Даанышман сөздөр - Рухтун азыгы эмне?

2 views
Skip to first unread message

islamdini kg

unread,
Feb 9, 2022, 1:34:01 AM2/9/22
to islamd...@googlegroups.com

Встроенное изображение 1

Рухтун азыгы эмне? 

 

* Поезддеги, кемедеги, учактагы эмне болсо биз ошолбуз! Анткени, дүнүйө айланууда деп айтуу – бул кыймыл дегенди билдирет. Кыймылдоо – бир жерге баруу дегендик. Анткени, ал токтобогондуктан, өмүр тынымсыз бир жерге барууда. Бул поездде убактысы келгендер түшүүдө, кеткендер отурууда. Болбосо күнүгө өлгөндөр бар, күнүгө төрөлгөндөр бар. Бул поезддегилер шаң-шөөкөт менен жашайбы же кайгы менен жашайбы, эмне айырмасы бар? Жүргүнчүгө бүткүл падышачылыкты берсеңиз, жүргүнчүнүн бир нерсеси өзгөрөбү? Бирок, падышачылык калганга гана татыктуу. Калуучуга (түбөлүктүүгө, туруктууга) татыктуу. Калуу да керек. Бул дүнүйөдө эч нерсе калбоодо. Көптөгөн шаарлар курулду, мамлекеттер ыдырады, сүйүктүүлөрдүн кебетеси кетти, эмненеге жарады? Туруктуу нерсеге талапкер болуу керек. Эненин курсагындагы бала төрөлүү үчүн. Эненин курсагында жашоо үчүн эмес! Төрөлгөн бала, адам болсо өлүү үчүн жаратылган. Бул туруктуу эмес!

* Баары ниет менен болот. Баары ниетке жараша болот. Ниетсиз эч нерсе болбойт. Эгер бирөө жол белгилерин карабай автобандарга туура эмес кирсе, өмүр бою жүрсө, эч жерге бара албайт, каалаган жеринин жанынан өтө албайт. Ошондуктан, ниет жол белгиси сыяктуу. Жол белгиси сизди өзүңүз каалаган жакка алып барат. Болбосо, жол белгиси сизди бир жерге алып барууга милдеттүү эмес. Сиз карайсыз. Тандооңузду жасап, андан кийин барасыз. Мына, ниет да ушундай. Жакшы ниет менен кылган ар бир ишибиз биз үчүн сооп. Жаман ниет менен кылган ар бир ишибиз күнөө. Ниетсиз жасалган иштер же бар же жок. Андай нерсе болбойт ансыз деле. Ниетиңиз оозуңузда болбосо да, сөзсүз жүрөгүңүздө бир багытыңыз бар. Анткени, башкача болбойт.

* Мүдөөңөр, максатыңар жол белгиси болуу болсун. Ахли сүннөттү көрсөтүү үчүн, Аллаху таала ыраазы болгон багытты көрсөтүү үчүн, Пайгамбарыбыз алейхиссаламдын сүйүүсүнө жана ыраазылыгына жеткирүү үчүн жол белгиси болгула.

* Рухун  өлтүргөн адам акыретте балээге дуушар болот, азапта болот жана отко күйөт. Анда рухту өлтүрбөш үчүн эмне кылуу керек? Азыктандыруу керек. Эртең менен жана кечинде тамактангандай эле, рухун да тамактандыруу керек. Рухтун азыгы эмне? Рухтун биринчи азыгы – ыйман, экинчиси – намаз, үчүнчүсү – орозо, сукбат, илмихал. Башкача айтканда, руханий азыкка муктаж.

* Нух алейхиссаламдын уулу кемеге отурган жок. Тоого чыгам, аман калам деди. Ал акыры чөгүп кетти. Аллаху таала анын үй-бүлөсүн жана урпактарын коргоону убада кылган эле. Ошондо аталык мээрими менен Аллаху тааладан анын сырын сурады. Аллаху таала айтты:

“Сенин үй-бүлөң сенин тегиңен келгендер эмес, алар - сени ээрчигендер.”

* Бардык маселе биримдикте, ынтымакта. Биримдикде жана ынтымакта болсоңор силерге эч ким зыян келтире албайт. Өзүңөрдү сүйбөгүлө. Өзүн сүйгөн адам сүйүлбөйт. Өзүн сүйбөгөндү баары сүйөт.


Жазылуу учун 

Mail группасынан чыгуу учун 

Mail гуруппасынын баракчасы 

www.islamdini.kg

Эгер e-mail адресиңиз сиздин кабарыңыз болбой туруп бул сайтка катталган болсо же сайттан келип жаткан каттарды алууну токтоткуңуз келсе, анда ушул адреске бош кат жибериңиз: islamdini-kg...@googlegroups.com

Reply all
Reply to author
Forward
0 new messages