Сухбат

16 views
Skip to first unread message

Ислам Дини

unread,
Mar 18, 2015, 4:25:18 AM3/18/15
to islamd...@googlegroups.com

Встроенное изображение 1

Ыймандуу адам уурулук кылбайт

Уурулук – башканын мүлкүн уурдоо, уруксатсыз алуу, өзгөнүн менчигин акысыз (адилетсиз) түрдө өз ээлигине өткөрүү дегенди билдирет. Уруксатсыз алынган жана уурдалган нерселер аз болсо да өкүмдөрү бир жана харам болуп саналат. Ар адамдын колундагы менчиги анын менчиги эмес экендиги далилденмейинче өзүнүн мүлкү болуп кала берет. Уурулук, күч менен тартып алуу, зулумдук, паракорлук, пайыз, каракчылык жана кыянат менен ээ болгон мүлк менчик болбойт. Мындай нерсени сатып алуу, жеп-ичүү жаиз эмес. Хадика китебинде мындай делинет: "Күч менен же уурулук, кыянат сыяктуу харам жолдор менен ээ болгону белгилүү нерсени белекке, садака жана акыга төлөм иретинде алуу, карызга алып колдонуу халал эмес. Бир гана мураскердин мураска калган нерселердин ээсин билбеген абалда ошол нерселерди алуусу халал болот. Мүлктүн ушул сыяктуу харам экени толук маалым болбосо бардык адамдын алуусу жаиз болот.”

Уурулук кылуу – чоң күнөөлөрдүн бири. Эркектерден да, аялдардан да бул күнөөгө чалынгандар өтө көп. Уурулуктун тузагынан кутула алган адам өтө аз. Ошондуктан, уурулуктун эмне экенин билип, андан сактануу керек. Аялы-күйөөсү бири-биринин буюмдарын уруксатсыз алуусу, колдонуусу уурулукка болот, ушундайча чоң күнөө жасалууда. Бул абал көп адамдарда бар. Аллаху таала сактаган өтө аз гана адамдар бул нерседен кутулган. Кээ бир адамдар мунун уурулукка жата турганын, күнөө экенин да билбейт. Жада калса, халал деп ойлошот. Ушундай ойлоп, ишенип ыймандарын коопко түшүрүүдө. Мындай ишенген аял-күйөөлөр бири-биринин буюмдарын уруксатсыз алууну адатка айландырышкандыктан башкалардын буюмдарын уруксатсыз колдонуунун жаман экенин ойлоп да койбойт. Ушунун кесепетинен көпчүлүк адамдар башка бирөөнүн мүлкүнө тартынбай кыянат жана уурулук кылышууда. Ниса сүрөсүнүн 29-аятында: «Эй ыйман келтиргендер, бири-бириңердин менчигиңерди араңарда туура эмес жолдор менен жебегиле. Тактап айтканда, Ислам харам кылган пайыз, кумар, уурулук жана күч менен тартып алуу сыяктуу туура эмес жол менен жебегиле. Жалгыз гана бири-бириңерге ыраазы боло турган түрдө соода жолу менен болсун», - деп айтылган.

Жалган айтуу, ушак айтуу, гыйбат (ушак) кылуу, жалаа жабуу, уурулук, куулук, кыянат кылуу, адамдарды таарынтуу, фитна (бүлүк) чыгаруу, башканын буюмдарын уруксатсыз колдонуу, жумушчунун, жүк ташуучунун эмгек акыларын бербөө күнөө болот. Буларды мусулман болбогон адамга карата да, мусулман болбогон мамлекетте да кылуу күнөө болот. Ибадаттардын кабыл болуусу үчүн уурулук, куулук жана кыянат сыяктуу күнөөлөрдөн тыйылуу керек.

Чакырылбаган жерге баруу өзүн-өзү кордоо болуп саналат. Хадиси шарифте: «Чакырган жерге барбоо күнөө болот, чакырбаган жерге баруу уурулук кылууга жатат», - деп айтылат.

Бир күнү Хазрети Бахлул Дананын үйүнө ууру кирип, тапкан нерселеринин бардыгын алып кетет. Таң атканда Хазрети Бахлул Дана туруп, көрүстөнгө барып, көрүстөнгө кирүүчү эшиктин алдына отуруп алат. Бул абалды уккандар: «Эмне үчүн уурунун изине түшпөдүң, эмнеге бул жерге келип отурасың?» – деп сурашат. Хазрети Бахлул Дана: «Жолунан адашкан ал адамды ушул жерде күтүп отурамын», - деп жооп берет. Бул сөзгө ал жердегилер күлүшөт.  «Аллах андан кайтарсын, ал адам бул жерге келип эмне кылсын?» – дешти алиги адамдар. Аларга Хазрети Бахлул Дана: «Силер тынчсызданбагыла, ал сөзсүз бул эшикке келет. Ажал аны бул жерге алып келет», – деп жооп берди. Бул сөздү укканда ал жердегилер терең ойго чөмүлүштү.

