынан көрүнө баштап карай албай тургандай даражага көтөрүлгөнгө чейинки, тактап айтканда, «Духа убакытына» чейинки убакыт. Башкача айтканда, керахат убакытынын аягына чейин. Күндүн төбөдө болуусу асмандагы шарий чак түш аймагы болгон орунда болуусу. Тактап айтканда, чак түш убакытынан темкин убакыты алгач жана кийин болгон эки убакыт арасындагы мезгил. Бул убакыт бешим намазы убакытынан Бишкек үчүн болжол менен 20 мүнөт мурда башталат. Күндүн батуусу да карай ала тургандай даражада саргая баштаган убакыттан батканга чейинки убакыт дегенди билдирет. Бул убакыттын мезгили Стамбул сыяктуу кеңдик координатасы 41 градус болгон аймактар үчүн 37-42 мүнөттөр арасында өзгөрүүдө. Орточо алганда 40 мүнөт. Бул мезгилдин алгачкы убакыты «Исфирар-и шемс» же «Керахат убакыты» деп аталат. Күн батарда ошол күндүн асыр намазы гана окулат. Бирок, асырды исфирар убакытына чейин кечиктирүү тахриман макрух болуп саналат. Имам Абу Юсуфтун өкүмү боюнча Жуму күнү гана күн дал төбөдө болгон кезде нафил намазын окуу макрух болбойт. Бирок, бул өкүмү зайиф (алсыз). Алдын ала дайындалган өлгөн адамдын жаназа намазы, тилават саждасы жана сахв саждасы да жаиз эмес. Бул убакытта дайындыгы ушул убакыттарда бүткөн жаназа намазын окуу сахих болот. Нафил намазын гана окуу макрух болгон эки убакыт бар. Таң эрте фажри садык (горизонт) агаргандан күн чыкканга чейинки убакытта багымдат намазынын сүннөтүнөн башка нафил намаз окулбайт. Асыр намазын окугандан кийин шам намазынан мурун нафил намаз окуу тахриман макрух болот. Жума күнү имам минбарга чыккан кезде жана муеззин (азанчы) камат айтып жатканда, башка намаздарда имам намаз окуп жатканда нафил намазды, башкача айтканда, сүннөт намазды баштоо макрух болот. Жалгыз багымдат намазынын сүннөтүн баштоо макрух эмес. Муну окуганда да саптан узак жерде же тирөөчтүн артында окуу керек. Имам минбарга чыга электе башталган сүннөттү бүтүрүү керек деп билдирилди. Багымдат намазын окуп жатканда күн чыга баштаса бул намаз сахих болбойт. Асыр окуп жатканда күн батса бул намаз сахих болот. Шам намазын окугандан кийин учак менен батышка барганда күндү көрсө күн баткандан кийин шам намазы кайрадан окулат. Орозосун ачкан болсо айттан кийин казасын кармайт. Ханафи мазхабында болгону Арафат аянтында жана Муздалифада ажылардын эки намазды жам кылуусу (бириктирүүсү) керек. Ханбали мазхабында сапарда, ооруга чалдыкканда, аялдын эмчектеги баласы болгондо же истихаза абалында, дааратты бузуучу үзүрлөрдө, даарат жана таяммум алууда кыйынчылык тартуучуларда жана сокур же жер алдында иштеген адам сыяктуу намаз убакытын аныктоодо чарасыз болгондорго жана жанына, мал-мүлкүнө, намысына зыян тийүүчү, күн көрүүсүнө зыян болгон адамдарга эки намазды жам кылуулары жаиз болот. Намазын окуу үчүн жумушунан бошоосу мүмкүн болбогон адамдардын бул намаздарын казага калтыруулары Ханафи мазхабында жаиз эмес. Булар болгону ушундай күндөрдө гана «Ханбали мазхабын» таклид кылып бешим менен асырды же шам менен куптанды жам кылып, башкача айтканда, кошуп окуулары жаиз болот. Жам кылганда бешимди асырдан, шамды куптандан мурда окуу, биринчи намазга турганда жам кылууга ниет кылуу, экөөнү биринен соң бирин окуу жана дааратын, гусулун, намазын Ханбали мазхабынын парздары менен муфсиддерин үйрөнүп, ошолорго ылайык окуу керек. 1) Намаздын шарттарынын алтынчысы – намазга ниет кылуу. Ниет көңүл менен кылынат. 2) Намаздын шарттарынын жетинчиси – «Ифтитах такбири». Башкача айтканда, намаздын башында «Аллаху акбар» деп айтуу. Бул жети шарттын бирин жаңылышып же атайылап таштаган (аткарбаган) адамдын намазы сахих болбойт. Исламга моюн сунган киши, кайырлуу болор ар иши. Билбесе моюн суналбайт, алгач зарыл фыкых илими. |
НАМАЗДЫН ОКУЛУШУ
20 – Пайгамбарыбыз (алейхиссалату вассалам) мындай деген:
«Үйүңөрдү чиркөөгө айлантпагыла! Намаз менен кооздогула!» Башка бир хадиси шарифте: «Менин мечитимде [Мединадагы] эки рекет намаз окуу башка мечиттерде окулган миң рекет намаздан кайырлуураак», - деген. Ошондой эле: «Кимде-ким багымдат намазынын сүннөтүн үйүндө окуса менин мечитимде окугандан жакшыраак.»
БАГЫМДАТ НАМАЗЫ
21- Намазды баштаган кезиңде Аллаху тааланы көрүп тургандай жана Пайгамбарыбызды алдыңда көрүп жаткандай камил адеп менен намазды башта, намазың чыныгы намаз болсун! Эгер денең намазда, көңүлүң башка жерде болсо ал намаз кабыл болуучу намаз эмес. Мындай жагдайда алгач «Калима-и тамжид» оку. Тактап айтканда, «Ла хавла вала куввата илла биллахил алийил азыйм» деп айт. Анан намазды башта.
«Ниет кылдым бүгүнкү багымдат намазынын сүннөтүн окууга» деп көңүлүңдөн өткөрүп, эки колуңду жогору көтөрүп, баш бармактарыңды кулактын жумшак жерине тийгизесиң. (Аял ниет кылганда алакандарынын ичин кыбылага каратып, ийиндин тушуна чейин көтөрүп такбир алып, көкүрөгүнө коёт) Ниетти көңүл менен аткаруу парз болуп саналат. Эгер имамга уюп жаткан болсоң «Ниет кылдым бүгүнкү күндүн багымдат намазынын парзын окууга, уйдум имамга» деп ниет кыл! «Аллаху акбар» деп колдоруңду кулактан киндиктин астына түшүр. Оң колду сол билектин үстүнө байла! (Аял көкүрөгүнө оң колду сол колдун үстүнө коёт.) Такбир алып, намазга киргенден кийин тик турган кезиңде көздөрүңдү сажда кылучу жерден айрыба. Эки бутуңдун арасын чоң ачпа. Ортосунда төрт элидей аралык болсун. «Субханака...»-ны окуп башта. «Субханака...»-ны окуп бүткөндөн кийин «Аузу-Бисмиллах» жана Фатиханы толук окуган соң «Бисмиллах» айтпай бир сүрө же үч аят көлөмүндө бир аят же үч аят оку! Буларды бүтүргөндөн кийин «Аллаху акбар» деп рукуга ийилесин. Тизелериңди колдоруң менен каптап карма. Ушул убакта жонуң түз жана башың менен жонуң бир деңгээлде түз болуп туруусу керек.
Хазрети Айша (радыйаллаху анха) мындай деген: «Расулуллах (саллаллаху алейхи васаллам) намазда рукуга ийилген кезинде жонунун түздүгү ушунчалык, эгер жонуна суу толтурулган бир кесе турса төгүлүүсү мүмкүн болбогондой эле.» Бирок, аялдардын рукуда жону түз болбоосу керек. Ушул айырмачылыктын диний мааниси болуу менен катар ден-соолук турумунан да мааниси бар. Ансыз да биз аткарган бардык ибататтарыбызда [динибиз буйрук кылганындай аткарылган ибадаттарда] көптөгөн медициналык жана коомдук пайдалары жана хикматтары бар.
Рукуда эки буттун арасын кароо керек.
Рукуда үч жолу «Субхана раббиял азыйм» дегенден кийин, «Семиаллаху лиман хамидах» деп түздөлүп тик турган кезиңде: «Раббана лакал хамд» де, андан соң «Аллаху акбар» деп саждага бар. «Тадили эркан» - рукудан турган кезде тик туруу деген сөз. Дал ушул сыяктуу, саждадан көтөрүлгөндө эркин отуруп, андан кийин экинчи саждага баруу деген сөз. Ушундай тик туруу жана тик отуруу «тадили эркан» деп айтылат. Саждага барарда биринчи эки тизеңди, кийин колдоруңду жерге кой. Мурун менен чекеңдин экөөсү тең жерге тийип туруусу керек. Эгер мурун жерге тийип, маңдайың тийбесе же маңдайың тийип, мурунуң тийбесе Имам Юсуфтун жана Мухаммеддин (рахима-хуллаху таала) өкүмдөрү боюнча намаз сахих болбойт. Экөөнүн тең жерге тийүүлөрү тийиш.Чыканактарыңды жерге төшөбө (аялдардын чыканактары жерге төшөлүүсү керек.) Ичиң сандарыңдан ажырап турсун (аялдар ажыратышпайт). Жерге тактай, таш төшөп, үстүнө үзүрсүз сажда кылуу жаиз эмес. [Булардын бийиктиги жыйырма беш сантиметрден жогору болсо намаз сахих болбойт. Андан төмөн болсо макрух болот.] Саждада да үч жолу «Субхана раббиял а-ла» деп айт жана «Аллаху акбар» деп башыңды көтөр, оң бутуңду тик коюп, тизелеп отур. Бул учурда оң бутуңдун манжалары кыбылага карап турсун. Эркин отургандан кийин кайрадан саждага барып мурдагы саждадагыдай үч жолу тасбих айт. Андан кийин «Аллаху акбар» деп алгач башыңды, анан колдоруңду, андан соң тизелериңди жерден көтөр. (Кары же үзүрлүү адамдардан тышкары). Эки колуңду мурдагыдай киндигиңдин астына байла. [Аялдар көкүрөк тушуна коюшат.] Болгону «Бисмиллах...» менен Фатиха сүрөсүн жана зам сүрөнү [Фатихадан кийин окулуучу үч аят же үч аят көлөмүнө барабар бир аят зам сүрө деп аталат] толук окуп, байланган колдоруңду коё бер. «Аллаху акбар» деп рукуга, андан кийин саждага бар жана дал биринчи рекеттегидей тасбихтерди оку. Саждага эки жолу баруу керектигин унутпа. Рукуга ийилерде, саждага барарда, саждадан көтөрүлүп отурчу кезде жана экинчи жолу саждага барарда «Аллаху акбар» деп айтууну унутпа. Эң соңунда саждадан турганда эки колуңду эки тизеңдин үстүнө кой жана манжаларыңды тизелериңдин үстүнө өз эрки менен кыбылага каратып коюп эч бирин кыймылдатпа. Колдоруңду ичиңе жабыштырба. Көздөрүңдү эки колуңдун үстүнөн айрыба. «Аттахийат...» жана салаваттарды окугандан кийин кааласаң дагы кыска дуба окуп, алгач оң, анан сол жагыңа башыңды буруп, ийиндериңдин учуна карап бир жолудан «Ассаламу алейкум ва рахматуллах» деп айт. Андан кийин бул дубаны оку: «Аллахумма антассалам ва минкассалам табаракта йа залжалали вал икрам.» Мындан кийин окулуучу нерселер 251- бетте жазылган. Ар убак дуба кылаарда «Йа Аллах йа Аллах йа хаййу йа каййуму йа залжалали вал икрам, ас-алука ан тухиййа калби би нури марифатика абадан йа Аллах йа Аллах» дубасын окуу керек.
Аныктама: Мындай дубаларды багымдат намазынын сүннөтүнөн мурда же парзынан кийин окуу жакшыраак болот. Анткени, Ибн Абидиндин Мысырдагы Булак басмасындагы басылышынын үч жүз элүү алтынчы жана төрт жүз элүү жетинчи беттеринде мындай деп жазылган: «Сүннөт менен парздын арасында сүйлөө менен же, дуба, зикир айтуу менен сүннөт намазы бузулбайт, бирок, сүннөттүн сообу азаят. Сүннөттөн кийин болгону “Аллахумма антассалам... икрам” деп айтылат. Мындан ашык бир нерсе окулса сүннөт намазы сүннөт болгон ордунда окулбаган болот. Кээ бир аалымдар “Сүннөт намазы бузулат, кайрадан окуу керек болот” дешкен. Парздан кийинки (соңку) сүннөттү “Аллахумма антассалам...” дегенден кийин кечиктирүү макрух болот. Имам Муслимдин жана Тирмизинин Хазрети Айшадан (радыйаллаху анха) кабар бергени боюнча Расулаллах (саллаллаху алейхи васаллам) парздан кийин “Аллахумма антассалам...” дегенчелик убакыт отуруп, дароо соңку сүннөт намазын баштачу эле. Хадиси шарифтерде намаздардан кийин окулуусу керек болгон «Арад»-дын (дайыма жана туруктуу окулуп туруучу дубанын) соңку сүннөттөрдөн мурда окула тургандыгын көрсөтүүчү эч кандай ишарат жок. Ал тургай, булардын соңкү сүннөттөн кийин окулуусу керектиги ачыкталууда. Анткени, сүннөт намаздар парздардын уландысы. Ушу себептен соңку сүннөттөрдөн кийин окууну парздан кийин окуу деп айтылат. Ошондуктан «Расулаллах (саллаллаху алейхи васаллам) ар парз намаздан кийин тасбих, тахмид, такбир жана тахлил окуучу эле» деген кабардан “соңку сүннөттөрдөн кийин окуучу эле” деген маани түшүндүрүлөт. Шамсул аимма Халвани: «Парз менен сүннөт арасында кыска дубалар окулса зыяны болбойт, бирок, соңку сүннөттөн кийин окуу жакшыраак болот», - деген. Ибн Абидинден котормо аяктады.
22 – Аныктама: Даарат алууда, нажисти тазалоодо, ниет кылууда жана намаз окууда «Васваса» болбоо керек. Васваса зыяндуу болгон күмөн дегенди билдирет. «Хадика» жана «Барика» китептеринин соңунда васвасанын зыяндары кенен жазылган. Кыскача өзөгү мындай: Хадиси шарифте: «Васваса шайтандан. Даарат алганда, гусул алганда жана нажисти тазалаганда шайтандын васвасасынан сактангыла!» - деп айтылган. Васваса кылуу күнөө болот. Васваса кылган имамга уюп намаз окуу макрух болуп саналат. Аны имамдыктан алуу важип болот. Васваса сууну ысырап кылууга себеп болот. Ал эми ысырап харам болуп саналат. Васваса намазды кечиктирүүгө, жамаатты, ал тургай намаз убакытын өткөрүп алууга себеп болот. Убакытты, өмүрдү бошко кетирүүгө себеп болот. Үстүмө нажис тийбесин деген убайым менен атайын фартук, кумган, жайнамаз колдонуу сыяктуу бидат жасоого себеп болот. Башка бирөөнүн кийиминен, тамагынан нажис бар болуусунан күмөндөнөт, мусулмандарга су-и зан келтирүү (жаман ойдо болуу) харам болуп саналат. Өзүн кылдат деп санап, текебер болот. Бир нерсеге себеп болуучу амалды кылуу да ошол нерсени кылган сыяктуу болот.
Даараттын, тазалануунун жана намаздын шарттарын, сүннөттөрүн, макрухтарын билбеген адам васваса оорусуна чалдыгат. Буларды билип аткарган кезде күмөнгө тушпөө керек, жакшы жана толук аткарганына ишенүү керек. Ушундай ишенүү кылдаттык болот. Күмөнгө түшүү васваса болот. Васваса кылган адам уруксаттар менен амал кылуусу керек. Көчөлөр, жердеги топурак таза. Үстүндө нажис көрүнбөгөн бардык нерсе таза деп кабыл кылынат. Күмөндөнүү менен нажис болуп эсептелбейт. Өтө катуу күмөнү болсо муну колдонуу сахих, жаиз болсо да танзихан макрух болот. Капырдын, фасыктын колдонгон кийими, идиштери жана кир көчө ушундай. Капырдын (китептүү капырдын) сойгон малдарын изилдеп отурбастан жей берүү халал болот. Жүрөктү жаман мүнөздөн тазалоодо, кул акыларына сак болууда жана харамдардан сактанууда катуу маани берүү, тыкан болуу васваса болбойт. Варъа (күмөндөн сактануу) жана такыбаа болот.
