islamd...@gmail.com |
Периштелер акылдуу барлыктар (1)
Суроо: Периштелерде акыл жок экендиги, ошондуктан, аларда жоопкерчилик жок экендиги, диндер адамдар менен жиндер үчүн болгондуктан, периштелердин диндар эмес экендиктери, бир гана буйрук кылынганды аткарган робот сыяктуу барлыктар экендиги айтылууда. Бирөөлөр алардын эркек экендигин айтууда. Булар ыймандын алты шартынын бирин четке кагуу эмеспи? ЖООП: Периштелерде эркектик да, аялдык да жок экендиги бардык акаид китептеринде жазылган. Буга чейин дагы христиандарды туураган кээ бир адамдар периштелердин ургаачы экендигин айтып, канаттуу кыздардын сүрөттөрүн тартышчу. Алар эми канаттуу эркектердин сүрөттөрүн тартышабы? Периштелер нурдан, Иблис жана жиндер оттон жаратылган. Алардын баары акыл жана эрктүү барлыктар. Аллаху таала периштелерди да, Иблисти да сынады. Бир аяти кариманын мааниси мындайча: "Адамга [Адамды көздөй Аллахка] сажда кылгыла деп айткан кезибизде Иблистен башка бардык периштелер сажда кылышты. Иблис болсо жүзүн буруп, бой көтөрдү, капырлардан болду.” [Бакара, 34] Периштелердин күнөөсүз болушу аларда акыл жок дегенди билдирбейт. Акылга ээ болбогон барлык болсо пайгамбар боло албайт. Периштелерден дагы пайгамбарлар болгондугу Курани каримде билдирилген. Жабраил, Микаил, Исрафил жана Азраил [алейхимуссалам] периштелердин пайгамбарлары. Бардык периштелер илимдүү. Эки аяти кариманын мааниси: "Периштелер: "Эй, Раббибиз! Сени кемчилик сыпаттардан танзих, кемал сыпаттар менен тавсиф кылып, Сенин бизге үйрөткөн нерселериңен башка биздин илимибиз жок”, - дешти.” [Бакара, 32] "Аллах, периштелер жана адилетти орундаган илим ээлери Андан башка кудай жок экенине күбөлүк келтиришкен.” [Ал-и Имран, 18] "Бул Куран – арштын ээси болгон Аллахтын алдында кадырлуу, күчтүү, сөзү тыңдалган жана ишенилген ардактуу бир элчи [Жабраил] алып келген сөз.” [Теквир, 19-21] Аллаху таала периштелерге ар түрдүү милдеттерди берген. Бир аяти кариманын мааниси: "[Момундардын рухтарын Бейишке, капырлардыкын Тозокко алып баруу ишинде] бири-бири менен жарышуучу жана иштерди башкаруучу периштелерге ант болсун.” [Назиат, 4-5] Иштерди башкарууга милдеттүү периштелердин үстөмдүгүн белгилөө үчүн Аллаху таала аларга ант кылууда. Аллаху таада периштелерден да расулдар (элчилер) тандаган. Бир аяти кариманын мааниси да төмөңкүдөй: "Аллах периштелерден да, адамдардан да Расулдар [элчилер] тандайт.” [Хаж, 75] Периштелер тууралуу акылсыз барлыктар деп айтуу аларды четке кагуунун башка бир ыкмасы. Периштелерге ыйман – ыймандын алты шартынын бири. Бир аяти кариманын мааниси: "Аллахты, периштелерин, китептерин, пайгамбарларын жана акырет күнүн четке каккан адам катуу адашкан болот.” [Ниса, 136]
(Уландысы бар...) |
www.islamdini.kg |