Ахли сүннөт акыйдасында амал ыймандын бөлүгү эмес. Эринчээктик менен буйруктарды аткарбай жана напсине азгырылып күнөө кылуудан тыйылбагандардын ыйманы кетпейт, капыр болуп калбайт. Чоң күнөө кылган мусулмандар бул дүнүйөдө тообо кылбай, акыретте да шапаатка жете албаса, күнөөлөрүнүн өлчөмүндө Тозокто күйөт, андан кийин өздөрүндө болгон ыйман нурунун себеби менен Аллаху тааланын кечиримине жетет.

Жыйынтыктап айтканда,  адам өлтүрүү, уурулук кылуу, калп сүйлөө сыяктуу күнөөлөр адамдын ыйманын кетирбесе да, булар чоң күнөө болуп саналат. Кичинекей күнөө кылууну токтотпоо чоң күнөөгө, чоң күнөө кылууну токтотпоо ыйманга коркунуч алып келет. Пайгамбарыбыз айткандай: «Ыйманы бар адам зина, уурулук кылбайт.»  

 

Жазылуу учун 

Mail группасынан чыгуу учун 

Mail гуруппасынын баракчасы 

www.islamdini.kg

Эгер e-mail адресиңиз сиздин кабарыңыз болбой туруп бул сайтка катталган болсо же сайттан келип жаткан каттарды алууну токтоткуңуз келсе, анда ушул адреске бош кат жибериңиз: islamdini-kg...@googlegroups.com

Ислам Дини

unread,
Mar 24, 2015, 2:19:38 AM3/24/15
to islamd...@googlegroups.com
Встроенное изображение 1

Аманатка кыянат – эки жүздүүлүктүн белгиси

Кыянат – өзүн башкаларга ишенимдүү, адал адам катары көрсөтүп, кийин ошол артылган ишенимди актабай  турган мамиле кылуу деген сөз. Бул өтө жаман мүнөздөрдүн бири. Кыянатчы – аманатка кыянат жасай турган, жамандык кылуучу адам. Мусулман болсун, капыр болсун туш келген адамга кыянат кылуу чоң күнөө болот. Хадиси шарифте:«Ишенимдүү болбогон адамда ыйман жок. Убадасына турбаган адамда дин жок», - делинет.

Бул хадиси шарифти ахли сүннөт аалымдары "аманатка кыянат жасаган адамдын ыйманы толук болбойт, бул нерсеге маани бербесе ыйманы кетет” деп түшүндүрүшкөн.

Кыянат кылуу адамдарды капаланууга алып келет, бул өз кезегинде харам жана мунафыктыктын (эки жүздүүлүктүн) белгиси болуп саналат. Кыянаттыктын тескериси – аманат, ишенимдүү болуу. Аманат менен кыянат буюмда, мүлктө болгону сыяктуу сөздө да болот. Хадиси шарифте: «Акыл суралган адам – ишенимдүү адам», - деп айтылган.

Акыл суралган адамдын туура нерсени айта турганына жана суралган нерсени өзгөлөрдөн жашыра турганына аманат кылынып, ишенилет. Адам мүлкүн ишенген адамына аманат кылганындай (тапшырганындай) эле туура айтаарына ишенген адамынан акыл, жол сурайт. Али имран сүрөсүнүн 159-аятында: «Жасай турган ишиңди алгач акылдаш (кеңеш), - деп буйрук кылынган.

Акылдашуу же кеңешүү адамды өкүнүүдөн коргоочу чеп сыяктуу. Акыл суралуучу адам элдин абалын, заманын жана мамлекеттин шарттарын билүүсү керек. Бул саясат илими деп аталат. Ошону менен катар акылдуу, зирек ойлуу (туура пирирлүү), келечекти болжой алган, керек болсо дени соо болуусу керек. ийиш. Акыл суралган адамдын билбегенинин же билгенинин тескерисин айтуусу күнөө болот. Жанылышып ката айтуу күнөө болбойт.

Хазрети Абдуллах бин Масуд мындай деген: "Динибизден эң алгач айрылып калуучу, жоголуучу нерсеңер – аманат. Эң аягында айрылуучу нерсеңер намаз болот. Дини болбосо да намаз окугандар пайда болот.”