МЕЧИТ АДЕБИ 23 – «Дурер» китебинде мындай делген: «Хайз (этек кир) абалындагы жана жунуп болгон адамдын мечитке кирүүсү харам болуп саналат. Дааратсыз адамдын кирүүсү макрух.» Мечитке алгач оң бут менен кир! Бул дубаны оку: «Илахи, бизге мээрим эшигин ач!», анан ичине кир. Эгер ичинде адам бар болсо салам бер, адам жок болсо мындай салам бер: «Ассаламу алайна ва ала ибадиллахиссалихин» жана үч жолу «Субханаллахи валхамдулиллахи ва ла илаха иллаллаху валлаху акбар вала хавла куввата илла биллахил алийил азыйм», андан соң отуруп тасбих жана тахлил оку. [Тасбих жана тахлил окуу тахийатул масжид намазын окуу болуп саналат.] Муеззин (азанчы) азан айтып бүткөндө мына бул дубаны оку: Аллахумма рабба хазихит-даватит-таммати вас-салатил-кааимати ати Мухаммаданил-василата вал-фадилата вад-даражатар-рафиата вабасху мекамен махмуданил-лази ваадтаху иннака лаа тухлифул-миад. Ла хавла вала куввата илла биллахил алийил азыйм.» Намаз башталган кезде имамга уйууга ниет кылгандан кийин уюп аркасында тур. Алейхиссалату вассалам мындай деген: «Аллаху таала мээримин имамга түшүрөт, имамдын артына, оң жана сол жагына да түшүрөт.» Ошол себептен имамдын артында, оң же сол жагына турууга аракет кыл! Ар намазда имамдын алгачкы, башкача айтканда, ифтитах такбирине үлгүрүүгө өтө көп аракет кыл! Пайгамбарыбыз мындай деген: «Жабраил (алейхиссалам) мага келип мындай деди: Йа Мухаммед (алейхиссалам) Аллаху таала: “Хабибиме (сүйүктүүмө) сүйүнчүлө, эгер деңиздер сыя болсо, бүткүл дарактар калем болсо, жер менен көктөгүлөрдүн баары жазуучу болуп кыямат күнүнө чейин жаза турган болсо имам менен бирге алынган ифтитах такбиринин сообунун ондон бирин да жазууга күчтөрү жетпейт!”,- деди.» 24 – Жамаат менен намаз окуганда саптан бөлөк жерде турба! Себеби, намазың макрух болот. Эгер сапта орун жок болсо ошондо гана имамдын аркасына жакын бир жерде турасың. Имам такбир алган кезде сен да дароо такбир ал, ниетиңди такбирден мурда кыласың. Эки колуңду кулагыңа көтөрүп, баш бармактарыңды кулагыңдын жумшагына тийгизип тушүрө баштаган кезде такбириңди ал. Башкача айтканда, «Аллаху акбар» деп колдоруңду байла! Оң колуңду сол колуңдун үстүнө кой жана киндигиңдин астына байла. Көздөрүңдү сажда кылуучу жерден айырба! Адеп менен, көңүлүңдү жыйнап, хушу менен Аллахтын алдында тургандай тур. Өзүң мечитте, көңүлүң башка жакта болбосун. Имам окуган Куранды тыңша, имам Фатиханы бүтүргөндө жай добуш менен “Амин” де. Алдыңдагы адам укпасын. Имам рукуга ийилгенде сен да «Аллаху акбар» деп аны менен бирге рукуга ийил. Бирок, ушул жерде токтоло кетүүчү өтө маанилүү маселе бар: Имамдан мурда рукуга ийилбе! Имамдан мурда рукудан көтөрүлбө! Имамдан мурда саждага барба! Имамдан мурда саждадан турба! Саждада тасбихтерди оку! Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) бир хадиси шарифинде: «Кимде-ким имамдан мурда руку же саждага ийилсе же болбосо имамдан мурда турса, кыямат күнүндө анын башы эшектин башы сыяктуу болот», - деген. Имам рукуга ийилгенде сен да “Аллаху акбар” деп рукуга ийил жана тасбихтериңди оку! Имам “Семиаллаху лиман хамидах” дегенде сен да “Раббана лакал хамд” деп түзөл! Тик түзөлбөй туруп саждага барба! Имам саждага барганда сен да “Аллаху акбар” деп имамдан кийин саждага бар! Саждада тасбихтерди оку! Имам саждадан башын көтөргөндө сен да “Аллаху акбар” деп башыңды көтөр. Эки колуңду тизеңдин үстүнө кой. Имам экинчи жолу саждага барганда сен да экинчи жолу “Аллаху акбар” деп саждага бар. Толук түзөлүп отурбастан дароо экинчи саждага барба. Саждада кайрадан тасбихтерди оку! Имам саждадан турганда сен да “Аллаху акбар” деп тур. Экинчи рекетте да дал ушундай кыл. Имам аттахиятта отурганда сен да отур! Аттахияту, салават жана билген дубаларыңды оку. Имам салам берген кезде сен да аны менен бирге “Ассаламу алейкум ва рахматуллах” деп салам бер жана «Аллахумма антассалам ва мин кассалам табаракта йа зал жалали вал икрам» деп дароо Аят-ал курсини оку! |
АЯТАЛ КУРСИНИ ОКУУНУН КАСИЕТИ Бакара сүрөсүндөгү «Аллаху ла илаха илла ху...» деген аят «Аятал курси» деп аталат. Ушул аяти кариманы ыкылас менен окуган адамдын адам жана айбан акыларынан башка жана парз карыздарынан башка күнөөлөрү кечирилет. Башкача айтканда, тооболору кабыл болот. Расулуллах (саллаллаху алейхи васаллам) мындай деген: «Кимде-ким парз намазды бүтүргөн соң ордунан турбай дароо бир жолу Аятал курсини окуп, отуз үч жолу “Субханаллах”, отуз үч жолу “Алхамдулиллах”, отуз үч жолу “Аллаху акбар” десе бардыгы биригип токсон тогуз болот. Бир жолу “Ла илаха иллаллаху вахдаху ла шарика лах Лахул мулку ва лахул хамду ва хува ала кулли шай-ин кадир” десе Аллаху таала бул адамдын күнөөлөрүн кечирет.» Аллаху таала кечирүүчү күнөөлөр – өзү жана пендеси арасындагы гана тообо кылынган күнөөлөр. Адамдардын жана айбандардын акыларына тообо кылгандан кийин халалдашуусу (кечирим алуусу) да дажет. Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) башка бир хадиси шарифинде мындай деген: «Аллаху тааланын затына таандык болгон үч миң ысымы бар. Булардын ичинен таразада эң оор боло турганы “Субханаллахи ва би хамдихи субханаллахил азыйми ва бихамдихи” болуп саналат. Кимде-ким муну намаздан жана тасбихтерден кийин он жолу окуса ар бир арибине он сооп берилет.» Андан соң имам жана жамаат менен бирге колдоруңду бираз алдыга созуп жана көкүрөк тушуна көтөрүп, алакандарыңды толук ачып көккө каратып дуба кыл жана амин де. Дуба бүткөндөн кийин бетиңди сылап «Валхамду лиллахи раббил аламин» де, жана салават менен Фатиха сүрөсүн оку. Ибн Абидин (рахиме-хуллаху таала) 341-чи бетте мындай деген: «Намаздан кийин дуба кылынган кезде колдор көкүрөк тушунда алдыга карай созулат. Алакандар асманга карай ачылат. Анткени, асман – дубанын кыбыласы. Эки кол бири-биринен бөлөк кармалат. Дубадан кийин эки кол менен бетти сылоо сүннөт болуп саналат.» «Фатава-и Хиндиййа» китебинин бешинчи томунда мындай деп айтылат: «Намаздан кийин дуба кылынган кезде алакан жайуунун ар түрдүү абалдары билдирилди. Булардын арасында эң абзел болгону – алаканды асманга карай ачуу жана бири-биринен алыс кармоо. Колдорду көкүрөк тушуна чейин көтөрүү - мустахаб. Дубадан кийин эки кол менен бетти сылоо - сүннөт.» |
МУСАФАХА (Кол кысуу) 25 – [Мусафаха бардык убакытта кылынат. Намаздардан кийин гана кол кысышууну адатка айландыруу - макрух. Мухаммед Хадими (рахиме-хуллаху таала) «Барика» китебинин 1220-бетинде мындай деген: «Хадис-ул жамиде “Мусулман эки эркек же эки аял кездешкен убактарында мусафака кылса (кол кысышса) али коштошо электе күнөөлөрү кечирилет”, - деп айтылат. Кол алышуу – муаккад сүннөт. Кол алышканда кучакташуу, өбүшүү жаиз эмес.» Аялдардын бири-бири менен чоочун эркектер көрбөй турган жерлерде кол алышуусу жаиз.] Эй, уулум! Расулуллах (саллаллаху алейхи васаллам) мындай деди: «Кимде-ким бир момун бир тууганын зыярат кылып, аны көрүүгө барса алардын экөөнө тең Жаннатта бир-бирден даража берилет.» [Болгону бул зыярат Аллах ыраазылыгы үчүн болуусу керек, башка материалдык жана жеке башынын пайдасы үчүн болбоо шарты менен.] Ошондой эле Расулуллах (саллаллаху алейхи васаллам) мындай деди: «Кимде-ким бир момун бир тууганын зыярат кылып, мусафаха кылып үч жолу колун силкисе, али колдорун коё бере электе Аллаху таала экөөнөн тең ыраазы болот. Дарактын жалбырактары кандай төгүлсө, алардын да күнөөлөрү ошондой төгүлөт.» Кол кысышкандан кийин өлгөндөрдүн, устаздардын жана башка да өмүрдөн өткөндөрдүн жана башка ыймандуулардын кечирилүүсү үчүн дуба кылуу керек. Ушул учурда Пайгамбарыбызга (саллаллаху алейхи васаллам) салават айтуу шарт. 26 – Эй уулум! Мечиттен чыгаарда «Аллахым, мээримиң менен рахмат эшигин ач!» деп сол бутуң менен сыртка чык. Чыгаарда «Иншаллах мындан кийинки намазга да келемин» деп ниет кыл! Анткени, Расулуллах (саллаллаху алейхи васаллам): «Жакшы амалдар ниетке гана байланыштуу болот», - деди. Ниетсиз ибадат болбойт. Бир адам жакшы бир амал кылууга ниет кылса, бирок, бул амалды аткаруу насип болбосо, ал адамга ниетинин сообу жазылат. Дагы да мындай деген: «Намаз – диндин тиреги, кимде-ким намазын окуса динин курат, кимде-ким намазын окубаса динин кулатты.» Себеби, намаз – бардык ибадаттардын эң баалуусу. Расулуллах (саллаллаху алейхи васаллам) мындай деген: «Намазды жамаат менен оку, жалгыз окугандан жыйырма жети эсе артык.» Башка бир хадиси шарифте: «Үзүрсүз, үйүндө [жалгыз] намаз окуган адамдын карызы өтөлөт, намазынын сообу зыян болот», - деп айтылган. Намазды кирген убагында же эч болбосо ортосунда окуу керек. Андан кийин окуй турган болсоң карызың өтөлгөнү менен сообу болбойт. Убакыты чыккандан кийин окулган намаз каза ниети менен окулат. Расулуллах (саллаллаху алейхи васаллам): «Мираж түнүндө бир топ адамдын жагдайынан кабадар болдум. Карасам алар катуу азап тартып жатышкан эле. Жабраил алейхиссаламдан: “Бул топтогулар кимдер?” - деп сурадым. [Башкача айтканда, эмне үчүн азап тартып жатышат?] Жабраил алейхиссалам: “Булар намаздарын убагында окубагандар” – деди.» Бир адам намаз окубаса, парз экендигине да ишенбесе, башкача айтканда, карызын өтөөнү ниет кылбаса, аалымдардын бир ооздон айтуулары менен капыр болуп саналат. Бир адам бирде окуп, бирде окубай жүрсө (үзүрсүз) таптакыр окубай жүргөн менен бир болот. Себеби, ал намазды мазактаган болот. Намазды мазактоо (Аллах сактасын!) – Аллаху тааланы мазактоо болот. Ушул себептен бардык ибадаттарды да намазды да дайыма жана убагында аткаруу керек! |
ЖАМААТТЫН ПАЗИЛЕТИ 27 – Расулуллах (саллаллаху алейхи васаллам) мындай деген: «Кимде-ким багымдат намазынын парзын жамаат менен окуса кыямат күнү жүзү айдын он төртүнчү күнү сыяктуу жаркырайт. Бешим менен асыр намаздарынын парздарын жамаат менен окуса Аллаху таала ал пендеге миң сап периштени милдеттендирип, кыямат күнүнө чейин ал үчүн тасбих кылышат. Кимде-ким шам намазын жамаат менен окуса Аллаху таала ал адамды пайгамбарлар менен бирге тирилтет. Кимде-ким куптан намазын жамаат менен окуса ал адам менен Аллаху тааланын арасында хижап (парда) калбайт». Бул пазилеттер фасык жана бидатчы болбогон имамдын жамаатына карата айтылган. Кимде-ким жамаатты үзүрсүз калтырса жаннаттын жытын сезе албайт. Мындай адам төрт китепте тең малун деп сыпатталат. Намазды калтырган адам Аллаху тааланын ачуусунан кутула албайт. Кимде-ким багымдат намазын окубаса ыйманы алсырайт, бешим намазын окубаса пайгамбарлар “алейхимуссалавату ваттасслимат” ага кыжырланат, асыр намаздарын окубаса периштелер аны жакшы көрбөйт. Шам жана куптан намаздарын окубаса Аллаху таала аны жакшы көрбөйт. 28 – Ар нерсенин бир нуру, бир өзөгү бар. Диндин нуру менен өзөгү – беш убак намаз. Намаз – диндин тиреги, ары коргону. Ар нерсени бузуучу бир себеби болот. Динди бузуучу нерсе – бейнамаздык. Намазын таштаган адам динин, мусулмандыгын таштады деген сөз. 29 – Кимде-ким жамаат мнен намаз окууну жакшы көрсө Аллаху таала да ал кулун жакшы көрөт. 30 – Беш убакыт намазды жамаат менен оку! Гафил болбо! Аныктама: Жамаат менен окулган намаздын сообу жалгыз окулган намаздын сообунан көп экендигин түшүндүк. Жамааттын ушундай чоң пазилети имамдын намазы сахих болгон кезде берилет. Мурда Ислам дини кубаттуу болгон замандарда имамдарга жана башка мусулмандарга хусни зан кылынчу эле (башкача айтканда, жаман ойдо болбой, жакшы деп кабыл кылынар эле). Ал эми азыркы заманда мусулманмын дегендердин жана имам болгусу келгендердин айрымдары динден, ыймандан кабары болбогон жахил экендиги сөзү менен абалдарынан жана иш-аракеттеринен билинет. Ошол үчүн азыркы учурда Ахли сүннөт ишенимине каршы экендиги белгилүү болбогон, гусулун, дааратын жана намазын туура окуй алуучу жана харам кылуудан сактанып жүргөн имамды таап, ошого уйуу керек. Антпесе, жамаат сообу гана эмес намазыбыз да колдон чыгат. Анткени, зарылдык менен белгилүү болгон, башкача айтканда, жахилдер да угуп жүргөн өкүмдөрдү үйрөнбөө, билбөө үзүр болуп эсептелбейт. Фасык имамга уюп окулган намаздын Малики мазхабында сахих эмес экендиги «Халеби-и кабир» де жазылган. Сахих болгон имамдын тишинде каптама же пломба байкалса Малики же Шафии мазхабдарынын бирин таклид кыла тургандыгын же кылбай турганын андан сурабоо керек. 31 – Пайгамбарыбыз: «Багымдат намазы менен куптан намазын жамаат менен окуунун сообу өтө көп. Ушул эки намазды жамаат менен окуу канчалык пазилет жана канчалык сооптуу экенин билсе аны эч ким калтырбайт эле», - деген. Аллаху таала хадиси кудсиде мындай деген: «Кулум мага парз намазында жакындаганындай башка эч кандай амал менен жакын боло албайт.» Парз намаздарын окуп, эч бир намазды каза кылбагандардын нафил намаздары да ушундай болот. Дагы бир хадиси кудсиде Аллаху таала мындай деди: «Кулдарым намаз окуу аркылуу көздөрү, кулактары, колдору, буттары жана бардык мүчөлөрү менин буйругумда болгон болот.» Пайгамбарыбыз: «Аллаху таала Жаннатта хурилерди жараткан. Бул хурилерден “Силер ким үчүн жаралдыңар” деп суралган кезде “Биз беш убак намазын жамаат менен окугандар үчүн жаратылдык” деп жооп беришет», - деген. 32 – Ибн Масуд [Отуз экинчи жылы Мединада кайтыш болгон] мындай деген: Пайгамбарыбыздан: “Аллаху тааланын алдында эң сүйүктүү амал кайсы?” - деп сурадым. Жооп катары: «Намазды убагында окуу, ата-энеге жакшылык кылуу жана Аллаху таала жолунда жихад кылуу», - деди. 33 – Бир күнү бир сокур адам Пайгамбарыбыздан мындай деп сурайт: «Йа, Расулаллах (саллаллаху алейхи васаллам)! Менин көзүм көрбөйт, колумдан жетелеп мечитке алып барганга да эч ким жок. Намазымды үйдө окуй берейинби?» Расулуллахтын саллаллаху алейхи васаллам) «Азандын дубасын угасынбы?» деген суроосуна: «Ооба, угам», - деп жооп берди. Ошондо Расулуллах (саллаллаху алейхи васаллам): «Сага намазды үйүңдө окууга уруксат бербеймин», - деди. Дагы бир адам: «Шаарыбызда жылан, чаян жана жапайы жаныбарлар бар. Мага бир айласы барбы? Намазды үйдө окусам болобу? - деп сурады. Пайгамбарыбыз: «Азанды угасынбы?» - деп сурады. Ошондо: «Ооба угам», - деди. «Анда намазга, башкача айтканда, жамаатка барууң керек», - деп жооп берди. Андай болсо көздөрүң, буттарың соо, эч кандай коркунуч да жок. Шариятта да тоскоолдук жок. Эмне үчүн намазды үйдө окуп, жамаатка барбайсың? Жалгыз гана баса албай турган даражада ооруганда жана катуу суук менен жамгырда гана үйдө окууга уруксат берилет. 34 – Пайгамбарыбыз: «Аллаху тааланын мээрими асыр намазынын сүннөтүн калтырбаган пенденин үстүнө жаасын» жана «Асыр намазынын сүннөтүн калтырбай окуган адамдын Жаннаттка кирүүсүнө мен кепилмин», - деди. [Бул сүйүнчү парз намазын казага калтырбагандарга жана харамдан сактангандарга тийиштүү. Биздин аймактарда бул убакытта ал тургай сүннөт намаздын бар экенин укпаган адамдар миңдеп саналат.] 35 – Шам намазынан кийин алты рекет «Аввабин намазына» кайдыгер караба! Аныктама: Жогоруда намазга байланыштуу көптөгөн баалуулуктар айтылды. Адамды ушул баалуулуктарга жеткирүүчү намаз – бардык парздары, сүннөттөрү, мустахаб, важип жана бардык рукундары менен шарттары толук болгон намаздар. Андан сырткары намаздын соопторуна да жетүү үчүн Аллах ыраазылыгы үчүн окууга деп ниет кылуу жана окулбаган намаздын карызы болбоосу зарыл. Дааратым бар деп ойлоп окулган намаз сахих болбосо да, ниет кылынгандыктан сооп бериле тургандыгы «Ашбах» китебинин отузунчу бетинде кенен жазылган. |
