Илимден бир тамчы - Рамазан айы асманда жаңы Айды көрүү менен башталат

1 view
Skip to first unread message

islamdini kg

unread,
Mar 31, 2022, 2:03:09 AM3/31/22
to islamd...@googlegroups.com

Встроенное изображение 1

Рамазан айы асманда жаңы Айды көрүү менен башталат

 

Суроо: Орозо кармоону календарга карап баштайбызбы же жаңы айды көрүп баштайбызбы?

ЖООП: Орозо календарга карап башталбайт. Негизи, алдын ала жаңы ай чыга турган күндү эсептеп билүүгө болот, бирок, динибиз орозону баштоону жаңы айдын чыгуусу менен эмес көрүлүүсүнө байлаган. Хадиси шарифте: "Жаңы айды көргөндө орозо кармагыла, дагы бир көргөндө орозону токтоткула!” – деп буюрулган. Жаңы ай эсеп менен табылган күнү же бир күндөн кийин көрүнөт. Эч качан эсептеп табылган күндөн мурда чыкпайт, чыкпагандыктан да көрүнбөйт. Анткени, Аллаху таала тарабынан орнотулган тартипте (эрежеде) каталык, өйдө-ылдый болбойт. Күн менен айдын кайсы убакытта чыгып, кайсы убакытта бата тургандыгын алдын ала эсептеп табууга болот. Жаңы ай да эсептелген убакытта чыгат, бирок, абанын булуттуу болуусу сыяктуу себептер менен же айдын дал биздин аймакта эмес, башка аймакта көрүнө турган стадиясына туура келүүсүнө байланыштуу аны көрө албашыбыз мүмкүн. Рамазан айынын башталгандыгын тактоо үчүн жарым айды (жаңы чыккан айды) издеп табуу, көрүү керек. Хижри-камари календарында бир ай 29 күн да болушу мүмкүн болгондуктан жаңы ай көрүнгөндө Шаабан айынын 29у да болушу мүмкүн. Ал эми эгер жарым ай көрүнбөсө Шаабан айын отуз күнгө толтуруп бүтүрүү керек болот. Жаңы айды көрүү аркылуу Рамазандын башталышы эсептелип табылган күндөн бир күн кийин болушу мүмкүн, бирок, бир күн мурун болбойт. Анткени, жаңы айдын эсептеп табылган күндөн мурда чыгуусу же чыкпаган айды көрүү мүмкүн эмес.

Рамазан айын жыл сайын отуз күн болот деп айлоп жүргөндөр да бар. Бирок, камари айлар кээде 29, кээде 30 күн болот. З0 күндөн болгондо хижри календары 360 күн болмок. Орозонун жыл сайын 10 күнгө эрте башталуусу камари айлардын кээде 29 күн болуусунан улам.

 

Технология кылымындабыз

 

Суроо: Технология өнүккөн кылымда жашап жатабыз. Күндүн качан чыгып, качан бата тургандыгы билингендей эле Айдын дагы качан көрүнө тургандыгын секундасына чейин тактоо мүмкүн эмеспи. Эмне үчүн жыл сайын ушундай түшүнбөстүктөр болууда?

ЖООП: Аллаху таала койгон тартипте кемчилик, жаңылыштык болбойт. Күн менен Айдын кайсы саатта чыга тургандыгын жана бата тургандыгын алдын ала эсептеп билүү мүмкүн. Эсеп менен билдирилген убакыттар бир мүнөт, бир секунд дагы мурда чыкпайт же батпайт. Жаңы ай эсеп менен табылган убакта чыгат, бирок, асмандын булуттуу болуусу сыяктуу себептер менен кээде чыккан күнү көрүнбөөсү мүмкүн. Рамазан айын аныктоо үчүн хилалды, башкача айтканда, асманда жаңы Айды издөө жана Айды көрүү, эгер көрүнбөсө Шабан айын 30 күнгө толуктоо керек болот.

Түшүнбөстүктүн себеби Ай көрүнбөсө дагы баланча өлкөдө көрүнүптүр деп бир күн мурда орозо кармоону баштагандык. Эмне үчүн эч качан эсептен кийин көрдүк дешпейт да эсептен мурда көрдүк дешет? Анын ордуна асман булутту эле, биз көрө албадык дешсе айтыла турчу нерсе калбайт эле. Маалынан мурда Ай көрүндү деп айтуулары жаңылыш, аппачык жалган сөз!

 

Айды издөө

 

Суроо: Ай издөөдө диндин өкүмү кандай?

ЖООП: Мустафа Сабри Мырза мындай деген:

«Шабан айынын 29 күн болгондугу эсеп менен так билинсе, чындыгында да 29 күн болсо, Рамазандын кирүүсүн белгилөө үчүн Ай изделсе, Ай чыкканына карабай асмандын булуттуу болуусунан улам көрүнбөсө Шабан отуз күн болуп кабылданат. Дагы ушул сыяктуу эле Рамазан айынын 29 күн экени эсеп менен анык билинсе, чынында эле 29 күн болсо, асман булуттуу болгондуктан Рамазандын 29унда Ай көрүнбөсө Рамазанды отузга толуктоо динибиздин буйругу. Хадиси шарифте: «Айды көргөндө орозо кармагыла, кайра көргөндө орозону таштагыла», - деп буюрулду.» [Маселелер]

Түркиянын Дин Иштери жооптуу кызматкерлери мындай дешкен: «Динибиз руйетти, башкача айтканда, Айдын көрүнүүсү менен орозону баштоону буйрук кылат. Диянат катары Рамазан Айын көзөмөлдөдүк. Ушул күнгө чейин обсерваториянын эсептерине кайчы болгон эч бир натыйжаны көрө алган жокпуз. Сауд Аравия өлкөсү менен арабаздагы айырманын себеби алардын Айды издөөлөрү жана биздин дагы эсептерге карата кыймылдагандыгыбыз эмес. Бул өлкө Айды кароо менен орозону баштап жаткан жок, Америкалык алманахтардын маалыматына карата кыймылдашууда. Бир илимий топ менен Сауд Аравияга бардык. «Келгиле, Айды биргеликте карайлы», - дедик. Рабыта секретары Саффет мырза: «Биз Америкалык деңизчилердин эсептерине карата кыймылдайбыз», - деди. Ошентип, 6 кишилик топ менен Жабал-и Сафага чыктык. Дүрбү колдонсок да Айды көрө алган жокпуз. Ансыз деле, эсептерге кайчы түрдө көрүүбүз мүмкүн эмес болчу. Кеч болгондо Айдын көрүнгөндүгүн, майрам боло тургандыгын жарыялап миллиондогон мусулмандардын орозолорун бузушту. Алардын бул кылган иштеринин жалган же жаңылыш бир маалыматка таянгандыгы анык.»

Бул жазууда дагы эсеп эмес Айдын көрүнүүсү негиз катары алынган. Биз дагы жыл сайын: «Ай көрүнбөстөн орозону баштабагыла, Ай көрүнбөстөн майрамдабагыла», - деп айтуудабыз. «Эсеп менен иш кылгыла» деген жокпуз.


www.islamdini.kg

Диний сурооңуздар үчүн:  

islamd...@gmail.com


Reply all
Reply to author
Forward
0 new messages