Илимден бир тамчы - Транспорттордо намаз кантип окулат?

36 views
Skip to first unread message

islamdini kg

unread,
Feb 25, 2021, 2:15:52 AM2/25/21
to islamd...@googlegroups.com

Встроенное изображение 1

Транспорттордо намаз кантип окулат?

 

Суроо: Учак, кеме, поезд жана автобуста намаз окуу жаизби?

ЖООП: Баарынын өкүмү бирдей эмес. Мисалы, учакта намаз убактысы чыга турган болсо учактан түшүүүгө болбойт. Кемеден да түшүүгө болбойт. Поездден бир станцияда түшүүгө болот. Автобустан түшүү дагы да жеңил. Кайсы транспорт болсо болсун намазды казага калтырбай тургандай кылып иштер, сааттар тууралануусу керек. Баарына тең бөлөк-бөлөк мисал берели:

Учакта: Бара турчу жер жакын болуп, 1-2 саат уча турган болсо учакта отуруп намаз окуунун кереги жок. Конгондо эки рекет намазды жам кылып окуп алуу мүмкүнчүлүгү бар. Эгер багымдат намазы киргенде учакка отуруп же түшкөндө күн чыга турган болсо намазды казага калтыруу харам болгондуктан учактын арт жагында бир орунга барып, өйдө туруп окуу мүмкүн болбосо отуруп ырахат намаз окуп алса болот. Има менен (кыймыл аракет менен) окууга зарылчылык болбойт.

Учакта да кыбыланы кароо шарт. Учак зигзаг учупагандыктан кыбыла көп өзгөрбөйт. 10 же 20 градус өзгөрсө да кыбыла багытына таасир кылбайт. Мисалы Бишкектен Ташкентке учкан киши учактын учуу багытына карата намазын окуйт. Ташкенттен Бишкекке карай учкан киши болсо учактын арткы багытына карай бурулуп намазын окуйт. Кыскасы, кыбыла багытын аныктап, учуп бара жаткан учактын кайсы тарабында болсо ошол тарапка бурулуп намазды окуу керек.

Кемеде: Сүзүп бараткан кемеде учактагыдай эле кыбылага бурулат, намазды өйдө туруп окуй албаса отуруп окуйт. Има менен окууга зырылчылык болбойт.

Поездде: Станцияларда токтогон кезде туруп намаз окууга болот. Кээ бир станцияларда түшүп окуу мүмкүнчүлүгү болот. Поезд ичинде да өйдө туруп окуй албаса отуруп окуу жаиз. Ичинде да отуруп окуу мүмкүнчүлүгү болбосо поездден түшкөндө эки намаз жам кылынат.

Автобуста: Автобус учак, кеме жана поезд сыяктуу эмес. Автобуска отуруудан мурда шоопур менен келишип алууга болот. Мисалы, «Эгер намаз убактысында бир жерде токтосоңуз билетти сиздин фирмадан аламын» деп айтса болот. Убада бергенине карабай намаз убактысында автобус токтобосо ылайык болгон бир жерде түшүп намаз окуп алып, башка бир автобус менен сапарды  улантуу керек. Жанында оорулуу киши бар болсо автобустан түшкөндө эки намазды жам кылып окуса болот. Жам дагы кыла албай тургандай мажбур абалда болсо автобуста, коридордо отуруп намаз окуса болот. Буга да мүмкүнчүлүк болбосо отурган жеринде буттарын жыйнап има менен окуйт. Кыбылага бурулу алганчалык бурулуусу шарт.

Ибни Абидин хазреттери мындай деген: «Дени сак бирөөнүн кемеде, поездде жүрүп баратканда парздарды отуруп окуусу Имам Азамга карата жаиз болгону менен Имамейнге (Имам Абу Юсуф менен Имам Мухаммед) карата кечиримдүү бир себепсиз жаиз эмес. Фатва дагы ушундай.» (С.Эбедиййе)

Демек, кечиримдүү бир себеп бар болсо отуруп окуу жаиз болууда. Кечиримдүү бир себеп болбосо отуруп окуй албайт.


Жазылуу учун 

Mail группасынан чыгуу учун 

Mail гуруппасынын баракчасы 

www.islamdini.kg

Эгер e-mail адресиңиз сиздин кабарыңыз болбой туруп бул сайтка катталган болсо же сайттан келип жаткан каттарды алууну токтоткуңуз келсе, анда ушул адреске бош кат жибериңиз: islamdini-kg...@googlegroups.com
Reply all
Reply to author
Forward
0 new messages