36 – Сообу баарынан көп жана биринчи милдет болгон намаз – парздар. Сүннөттөр жана нафил намаздар парздардын жанында чоң бир деңиздин жанындагы бир тамчы сыяктуу да боло албайт. Бир убакыт парз намазды үзүрсүз казага калтырган адамдын эч бир сүннөт менен нафили кабыл болбойт, башкача айтканда, сахих болсо да сооп берилбейт. Абдулкадир Гейлани (каддесаллаху таала сиррахул азиз) «Футухулгайб» китебинде: «Парз намазды калтырган адам мунун казасын өтөбөй туруп сүннөттү окуусу акмактык жана жахилдик. Анткени, анын сүннөттөрү кабыл болбойт», - деди. Ханафи мазхабынын аалымдарынан Абдулхак Дехлеви (рахиме-хуллаху таала) ушул китептин түшүндүрмөсүндө ушул тууралуу хадиси шарифти узун жазган. Бул хадиси шариф «Сеадети Эбейдиййе» илмихал китебинде жана «Захира-и Фикх» китебинде да бар. Андай болсо баарынан мурда каза намаздарды окуу керек, намаздардын карыздарын өтөө керек жана багымдат намазынын сүннөтүнөн башка төрт убакыт намаздын сүннөттөрүнүн ордуна жалкоолук менен окулбаган намаздардын казаларын бүткөнгө чейин окуу керек. Аалымдардын сөзүнө кулак салбаган жана илимден насиби аз болгон айрым адамдар «сүннөттүн ордуна каза окулбайт» дешет жана кыска акылдары менен сөздөрүн далилдөөгө канчалык аракеттенип жатышса да алардын сөздөрүнүн толугу менен жеке пикирлери экендиги жана эч бир негизге таянбагандыгы алардын китептерин окуган билимдүү адамдарга айдан ачык белгилүү. Төрт мазхабдын бардык назик маселелерин үйрөнгөн улуу аалым Абдулхаким Эфенди хазреттери (рахиме-хуллаху таала) (1281-1362 [м.1943]) бул маселени Стамбул мечиттеринде мусулмандарга кайра-кайра айткан жана жазган. 118-бетти караңыз! Улуу аалым, улуу олуя Мухаммед Масум Серхенди экинчи томдун 63-катында: «Сүннөттөрдүн ордуна каза окуу керек. Сүннөттүн сообу да берилет», - деген. «Сеадети Эбедиййе» 276-бетинде мындай делет: «Бир парз намазды үзүрсүз казага калтыруу – күнөөлөрүн эң чоңу. Бул күнөө ар намаз окулуучу бош убакыт өткөн сайын бир эсе көбөйөт. Себеби, намаздын казасын дароо окуу да парз болуп саналат. Бул коркунучтуу күнөөдөн жана азабынан кутулуу үчүн төрт убакыт намаздын сүннөттөрүн жана Жума намазынын алгачкы жана соңку сүннөттөрүн окуганда окулбаган парз намаздарын да жана куптандын соңку сүннөтүн окуганда үч рекет витир намазынын казасын өтөөгө ниет кылуу керек. Каза окууну кечиктирүү - чоң күнөө. Бул чоң күнөө ар каза окуй тургандай убакыт [башкача айтканда, 6 мүнөт] өткөн сайын бир эсе көбөйөт. Каза болгон ар намаздын эң алгачкы казасы окулган болсо ушул намаздын казаларын өтөөнү кечиктирүү күнөөлөрүнүн бардыгы кечирилет. «Тергиб-ус-салат» китебинде мындай деп жазылган: «Хадиси шарифте: «Бир намазды убагы чыккандан кийин окуган адам 80 хукба күйөт». Бир хукба – 80 жыл. Каза намаздын жазасы алгачкы күнү 80 хукба болсо, кийинки күндөрдө ар 6 мүнөттө бир эсе көбөйүп турат.» Ибн Абидин (рахиме-хуллаху таала) нафил намаздарын түшүндүрүп жатып мындай дейт: «Сүннөттөр – парздар жана важиптер менен бирге окулуучу башка, бөлөк намаздар деген сөз. Муаккад болгон жана муаккад болбогон сүннөттөрдүн бардыгы нафил (нафиле) намаз деп аталат. Анткени, парз жана важип болбогон намаздар нафил болот. Нафил деп аталган намаздардын бири да сүннөт эмес. Сүннөт намазды үзүрсүз жана дайыма калтырган адам эгер сүннөт экенине ишенсе, урматтаса кичине күнөө кылган болот. Ишенбегендиктен, урматтабагандыктан окубай жүргөн болсо ыйманы кетип капыр болот. Диний бир маселе экендиги анык, башкача айтканда, сабатсыздарга да маалым болгон бир нерсени моюндабаган адам да капыр болот. Ханафи мазхабы боюнча ижма менен кабыл кылынган, башкача айтканда, төрт мазхабда тең бирдей болгон бир өкүмдү кабыл кылбаган, жокко чыгарган адам да капыр болот. Муаккад сүннөттү үзүрсүз дайыма калтырып жүрүүнүн күнөөсү важипти калтыруунун күнөөсүнө жакын. Дайыма калтыруу – адашуучулук болот. Калтырган адам айыпталат. Парздардан кийин окулуучу сүннөт намаздар парздардын ичиндеги сүннөттөр арасынан үзүр менен, мисалы, унутуп калтырылгандардын ордуна өтөт, ушундайча парздарды толуктайт. Болбосо сүннөт намаздар таптакыр окулбаган парздардын ордуна өтпөйт, калтырылган парздарды толуктабайт. Хадиси шарифте: «Кемчилик менен окулган намаз субха (нафил) кошулуу аркылуу толукталат», - деп айтылган. Субха нафил намаз дегенди билдирет. [Түшүнүп турганыбыздай, парздардан мурда жана кийин окулуучу сүннөттөргө “нафил” деген ат берилүүдө.] Багымдат намазынын сүннөтү башка сүннөт намаздардан кубаттуураак. Муну важип деген аалымдар да бар. Хазрети Айша (радыйаллаху анха) мындай дейт: «Расулуллах (саллаллаху алейхи васаллам) нафил намаздардын арасынан эң көп багымдат намазынын эки рекетине катуу маани берүүчү эле. [Көрүнүп тургандай, Хазрети Айша энебиз да сүннөт намаздарды нафил деп айтууда.] «Бешим намазынын парзынан мурда окулуучу төрт рекет сүннөттү таштаган адам шапаатыма жете албайт!» деген хадиси шариф Жаннаттагы даражасынын жогорулоосу үчүн жеке шапаатыма жете албайт деген сөз. Анткени, Пайгамбарыбыздын жалпы шапаатына бардык мусулмандар жетишет. Бир аалымдан суроо сурагандар көп болуп, жооп берүүгө бош убактысы калбаса багымдат намазынан башка намаздардын сүннөттөрүн калтырууга болот. Сабакты өткөрүп албоо үчүн шакирттин калтыруусу да жаиз болот. [Бирок, парз намаздарды калтыруу эч качан жаиз эмес.] Мечитке киргенде, отуруудан мурда мечиттин ээсине, башкача айтканда, Аллаху таалага эки рекет намаз окуу сүннөт болуп саналат. Бул «Тахиййатул-месжид» намазы деп аталат. Мечитке кирген кезде парз же башка намаз окуу же буларды окуу ниети менен кирип отуруу Тахиййатул месжид намазын окуу болуп саналат.Башка намазды окуурда Тахиййатул месжид үчүн да өзүнчө ниет кылуу керек эмес. Багымдат жана асыр намаздарын окуп койгон адам мечитке киргенде Тахиййатул месжид намазын окубайт. Бир адам бешим намазын окуп жатканда бешимдин парзы менен сүннөтүнө бирге ниет кылса эки имам боюнча жалгыз парз окулган болот. Ал эми Имам Мухаммеддин (рахиме-хуллаху таала) өкүмү боюнча парз намазы да сахих болбойт. Беш убакыт намаздын сүннөттөрү парздан бөлөк окулуучу башка намаз болгондуктан парз окулганда сүннөт да окулган болуп саналбайт. Парз окулганда тахиййатул месжид намазы да окулган болот. Ташталып калганга жатпайт. Бирок, Тахиййатул месжид сообуна ээ болуу үчүн ага да өзүнчө ниет кылуу керек. Себеби, хадиси шарифте: «Ибадаттар ниетке байланыштуу», - деп айтылган. Амалдын жообуна ээ болуу үчүн ниет кылынуусу шарт болууда.» Ибн Абидинден котормо ушул жерден аяктады. Каза намаздары парздан башка намаз болгондуктан сүннөт намаздын сыпатына ылайык болуп жатат. Ушул себептен каза намазды окуган кезде өзүнчө ниет кылбаса да сүннөт дагы окулган болот. Сүннөт окууга өзүнчө ниет кылуу зарыл эмес. Сүннөттүн ордуна каза коюп окуган адам сүннөттү калтырган болуп саналбайт. Антсе да, сүннөт намаздар үчүн убада кылынган соопторго ээ болуу үчүн каза намазына ниет кылып жатканда убакыт намазынын сүннөтүнө да ниет кылуу, башкача айтканда, көңүлдөн өткөрүү керек болот. Ушундайча эки ниет кылынган кезде каза намазы да сүннөт намазы да үч имамдын өкүмү боюнча сахих болот. Ошону менен бирге сүннөттүн сообу да берилет. 119-бетти караңыз! Бул маселени узун кылып баяндаганыбыздын себеби - сүннөттөрдүн ордуна каза окуу керек экендигин түшүндүрүү жана маркум Офтук Мухаммед Эмин Эфендинин «Нажат-ул-муминин» китебинин акыркы бетиндеги маалыматтардын туура экендигин билдирүү. Ошол бетте: «Багымдаттан башка намаздардын сүннөттөрүн окуган кезде эң алгач каза болгон намаздын казасы менен бирге ошол убакыттын сүннөт намазына бирге ниет кылынат. Ушундай жол менен ары казанын карызы өтөлөт, ары сүннөттүн да сообу берилет», - деп айтылат. Дин билими аз адамдар Офтук Эмин Эфендинин ушул жазуусунун туура эмес экенин айтып жүрүшсө да, Ибн Абидиндин жогоруда баяндаган аныктамасы алардын сөздөрүнүн жаңылыш экендигин көрсөтүп турат. Улуу аалым Ахмед Тахтави (рахиме-хуллаху таала) «Меракил-фелах» түшүндүрмөсүндө каза намаздар бөлүмүнүн соңунда мындай деген: «Февт кылынган, башкача айтканда, адамдын колунда болбогон бир шарият үзүрү менен (шарият уруксат кылган себеп менен) өткөрүп алган намаздын парзынын казасын окуу сүннөт намаздарды окуудан маанилүүрөөк жана зарылыраак. Бирок, муаккад сүннөттөрдү жана духа, тасбих жана аттары хадиси шарифтерде билдирилген нафилдерди сүннөт ниети менен окуу, мындай болбогондорду парздын казасына ниет кылып окуу жакшыраак.» Муаккад сүннөттөрдү сүннөт ниети менен окуу башка нафилдерди каза ниети менен окуу жакшыраак деген сөз бул сүннөттөрдү каза ниети менен окууга болбойт деген сөз эмес. «Дуррул мухтар»да мындай деп айтылат: «Февт кылынган намаздардын казасын кечиктирбестен окуу керек. Болгону үзүр менен гана кечиктирүүгө болот. Напаканы камсыздоо үчүн иштөө – үзүр.» Февт кылынган намаздардын казаларын муаккад сүннөттөрдү окугудай убакыт кечиктирүү үзүр болуп саналат. Ал эми парз намаздарды үзүрсүз (себепсиз) калтыруу - чоң күнөө. Ушул чоң күнөөдөн кутулуу үчүн дароо казасын окуу - парз. Намаздардын муаккад сүннөттөрүн окуу үчүн ушул парзды кечиктирүү үзүр болбойт. Ал гана эмес важипти кечиктирбөө үчүн да муаккад сүннөттү калтыруу керек экендиги витир намазында жазылган.
Мухаммед Хадими (рахиме-хуллаху таала) «Барика» китебинде жаман мүнөздөрдүн алтымышынчысы болгон «Күнөө кылуудан кайтпоо» бөлүмүндө мындай деген: «Парз намазды үзүрсүз убактысында окубоо - чоң күнөө. Эгер милдет экенине маани бербесе, манилүү деп санабаса капыр болот. «Фетава-и Зейнийа»да мындай деп айтылат: «Күнөөгө дароо, тез тообо кылуу - парз. Тообону кечиктиргени үчүн да тообо кылуу зарыл.» [Көрүнүп тургандай, тообону кечиктирүү да күнөө болот.] Парз намазды үзүрсүз таштоодо эки чоң күнөө бар. Биринчиси - намазды өз убактысынан кийинкиге калтыруу. Мунун тообосу – өкүнүү, дагы өткөрүп албоого чечим чыгарып, сөз берүү. Экинчи күнөөсү - намазды калтыруу. Мунун тообосу – дароо, тез арада казасын өтөөдөн турат. Казасын окууну кийинкиге калтырып, кечиктирүү да чоң күнөө болуп саналат. Буга да башка тообо келтирүү зарыл. Анткени, күнөө кылуудан кайтпоо – башка бир чоң күнөө. Кичине күнөө кылуудан кайтпоонун да чоң күнөө экендиги хадиси шарифте билдирилген. Парз намаздарды үзүрсүз таштоо харам болгондуктан алардын казаларын кечиктирүү үчүн беш убакыт намаздын парздарын кечиктирүүгө үзүр болгон нерселер. Бул үзүрлөр – ишаарат менен да окуй албай тургандай даражада катуу оорулуу болуу, согушта душмандын, сапарда уурулардын жана жырткыч жаныбарлардын кол салуусу, унутуу жана уйку. Өлүм алдындагы оору болсо өлгөндөн кийин фидия берилүүсү үчүн осуят жазуу жана мал-мүлк калтыруу важип болот.» «Барика»дан котормо аяктады. Убакыттын соңунда муаккад сүннөт окуу парзды убактысында окууга тоскоол болсо бул сүннөттү окуу харам боло тургандыгы фыкх китептеринде жазылган. Ушул сыяктуу сүннөт намазын окуу каза окуунун кечигүүсүнө себеп болгондуктан харам болот. Анткени, үзүрсүз окулбай калтырылган намаздын казасын өтөй тургандай убакыт өткөн сайын [башкача айтканда ар 6 мүнөт сайын] бул чоң күнөө эселеп көбөйө берет. Мусулмандарды ушул чоң балээлерден коргоо үчүн бардык фыкх китептери каза намаздарын кечиктирбестен дароо окуу керек экендигин жазууда. Парз намазды февт кылуу, башкача айтканда, үзүр менен убактысында окубоо харам болбогондуктан алардын казаларынын муаккад сүннөттөрдү окугандай убакыт кечиктирилүүсү үзүр болуп саналып, мындан артык кечиктирилүүсүнө уруксат берилген эмес. |
37 – Ишрак намазынын касиети да өтө көп. Бул туурасында көптөгөн эмгектер жазылган. Пайгамбарыбыз мындай деди: «Багымдат намазын окугандан кийин дүнүйөлүк сөздөрдү сүйлөбөстөн кыбылага карап туруп, күн бир найза боюнчалык көтөрүлгөндөн кийин эки рекет ишрак намазын окуган адам – күмөнсүз жаннаттык». [Күндүн төмөнкү четинин горизонттун көрүнгөн сызыгынан бир найза боюнчалык көтөрүлүүсү – чыныгы горизонттон беш градус көтөрүлгөн кези. Бул күн чыккандан 40 мүнөт өткөндөн кийин дегенди билдирет.] 38 – «Тахажжуд намазы», башкача айтканда, түнкү намазды да оку, дубаң кабыл болсун. Хасан Басри (рахметуллахилбари) хазреттери (21-110 Басра) мындай риваят кылат: Аллаху таала Тури Синада Муса алейхиссаламга: «Эй Муса, мага ибадат кыл!»,- деди. Муса алейхиссалам: «Йа, Раббым! Сага, кабыл болуусу үчүн кайсы убакытта ибадат кылайын?» - деп сураганында, түндүн жарымында түнкү намазды окуу буйрук кылынды. Чындыгында, Музземмил сүрөсүнүн экинчи аятында: «Түндүн жарымында түнкү намазды оку!» - деп буйрук кылынат. [Ошону менен катар, «Дуррул-мухтар» китебининин бешинчи томунда бир саат илим үйрөнүү (жана үйрөтүү) – түндү ибадат менен өткөрүүдөн да сооптуу экендиги жазылган.] 39 – Дубанын кабыл болуусу үчүн беш шарт зарыл: 1) Мусулман болуу. 2) Парздарды аткаруу. Казага калган намаздарды бош убакыт тапкан сайын сүннөттөрдүн ордуна казаны коюп болсо да, мүмкүн болушунча эртерээк өтөөгө аракет кылуу керек. 3) Парз намазы казага калган адамдын сүннөт менен нафил намаздары жана дубалары кабыл болбойт. Башкача айтканда, сахих болсо да сооп берилбейт. Шайтан мусулмандарды алдоо үчүн парздарды маанисиз көрсөтүп, сүннөт менен нафилдерди аткарууга жетелейт. Намазды убагы киргенин билип жана алгачкы убакытында окуу керек. 4) Харамдан сактануу. Халалдан жеген адамдын дубасы кабыл болот. 5) Олуялардын бирин тавассул кылуу аркылуу дуба кылуу керек. Индустан аалымдарынан Мухаммед бин Ахмед Захид «Таргибус-салат» китебинин элүү төртүнчү бөлүмүндө, фарс тилинде мындай деген: «Хадиси шарифте: “Дубанын кабыл болуусу үчүн эки нерсе кажет: биринчиси дубаны ихлас менен кылуу керек. Экинчиси ичип-жегени менен кийгени халалдан болуусу керек. Мусулмандын бөлмөсүндө харам жол менен келген бир жип бар болсо бул бөлмөдө кылынган дубасы таптакыр кабыл болбойт” деп айтылат.» Ихлас – Аллаху тааладан башка эч нерсени ойлобой, жалгыз Аллаху тааладан гана суроо. Ал үчүн Ахли сүннөт аалымдары билдиргендей ыйман келтирүү жана ахками исламийага (ислам өкүмдөрүнө) моюн сунуу, өзгөчө, мойнундагы кул акысынан кутулуу жана беш убакыт намазын окуу керек. 40 – Тасбих намазын окуй алган кезиңде оку! Бул намаз төрт рекеттен турат. Бирок, эки рекетте бир салам берилет. Алгач ниет кылып такбир алгандан кийин “Субханаллахи валхамду лиллахи ва ла-илаха иллаллаху валлаху акбар” деп айт! Он беш жолу айтып бүткөндөн кийин: “Вала хавла вала куввата илла биллахил алийил азыйм” деп бүтүр. Андан кийин Аузу-Бисмиллах менен Фатиханы жана зам сүрөнү оку, кийин рукуга ийилбей туруп он жолу дал ушул тасбихти оку. Аягында “Вала хавла вала куввата илла биллахил алийил азыйм” деп бүтүр. Рукуга ийил. Рукуда руку тасбихтерин айтып бүткөндөн кийин дагы да он жолу ушул эле тасбихти оку, рукудан түзөл, «Семиаллаху лиман хамидах» деп түзөлгөндөн кийин, тик турганыңда дал ушул тасбихти он жолу дагы оку. Тасбихти окуп бүтүп «Раббана лакал хамд» дегенден кийин «Аллаху акбар» деп сажда кыл. Саждада сажда тасбихтерин айткандан кийин жанагы тасбихтерди он жолу дагы оку. Саждадан башты көтөрүп отурганда экинчи саждага барбастан ошол эле тасбихти дагы да он жолу оку. Андан кийин экинчи саждага барып, сажда тасбихтерин окугандан кийин саждадан башты көтөрбөй туруп он жолу ушул тасбихти окуп башыңды көтөр. Толук тик тургандан кийин Фатиханы окубай он беш жолу ошол тасбихти окуп, андан кийин Бисмиллах менен Фатиханы оку, зам сүрөнү окугандан кийин ошол эле тасбихти он жолу окуп рукуга ийил. Андан соң түзөлүп, саждага бар. Тасбихтерди биринчи рекетте айтылгандай кылып оку. Аттахиятта отур. Аттахият менен салаваттарды окуп салам бер. Жогоруда түшүндүрүлгөндөй кылып дагы эки рекет намаз оку. Мына, тасбих намазынын окулушу ушундай. Бул намаздын белгиленген бир убакыты жок. Кайсы убакытта окууну кааласаң да окуй бересиң, түндө да окууга болот. Ушул төрт рекет тасбих намазын окуган адамдын бардык күнөөлөрүн Аллаху таала кечирет жана тообосун кабыл кылат. 41 – Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) мындай деди: «Кимде-ким шам намазынан кийин, куптан намазы кире электе эки рекет намаз окуса, биринчи рекетинде бир жолу Фатиха, бир жолу Аятал курси жана беш жолу Ихлас сүрөсун окуса, ал эми экинчи рекетинде бир жолу Фатиха, бир жолу “лиллахи ма фиссамавати ва ма фил арди ва ин түбду ма фи анфусикум ав тухфуху йуха-сибкум бихиллах фа йагфиру лиман йаша-у ва йуаззибу ман йаша-у валлаху ала кулли шай-инкадир” деп окуп, андан соң “Аманаррасулу...”ну аягына чейин окуп, бул намазды ушундай окуп бүтүрсө Аллаху таала Жаннаттан бир даража белек кылат жана ар рекетте бир шейиттин сообун, ал эми ар бир аятына кул азат кылуунун сообун берет.» [Каза намазынан карызы бар болгондорго бул сооптор берилбейт. Алар карыздарынан кутулмайынча Тозоктон кутула албайт.] |