Хазрети Суфйан Саври насыят сураган адамга мындай дейт:

"Ардактуу бир тууганым! Көркөм адеп менен көркөм мүнөзгө бекем карман! Жамаатка каршы чыгып алардан ажырап калба! Анткени, жакшылык жамаатта. Бирок, жамаат дүнүйөгө берилип, дүнүйөлүк иштер менен үбара болуп жатса аларга моюн сунба. Дин тууралуу сенден бир нерсе сураган ар бир мусулманга жардамыңды тийгиз! Аларга жол көрсөт! Аларга насыят айт! Аллаху таала жактырган ишти сени менен акылдашууга келген адамдан эч нерсе жашырба! Мусулманга кыянат кылуудан сактан! Кимде-ким бир мусулманга кыянат кылса Аллаху таала менен Расулуна кыянат кылган болот. Мусулман бир тууганыңды Аллах ыраазылыгы үчүн жакшы көрө турган болсоң жаның менен малыңды андан аяба.”

Юсуф аттуу бир адам Хазрети Зиннун Мысринин "Исми а’зам” дубасын билгендигин угуп, Мысырга барып, ага бир жыл кызмат кылат. Бир күнү Юсуф Хазрети Зиннун Мысриге: «Эй устазым, сизге бир жыл кызмат кылдым, эми акымды берүүңүз керек. Сиздин "Исми а’зам” дубасын билгениңизди уккан элем. Аны менден башка эч кимге ишенип тапшыра албай турганыңызды билет чыгарсыз», – дейт. Хазрети Зиннунн Мысри ага үн катпай жоопсуз калтырды. Арадан алты ай өткөндөн кийин Хазрети Зиннун Мысри алиги шакиртин чакырып, ага оозу жабылган бир идиш берип: «Фустаттагы баланча досумду тааныйсынбы?» – дейт. Шакирти: «Тааныйм устазым», – деп жооп берет. «Мына бул идишти ошол адамга алып барып бер», – дейт. Шакирти оозу жабык идишти алып жолго аттанат. Жолдо бара жатып «Хазрети Зиннун Мысри сыяктуу улуу адам белек жиберди. Бул эмне болду экен? Канчалык баалуу нерсе болду экен?» деген ойлор келет. Кызыгуусун токтото албай оозу жабылган идишти ачат. Ачаары менен ичинен бир чычкан атып чыгып, качып барып көздөн кайып болду. Эмне кылаарын билбеген шакирти Хазрети Зиннун Мысриге келип болгон жагдайды айтып берет. Хазрети Зиннун Мысри шакиртине: «Балам, биз сени сынадык. Сага бир чычканды аманат кылдык, сен ага кыянат кылдың. Мындан кийин сага "Исми азамды ишенип аманат кыла аламынбы?» – дейт.

Жыйынтыктап айтканда, мусулман – аманатты, ишенимди актай турган, кыянат кылбаган адам деген сөз. Өзүнө аманат кылып тапшырылган эч бир нерсеге кыянат кылбайт. Пайгамбарыбыз айткандай: «Мунафыктын (эки жүздүүнүн) үч белгиси бар: Калп сүйлөйт, сөзүнө турбайт жана аманатка кыянат кылат.»

Ислам Дини

unread,
Mar 25, 2015, 2:05:36 AM3/25/15
to islamd...@googlegroups.com
Встроенное изображение 1

Өлүм оозунда болгон абалдар

Өлүү жок болуп кетүү эмес, дүнүйөдөгү өмүрдөн чыгуу деген сөз. Аллаху таала адамды белгилүү болгон ажалы жеткенче, ырыскысы бүткөнчө бул дүнүйөдө кармап турат. Адам өзүнө жазылган ырыскысы менен амалы бүткөн кезде бул дүнүйөдөн чыгып кетет, ошол абалды адамдын өлүмү деп атайт.

Адамдын өлүм оозундагы абалын Хазрети Имам Газали мындай билдирет:

