Периште жана шайтан

8 views
Skip to first unread message

islamdini kg

unread,
Oct 15, 2025, 4:21:07 AM (9 days ago) Oct 15
to islamd...@googlegroups.com

 Диний суроолор үчүн
islamd...@gmail.com

Периште жана шайтан

 

Суроо: Ар бир адамдын жанында бир периште жана бир шайтан барбы? Андан башка "Ислам ахлакы” китебинде "Шайтаным мусулман болду” деген хадис жазылган. "Шайтаным мусулман болду” деген эмне?

Жооп: Ар бир адамдын жанында бир шайтан болгону сыяктуу ар кимдин жанында периште да бар. Шайтан адамдын жүрөгүнө жаман ойлор, васвасалар (күмөн, шек) салат. Периште болсо адамга жакшы ойлорду салат. Үч хадиси шарифтин мааниси:

"Периштеден келген ойлор Исламга ылайык болот. Шайтандан келген васваса Исламдан айрылууга себеп болот.” [Тирмизи]

"Аллаху таала менин жанымдагы шайтандын васвасаларынан мени коргоду.” [Барика]

"Аллаху таала мага ихсан кылды. Шайтаным мусулман болду.” [Берика]

Бул жердеги "мусулман болду” дегени баш ийди, мага зыян кыла албады дегенди түшүндүрөт. Ансыз деле, "мусулман" деген сөздүн мааниси - баш ийген, шексиз-күмөнсүз моюн сунган дегендик.

 

Шайтан эмне үчүн капыр?

 

Суроо: Шайтан Аллаху тааланы тааныйт. Бейиш менен Тозокту көрдү. Күнөө кылгандардын Тозокто азап көрө тургандыгын билет. Ошондуктан, адамдарга васваса берүүдө. Күнөөгө жана күфүргө чакырууда. Күфүргө киргендердин Тозокто жазалана турганын билет дагы тынбай васваса берүүдө. Шайтан бир мусулмандын ишенүүсү керек болгон нерселерге ишенет. Аллахтын бир эле буйругун орундабады. Мусулман дагы Аллахтын көп буйруктарын орундабай жатат. Эмнеге шайтан бир күнөөдөн улам түбөлүк Тозоктук болуп калды?

Жооп: Шайтан күнөөсүнөн улам эмес, күфүрүнөн улам түбөлүк Тозоктук болду. Аллахтын буйругун орундабаганы үчүн эмес, жактырбаганы үчүн, башкача айтканда, Аллахтын оттон жаратылган бир кулунун топурактан жаратылган бир кулуна сажда кылуу буйругун жаңылыш экенин айтканы үчүн күфүргө кирди жана күфүрүнө өкүнгөн жок. Эми бир мусулман таптакыр ичпесе да: "Мас кылбай тургандай аз ичсе күнөө болбойт”, - деп айтса, күфүргө кирип, капыр болот. Себеби, диндин буйругун жактырбаган болуп саналат. Шайтан дагы Аллаху тааланын буйругун жактырбаганы үчүн капыр болгон. Ошондуктан, динибиздин кандайдыр бир буйругун жактырбоодон өтө сактануу керек.




www.islamdini.kg

Reply all
Reply to author
Forward
0 new messages