42 – Намаз окууну жакшы көр! Беш убакыт парз намаздарыңды аткар! Беш убакыт намаз – бардык ибадаттардын эң баалуусу. Намаз жамаат менен окулса андан да баалуураак болот. Жамаат менен намаз окууну үзүрсүз калтыруудан сактан. Жамаат менен намаз окууну үзүрсүз калтыруу – мунафыктыктын (эки жүздүүлүктүн) белгиси. Андайлар төрт китепте тең наалат кылынган. Намазды үзүрсүз жалгыз окугандын абалы ушул болсо, таптакыр окубагандын абалы кандай болоорун өзүң ойло! [Ишеними Ахли сүннөт ишенимине ылайык болбогон адам адашкан адамбы, капырбы же муртадбы, андай имамга уюп намаз окубоо керек, жаңжал да чыгарбай, сөз талашпоо керек. Баары менен жакшы мамиледе болуу керек.] 43 – Намаздын руку жана саждасында жана башка да рукундарында тадили эркан менен, хушу менен намазыңды туура оку. Бир адам намаз окуп жатканда руку менен саждада тадили эрканды толук кылчу эмес эле. Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) муну көрдү. Ал жөнүндө: «Бул кишинин жагдайы ушундай улана бере турган болсо амалынын пайдасын көрбөйт!» - деди. Намаздын рукундарында тадили эркан болбосо намаз толук болбойт. Намазды мазак кылган болот. Бир адамдын намазы намаз болбосо дини да толук болбойт. Расулуллах (саллаллаху алейхи васаллам) мындай деген: «Намаз – диндин тиреги, тирексиз дин болбойт.» Намаз окубаган адамдын дини кулайт. Ошондой эле: «Намаз – мусулмандын миражы», - деген. 44 – Расулуллах (саллаллаху алейхи васаллам) мындай деген: «Кимде-ким беш убакыт парз намазда Курани карим окуса Аллаху таала ар бир арибине жүз сооп берет. Кимде-ким намаздан башка убакыттарда Куран окуса ар бир арибине он сооп берет. Кимде-ким [обондотпой жана урмат менен окулган] Куранды туруп же отуруп урмат менен тыңдаса ар арибине бир сооп берет. Кимде-ким Курани каримди хатим кылса, ал пенденин дубасын Аллаху таала кабыл кылат.» 45 – Аныктама: Имам Газали (рахима-хуллаху таала) 450 [м.1058] жылы Тус шаарында туулуп, 505 [м. 1111] жылы ошол шаарада кайтыш болгон. Ошол улуу аалым жүздөгөн китептеринин акыркысы болгон фарс тилинде жазган «Кимия-и саадат» китебинде мындай дейт: Курани карим окууну үйрөнгөн адамдардын Куранды урматтоону да үйрөнүүсү керек. Оболу күнөөлөрдөн жана жаман сөз менен иштерден сактанып, бардык жагдайларда адептүү болуу керек. Андай болбосо Курани карим ага доочу болот. Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам): «Мунафыктардын көбү карилердин арасынан болот», - деген. Абу Сулейман Дарани (рахима-хуллаху таала) (205-жылы Шамда [м.820] мындай деди: «Тозоктогу забанилер (азап берүүчү периштелер) өзү жана сөзү бузук болгон карилерге бутка сыйынган капырлардан мурда азап берет». Хасан Басри (рахима-хуллаху таала) (110-жылы Басрада [м.727]) мындай деген: «Бизден мурда келгендер Курани каримди Аллаху тааланын буйруктарын билдирүүчү китеп катарында, түнү буйруктарды ойлонушчу, күндүз буларды аткарууга аракеттенишчү эле. А силер болгону жаттоого жана обондотуп, ноталарга салып окууга аракеттенип, буйруктарын ал тургай ойлобойсуңар дагы. Негизинде, максат – буйруктарды аткаруу.» Курани каримге ылайык иш кылбаган карилер кожоюнунан кат алган кызматчыга окшойт. Катты алып обондотуп, үн чыгара окуйт, бирок, каттагы буйруктарды орундабайт. Курани карим окуганда он адепти сактоо керек. 1) Даарат менен жана кыбылага карап [такыя кийип] урмат менен окуу керек. 2) Салмак менен, маанисин ойлоп окуу керек. Маанисин билбегендер да салмак менен окуусу керек. 3) Көз жаш менен окуу керек. 4) Ар аяттын акысын берүү керек, башкача айтканда, азап аятын окуганда коркуп, мээрим аяттарын берилүү менен, мактоо аяттарын тасбих кылып окуу керек. Курани каримди аузу-бисмиллах айтып баштоо керек. 5) Окуп жаткан адамда рия, башкача айтканда, бирөгө жакшы көрүнүү сезими пайда болсо же намаз окуп жаткан адамга тоскоол болуп жатса, добушун басаңдатып окуусу керек. Карилердин мусхафка (Курани карим китебине) карап окуусунун сообу жатка айтып окугандан көбүрөөк. Анткени, бул убакта көздөр да ибадат кылышат. 6) Курани каримди кооз добуш жана тажвидке (эрежелерине) ылайык окуу керек. Тыбыштар менен сөздөрдү буза турганчалык обондотуу харам болуп саналат. Тыбыштар бузулбаса макрух болот. [Халеби китебинде: «Обондотуп окуган имамга уюп окулган намазды кайра окуу керек», - деп айтылат.] 7) Курани карим – Аллаху тааланын келамы (сөзү), сыпаты, кадими (башталышынын жок болуусу). Ооздон чыккан тыбыштар «От» деп айтканга окшойт. От деп айтуу оңой, бирок, отко эч ким чыдай албайт. Бул тыбыштардын маанилери да ушундай. Бул ариптер башка ариптерге окшобойт. Бул ариптердин маанилери ачыкка чыкса жети кабат жер менен жети кабат асман да чыдай албайт. Аллаху таала өз сөзүнүн улуулугун, кооздугун ушул ариптердин ичине жашырып, адамдарга жиберген. Чындыгында эле айбандарга сүйлөп жумуш кылдыруу мүмкүн эмес. Алар айбандын добушуна окшогон белги добуштарды чыгаруу менен башкарылат. Мисалы, өгүз өзү үйрөнүп калган бир добуш аркылуу жер айдайт. Бирок, кылган жумушунун себеби менен пайдасын билбейт. Мына, адамдардын көбү ушундай, Курани каримдин болгону добушун гана угушат жана Куранды арип менен тыбыштан башка эч нерсе эмес деп ойлошот. Алар «От» бир-эки ариптен куралган сөздөн башка эч нерсе эмес» деп ойлогон адамга окшойт. Ал сабатсыз кагаздын отко чыдай албай, жанып кете тургандыгын билбейт. «От» сөзүндөгү ариптер кагаздын бетинде жазылуу турат жана кагазга эч зыянын тийгизбейт. Ар адамдын руху кандай бар болсо жана рух адамдын кейпине канчалык окшобой турган болсо, бул ариптер да адам сыяктуу бир кейип. Ариптердин маанилери болсо адамдын руху сыяктуу. Адамдын урматы менен кадыры руху менен өлчөнгөнүндөй, ариптердин кадыры да маанилери менен өлчөнөт. 8) Курани каримди окуудан мурда аны айткан Аллаху тааланын улуулугун ойлоо керек. Кимдин сөзү айтылып жатканын, кандай кооптуу иш кылынып жатканын ойлоо керек. Курани каримди кармо үчүн таза кол кажет болгондой эле аны окуу үчүн да таза жүрөк кажет. Ушул себептен Икрима (радыйаллаху анх) мусхафты ачкан кезде эстен танчу. Аллаху тааланын улуулугун билбеген адам Курани каримдин улуулугун түшүнө албайт. Аллаху тааланын улуулугун түшүнүү үчүн Анын сыпаттары менен жараткандарын ойлоо керек. Бардык макулуктардын ээси, башкаруучусу болгон бир заттын келамы (сөзү) экенин ойлоп окуу керек. 9) Окуп жатканда башка нерселерди ойлобоо керек. Бир адам бакчаны аралап жүрүп көргөндөрүн ойлонбосо, анда ал бакчаны аралаган болуп эсептелбейт. Курани карим да – момундардын жүрөктөрү аралай турчу жер. Аны окуган адам мындагы таң ажайып нерселерди жана хикматтарды ойлоосу керек. 10) Ар сөздү окуганда маанисин ойлоосу жана түшүнгөнгө чейин кайталап окуусу керек. Лаззатын сезген кезде да кайталап окуусу керек. Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) бир түнү “Ин-туаззибхум” аятын толугу менен таңга чейин кайталап окуган. Курани каримдин маанисин түшүнүү өтө кыйын. Курани каримдин маанисин үч адам түшүнө албайт: 1. Арап тили билимдерин жакшы өздөштүрбөгөн жана захири тафсирди окубагандар. 2. Токтоосуз чоң күнөө кылып жүргөндөр же Ахли сүннөт аалымдарынын (рахима-хумуллаху таала) ыйман жана ишенимдерине ылайык багынбай, жүрөгү караргандар. 3. Ахли сүннөт ишенимин захир (сырткы) жана көрүнүштөгү маанисине ылайык кабыл кылып, мындан башка жүрөккө келүүчү нерсени жактырбаган адам ушул захир-сырткы мааниден илгери өтө албайт. [Курани каримдеги аятардын саны алты миң эки жүз менен алты миң үч жүздүн арасында. Эл арасында көбүнчө алты миң алты жүз алтымыш алты деп билинет. Узун аяттарды бир нече кыска аятка бөлгөндөр аят санынын көбүрөөк экендигин айтышкан.] «Кимийа-и саадат» китебинен котормо аяктады.
|
46 – [Радио аркылуу, микрофон менен ибадат кылуу максатында Курани карим окуу, азан айтуу жаиз эмес. Ушундай окулган азан менен Курани каримди уккандар ушуларга окшогон башка добушту уккан болот. Жамаат менен намаз окуган кезде имамды көрүп же үнүн угуп намаз окуган адамды көрбөгөндөрдүн же имамдын же азанчынын үнүн укпагандардын бир гана радионун, колонканын үнүнө уюп окуган намаздары сахих болбойт. Себеби, булардан угулган үн имам менен азанчынын өз үндөрү эмес. Электро-магниттик талаанын таасиринен, башкача айтканда, металлдын дирилдөөсүнөн пайда болгон үн. Имамдын үнүнө өтө окшош жана анын каалоосу менен, үнү менен пайда болгон болсо да анын үнү эмес. Ибни Абидин (рахметуллахи алейх) нике бөлүмүндө, үйлөнүү харам болгон аялдар темасында мындай деген: «Айнектин ары жагындагы же суунун ичиндеги бир нерсени көрүү – анын өзүн көрүү болуп саналат. Бир заттын суудагы, күзгүдөгү чагылышын көрүү – анын өзүн эмес, бейнесин, окшошун көрүү болуп саналат. Бир адамдын жүзүн карабоого ант берген адам ал адамдын күзгүдөгү же суудагы сөлөкөтүн караса анты бузулбайт. Көз айнек менен бир нерсени караган адамдын көзүнө ошол заттан чыгып, айнектен өтүп келген шоола анын көрүүсүнө себеп болууда. Күзгү менен суудагы чагылуудан келген шооланын себеби менен пайда болгон сөлөкөттү көрүү – ал нерсенин өзүн көрүү эмес, окшошун көрүү болуп саналат.» Бул сүйлөмдө ачык көрүнүп тургандай, радиодон, колонкадан чыккан үн имамдын үнү эмес. Ал үндүн окшошу. Аны уккандар имамдын үнүн эмес ал үнгө окшош башка бир үндү угууда. Имамдын, азанчынын үнүнө уюбай, башка үнгө уюган адамдын жана имамдан башка адамдын окугун Фатихасына «Амин» деген адамдын намазы сахих болбойт.] 47 – Эгер имам болууну кааласаң алгач [Ахли сүннөт аалымдарынын (рахиме-хумуллаху таала) билдиргендерине ылайык ишенимиңди туурала!] Намаздын парзын, важибин, сүннөтүн жана адебин жакшылап үйрөн! Ушуларды үйрөнгөндөн кийин имам бол жана Курани каримди жакшы оку. Имам боло турган адамдын акылы кирген жана балакатка толгон болуусу шарт.Эгер үйдүн ээси конокко «Имам бол» десе, ошол кезде имам болот. Намазды эч бир себеп менен кийинкиге калтырбашың керек. Курсагың ач болуп, тамак даяр болгон убакта тамагыңды жегенден кийин намазыңды оку! Бирок, намаз убакыты өтүп бара жатса алгач намазыңды окуп, андан соң тамактан! Намаз окуган кезиңде Аллаху тааланын алдына чыга ала тургандай таза кийимиңди жана узун жеңдүү кийим кий. Кийген костюм, пальто жана чапаныңды топчула. Колдоруң, буттарың жана башың жабык болсун. Ихрам кийип намаз окуганда баш ачык болот. Намазды үстүндө жазуу, ар кандай сүрөт болбогон таза бир кездеме же бир түстүү жайнамаздын үстүндө окусаң сообу көбүрөөк болот. Намаз үчүн колдонулуучу жайнамаздардын эң жакшысы – жерден өсүп чыгуучу өсүмдүктөрдөн жасалганы. Чөптүн үстүндө окуу да сооп. «Халеби» китебинде мындай деп айтылат: «Жылаңбаш намаз окуу - макрух. Намазда баш кийим түшүп калса аз аракет менен дароо кийүү керек. Жеңдерди чыканакка чейин же аз да болсо түрүп окуу макрух. Намазда түрсө намазы бузулат. [Кыска жеңдүү көйнөк менен намаз окуу макрух болот.]» «Дуррул-мухтар» китебинде намаздын макрухтарынын соңунда мындай деп айтылат: «Намазды таза маасы менен жана байпак менен жаап окуу жылаң аяк окуудан алда канча зарылыраак. Хадиси шарифте бутту жаап окуу буйрук кылынат.» [Бут кийим, маасы кир болсо бутка таза байпак кийүү сүннөт болот. Намаздын важибин, сүннөтүн таштоо макрух болот. Макрух болгон намаз сахих болсо да сообу болбойт. Мечитте бут кийимди жана ошого окшогондорду артта калтыруунун макрух экендиги «Барика» жана Ибн Абидинде намаздын макрухтарынын жана Ажылыкта шайтанга таш ыргытуунун соңунда жазылган.] 48 – Уруксатсыз имам болбо! Эгер сунуш кылынса имамдыкка өтүүңө болот. Намаздан кийин дуба окулат. Имам менен жамаат бири-бирине дуба кылуулары керек. Дуба кылганда ата-энеге да дуба кылууну унутпоо керек. Жамаат менен намаз окуганда имам алдында турат. Сен колуңдан келишинче имамдын артында турууга аракет кыл. Эгер имамдын артында бош орун жок болсо анда оң же сол жагына турарсың. Биринчи сапта орун бар кезде экинчи сапта турууга болбойт, макрух болот. Алдыңкы сапта орун болуп, арткы саптар толуп турса адамдардын үстүнөн аттап өтүп, алдыңкы катарга өүүгө тырышпа. Элдин тынчын алба! Сапты түз алып туруу керек. Саптардын түз болуусу намаздын негиздеринен. Саптан бөлүнүп артта жана жаныңдагылардан бөлүнүп турба. Анткени, момундардын бири-бирине деген сүйүүсү сапта түз жана тыгыз туруусу менен бекемделет. 49 – Имамдан мурда руку жана саждага барба. Эч бир рукунга имамдан мурда барууга аракеттенбөө керек. Имам намазды отуруп окуса сен туруп оку! 50 – Намаздарыңды үзүрсүз калтырба, мунафыктардан болбо. Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам): «Эгер аялдар менен эмчектеги балдар болбогондо ордума бир имамды калтырып, шаарды аралап намазга келбегендердин үйлөрүн өрттөөнү буйрук кылар элем», - деген. Дагы да Расулуллах (саллаллаху алейхи васаллам) мындай деген: «Намазыңарды ихлас менен окугула! Анткени, жаныңардагы периштелер силердин амалдарыңарды, намазыңарды жана жакшылыктарыңарды алып асманга кетет, асманга бара жатканда ар түрдүү периштелер ушул ибадаттарды көрүшөт: 1- кабаттагы периштелер калп сүйлөгөндөрдүн ибадаттарын өткөрбөйт. 2- кабаттагы периштелер намаз окуп жаткада бардык ой-санаасы дүнүйөлүк иштер менен алек болгон адамдын намазын өткөрбөйт. 3- кабаттагы периштелер өз намазын жактырган адамдардын намазын өткөрбөйт. 4- кабаттагы периштелер текеберленген, башкача айтканда, өзүн жактырган адамдын намазын өткөрбөйт. 5- кабаттагы периштелер ичи тар, көрө албаган адамдардын намазын өткөрбөйт. 6- кабаттагы периштелер жүрөгүндө мээрими болбогон адамдардын намазын өткөрбөйт. 7- кабаттагы периштелер сараң жана ачкөз адамдардын намазын өткөрбөй артка кайтарат.» Бул жагдайды сүйүктүү Пайгамбарыбыз айткан кезде бардык сахабалар (радыйаллаху таала анхум ажмаин) ыйлашты. Расулуллах (саллаллаху алейхи васаллам) улуу сахабалардан Хазрети Муазга мындай деди. «Эй, Муаз! Айыптарды жашыр, эч кимдин айыбын бетине айтпа! Парздардан башка окуган намаздарыңды жана ибадаттарыңды эч кимге айтпа! Дүнүйөлүк тиричиликти акырет ишинен маанилүү эсептеп, мурда кылба! Эч кимди кемсинтпе! Эч кимдин көңүлүн оорутпа, баары менен жакшы мамиледе бол! Эгер мындай кылбасаңар кайгылуу азапка учурайсыңар.»
