islamd...@gmail.com |
Кыяматтын чоң белгилери (1)
Суроо: Кыяматтын чоң белгилери кандай? ЖООП: Муслим, Ибни Маже, Абу Давуд, Насаи, Тирмизи, И. Ахмед, Таберани, Ибни Жарир жана Ибн Хиббанда өткөн хадиси шарифтерде он белгилери чыга тургандыгы кабар берилген. 1- Хазрети Махди келет. Хадиси шарифте мындай деп айтылган: "Кыямат-кайым болуудан мурда Аллаху таала менин балдарыман ысымы менин ысымым, атасынын ысымы менин атамдын ысымындай боло турган бир кулун жаратат. Андан мурда дүнүйөнү зулумдук каптап, анын заманында дүнүйө адилетке толот.” (Тирмизи) «Махдинин төбөсүндө ар дайым бир булут калкып жүрөт. Булуттан бир периште: «Бул Махди, анын сөзүнө кулак салгыла!” – дейт.» (Абу Нуайм) 2- Дажжал чыгат. Хадиси шарифте мындай делген: «Дажжал чыгып өзүнүн кудай экендигин айтат. Анын кудайлыгына ишенген адам капыр болот.» (И. Е. Шейбе) 3- Хазрети Иса көктөн түшөт. Курани каримде мындай делинген: «Аллахтын расулу Мариям уулу Исаны өлтүрдүк» дегендери үчүн яхудилерди лаанат кылдык. Алар аны өлтүргөн да жок, аскан да жок. Өлтүрүлгөн адам алардын көзүнө Иса болуп көрсөтүлдү.» (Ниса, 157) «Хазрети Иса көккө көтөрүлгөн.» (Ниса 158) «Албетте ал (Хазрети Исанын кыяматка жакын көктөн түшүүсү) кыяматтын жакындаганын көрсөтө турган белги. Буга күмөндөнүүдөн сактангыла!» (Зухруф-61, Байдави) Хадиси шарифтерде болсо мындай делинген: «Иса адилеттүү өкүмдар болуп көктөн түшөт, крестти (христиандыкты) жойот, доңузду өлтүрөт (доңуз жешке тыюу салат), Ислам дининен башка нерсеге тыюу салат.» (Бухари, Муслим, Абу Давуд, Тирмизи, Ибни Аби Шейбе) «Иса көктөн түшкөндө жерде тынчтык менен ынтымак орноп, арстан менен төө, карышкыр менен козу ээн эркин жайылып, балдар жыландар менен ойной турган болот.» (Абу Давуд) «Он белгиси чыкпай туруп кыямат болбойт. Анын бири Исанын көктөн түшүүсү.» (Муслим, Абу Давуд, Тирмизи, И. Маже, Насаи, И. Ахмед, Таберани, И. Хиббан, И. Жарир) 4- Даббатул арз чыгат. Бул тууралуу хадиси шарифте мындай кабар берилген: «Даббатул арз Муса алейхиссаламдын аса таягын мусулмандарга тийгизгенде алардын маңдайында «Жаннаттык» деп жазылып, жүздөрү нурданат. Ал эми капырларды Сулайман алейхиссаламдын мөөрү менен соккондо алардын маңдайларында «Жаханнамдык» деп жазылып, жүздөрү карайып кетет.» Бул жаныбар тууралуу Курани каримде да кабар берилген. (Намл, 82) (Уландысы бар...) |
www.islamdini.kg |