«Адамдын өлүмү жакындаган кезде төрт периште келет. Адамдын рухун ушул периштелердин бирөөсү оң бутунан, бирөөсү сол бутунан, дагы бирөөсү оң колунан, бири сол колунан тартат. Көбүнчө, руху алкымына келе электе ал адам периштелер ааламын көрө баштайт. Периштелерди, алардын жасап жаткан иштеринин акыйкатын алардын ааламында туруп көрөт. Эгер ал адамдын тили сүйлөй турган болсо периштелердин көрүнүшүнөн кабар берет. Көбүнчө көргөн нерселерин шайтандын иши экен деп ойлоп калат. Тили буулуп, кыймылсыз калат. Бул абалда да ошол периштелер рухун манжаларынын учтарынан тартышат. Дем алуусу кырылдап калат. Күнөөкөрдүн руху сууланган жүнгө салынган тикендин сууруп алынганындай алынат. Муну адамзаттын эң жогорусу болгон Пайгамбарыбыз алейхиссалам кабар берди. Бул абалда өлгөн адам ичин тикен менен толтурулгандай сезет. Рухун ийненин көзүндөй тешиктен чыгарып, көк менен жер биригип, өзүн ошонун арасында эзилип кысылып сезет. Хазрети Каабдан: «Өлүм кандай болот?» – деп суралганда: «Топ тикенди бир адамдын ичине салып койгон. Күчтүү бир адам ошол тикенди оозунан сууруп алууда. Тикендер кескен жерин кесип, калганы калат. Мына, өлүм ушундай болот», – деп жооп берди.

Пайгамбарыбыз мындай деп айтты: «Албетте, өлүм азаптарынын бир бөлүгүнүн оордугу үч жүз жолу кылыч менен чапкандан да оор». Мына ошол убакытта адамдын денеси тердейт. Көздөрү тез ылдамдык менен эки жакты карайт. Мурдунун эки таноосу тартылат. Көкүрөк сөөктөрү көтөрүлөт, деми кысылат, өңү саргаят. Руху жүрөккө келгенде тили байланат. Руху көкүрөгүнө келгенде эч ким сүйлөй албайт. Мунун эки себеби бар. Биринчиси: бул иш өзгөчө оор болгондуктан көкүрөк дем кысылып, тарып калат. Адамды көкүрөккө урган кезде эсинен танып калаарын көрбөйсүңөрбү?! Бир аздан соң гана эсине келет. Көпчүлүк учурда сүйлөй албайт. Адамдын кайсы жерине сокку урсаң да үн чыгарат. Көкүрөккө урсаң ошол замат үнүн чыгарбай өлгөн сыяктуу кулайт.

Экинчи себеби: үн өпкөдөн чыккан абанын кыймылынан пайда болот. Жан көкүрөккө келгенде дем калбайт. Демин ала албаган үчүн дененин жылуулугу калбай сууй баштайт.

Рух тартылып соңку байланышы үзүлөөр кезде ага бир нече фитналар (сыноолор) берилет. Иблис жана анын жардамчылары ал адамдын тынчын алат. Аллаху таала бир кулунун хидаяты менен ыйманын кааласа, ал адамга рахмети илахи (Аллахтын рахматы) келет. Рахмети илахи шайтанды алыстатып, оорулуунун жүзүнөн кыйынчылыкты кетирет. Ошол убакытта ал адамдын көңүлү сергийт, күлүмсүрөйт.

Өлүм учурунда эң акыркы жоголуучу сезим – угуу сезими. Анткени, рух жүрөктөн бөлүнгөн кезде жалгыз гана көрүү сезими бузулат, бирок, угуу сезими жан толугу менен чыгып кеткенге чейин жоголбойт. Ошондуктан, Пайгамбарыбыз "саллаллаху алейхи васаллам”: «Өлүм төшөгүндө жаткандарга эки шахадат калималарын, тактап айтканда, "Ла илаха иллаллах, Мухаммадун Расулуллах” сөзүн айттыргыла!» - деп айткан.

Эгер өлгөн адамдын оозунан шилекейи аккан, эрини шалбыраган, жүзү карарган, көзү аңтарылган болсо, ал адамдын шаки (бетпак) экенин билип ал. Ал акыреттеги бактысыздыктарын көрдү деген сөз.

Эгер оозу бир аз ачылган, күлүп жаткандай, жүзү жадыраган, көздөрү да толук жумулбаган болсо, ал адамга акыретте болуучу бакыты туурасында сүйүнчү берилгенин билип ал...»

Натыйжада, адам бул дүнүйөдө калуучу эмес, жолоочу, өткүнчү болуп саналат. Ошондуктан, ыйман менен өлүү үчүн күнүгө дуба кылуу керек. Анткени, өлүм менен адамдын бул дүнүйөдөгү өмүрү бүтөт. Өлүм – рухтун дене менен байланышынын үзүлүүсү, рухтун денеден ажыроосу. Адам өлгөн кезде рух менен жүрөк жок болуп кетпейт. Өлүм – адамдын бир абалдан башка абалга өтүүсү, бир үйдөн башка үйгө көчкөнгө окшойт. Хазрети Омар бин Абдулазиздин айтканындай:

"Силер түбөлүк үчүн гана жаратылдыңар. Бирок, бир үйдөн экинчи үйгө көчөсүңөр.” 

Reply all
Reply to author
Forward
0 new messages