|
51 – Түндүн эң караңгы убагында, башкача айтканда, саарда ибадат кыл, эртең сыраттан өткөндө ар тарабың жарык болсун. [Ибадаттардын эң баалуусу – илмихал китебин окуу, үйрөнүү жана үйрөтүү.] Алыңдын жетишинче мечиттерге салих имам жана азанчы келүүсүнө аракет жумша! [Салих – күнөө кылбаган, музыка укпаган, аялы менен кыздарын харамдардан коргогон адам.] 52 – Мечитке киргенде дүнүйөлүк сөздөрдү сүйлөбө! Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) мындай деди: «Мечитте дүнүйөлүк сөздөрдү сүйлөгөн адамдын оозунан бир жаман жыт чыгат. Периштелер: «Йа, Раббим! Бул кулуңдун мечитте дүнүйөлүк сөздөрдү сүйлөөсүнүн айынан оозунан чыккан жыт биздин тынчыбызды алып жатат», - дешет. Ошондо Аллаху таала: «Улуулугумдун, кудуретимдин акысы үчүн аларга жакында чоң балээ беремин!” - дейт.» [Алгач «Тахийатул-масжид» деп аталган эки рекет намаз окуп же же башка бир ибадат кылып, андан кийин дүнүйөлүк сөздөрдү сүйлөө жаиз болот.] Мечитти тазалоого колуңдан келишинче жардам бер! Көп соопко ээ болосуң. Расулуллах алейхиссалам мындай дейт: «Бир үммөтүм мечитти тазаласа мени менен бирге төрт жүз согушка баргандай, төрт жүз жолу ажылык кылгандай, мени менен бирге төрт жүз рекет намаз окугандай, төрт жүз жолу орозо кармагандай жана төрт жүз кулду азат кылгандай соопту Алаху таала ушул кулга белек кылат.» 53 – Аалым Ахмет Тахтави (рахметуллахи алейх! «Маракил фалах» хашиясында мындай деген: «Истиска деген сөз жамгыр дубасын окуу үчүн кырга чыгуу дегенди билдирет. Хамд кылып, истигфар айтып дуба кылынат. Расулуллах (саллаллаху алейхи васаллам), сахабалар жана Ислам аалымдары жамгыр дубасын окушкан. Кырга чыкканда имам алгач жалгыз же жамаат менен эки рекет намаз окуйт же окубастан жерде асага таянып бир хутба окуйт. Анан кыбылага карап, алаканын көккө каратып колун жаят, ийиндин тушуна чейин көтөрүп, тик туруп дуба кылат. Жанындагылар артында отуруп угушуп “Амин” дешет. Жалгыз жамгыр дубасында гана колдор ийинден жогору көтөрүлөт. Бир нерсе суроо үчүн кылынган дубаларда алаканды көккө карай ачып колду жайуу сүннөт. Хадиси шарифте: «Кул алакан жайып дуба кылган кезде Аллаху таала анын дубасын кабыл кылбоодон уялат», - деп айтылат. Оорудан, тапчылыктан жана душмандан кутулуу үчүн кылынган дубаларда алакан төмөн каратылат. Колдорун көтөрө албаган адам оң колунун сөөмөйүн созуп ишарат кылат. Жамгыр дубасына арасын үзбөй үч күн чыгуу, эски, жамалган кийим кийүү, чыгуудан мурда садага берүү, үч күн орозо кармоо, көп тообо жана истигфар кылуу, кул акыларын өтөө, малдарды да чыгарып төлүнөн ажыратуу, карылар менен балдарды да чыгаруу сүннөт болуп саналат. Кийимди тескери оодарып кийүүгө, капырларды чыгарууга болбойт. Алардын жамаатка аралашуусу макрух.» Аялдар эркектерден узак, ымыркайлар энелеринен бөлөк болушат. 54 – Рамазан айынын ар түнүндө эки рекет намазды калтырбай оку! Расулуллах мындай деген: «Кимде-ким Рамазан айынын ар түнүндө эки рекет намаз окуса, ар рекетинде сегиз жолу Ихлас сүрөсүн окуса Аллаху таала ал пенденин ар рекетинде сегиз жүз периште жаратат. Бул периштелер ушул кул үчүн ибадат кылышат жана сообу ушул кулдун амал дептерине жазылат. Даражасы көтөрүлөт, келээрки Рамазан айына чейин бул периштелер ушул пендеге Жаннатта ар түрдүү даражаларды даярдашат.» [Таравих намазынын сообу мындан да көп. Ал эми каза намаздарды окуунун сообу баарынан артык.] 55 – Расул-и акрам мындай деген: «Кимде-ким Рамазан түнүндө саар убактысында туруп намаз окуу менен алектенсе жана ибадат кылууга ниет кылса, кирамен катибин периштелери: «Аллаху таала сага мээрим көрсөтсүн, өмүрүңдү берекелүү кылсын!» – дешет. Төшөгү да: «Аллаху таала сыраттын үстүндө сенин бутуңду бекем кылсын жана саламаттык берсин!» - дейт. Даарат алганда суу да: «Аллаху таала сенин жүрөгүңдү таза кылсын! Аягында ушул кул намаз окуй баштаган кезинде Аллаху таала хазреттери улуулугу жана урматы менен: «Эй, менин кулум, каалаганыңды сура! Тилегиңди орундайм», - дейт. [Түнү илмихалды үйрөнүү керек, каза намаздарды окуп бүтүргөндөн кийин ушул намазды окуу керек.] 56 – Жамгыр жааган убактарда намаз оку! Расулуллах (саллаллаху алейхи васаллам) мындай деди: «Эй, Абу Хурайра! Жамгыр жаап жатканда намаз оку! Канча жамгыр жааса Аллаху таала ар бир тамчысынын өлчөмүндө сооп берет.» 57 – Колуңан келсе азанчы же имам бол! [Ушундай кылуу менен фасык (күнөөкөр) адамдын имам болуусуна бөгөт болосуң.] Аркаңда сага уюп намаз окуган адамдардын санындай сооп аласың. Намаздан кийин дуба кылганда жалгыз өзүңө гана дуба кылба! Ата-энеңе жана башка ыймандууларга дуба кыл! Антпесе, кыянатчыл болосуң. Расулуллах (саллаллаху алейхи васаллам) мындай деген: «Эй, Абу Хурайра! Нафил намазды калтырбастан окуп жүр жана нафил намаздарыңды үйүңдө оку, асмандагы жылдыздар сыяктуу нуруң көбөйөт.» Намаз окууга турган убагыңда кийимиң менен ойнобо, себеби, шайтанды кубанткан болосуң. Бул жагдайындан периштелер да кайгырышат. Күндүн чыгуусун дааратсыз абалда өткөрбө! 58 – Эгер имам болсоң намазды созуп окуба! Анткени, жамааттын арасында карылар менен оорулуулар да болуусу мүмкүн. 59 – Духа намазын калтырба! Расули акрам мындайча буюрду: «Йа, Абу Хурайра! Духа намазын калтырба! Жаннаттын бир эшиги бар, ал “Духа эшиги” деп айтылат. Бул эшиктен жалгыз гана Духа намазын окугандар киришет.» Кимде-ким духа намазын эки же төрт рекет кылып окуса зикир кылуучулар катарына жазылат. Алты же сегиз рекет кылып окуса сыддыктар катарына жазылат. [Ушул убакыттарда каза намазын окуган адам ары казасынан да кутулат, ары ушул соопторго да ээ болот.] 60 – Өзүңдү харамдан узак карма! Расулуллах мындай деди: «Бир адамдын үстүндөгү кийиминде харамдан бир жип бар болсо ал кийим менен окуган намаз жана кылынган дубалары кабыл болбойт.» Бир адамдын денеси харам менен өскөн болсо анда абалы кандай болмок?! Бүткүл ибадаттардын башы – халал азык табуу, бала-чаканы халал менен азыктандыруу. Халалды, харамды үйрөнүү керек. 61 – Расули акрам мындай деди: «Эй, менин үммөтүм жана асхабым! Намаз окуп жатканда көзүңөрдү жумбагыла жана басып бара жатканда колуңарды бөйрөгүңөргө таянып баспагыла. Анткени, бул яхудилердин адаты жана өтө жаман иштерден болуп саналат.» 62 – Салих момундардын жаназасына катыш, сенин жаназа намазыңа да эл катышсын! Сөөктүн (мейиттин) артынан жүрүүгө аракеттен! Баскан ар бир кадамыңа миң сооп жазылат. Кимде ким бидатчылардын, мазхабсыздардын сөөгүнүн аркасында баспаса Аллаху таала кыяматта ал адамга мээрим көрсөтөт. Аныктама: Өлгөн адамды ийин менен көтөрүү сүннөт . Капырлардын адатына ылайык көтөрүү же сөөктү көргөндө көтөрбөй тик туруу харам болуп саналат жана бул өлгөн адамга азап берет. Аза күтүү жана венок алып жүрүү, буларды кабыр үстүнө коюу мусулманчылыкта жок. 63 – Жогорудагы саптарда нафил, сүннөт жана мандуб болгон ибадаттарды да топтодум, аларга ылайык амал кылып көп соопторго жетесиң.
Аныктама: Парздарды калтыргандар, башкача айтканда, жалкоолук менен аткарбагандар сүннөттөрдү, нафилдерди окуганда каза намаздарына да ниет кылуусу керек. Парздан карызы болгондордун сүннөт менен нафилдери кабыл болбойт. Башкача айтканда, буларга сооп берилбейт. Бирок, каза окуган кезде ошол убакыттын сүннөттөрүнө да ниет кылынса ошол сүннөттүн да сообу берилет. Ибн Нужейм (рахима-хуллаху таала) (926-970 Мысыр) мындай деген: «Сүннөт менен нафил намаздар каза намазы бар болгондорду тозоктон куткарбайт.» Казаларынын санын эсептеп, сүннөттөрдүн ордуна да каза намаздарын окуп, Тозоктон кутулууга аракеттенүү керек. Багымдат намазынан башка намаздардын алгачкы сүннөтүн окуганда ушул намаздардын алгачкы сүннөтүн окуганда, ушул намаздардын алгачкы казага калган парздарын; бешимдин соңку сүннөтүнүн ордуна багымдат намазынын парзын; шамдын сүннөтүнүн ордуна үч рекет парзын; куптандын соңку сүннөтүнүн ордуна үч рекет витир намазынын казасын өтөөгө ниет кылуу керек. Бул өтө маанилүү. Таравих намазын үйдө жалгыз окуу аркылуу бир күндүк казаларды окууга ниет кылуу керек. Фитна чыгарбоо үчүн таравихти жамаат менен окуу зарылдыгы болсо, анда да каза намазды окуу керек. Имам эки рекеттен кийин салам берип жатса багымдаттын парздарын, төрт рекетте салам берип жатса, башка парздардын казасын окууга ниет кылуу керек. |
АЗАН БӨЛҮМҮ 64 – Эй уулум! Расулуллах (саллаллаху алейхи васаллам) мындай деди: «Азан айтылганда бул дуба окулсун: “Ва ана ашхаду ан ла илаха иллаллаху вахдаху ла шарикалах ва ашхаду анна Мухаммадан абдуху ва расулух ва радиту биллахи раббан ва бил ислами динан ва би Мухаммадин саллаллаху алейхи ва саллама расулан набиййа.”» Динибизге ылайык айтылган азанды уккан кезде урмат менен угуп, азандан кийин ушул дубаны окуган адамдын күнөөлөрү канчалык көп болсо да кечирилет. Дагы мындай деди: «Эй, менин үммөтүм жана асхабым! Азан бүткөн кезде мына бул дубаны окугула: “Аллахумма раббэ хазихидда’ватиттаммати вассалатил ка-имати ати Мухаммаданил василата вал фадилата ваддаражатаррафи’ата ваб’асху мекамен махмуданиллази ваадтаху иннака ла тухлифул миад.”» Бул дубаны жакшылап окуган адамга берилүүчү сооп өтө чоң. 65 – Динибизге ылайык айтылган азанга таазим менен урмат көрсөт! Азан – жер жүзүндө айтылган сөздөрдүн эң туурасы. Хазрети Айша (радыйаллаху анха) [57-жылы Мединада 65 жашында кайтыш болгон] ар дайым азанды укчу. Андан: «Эй, момундардын энеси, эмне үчүн азан айтылган убакта бардык тиричилигиңди токтотосуң?» - деп сурашты. «Мен Расулуллахтын (саллаллаху алейхи васаллам) “Азан айтылып жатканда башка иш менен алектенүү – адамдын дининдеги кемчилик” дегенин уктум. Ушул себептен азан айтылып жатканда иштеримди токтотомун», - деп жооп берди. Абу Хафс Хаддад (рахима-хуллаху таала) [264-жылы Нишапурда кайтыш болгон] темир уста эле. Кайсы убакта азанды укса да балканы жогору көтөргөн болсо төмөн түшүрчү эмес, эгер балка төмөндө болсо жогору көтөрчү эмес эле. Бирөө менен сүйлөшүп жаткан болсо сөзүн дароо токтотуп азанды укчу. Бир күн ушул адам кайтыш болот. Достору табытын алып бара жатканда азанчы мунарадан “Аллаху акбар” деп азан айта баштайт. Табытты көтөрүп бара жаткандар кадам таштай албай калышат. Канча аракеттенишсе да табытты көтөрүп баса алышпайт. Акыры азан бүткөндөн кийин гана табытты көтөрүүгө мүмкүн болот. Сүннөткө ылайык айтылган азанды урматтагыла, ага таазим кылгандар жана анын ариптери менен сөздөрүн өзгөртпөй, бузбай жана обондотпой, мунарага чыгып суннөткө ылайык айткандар жогору даражаларга ээ болот. Ибн Абидин намаз бөлүмүнүн башында мындай деген: «Отуруп, обондотуп, мечиттин ичинде, убактысынан мурда [жана микрофон менен] айтылган азан – Ислам азаны эмес.» Мындай азан кайрадан сүннөтк- ылайык айтылуусу керек. 66 – Бир хадиси шарифте: «Кимде-ким сүннөткө ылайык айтылган азан үнүн уккан кезде азанчы менен бирге жай добуш менен сөздөрүн кайталаса ар бир арибине миң сооп берилип, миң күнөөсү кечирилет», - деп айтылат. 67 – Азани Мухаммади, башкача айтканда, суннөткө ылайык айтылган азан – чоң нимат. Урматталуусу зарыл болгон Аллаху тааланын чоң мээрими. Азан – Ислам дининин эң башында жок болчу. Сахабалар (радыйаллаху анхум ажмаин) Пайгамбарыбызга: «Йа, Расулаллах (саллаллаху алейхи васаллам)! Бизге намаз убакыттарын билдирген бир нерсе болсо», - дешет. Ошол түнү сахабалардан Билал Хабеши (радыйаллаху таала анх) түш көрөт, асмандан эки адам түшүп, даарат алышат. Бири азан айтып, камат түшүрөт, ал эми экинчиси имам болот. Экөө намазын окушат. Андан соң асманга карай көтөрүлүп кетишет. Хазрети Билал бул түшүн Расулуллахка «саллаллаху алейхи васалламга» айтып берет. Расул-и акрам сахабалар жыйналып турганда ушул түштү айтып берди жана сурады: «Түшүңдө көргөн периштелер эмне дешти?» Ошондо Билал (радыйаллаху таала анх) жооп катары: «Ал периште эки колун кулагына коюп “Аллаху акбар, Аллаху акбар, Аллаху акбар, Аллаху акбар, ашхаду ан ла илаха иллаллах, ашхаду ан ла илаха иллаллах, ашхаду анна Мухаммадан расулуллах, ашхаду анна Мухаммадан расулуллах, хаййеалассалах, хаййеалассалах, хаййеалалфалах, хаййеалалфалах, Аллаху акбар, Аллаху акбар, ла илаха иллаллах” деп айтты», - деди. Хазрети Омар да (радыйаллаху таала анх): «Мен да бүгүн түндө ушундай түш көрдүм», - деди. Сахабалардан да ушундай түш көргөнүн кабар бергендер болду. Расулуллах (саллаллаху алейхи васаллам) мындай деди: «Силер көргөн – бир тууганым Жабраил. Намаз убакыттарын үйрөттү. Экинчиси – Микаил. Имам болуп, экөө намаз окушту.» Аныктама: Урматтоонун биринчи даражасы – азандын шекилин жана сөздөрүн өзгөртпөө, аны бузбоо. Ибн Абидин (рахиме-хуллаху таала) [1198-1252 жылдары, Шамда] мындай деген: «Азан – белгилүү сөздөрдү, белгилүү бир түрдө окуу деген сөз.» Азанды музыкалык аспаптар чертилип жатканда же музыкалык аспаптар менен окуу жаиз эмес. Радиодо жана микрофон менен азан айтуунун жаиз эмес экендиги «Сеадет-и Эбедиййе» китебинде теганни (обондотуу) бөлүмүндө жана «Жаннат жолу Илмихалы» китебинде кеңири баяндалган. Ибн Абидин (рахиме-хуллаху таала) намаз убакыттарын түшүндүрүп жатып мындай дейт: «Намаздын сахих болуусу үчүн намаз убакытынын киргендигин жакшы билүү керек. Убакытынын киргенине күмөндөнүп окулса, кийин убакыты киргенден кийин окуганы белгилүү болсо, окуп койгон намазы сахих болбойт. Убакыттын киргендиги бир адилеттүү мусулмандын айткан азаны менен белгилүү болот. Азан окуган адам адилеттүү болбосо убакыттын кирүүсүн өзү аныктайт. Киргендигин аныктап, көзү жеткенден кийин окуйт. Диний амалдарда адилеттүү мусулмандын сөзүнө ишенилет. Мисалы, кыбыланын багытын, бир нерсенин таза же нажис экендигин, халал, харам болгонун кабарласа ишенүүгө болот. Кабар берген адам фасык (ачык түрдө күнөө кылган күнөөкөр) болсо же адилеттиги, фасык экендиги белгисиз болсо, туура же ката айтканын өзү аныктап, ошого карап аракет кылат. Себеби, бекем ишенүү жакшы билүү дегенди билдирет. Намаз убакытынын киргенин кабар кабарлоо – ибадат. Бул жерде да намаз убакытын билген, акылы кирген, балакатка толгон, адилеттүү бир эркектин азанына ишенүүгө болот. Фасык болгон азанчынын, имамдын кабарлаганына ишенүүгө болбойт. Убакытынан мурда окулган азан сахих (туура) болбойт. Чоң күнөө болот. Азан – белгилүү бир сөздөрдү, белгилүү бир түрдө окуп, намаз убакытынын киргенин билдирүү деген сөз. Азанды бийик жерге чыгып айтуу сүннөт болуп саналат.» Төртүнчү томдо күбөлүгү кабыл кылынбай тургандарды мындай баяндайт: «Сокурдун, муртаддын (динден чыккан адам), жаш баланын, үнүн көтөрүп окуп, үнүн бөтөн эркектерге угузган аялдардын, көп ант ичкен адамдын, дүнүйөлүк пайда максаты менен мазхаб алмаштыргандын [мазхабсыздын], шарап же башка алкогол ичимдиктерди ичип жүргөн адамдын, көңүл ачуу үчүн музыкалык аспапта ойногондун, башкалардын көңүлүн көтөрүү үчүн ырдаган жана ушуларды уккан адамдын, уятсыз адамдын, күнөө кылынган жерде отургандын, аврат жерлерин ачып жүргөндөрдүн, [аялы кызы жана карамагындагылардын жылаңач жүрүүсүнө ыраазы болгондун], нарда, карта жана ар түрдүү кумар оюндарды ойногондордун, намаз окууга да убакыт бөлбөгөндөй даражада оюнга, жумушка берилгендин, пайыз жеп аты чыккандын, кичине дааратын көчөдө сындыргандын, көчөдө ичип-жеп жүргөндүн, мусулманды ачык түрдө жамандагандын күбөлүгү кабыл кылынбайт. Анткени, булардын эч бири адилеттүү эмес.» [Мазхабсыздардын бир бөлүгү Ахли сүннөт болгон мусулмандарды мушрик деп жамандагандыктары үчүн, башка бир бөлүгү сахабалардын (радыйаллаху таала анхум ажмаин) көбүн, үч халифаны, Хазрети Айшаны (радыйаллаху таала анха) ачык түрдө жамандагандыгынан улам күбөлүктөрү кабыл болбойт.] Ачыктан-ачык бир чоң күнөө кылган же дайыма кичине күнөө кылып жүргөн адам адилеттүү болбойт. Анын күбөлүгү кабыл кылынбайт. Күнөөсү жашыруун болгон адамдын адилеттиги жоголбойт. Жетимиш эки бидат агымынын биринде болуу чоң күнөө болуп саналат. «Дуррул-мухтар» китебинин Тахтави хашиясында мындай деп айтылат: «Жетимиш эки бидат агымынан капыр болбогондору – ахли кыбыла болот. Ушул чоң күнөөлөрү жүрөктөрүндө жашыруун болгондуктан алардын күбөлүгү кабыл кылынат. Бирок, булардын арасындагы кулдардын, башкача айтканда, адашкан ката ишенимин башкаларга жугузууну көздөгөн адамдардын күбөлүгү кабыл кылынбайт.» Чоң күнөөнү бир жолу кылган же кичинелерин токтотпой, дайыма кылып жүргөн азанчынын айткан азанына ишенүүгө (кабылдоого) болбойт. Вахабилердин, шиилердин, диндеги реформачылардын, мазхабсыздардын билдирүүлөрү намаз убакытынын жана Рамазан айынын башталуусуна далил болбойт.
Азандын, каматтын жана намаз такбирлеринин радио жана микрофон аркылуу билдирилүүсү да фыкх китептери боюнча туура эмес. Анткени, булардан чыккан үн - адамдын үнү эмес. Адам үнүнө өтө окшош жана адамдын таасиринен пайда болгон башка үндөр болуп саналат. Электро-магниттик толкундан пайда болгон үн. Адамдын үнү үн колонкасынын ичинде жок болуп кетет. Анын ордуна индукция талаасы, мындан магниттик толкундар жана андан үн толкундары пайда болот. Ибн Абидин (рахима-хуллаху таала) Тилават саждасын баяндап жатканда мындай дейт: «Окуунун сахих (туура) болуусу үчүн окуган адамдын эмне окуп жатканын түшүнүүсү, ажырата билүүсү керек. Ошондуктан жиндинин, уктап жаткандын, окугандарынын эмне экенин ажырата албаган жаш баланын, куштун үндөрү жана жаңырыктан келген үндөр окуганга жатпайт. Окуу намаз окуу сыяктуу. [Башкача айтканда, намаз окуусу сахих болгон адамдын айткандары окуу деп айтылат.] Сажда аятын уккан кезде сажда кылуусу керек болгон адам сажда аятын окуса, муну уккандардын сажда кылуулары керек болот. Тактап айтканда, мындан башка үндөр окуу деп эсептелбейт. |
Тахтави (рахима-хуллаху таала) «Маракил фалах» хашиясында мындай дейт: «Куш жана үйрөтүлгөн маймылдын чыгарган үндөрү жана бийик чатырлар менен тоолордон жаңырган үндөр – адамдын окуусу эмес. Окуу эмес, окууга окшогон үндөр. Себеби, бул үндөрдү чыгаргандарда ажыратуу, түшүнүү жөндөмдөрү жок.» Мындан түшүнүлүп тургандай адам үнүнүн жаңырыгы адамдын таасиринен пайда болгон жана адамдын үнүнө дал окшош болсо да бул окуу делбейт. Радиодон, репродуктордон чыккан Куран менен азандын үндөрү да адамдын таасиринен пайда болгон жана айткан адамдын үнүнө дал окшош болсо да адамдын өз үнү эмес. Булар Куран окуу жана азан айтуу болуп эсептелбейт. Курани карим менен азанды радиодо окуу, микрофон менен окуу сүннөттүн ташталуусуна себеп болуп жатат. Ушундайча бидат болууда. Радиодон, репродуктордон чыккан үндөр адамдын күзгүдөгү көрүнүшү сыяктуу. Күзгүдөгү сөлөкөт адамга дал окшосо да жана адамдын аракетин дал өзүндөй кайталаса да адамдын өзү эмес. Чоочун аялдын колу менен бетинен башка жерлерине кароо харам болгону менен күзгүдөгү сөлөкөтүнө шахватсыз (кумарланбастан) кароо харам эмес. Ибн Абидин (рахима-хуллаху таала) бешинчи томдо «Назар жана кол тийгизүү» бөлүмүнүн соңундагы аныктамалардын экинчисинде мындай дейт: «Бир адамдын күзгүдөгү, суудагы чагылышы – ал адамдын өзү эмес, окшошу. Ал эми айнектин ары жагындагы жана суу ичиндеги адамдын өзү көрүнөт. Ушул себептен чоочун аялдын күзгүдөгү, суу бетиндеги сөлөкөтүн шахватсыз кароо харам эмес.» Шамдагы Ахли сүннөт аалымдарынын бири Сириянын баш казысы Ахмед Мехди Хыдыр (рахиме-хуллаху таала) 1382 [м.1962] жылы басылган «Фихрист Ибн Абидин» китебинин 127 жана 284-беттеринде: «Аялдардын кинотеатр пардаларында көрүнгөн сөлөкөттөрүн кароонун өкүмүн Ибн Абидиндин ушул жазгандарынан табабыз», - деп айткан. Радиодон, репродуктордон чыккан үн окуган адамдын өз үнү болбогону менен катар жаңырыгы да, көрүнүшү да эмес. Таптакыр башка жана металлдан чыккан бир үн болуп саналат. Бул үндөрдү уккан адам имам менен азанды уккан болбойт. Бул үндөрдүн өзүн эмес алардын окшошун уккан болот. Мунарадан репродуктордун үнүн уккан кезде «Азан айтылып жатат» деп айтпоо керек. «Намаз убактысы кириптир» деп айтуу керек. Имамдын же жамааттын кыймылдарын көрбөй, жалгыз ушул үндөргө уюп намаз окулса имамга уйган болуп саналбайт. Имам менен окуган намазы сахих болбойт. Дүлөй жана дүлөй болбогон адамдын кулактык (наушник) тагып угуусу репродуктордон укканындай болуп эсептелет. Дүлөй адамдын зарылдык болгону үчүн имамдын үнүн кулактык (наушник) аркылуу угуп окуган намазы сахих болот. Имамдын же жамааттын кыймылын көрүп окуу себебинен намазы сахих болот. Ал эми намазды микрофон менен окутуу эч качан зарылдык болбойт. Курани каримге жана азанга окшош үндөргө да урмат кылуу керек.
Фыкх жана фатва китептеринин көбүндө, мисалы «Казыхан» китебинде мындай делет: «Азан айтуу - сүннөт. Ислам дининин шиарынан, башкача айтканда, өзгөчө белгилеринен болгондуктан, бир шаарда, бир аймакта азан айтылбай ташталса, тактап айтканда, таптакыр айтылбай калса, өкмөт ошол аймактагы мусулмандарды мажбурлап айттыруусу керек. Муаззин (азанчы) кыбыла багыты менен намаз убакыттарын билүүсү керек. Анткени, азанды башынан аягына чейин кыбылага карап айтуу - сүннөт. Азан намаз убакыттарын жана ифтар (ооз ачар) убакытынын башталганын билдирүү үчүн айтылат. Бул убакыттарды билбеген адамдын азан айтуусу фитнага (бүлүккө) себеп болот. Акылы кирбеген жаш баланын, мастын, жиндинин, жунуп болгондун, фасыктын (күнөөкөрдүн) жана аялдын азан айтуусу макрух болот. Азанчынын кайрадан айтуусу керек болот. Отуруп, дааратсыз, шаарда жаныбардын үстүндө азан айтуу макрух болсо да, бул азанды кайрадан айтуу кажет эмес. Азан мунарада же мечиттин сыртында айтылат. Мечиттин үстүндө айтууга болбойт. Телхин, башкача айтканда, сөздөрү бузула тургандай кылып созуу, обондотуу макрух болуп саналат. Азанды арапчадан башка тилде айтууга болбойт.» «Хиндийа» китебинде мындай деп айтылат: «Азанчы өз үнүн болгон мүмкүндүгүнөн ашык көтөрүп азан айтуусу макрух болуп саналат.» «Ибн Абидин» (рахима-хуллаху таала) мындай деген: «Азан алыска угулуусу үчүн азанчынын бийик жерге чыгып айтуусу - сүннөт. Бир нече азанчы бир азанды биригип айтуулары жаиз.» Аалымдардын ушул жазгандарынан түшүнө турганыбыз, микрофон менен азан, камат айтуу жана намаз окутуу бидат болот. Чоң күнөө болуп саналат. Хадиси шарифте: «Бидат кылган адамдын эч бир ибадаты кабыл болбойт!» - деп айтылат. Микрофон менен айтылып үн колонкасы аркылуу чыккан үн адамдын үнүнө абдан окшош болсо да, адамдын өз үнү эмес. Магниттик толкундун таасиринен, темир пластиналардын дирилдөөсүнөн пайда болгон үн. Бийик жерге чыгып, тик турган адамдын үнү эмес. Репродукторду мунаранын, чатырдын оң жагына, сол жагына, арткы жагына коюп, үндүн кыбылага карап чыкпоосунун өзү да бөлөк бир күнөө болууда. Үндүн узакка жетүүсүнө жана репродуктордун кулак тундурган металлдык үнүнө да эч кандай зарылдык жок. Себеби, ар бир кварталга мечит салуу - важип. Ар бир кварталда азан айтылат, ар үйгө өз кварталынын азаны угулат. Мындан башка «Азани жавк» да жаиз. Бир нече азанчынын бир азанды биригип айтуусу «Азани жавк» деп аталат. Бир жерден чыккан таасирдүү, муңдуу адам үндөрү узактан угулат, жүрөк менен рухтарга таасир этет, адамды ырахатка, суйүүгө бөлөйт, ыйманды тазалайт. «Ибн Абидин» (рахима-хуллаху таала) намаздын сүннөттөрү баянынын башында мындай дейт: «Имам өз үнүн мүмкүндүгүнөн ашык көтөрүүсү макрух болгондой эле азанчыга да макрух болот. Имамдын үнү жеткен жерде такбирлерди азанчынын да кайталоосу макрух жана жаман бидат экендигин төрт мазхаб аалымдары бир ооздон билдиришкен.» Ушундан да түшүнүп турганыбыздай имам менен азанчынын микрофон колдонуусу тахриман макрух, башкача айтканда, харам жана жаман бидат. Бидат кылуу чоң күнөө болуп, эч бир ибадатыңдын кабыл болбоосуна себепчи. [Колодон, жез кошулмасынан жасалган тыйындардын түсү менен түрлөрү алтын тыйынга окшосо жана алтын ордуна колдонулган болсо да, булар менен зекет берилбейт. Анткени, зекет берүү – ибадат. Алтын түрүндө берилүүсү керек. Себеби, ибадатты өзгөртүүгө болбойт. Бир адамдын өкүлү анын атынан бардык ишти аткарат. Анткени менен, анын намаздарын өкүлү окуй албайт. Себеби, ибадатты өзгөртүүгө болбойт. Бир фасыктын, тактап айтканда, күнүгө чоң күнөө кылган адамдын таза болуп жана адеп менен азан айтуусу жаиз эмес. Үн колонкасы болсо күнөө болгон ырларды, аялдардын үндөрүн жайылтууда колдонулгандыктан ушундай күнөө жайуу куралы менен азан айтуу да жаиз болбойт. Себеби, ибадатты өзгөртүүгө болбойт. Музыкалык аспапты таптакыр колдонбой, жөн гана үйдө кармоонун өзү жаиз эмес. Микрофон менен азан айтуунун жаиз эмес экендиги ушул мисалдардан да ачык көрүнүп турат.] |
ЖОЛООЧУНУН НАМАЗЫ 68 – «Меракил-фалах» хашиясында мындай деп айтылат: «Бир адам отурукташкан шаарынын же айылынын четиндеги үйлөрдөн жана бийиктик, мүрзө сыяктуу жерлерден, тактап айтканда, жашаган аймактан алыстаганда ушул шаардын четинен жылдын кыска күндөрүнөн үч күндүк же андан да узак аралыктагы бир жерге барууга ниет кылса, жолго чыккан кезде мусапыр (жолоочу) болот. Бир күндө жети саат жүрөт. Аралыгы үзгүлтүксүз уланган үйлөр жайгашкан айылдан да узактоосу кажет. Аралары үзүлүп кайра уланган айылдан узактоо шарт эмес. Кээ бир аалымдардын айтышынча «мүддети сафар» (жолоочулук аралык) үч мерхаладан» турат. Бир мерхала – алты ферсах. Бир ферсах – үч миль. Бир миль – төрт миң зра. Бир зра – Ханафиде жыйырма төрт, башка үч мазхабда жыйырма бир манжа эни, тактап айтканда, Ханафиде кырк сегиз, калган үч мазхабда кырк эки сантиметрге барабар. Ушул боюнча бир миль – Ханафиде 1920 метр, бир ферсах, башкача айтканда, бир сааттык жол – 5 километр жана 750 метр. Бир мерхала, башкача айтканда, бир күндүк жол – 37 километр 560 метр болот. Мүддети сафар – Ханафи мазхабында 103 километр 680 метр болот. Башка үч мазхабда мүддети сафар – он алты ферсах, 80 километр. Шаардын четинен мүддети сафарга барабар же андан да алыс жерге барууга ниет кылып жолго чыккан адам сафари (жолоочу) болот. Жолоочу барчу жеринде кирген жана чыккан күндөрүнөн башка, Ханафиде он беш күн, Малики менен Шафииде төрт күн калууга ниет кылса, же өз кварталына келсе муким (жергиликтүү тургун) болот. [Ханафиде он беш күндөн аз калууга ниет кылса ошол жерде болгон күндөрдө жолоочу болот. Он беш күндөн мурда же кийин үч күндүк узактыктагы бир жерге баруу үчүн жолго чыкса, жолдо жана ошол экинчи жеринде да жолоочу болот.] Жолоочу төрт рекеттик парз намаздарды эки рекет кылып окуйт. Төрт рекет кылып окуу күнөө болот. Орозону казага калтыруу, маасынын үстүнөн үч күн масх тартуу жаиз болот. Жума менен айт намаздарын окуу жана курмандык чалуу кажет эмес. Аялдын махрамсыз (жакын эркек тууганысыз) сапарга чыгуусу үч мазхабда харам. Шафииде махрамсыз эки аял болуп парз болгон ажылыкка баруусу жаиз. Тишинде пломба бар болгондугу үчүн Шафии же Малики мазхабын таклид кылган бир Ханафи барган жеринде үч күндөн көп жана он беш күндөн аз кала турган болсо, парздарды төрт рекет кылып окуйт. Анткени, анын намаздары Шафии же Малики мазхабдары боюнча сахих болуусу керек. Шафии менен Малики мазхабдарында жолдо же сафари болгон жеринде асырды бешим намазынын убакытында жана куптанды шам анамазынын убакытында такдим кылып же бешимди асырдын убакытында жана шамды куптандын убакытында техир кылып жам кылуу (бириктирип окуу) жаиз. Жолго чыга электе намазды кыскартууга жана жам кылууга (бириктирүүгө) болбойт. Ханбали мазхабында жумуштарынан таптакыр бошой албагандардын да намазды жам кылып окуулары жаиз болот. |
РАЖАП АЙЫНЫН БААЛУУЛУГУ 69 – Расулуллах (саллаллаху алейхи васаллам) мындай деди: «Ражап айынын башында, ортосунда жана соңунда бир күндөн орозо кармаган адамга Ражап айын толук кармагандай сооп берилип, Аллаху тааланын лутуф кылат.» Рагаип түнү – Ражап айынын алгачкы жума түнү. Бул түн өтө касиеттүү. Бирок, бул түн Расулуллахтын (саллаллаху алейхи васаллам) атасы үйлөнгөн түн эмес, минтип айтуу ката. «С. Эбедиййе» китебинин 355-бетин караңыз! ШАБАН АЙЫНЫН БААЛУУЛУГУ 70 – Шабан айында орозо кармоонун да сообу көп. Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) мындай деди: «Шабан айы – менин өзүмө таандык болгон ай. Аллаху таала Арштын периштелерине улуулугу менен мындай дейт: Эй, менин периштелерим, көрдүңөрбү, менин кулдарым сүйүктүүмдүн айын кандай таазим кылып, урматтап жатышат. Улуулугум менен кудуретимдин акысы үчүн мен да кулдарымды кечирдим.» Башка бир хадиси шарифте: «Кимде-ким Шабан айында үч күн орозо кармаса Аллаху таала Жаннатта ага бир орун даярдайт», - деп айтылыт. Дагы бир хадиси шарифте: Шабан айынын он бешинчи түнүн ибадат менен өткөргөндөрдү Аллаху таала кечирет. Жалгыз гана мушриктерди, сыйкырчыларды, ата-энесине жапа чектиргендерди, бидатчыларды, зинакорлорду жана шарап ичүүдөн баш тартпагандарды кечирбейт», -деп айтылат. Бул түн «Берат түнү» деп аталат. Мурда намаз окуган убакта гана мас болуу харам эле. Бул хадиси шариф ошол замандарда айтылган болчу. Кийин бардык убакытта ичүү харам болгон кезде «Көбү мас кылуучу нерсенин бир тамчысын ичүү да харам», - деп айтып, бир тамчы болсо да ичкилик ичкен адамдын тообо кылмайынча кечирилбей турганы ачыкталат.
РАМАЗАН АЙЫНЫН БААЛУУЛУГУ 71 – Рамазан айында орозону бүткүл дене мүчөлөрүң менен карма, ошондо орозоң орозо болот жана орозонун касиети менен даражасына жетесиң. Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) мындай дейт: «Йа, Абу Хурайра! Орозо кармаган кезиңде орозоңду эрте ач! [Башкача айтканда, шам болгонун билгенден кийин дароо оозуңду ач.] Менин үммөтүмдөн кайырлуу болгон адам – шам азаны айтылган кезде орозосун ачат жана соордо ооз бекиткен убакытка жакын кеч жейт. Себеби, оордо көп рахмат жана береке бар. Ошондой эле менин үммөтүм Рамзан орозосун жакшылап, толук кармаса Аллаху тааланын айт күнү берүүчү сообун, жакшылыгы менен сый-сыпатын өзүнөн башка эч ким билбейт. Аллаху таала улуулугу менен: “Орозо – менин ыраазылыгым үчүн, берилүүчү сообун да өзүм беремин” – дейт.» Ушул себептен капырлар бардык ибадаттары менен бутка сыйынат. Бирок, орозо менен сыйынышпады. Рамазан орозосу – намаз окуудан кийин бардык ибадаттардан жана башка айларда кармалуучу орозолордон алда канча баалуу. [Орозо адамды ооруга чалдыктырбайт. Күч-кубат берип, зээнди ачат. Дин душмандарынын жалган сөздөрүнө алданбоо керек.] Аныктама: Ибн Абидин (рахима-хуллаху таала) «Реддул-мухтар» китебинде мындай дейт: «Рамазан айынын башында асмандан хилалды, башкача айтканда, жаңы айды издөө акылы кирген жана балакатка толгон ар бир мусулманга кифая важип. Көргөн кезде казыга же акимге кабар берүүсү да важип. Фасыктын (күнөөкөрдүн) кабарын кабылдаган казы күнөөгө батат. Сөзү казы тарабынан кабыл кылынбаган адам жалгыз өзү гана орозо кармайт. Казы кабыл кылып, жарыялаган болсо [бардык мамлекетте] бардык мусулмандардын ошол күнү орозо кармоосу парз болот. Фасык отуз күн орозо кармагандан кийинки күндү айт катары майрамдабайт. Бардыгы менен бирге дагы бир күн кармайт. Асман булуттуу болгондо ишенимдүү бир мусулмандын кабары кабыл кылынат. Булутсуз күнү бир нече адамдын кабар берүүсү кажет. Казысы же мусулман акими жок болгон жерлерде ишеничтүү бир мусулмандын «Көрдүм» деп айтуусу менен муну уккандардын орозо кармоосу керек болот. Орозо кармоо убакытын кабарлаган куралдарды колдонгондор ишеничтүү мусулман болсо, казынын өкүмүнө белги катары кабылданат. Рамазан айынын календарь менен, эсеп менен башталуусу жаиз эмес. Алар ишеничтүү болсо да Рамазан айынын башталуусу үчүн алардын эсептеринин мааниси жок. Алардын Рамазан хилалы (жаны ай) жаңырган күндү алдын ала кабар берүүсү менен Рамазан орозосу башталган болуп эсептелбейт. Шафии аалымдарынан Имам Субки (рахима-хуллаху таала): «Шабандын отузунчу түнү айды көргөнүн айткандар бар болсо, ал эми эсеп боюнча айдын бир түндөн кийин жаңыра турганы билдирилсе, бул жерде эсепке ишенүү керек. Анткени, эсеп менен аныкталганы кубаттуураак. Жаңыргандан бир түн мурда көрүнүүсү мүмкүн эмес», - деди. Шамс-ул-аимма Халвани (рахима-хуллаху таала) мындай деген: «Рамазан айынын башталуусу айды көрүү аркылуу гана жүзөгө ашат. Айдын жаңыруусу менен башталбайт. Эсеп айдын жаңырган түнүн билдиргендиктен Рамазан айынын башталуусу эсеп менен аныкталбайт. Ишеничтүү эки мусулмандын «Хилалды көрдүк» деп айтуусу менен же казынын өкүмү менен бир жерде Рамазан башталса дүйнөнүн бардык жеринде орозону баштоо керек болот. Ажылык, курмандык жана намаз убакыттары андай эмес. Буларда убакыттарынын бир жерде белгилениши менен башка жерлерде да ушундай болуусу кажет эмес.» Ибн Абидин (рахима-хуллаху таала) намаздын шарттарын билдирип жатып кыбыланы аныктоо бөлүмүндө «Намаз убакыттарын жана кыбыла багытын аныктоо үчүн [ишенимдүү мусулмандар тастыктаган] календарга жана астрономиялык ишенүүгө болот. Алардын айткандары так болбосо да, аныктоолору кубаттуу ишеним пайда кылат. [бирок, календарды, убакыттарды мындан кабары бар болгон салих мусулмандын даярдаганын билүү керек.] Бул жерде кубаттуу ишеним пайда кылганы жеткиликтүү болсо да, күмөн менен ыктымалы жетишсиз. Ал эми Рамазандын башталганын билүү үчүн астрономиялык эсептерге моюн сунулбайт. Анткени, Рамазан шарифтин башталуусу асмандагы айды көрүү менен ишке ашат. Хадиси шарифте: «Айды көргөн кезде орозону баштагыла!» - деп буйрук кылынган. Айдын жаңыруусу көрүү менен эмес эсеп менен аныкталат. Эсептин билдиргени сөзсүз түрдө туура чыгат. Бирок, ай жаңырган күнү көрүнүүсү мүмкүн болгонундай эле ал түнү көрүнбөй экинчи түнү көрүнүүсү да мүмкүн. Рамазандын башталуусу айдын жаңыруусу менен эмес айдын көрүнүүсү менен аныкталуусу буйрук кылынды.» Календарлар айдын көрүнүүсүн эмес жаңырганын билдиргендиктен Рамазан айынын башталуусу календарь менен аныкталбайт. Календарь менен же ишенимдүү болбогон адамдардын, башкача айтканда, капырлардын, мазхабсыздардын, фасыктардын айтуусу менен башталган Рамазан айларынын алгачкы жана соңкү күндөрүнүн Рамазан күндөрү экендиги күмөндүү. Тактап айтканда, Рамазан айы чыныгы убагынан бир күн мурда башталган болсо биринчи күнү кармалган орозо Шабан айында кармалган болот. Айт да бир күн мурда майрамдалган болот, ушундайча чыныгы Рамазан айынын акыркы күнүндө орозо кармалбаган болот. Рамазан айы чыныгы убакытынан бир күн кийин башталган болсо Рамазандын биринчи күнү орозо кармалбаган болуп, ал эми аягында орозо айт күнү кармалган болот, мындай орозо сахих болбойт. Ушундай башталган Рамазан айы чыныгы Рамазан айынын башталышына дал келүүсү мүмкүн болгонундай эле Рамазан болуу же болбоо күмөнү да бар. Ушул күмөндүү эки күндө Рамазан орозосун кармоо тахриман макрух экени жана мусулман мамлекетинде туруп ибадаттарды билбөө үзүр болбой тургандыгы Ибн Абидинде жазылган. Ушул себептен улуу Ислам аалымы, он төртүнчү кылымдын мүжаддиди (жаңылоочусу) Сейид Абдулхаким Хазретти (рахима-хуллаху таала): «Ушундай жерлерде жашаган мусулмандар айттан кийин каалаган күндөрүндө каза ниети менен дагы эки күн орозо кармоосу керек», - деди. Календарда билдирилген түндөн мурунку түнү «Айды көрдүк» деп айтуу жаңылыш. [Ушундай жаңылыш сөздү угуп Арафатка чыккандардын ажылыгы сахих болбойт. Алар ажы боло алышпайт.]
Йа Ханнан, йа Маннан, йа Даййан, йа Бурхан. Йа Зал-фадли вал-ихсан! Наржул-афва вал гуфран. Важ-ална мин утака-и шахри Рамазан, би хурметил Куран! (Бул - Рамазан дубасы) |
ТАРАВИХТИН БААЛУУЛУГУ 72 – Таравих намазын окуунун фазилеттери тууралуу амир-ул муминин Хазрети Алиден (радыйаллаху таала анх) суралды. Буга жооп катары: «Кимде-ким Рамазан шариф айынын биринчи түнүндө таравих намазын окуса Аллаху таала ал адамдын [тооболорун кабыл кылып] бардык күнөөлөрүн кечирет. Экинчи түндө окуган адамдын ата-энесинин күнөөлөрү кечирилет. Үчүнчү түнү окуса периштелер ал кулга: “Сага сүйүнчү болсун, Аллаху таала сенин ибадаттарыңды кабыл кылды, каалаган урматыңа жеттиң, күнөөлөрүңдү кечирди”, – дешет. Төртүнчү түнү таравих намазын окуса Курани каримди хатим кылгандай сооп берилет. Бешинчи түнү окуганда Аллаху таала Акса мечитинде, Меккеде, Мединада окугандай сооп берет. Алтынчы түнү окуса Байт-ул мамурду таваф кылгандай; жетинчи түнү окуса Фараонго каршы согушка катышкандай; сегизинчи түнү окуса Бадир согушунда Расулуллах менен (саллаллаху алейхи васаллам) бирге болгондой; тогузунчу түнү үчүн Хазрети Давуд (алейхиссалам) менен бирге ибадат кылгандай сооп алат; онунчу түнү окуса дүнүйөдө саламаттык менен бакыт берилет», - деди. Рамазан айынын аягына чейинки бардык түндөрдүн ушундай жеке баалуулугу жана бийик даражасы менен сооптору бар. Ушундай адеп менен жана рукундарына маани берип, орозону толук, бардык мүчөлөрү менен кармап, таравих намаздарын окуп жана харамдардан сактанып, отузунчу түнүн ушундай аяктаса Аллаху тааланын буйругу менен Арштын астынан бир сүйлөөчү үндөр мындай дейт: Ар түнү таравих окуган кулдар – Тозоктон кутулган кулдар. Өздөрү корккон Тозоктон кутулуп, кыялданган ниматтарына, Жаннат менен Аллаху тааланын жамалын көрүү ниматына жетет. Аллаху таала улуулугу жана урматы менен: «Улуулугум жана жалалымдын акысы үчүн бул кулдарымды кечирдим», - дейт. Мындан кийин Аллаху тааланын буйругу менен ошол кулдарга бир-бирден берат (кутулуу күбөлүгү) жазылат. Бардык аялдар менен эркектерден ушул шарттар менен бирге ибадаттарын аткарып, Аллаху тааланын ушундай мээримине жеткендерге Тозок азабынын кутулуп, сыраттан оңой өтүүсү үчүн колдоруна бир-бирден берат берилет. Андай болсо, чын ыклас жана ишеним менен Рамазан айынын орозосун кармап, каза намаздарын, андан соң таравихти окуп жана харамдардан сактанып Аллаху тааланын мээримине жетели. 73 – Кадыр түндө гафил болбо! Анткени, Кадыр түндүн урматы миң ай ибадат кылуудан да кайырлуу. Болгондо да, ушул миң айлык ибадат да түндөрү нафил ибадат менен, ал эми күндүзү нафил орозо менен өткөн. 74 – Рамазан айынын орозосун урмат менен жана оор басырыктуулук менен карма. Кимде-ким Рамазан айында орозону Аллаху таала буйругандыктан жакшылап кармаса, харамдардан сактанса, каза намаздарын окуса, Аллаху таала ар бир күнү үчүн миң күн нафил орозо кармагандай сооп берет жана ал адам менен Тозоктун арасында көптөгөн пардалар орнотулат. [Намаз окубагандар да орозо кармоолору керек. Алар орозо кармабоонун күнөөсүнөн кутулат. Бул күнөө – өтө чоң күнөөлөрдөн.]
75 – Зулхижжа айынын баалуулуктары да өтө көп. Риваят кылынуусу боюнча Хазрети Адамдын тообосу Мухаррем же Зулхижжа айында кабыл кылынган. Ибн Аббас (радыйаллаху анхума) риваят кылган бир хадиси шариф боюнча Зулхижжанын онуна чейинки күндөрү да Рамазан айынын күндөрү сыяктуу өз-өзүнчө баалуулук жана урмат менен сыпатталган, онунчу күнү туурасында да мындай баяндалат: «Зулхижжанын онунчу күнү – Курман айт күнү. Кимде-ким ушул күнү айт намазынан келип курмандык чалганга чейин эч нерсе жебей, союлган курмандык малынын бөйрөктөрүн жесе жана эки рекет намаз окуса, ал адамдын курмандыгынын каны жерге түшө электе өзүнүн күнөөлөрү, ата-энесинин, үй-бүлөсүнүн, бала-бакыра жана туугандарынын күнөөлөрү соопко айланат.» |
Курмандык дегенибиз – Зулхижжа айынын онунчу күнү айт намазынан кийин башталып, он экинчи күнү күн батканга чейин улануучу үч күн жана араларындагы эки түндө союлган төө, уй, кой же эчки. Жогоруда айтылган үч күндөн мурда же кийин союлган мал курмандык болуп саналбайт. Бир төө же уйду жети адамга чейин бир нече адам биригип орток болуп курмандыкка чалууга болот. Аял да өзүнүн курмандыгын жана өкүл катары бирөөнүн курмандыгын чалса болот. Курмандык малды айттан мурда сатып алуу жаиз. Сатып аларда «Курман айт үчүн же назиримди (атаганымды) орундоо үчүн курмандык малын сатып алууга» деп ниет кылуу керек. Ушул эки ниеттин кайсынысына ниет кылынган болсо, ошол курмандыгы чалынган болот. Сатылып алынган малды тирүүлөй же сатып албай, акчасын кедейлерге, кайрымдуулук фондуна берүү жаиз эмес. Ушундай кылып берген адам курмандык чалган болбойт, садага берген болот. Бул садаганын сообу аны курмандык чалбоонун азабынан куткара албайт. Кимде-ким курмандыгынан зарылдыгынан башка нисаб өлчөмүндө мүлкү болбогон жана намаздарын окуган кедейге берсе кыямат күнү бергенинен алда канча көп сый жана сооп көрөт. Кимде-ким Зулхижжанын соңку күнү жана Мухарремдин биринчи күнү орозо кармаса ошол жылды толугу менен орозо кармагандай соопко ээ болот. Кимде-ким Зулхижжанын он күнүнүн ичинде кедейлерге жардам берсе Пайгамбарларга “алейхимуссалавати ваттаслимат” урмат көрсөткөн болот. Ушул он күндүн ичинде кимде-ким бир оорулуунун көнүлүн сурап барса Аллаху тааланын достору болгон пенделеринин ал-абалын сурагандай жана зыярат кылгандай болот. Ушул он күндүн ичинде кылынган ар бир ибадат башка күндөрдө кылынган ибадаттардан алда канча жогору жана чоң соопко жетелөөчү болот. Ушул он күндүн ичинде дин илимин үйрөнүү мажилисинде болгон адам Пайгамбарлардын “алейхисмуссалавати ваттаслимат” мажилисине катышкандай болот. [Дин илимин үйрөнүү аялга, эркекке, барына парз. Эң биринчи милдет – балдарына үйрөтүү.] 76 – Башка айларда да орозо кармоону өзүңө адатка айлант! Расулуллах (саллаллаху алейхи васаллам) мындай деди: «Кимде-ким ар айдын Бейшемби жана Дүйшөмбү күндөрү орозо кармаса, Аллаху таала ал кулга жети жүз жыл орозо кармагандай сооп берет.» 77 – Аййам-и бейд күндөрүндө мүмкүнчүлүгүң болсо орозо карма. [Аййам-и бейд – хижрий айлардын 13, 14 жана 15-күндөрү.] Асхаби кирам (рыдвануллахи таала алейхим ажмаин) ар айда орозо кармашчу. Хазрети Али (каррамаллаху важхах) мындай риваят кылды: Бир күнү Расуллуллахтын (саллаллаху алейхи васаллам) жанына бардым, мага мындай деди: «Йа, Али! Жабраил алейхиссалам келип мага: “Йа, Расулаллах (саллаллаху алейхи васаллам)! Ар айда орозо карма!” – деди. Мен: “Йа, Жабраил бир боорум, кайсы күндөрдө орозо кармайын?” – деп сурадым. Жабраил алейхиссалам жооп катары: “Кимде-ким бейт күнү орозо кармаса Аллаху таала ал кармаган орозонун биринчи күнүнө он жыл, экинчи күнүнө отуз жыл, үчүнчү күнүнө жүз жыл орозо кармагандай сооп берет”, – деди.» [Ушул аталып өткөн ибадаттарга кайтарым иретинде убада кылынган ушул сансыз сооптор бул ибадаттардын баалуулугуна жана кадырына ишенип, урмат жана ишеним менен аткаргандарга берилет. Өтө жөнөкөй көрүнгөн бул ибадаттар чындыгында Аллаху тааланын буйруктарын аткаруу жана анын себеби менен Аллаху таалага жакындоо, Ага чыныгы кул болуу кадырына багытталгандыктан чоң баалуулукка ээ болот. Адамдын бир ибадатына кайтарым катары бирге он, бирге жети жүз, бирге чексиз сооп бериле тургандыгы Курани каримде бар.] Хазрети Али: «Йа, Расулаллах (саллаллаху алейхи васаллам)! Эмне үчүн бул күндөр Аййами бейд (ак күндөр) деп аталган?» - деп сурады. Ага жооп катары мындай деди: «Хазрети Адам Жаннаттан чыккан кезинде денеси капысынан эле карарып кетти. Хазрети Жабраил келип Адам алейхиссаламга: - Йа, Адам! Денеңдин мурдагыдай ак болуусун кааласаң ар айдын 13,14 жана 15-күндөрүндө орозо карма, - деди. Хазрети Адам ушул кеңешти аткарып денеси толугу менен мурдагыдай ак болду.» Ошол үч күн «Аййами бейд» деп аталды. |
78 – Алы-күчүң бар кезде орозо карма! Анткени, кыямат күнү орозо кооз бир кейипке келет. Аллаху таала орозого: «Эй орозо, сен кимден ыраазы болсоң ошол адамды алып Жаннатка кир!» - дейт . Анан Аллаху таала: «Эй, орозо, менден башка эмне каалайсың?» - деп сурайт. Ошондо орозо өзү ыраазы болгон адамдарына ар түрдүү баалуулук менен жакшылыктарды Аллаху тааладан сурап алат. Ушундайча орозо кармагандар кыямат күнү чоң урматка ээ болушат. Ошол учурда орозо кармагандар көптөгөн Тозокко баруучу мусулмандарга шапаат кыла алуу мүмкүнчүлүгүнө жетишет. Бул баалуулуктардын эң жогоркусу катары орозо кармагандар Пайгамбарыбызга (саллаллаху алейхи васаллам) кошуна болушат жана Аллаху тааланын жамалын көрүү абыроюна жетишет. 79 – Ашура күндөрү да орозо карма! Мухаррамдын тогузунчу, онунчу жана он биринчи күндөрү орозо кармоо да өтө баалуу. Мухаррамдын онунчу күнү жалгыз бир күн гана орозо кармоого болбойт. Себеби, жалгыз ушул күнү гана орозо кармоого Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) тыюу салган. Анткени, яхудилер ушул күндү урматташат. Яхудилерге окшобоо үчүн жалгыз онунчу күнү гана орозо кармабай, тогузунчу, онунчу жана он бешинчи күндөрү менен бирге кармоо керек. Аныктама: Көрүнүп турганындай, ибадаттарды яхудилер менен христиандардын ибадаттарына окшотпоо керек. Демек, ибадаттарыбызды, мечиттерибизди жана азаныбызды Пайгамбарыбыздан (саллаллаху алейхи васаллам) жана таза, салих мусулман болгон ата-бабаларыбыздан көрүп үйрөнгөнүбүздөй сактап калууга аракеттенүүбүз керек. Буларда кичине дагы өзгөрүүлөргө жана дин душмандарынын жеңилдетүү, оңойлотуу, кооздоо деп динди бузуусуна, динде реформа кылуусуна эч качан көз жумбашыбыз жана алданбообуз керек. Дос менен душманды ажырата билүүбүз керек! Кимде-ким ушул сыяктуу касиеттүү күндөрдү урматтап, бир жетимдин башынан сыласа (жакшылык кылса), Аллаху таала ошол жетимдин башындагы чачынын санындай ал адамга нимат берет. Ошол күндөрдө бир кедей адамга тамак берип тойгузса бүткүл мусулмандарга тамак бергендей сыйга жана соопко ээ болот. Эркек кайтыш болсо же аялы менен ажырашса, баласы жети жашка, ал эми кызы тогуз жашка чыкканча аларды коргоо, башкача айтканда, тарбиялоо акысы энесине тийиштүү болот. Энеси каза болсо же күйөөгө чыкса, анын аял бир туугандарына тийиштүү болот. Напакаларын берүү ар дайым атасынын мойнунда болот. «Файзия» - Шейхул Ислам Файзуллах хазреттеринин фатвалары. 1115-жылы Эдирнеде шейит болгон. Аныктама: Ашура күнү – онунчу күн дегенди билдирет. Бул күнү ибадат катары ушул күнгө гана таандык болгон ашура таттуусун бышыруу жана таратуу бидат болуп саналат, күнөө болот. Бул күнү аза күтүү да күнөө. |
80 – Орозону бузуучу бир нече амал бар. Расулуллах (саллаллаху алейхи васаллам) мындай деди: «Гыйбат айтуу, сөз ташуу, жалган ант берүү, намахрамдарга шахват менен кароо сыяктуу нерселер [нафил] орозону бузат.» [ал эми парз орозонун сообун жок кылат.] Гыйбат – ары Аллаху тааланын, ары адамдардын акысын жегендик болгондуктан жоопкерчиликти талап кылуучу өтө чоң күнөө. Гыйбат айткандардын тили кыямат күнү өтө коркунучтуу түргө келип, бүткүл жаратылыштын алдында жүзү караланып уят болот. Гыйбатка Курани каримде ачык түрдө тыюу салынган жана өлгөн бир тууганынын этин жеген менен барабар экендиги билдирилген. Аныктама: Имам Газали (рахметуллахи алейх) «Кимийа-и саадат» китебинин орозо бөлүмүндө мындай дейт: «Үч түрдүү орозо бар: биринчиси, карапайым элдин, башкача айтканда, ижтихад даражасына көтөрүлбөгөндөрдүн орозосу. Заманыбыздагы бардык устаздардын, имамдардын, карылардын, муфтийлердин, насаатчылардын жана бардык мусулмандардын орозосу ушул биринчи даражада. Алардын орозосу денеге бир нерсенин кирүүсү менен, тактап айтканда, ичип-жеш же ийне сайуу аркылуу жана жыныстык катнаш аркылуу бузулат. Ийне менен дары сайганда Ханафиде да, Шафииде да орозо бузулат. Жахилдердин фатваларына алданбоо керек. Экинчи даража, хавастын, тактап айтканда, мужтахиддердин орозосу. Алардын орозосу кайсыдыр бир мүчөнүн күнөө кылуусу менен бузулат. Мисалы, гыйбат, калп, сөз ташуу, намахрамга (бөлөк аялдарга) кароо сыяктуу күнөөлөр менен орозолору бузулат. Кээ бир аалымдар бул күнөөлөр карапайым элдин да орозосун буза тургандыгын билдиришкен болсо да Ханафи мазхабында булар карапайым элге макрух болуп саналат. Имам Азам Абу Ханифа (рахметуллахи алейх) [хижрий 80-жылы туулуп, 150-жылы көз жумган. Кабыры Багдатта] жогорудагы хадиси шарифтен «Орозонун сообун жоёт» деген маани чыгарды. Башкача айтканда, булар орозонун өзүн эмес, жогорулугун бузат. Үчүнчү даража, Ахассулхавастын орозосу, алардын орозосу жүрөккө Аллаху тааладан башка нерсенин кирүүсү менен бузулат.» 81 – Билип кой, Аллаху таала бардык нерседен мурда акылды жаратты. Жана ага билим, зиректик, ыклас, тууралык, жоомарттык, тобокел, коркунуч, үмүт сыяктуу касиеттерди берди. Мына ушул акыл менен кадырланган адамдар жаратылуу максатын, башкача айтканда Аллаху тааланын улуулугу менен жалгыз экендигин тастыктап, Анын ыраазылыгына жетет. Назият сүрөсүнүн кыркынчы аяти каримасында: «Аллаху тааладан коркуп, напсинин (тыйуу салынган) нафсани каалоолорун тыйган адамдардын бара турган жери – сөзсүз түрдө Бейиш», - деп айтылган. Аллаху таала акылдан кийин напсини жаратты. Ага жахилдик, шахват, ачкөздүк, калпычылык, канаатсыздык, ачуулуулук, зулумдук, ыпластык, чагымчылдык жана ширк сыяктуу төмөн сезимдерди берди. Мындан мурдагы эки аяти каримада: «Кимде-ким менин буйруктарымды карманбай напсин эрчисе, баруучу жери – Тозок», - деп айтылган. Ушул абалга карап ар ким акылы менен ойлонуп аракет кылуусуна туура келет. Эгер акылы менен ойлонбой иш кылса напсин ээрчиген болуп, акыры баруучу жери Тозок болот. Акылды колдон чыгарбай, напси менен шахватты тыйып туруу керек. Анткени, напси менен шахват – адамдардын эң чоң душманы. Акылы жетип, терең ойлонгон адамдар Аллаху таалага ыйман келтиришет. Акылга карап аракет кылбай, напсин ээрчигендер ар дайым адашууга дуушар болушат жана Аллаху таалага алып барчу жолду эч качан таба алышпайт.
Акылы бар туруп ойлонбогон жана көзү бар туруп Хакты көрбөгөндөр, кулагы бар туруп акыйкатты укпагандар туурасында Аллаху таала Курани каримдин Араф сүрөсүнүн 179-аятында: «Алар болгону төрт аяктуу айбандар сыяктуу, балким айбандардан да жаман», - деген. Өзү мусулмандын перзенти болуп туруп ар дайым напсинин каалоолорунун артынан жүгүрүп жүргөндөр да ушундай. Алардын мусулман деген аты гана бар. |
ЫЙМАН БӨЛҮМҮ 82 – Эй уулум! Ыйман – жүрөк менен ишенүү дегенди билдирет. Жабраил алейхиссалам акылды, уятты жана ыйманды Адам алейхиссаламга алып келди да мындай деди: «Эй, Адам! Аллаху таала салам айтты, сага алып келген бул бул үч белектин бирин алсын деди.» Адам алейхиссалам акылды тандады, Жабраил алейхиссалам ыйман менен уятка «Силер кете бергиле» дегенде ыйман айтты: «Аллаху таала мага: “Акыл кайда болсо, сен да ошол жакта бол!” – деп буйрук кылган.» Андан кийин уят да Аллаху таала дал ушундай буйругандыгын айтып, экөө тең акыл менен бирге Адам алейхиссаламда калды. Ушул себептен, Аллаху таала кимге акыл берсе, уят менен ыйман да аны менен бирге болот. Акылсыздын уяты да, ыйманы да болбойт. Бир күнү Хасан Басриге (рахима-хуллаху таала) бир аял келип: «Эй имам! Диндин тазалыгы эмне? Диндин кадыры эмне? Диндин казынасы эмне?» - деп сурады. Хасан Басри (рахима-хумуллаху таала) жооп катары: «Сиз айтыңыз, биз угалы!» - деди. Аял: «Диндин тазалыгы – даарат алуу. Диндин кадыры – Аллаху тааладан коркуу жана уялуу. Ал эми диндин кубаты – намаз. Анткени, Аллаху таала уялган кулун мактаган. Диндин казынасы – илим. Себеби, кимдин даараты жок болсо анын дини таза болбойт. Кимдин уяты болбосо жана Аллаху тааладан коркпосо анда диндин кадыры болбойт. Кимдин илими болбосо дининин казынасы болбойт», - деди. Хасан Басри (рахима-хумуллаху таала) бул аялдын сөзүнө таң калып, туура айтканын ырастады. Ыйман мындай мисал менен түшүндүрүлөт: «Ыйман – беш кабаттуу сепилге окшойт. Биринчи кабаты алтындан, экинчи кабаты күмүштөн, үчүнчү кабаты темирден, төртүнчү кабаты колодон, ал эми бешинчи кабаты жезден курулган. Жез деп аталган кабатыбыз – адеп. Адамдын адеби болбосо шайтан кандай да болсо бул кабаттан өтөт. Эгер адеби бар болуп, шайтан ошол кабаттан өтө албаса ал адамдын ыйманы куткарылат. Темир дегенибиз – сүннөт. Коло кабаты – парз. Күмүш кабаты дегенибиз – ыклас. Алтын кабаты – Аллаху таалага жакындык. Кимдин адеби бар болсо, сүннөткө жол табат. Ыклысы бар болсо Аллаху тааланын сүйүүсүнө жол тапкан болот. Бир адам адепти сактабаса, тактап айтканда, адеби болбосо, сүннөткө жол таба албайт. Сүннөттү карманбаган адам парзга жол таба албайт. Ал эми парзды карманбаган адам ыкласка жол таба албайт. Кимде-ким бергенин Аллаху тааланын ыраазылыгы үчүн берсе жана жакшы көргөнүн да Аллаху таала үчүн жакшы көрсө, душмандыгын Аллах үчүн кылса, ал адамдын ыйманы толук болот. Мүнөзү жакшы болгон адамдын да ыйманы жетик болот. Ыймандуулуктун белгиси – ыймансыздарды алар ыймансыз болгондугу үчүн жакшы көрбөө. [Ыймандуу адам ислам душмандарын, динсиздерди, масондорду, бидатчыларгы жакшы көрбөйт.]
Расулуллах (саллаллаху алейхи васаллам) мындай деди: «Араңарда ыйманы камил болгондор – мүнөзү жакшы болуп, адамдарга жакшылык кылуучулар.» Анткени, Аллаху таала Курани каримде: «Чындыгында, сен жогору мүнөзгө ээсиң», - деди. Башкача айтканда, Аллаху таала сүйүктүүсүнүн (саллаллаху алейхи васаллам) мүнөзүн мактаган. Кимдир бирөөнүн мүнөзү жакшы болсо Расулуллахтын (саллаллаху алейхи васаллам) мүнөзү менен мүнөздөлгөн жана Анын жолун карманган болот. Корккондорунан кутулуп, каалоолору менен кыялдарына жетет жана чыныгы момун болот. Кимдир бирөөнүн оюна шариятка каршы нерсе келсе, анын харам экенин билүү да ыймандан. Асхаби кирам (радыйаллаху таала анхум ажмаин) мындай деп сурады: «Йа, Расулаллах! Көңүлүбүзгө жаман ойлор келсе эмне кылабыз?» Ошондо Пайгамбарыбыз: «Көңүлгө жакшы да жаман да ойлор келет. Жаман ойлордун жаман экенин билүү жана түшүнүү ыймандан» - деди. |